Бишкек–Күн-Туу–Шопоков жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
- 22 просм.
Бишкек–Күн-Туу–Шопоков унаа жолунун 1-чакырымында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Күн-Туу–Кызыл-Туу тилкесинде суу өткөрүүчү лотокторду орнотуу жана жолдун негизин бекемдөө иштери улантылууда.
Мындан тышкары, 0–1,3-чакырым аралыгындагы кирүүчү тилкеге асфальт төшөө жана бетон плиталарын орнотуу иштери аткарылууда.
Айдоочулардан жол куруу иштери жүрүп жаткан тилкелерде жол белгилеринин талаптарын так сактап, атайын техникага жол берүүнү жана жаңы төшөлгөн асфальттын үстүнө чыкпоону суранабыз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
