mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү курулуш иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди

2025-жылы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн жол бөлүгү толугу менен асфальтталган. Быйылкы жылга бекитилген планга ылайык, учурда жол жээгине суу өткөрүүчү лотокторду, тротуарларды орнотуу жана көчөнү жарыктандыруу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 12-августта Жол чарба департаментинин директору Улан Жергазарович Ленин көчөсүндөгү курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринде жаралган көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү боюнча Нарын шаарындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле курулуш иштерин тездетүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана белгиленген иштерди өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди. Учурда курулуш аянтында 51 жол жумушчусу иш алып барууда.

Ленин көчөсүндөгү курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылышы көзөмөлдө болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы