mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Күз-кыш мезгилине карата айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Күз-кыш мезгилинде аба ырайы кескин өзгөрүп, бийик тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго муз тоңушу мүмкүн. Мындай шартта жол кырсыктарын жана узакка созулган тыгындарды алдын алуу үчүн оор жүк ташуучу унаалардын кышкы мезгилге даярдыгы өзгөчө мааниге ээ.

Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек–Ош унаа жолундагы Сосновка өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын кышкы мезгилге даярдыгы текшерилди.

Иш-чараны министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жол тескөөчүлөрү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаалардын кышкы дөңгөлөктөрүнүн жана тайгаланууга каршы чынжырчаларынын болушу, ошондой эле техникалык абалы каралды. Мындан тышкары, айдоочуларга кыш мезгилинде коопсуз жүрүү жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук талаптарын сактоого жана кыш мезгилине алдын ала даярдык көрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр жана айдоочуларга түшүндүрүү иштери өлкөнүн бардык өткөрмө пункттарында улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы