mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Каракол – Эңилчек, Ак-Булуң – Токтогул жана Жыргалаң багытындагы жол долбоорлорунун аткарылышы текшерилип, тиешелүү тапшырмалар берилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аталган аймакта ишке ашырылып жаткан бир катар жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшү менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү объектилер текшерилди:

* «Каракол – Эңилчек» автомобиль жолунун 0–38-чакырым аралыгын реконструкциялоо;

* «Ак-Булуң – Токтогул» автомобиль жолунун 0–8-чакырым аралыгын реконструкциялоо;

* «Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод» автомобиль жолунун 38,5–51-чакырым аралыгын реконструкциялоо;

* «Бозучук – Жыргалаң айылы» унаа жолунун 14,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө;

* «Жыргалаң» тоо-лыжа курортуна алып баруучу 8,5 чакырым автомобиль жолун жана технологиялык кирме жолдорду долбоорлоо жана куруу.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министрдин биринчи орун басары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө, инженер-консультантка жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүү, иштерди бекитилген графикке ылайык жүргүзүү, аткарылып жаткан иштердин сапатын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

✅Министрлик өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы