mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ленин көчөсүнө жаңы светофорлор орнотулду

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир катар иштер аткарылууда.

Учурда бул аймакка 8 даана жол чырагы орнотулду. Ошондой эле жол жээктерине лотокторду коюу улантылып, тротуарларды иретке келтирүү иштери жүрүп, жолдун кириш-чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жөө адамдар өтүүчү тилкелерге жол чийимдери түшүрүлүп, тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Аткарылып жаткан иштердин негизги максаты –  жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы