mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Барскоон – Бедел унаа жолуна 2 тоннель, 50дөн ашык көпүрө курулат

Барскоон — Бедел унаа жолунун бардык узундугу боюнча геодезиялык изилдөөлөр жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктады. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Ушу тапта бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулмалардын курулуш иштери аткарылууда.

 

Долбоор боюнча 2 тоннель куруу каралган:

№1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр:

№2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр:

 

Көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Учурда объектте 557ге жакын кызматкер иштеп жатат. Дагы кошумча адистер тартылат.

Белгилей кетсек, Барскоон — Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.

Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы