Манас–Камышановка автомобиль жолу асфальтталууда
- 21 просм.
Чүй облусундагы маанилүү жолдордун бири болгон Манас–Камышановка автомобиль жолунда учурда асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Аталган жолдун жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт. Быйыл жолдун 10 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Буга чейин анын 7,5 чакырымы асфальтталган. Учурда калган 2,5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бул тилкеге да асфальт толук төшөлүп, белгиленген көлөмдөгү иштер аяктайт.
Жолду оңдоо жана асфальттоо иштерине жеринде 20 атайын техника жана 25 жумушчу тобу тартылган.
Жолдун асфальтталышы аймактагы унаа каттамдарынын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана транспорттук байланышты жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


