Транспорт министрлигинде Ирак менен транспорттук кызматташтык талкууланды
- 25 просм.
Бүгүн, 17-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары К.Ж. Турганбаев менен Казакстан Республикасындагы Ирак Республикасынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Жабер Аль-Темиминин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргызстан менен Ирактын ортосунда эл аралык автомобиль ташуулары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Белгиленгендей, учурда эки өлкөнүн ортосунда эл аралык автомобиль ташууларын жөнгө салуучу эки тараптуу келишим жок. Буга байланыштуу кыргыз тарап тарабынан тиешелүү келишимдин долбоору даярдалып, ирак тарапка кароого жөнөтүлгөндүгү жана долбоорду эртерээк күчүнө киргизүүгө эки тарап тең кызыктар экендиги баса белгиленди.
Ошондой эле Кыргызстан менен Иракты Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу байланыштырган эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, визалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Учурда Кыргызстандын жарандары Ирак визасын Казакстандын Астана шаарында тариздешет. Виза алуу жол-жобосунун татаалдыгын жана анын бир жолку берилерин эске алуу менен кыргыз тарап эл аралык жүк ташуучулар үчүн бир жылдык мөөнөткө көп жолку айдоочулук визаларды берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты активдештирүүгө, эл аралык жүк ташууларды кеңейтүүгө жана тиешелүү багыттар боюнча практикалык кадамдарды биргелешип иштеп чыгууга даяр экендигин билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



