Жолдор
- 3 631 просм.
Кыргыз Республикасынын автожолдору тууралуу жалпы маалымат
Ѳлкѳдѳгү автомобиль жолдорунун жалпы узундугу жалпы пайдалануудагы жана КРнын транспорт жана жол Министрлигинин жол бѳлүкчѳлѳрү тейлеген 18810,0 чм, жолду жана шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, ѳнѳр жай жана башка мекемелердин 15190 чм. жолдорун кошуп эсептегенде 34000 чакырымды түзѳт.
Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу – 4163,0 чакырымды, мамлекеттик маанидегиси – 5678 чакырымды, жергиликтүү маанидегиси – 8969,0 чакырымды түзѳт. Алардын ичинен катуу каптамалуу жалпы пайдалануудагы жолдордун узундугу – 7228 чакырымды, анын ичинде цементбетон каптамалуусу – 11 чакырымды, асфальтбетон каптамалуусу – 4969 чакырымды жана кара шагыл тѳшѳлгѳлүүсү – 2248 чакырымды түзѳт. Шагыл тѳшѳлгѳндѳрү – 9961 чакырымды, катмарлуу жолдору – 1621 чакырымды түзѳт.
Жалпы пайдалануудагы автожолдорду ощдоп-түзѳѳ жана кармоо иштерин 57 жол тейлѳѳ ишканалары (ДЭП) жүргүзүшѳт. Жол тейлѳѳ ишканалары аймактык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша 5 автомобиль жолдорунун ѳндүрүштүк-линиялык Башкармалыктарына (ПЛУАД), Аймактык автожол бѳлүктѳрүнѳ жана эл аралык жолдордо тилкелик ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша 4 Автожол Башкармалыктарына: Бишкек-Нарын-Торугарт автожол Башкармалыгына, Ош-Сары-Таш автожол Башкармалыгына, Ош-Баткен-Исфана автожол Башкармалыгына жана Бишкек-Ош Мамлекеттик автожол дирекциясына баш ийдирилген.
9 автожол Башкармалыктарына жалпы жетекчиликти КРнын транспорт жана жол Министрлигине караштуу Жол чарба Департаменти жүргүзѳт.
Жол башкармалыктарынын жана ЖТИлердин жумушчу-кызматчыларынын жалпы штаттык бирдигинин саны 3150 кишини түзѳт.
Жолдорду пайдалануунун мѳѳнѳтү
Автомобиль жолдорунун наркы жолдордун наркы олуттуу таасир берүүчү кѳптѳгѳн кѳрсѳткүчтѳрдѳн кѳз каранды. Булар: кыймылдын тилкесин (полоса), алып жүрүү мүмкүнчүлүгүн жана жүк кѳтѳрүмдүүлүгүн, категориялары жана параметрлери, анда жайгашкан кѳпүрѳлѳрдүн, эстакада жана тоннелдердин, жердин рельефи, аймактын курулмалары, курулуштун климаттык шарттары жана башка факторлорду эске алуу менен эсептик октук басымдан кѳз каранды.
Биздин ѳлкѳдѳ 1 чакырым жолдун салыштырмалуу наркы тѳмѳнкүдѳй:
— реабилитациялоонун орточо наркы -650,0 дѳн 900,0 мищ АКШ доллары;
— реконструкциялоонун орточо наркы – 1500,0дѳн 1700,0 мищ АКШ доллары;
— жащы жол курулушунун орточо наркы – 2700,0дѳн 3200,0 мищ АКШ долларын түзѳт.
Асфальтбетон каптамасынын нормативдүү кызмат мѳѳнѳтү 10-12 жылды түзѳт.
Тилекке каршы жол пайдалануу процессинде климаттык жана техногендик факторлордун таасиринен бул мѳѳнѳттѳр кыскарышы мүмкүн. +згѳчѳ тоолуу жана татаал климаттык шарттарда, ошондой эле транспорт каражаттарынын ѳтѳ жогорку интенсивдүүлүгүндѳ асфальтбетон каптамаларынын пайдалануу мѳѳнѳтү аны каптоодогу бардык техникалык талаптарды кылдат сактаганга карабастан 5-6 жылга кыскарышы мүмкүн.
Асфальтбетон каптамаларын талапка ылайык кармоо үчүн ар бир 5-6 жылда орточо ремонт жүргүзүү зарыл, мында жолдун үстүщкү жешилген катмарын толуктоо жана жолду пайдалануунун алгачкы сапатына келтирүү жүргүзүлѳт.
Мындан тышкары автомобиль жолдорун жыл бою жеткиликтүү дещгээлде кармоону камсыз кылуу зарыл, башкача айтканда, автомобиль жолдорунун бардык узундугунда анын бардык элементтерине жана курулуштарына системалуу түрдѳ (жылдын сезонун эсепке алуу менен) кароону камсыз кылуу керек.
Автомобиль жолдорун курулушу жана реконструкциялоо аяктаган сощ Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору» жѳнүндѳгү Мыйзамынын 39-4-статьяларына ылайык гарантиялык (кепилдик) мѳѳнѳт каралган. Жащы курулуп бүткѳн автомобиль жолдорунун гарантиялык мѳѳнѳтү 2 жылдан кем эмес мѳѳнѳттү, ал эми реконструкцияланган жана ощдоп-түзѳтүлгѳн жолдордун гарантиялык мѳѳнѳтү бир жылдан кем эмес мѳѳнѳттү түзѳт.
Подряддык уюмдун кепилдик мѳѳнѳтүнүн мезгили автомобиль жолдорунун курулушу жана реконструкциясы долбоордук документацияларга ылайык курулуп бүткѳндѳн кийин башталат.
Подрядчик тарабынан кепилдик мѳѳнѳтүнүн ичинде аткарылган иште долбоордук документациянын талаптарына ылайык келбеген дефекттер табылса, ал дефекттерди подрядчик ѳз каражатынын эсебинен четтетет жана ошол элементке же автомобиль жолунун бѳлүгүнѳ кайрадан кепилдик мѳѳнѳтү белгиленет.
Акы тѳлѳнүүчү жолдор жѳнүндѳ
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында акы тѳлѳнүүчү жолдорду ишке киргизүү пландаштырылган эмес. Бирок бул маселе иштелип чыгууда, мисалы, +згѳн шаарындагы айланма жолдун курулушу, пайдаланылуусу жана кармалышы боюнча долбоор мамлекеттик-менчик ѳнѳктѳштүктүн шартында болушу күтүлүүдѳ.
Министрлик тарабынан автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн күйүүчү май сатуучулардан 2-7% салык ѳндүрүү боюнча КРнын айрым мыйзамдык актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду кийирүү боюнча КРнын Мыйзамынын долбоору даярдалып министрликтерге жана ведомстволорго макулдашуу үчүн жѳнѳтүлгѳн.
Жакынкы келечекте «Автомобиль жолдору тууралуу» Мыйзамга ылайык транспорт жана жолдор Министрлиги альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун акы тѳлѳнүүчү жол болушун четке какпайт жана ага ылайык КРнын +кмѳтүнүн «Жалпы пайдаланылуудагы акы тѳлѳнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануунун тартиби жана шарттарын бекитүү жѳнүндѳгү» Токтомунун долбоору даярдалууда. +түү үчүн алдын ала белгиленген наркы 45 сомду түзѳт.
«Автомобиль жолдору тууралуу» Мыйзамдын 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасында акы тѳлѳнүүчү автомобиль жолдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында белгиленген тартипте түзүлүшү мүмкүн.
Жол кыймылынын шартын жана убакытты үнѳмдѳѳнү белгилүү дещгээлде камсыз кылуучу жолдордо жол кыймылынын жогорку интенсивдүүлүгүнүн кѳлѳмү эске алынып жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын ѳтүшү боюнча жыйымдар алынышы мүмкүн. Муну менен бирге бул багытта жалпы пайдалануудагы башка автомобиль жолунун болушу керек.
Акы тѳлѳнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануунун тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын +кмѳтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 22-апрелиндеги #183 «Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннел аркылуу автотранспорт каражаттарын акы тѳлѳп ѳткѳрүүнү уюштуруу тууралуу» Токтомуна ылайык 2004-жылдын 25-июнунда КРнын транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин #188-«Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннел аркылуу автотранспорт каражаттарын акы тѳлѳп ѳткѳрүүнүн тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ» буйругу чыккан.
«Автомобиль жолдору тууралуу» Мыйзамдын 20-статьясына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы тѳлѳнүүчү жолдордон жана жасалма курулуштардан ѳткѳн автотранспорт каражаттарынын ээлеринен жыйымдарды чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигине берилип, түшкѳн каражат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу пайдаланылат.
Жолдорду реконструкциялоо жана капиталдык ремонттоо түшүнүгү жѳнүндѳ
* — автомобиль жолдорун реконструкциялоо – иштердин комплекси, муну аткарууда автомобиль жолдорунун параметрлерин, жол бѳлүктѳрүн, автомобиль жолдорунун классын же категориясын же автомобиль жолдорунун тилкесинин чектерин жылдырууга алып келген ѳзгѳртүү жүргүзүлѳт.
* — капиталдык ремонт (реабилитация) – иштердин комплекси, муну аткарууда жол тѳшѳлгѳсү жана каптамасы, жол тилкеси жана жол курулуштары толугу менен калыбына келтирилет жана эмгекке жѳндѳмдүүлүгү жогорулатылат, жешилген конструкциялар жана тетиктер бекем жана узакка чыдамдуулары менен алмаштырылат, зарыл учурларда жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнүн жана автомобилдердин октук басымдарын норманын чегинде ѳсүшүн эске алуу менен жолдун бардык узундугунда жер тилкесинин туурасын кѳбѳйтпѳстѳн геометриялык параметрлери жогорулатылат.
Жол — курулуш иштеринин
классификациясы
Жол тѳшѳлгѳсү – транспорт каражаттарынын басымын кабыл алуучу жана аны жер тилкесине ѳткѳрүп берүүчү автомобиль жолунун конструктивдүү элементи.
автомобиль жолдорунун капиталдык ремонту (реабилитация) –
автомобиль жолдорунун конструктивдүү элементтерин, жол курулуштарын же анын бѳлүктѳрүн алмаштыруу же калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, муну аткаруу бекитилген жол берилүүчү маанинин жана, автомобиль жолдорунун классынын жана категориясынын техникалык мүнѳздѳмѳлѳрүнүн чегинде, муну аткарууда автомобиль жолдорунун контруктивдүү жана башка ишенимдүүлүгү жана коопсуздугунун мүнѳздѳмѳлѳрүнѳ, автомобиль жолдорунун жылдыруу чек ара тилкесине жана анын геометриялык элементтерине тийип кетет.
Автомобиль жолдорун реконструкциялоо —
иштердин комплекси, муну аткарууда автомобиль жолдорунун параметрлерин, жол бѳлүктѳрүн, автомобиль жолдорунун классын же категориясын же автомобиль жолдорунун тилкесинин чектерин жылдырууга алып келген ѳзгѳртүү жүргүзүлѳт.
Автомобиль жолдорун куруу – автомобиль жолдорун боюнча технологиялык, инфраструктуралык жана башкаруучулук процесстердин комплекси.
Автомобиль жолдорунун учурдук ремонту – автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык калыбына келтирүү иштери боюнча иштердин комплекси.
Жол тѳшѳлгѳсү – транспорт каражаттарынын басымын кабыл алуучу жана аны жер тилкесине ѳткѳрүп берүүчү автомобиль жолунун конструктивдүү элементи.
Жол чийиндери – автомобиль жолдорунун ѳтүүчү бѳлүктѳрүн, жасалма курулуштарын, жолдорду жакшыртуу элементтерин, жол кыймылынын катышуучуларына жол бѳлүгүндѳгү кыймылдын шарты жана режимин айкындап кѳрсѳтүүчү сызыктар, жазуулар ж.б.