mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын улук жана кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна
жалпы квалификациялык талаптары. Финансы–экономика багыты боюнча мамлекеттик
административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобу үчүн.

1.Финансы –экономика багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат
орундарынын улук жана кенже тобу үчүн:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:
1) «Экономика жана башкаруу» чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билиминин
«Экономика» багытындагы төмөндөгү адистиктери:
— «Бухгалтердик эсеп жана аудит»;
— «Дүйнөлүк экономика»;
— ишкананын экономикасы (тармактар боюнча);
— «Финансы жана кредит» .
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш
стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы(улук тобуна);
— иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна)
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдары;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдери.
3.1. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.2. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):
Форма боюнча жеке арыз;
Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү
менен);
— Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же
акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы болсо);
-Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү (бар болсо);
Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин документтери жарыя сайтка чыккан кундөн баштап кабыл
алынат. 2024-жылдын 13-мартыан 2024-жылдын 23-мартына чейин Балыкчы
шаарындагы Ж.Абдрахманов көч сүнүн No 15 дареги боюнча кабыл алынат.ѳ
Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912.