mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол фонду сыяктуу накталай акча каражаттарын консолидациялоонун натыйжалуу түрүн түзүү, бюджетке болгон көз карандуулукту жоюуга жардам берет

Жол фонду (ЖФ) сыяктуу накталай акча каражаттарын консолидациялоонун натыйжалуу жолун түзүү  бюджеттен көз карандуулукту жоюуга жардам берет. Чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынан  тышкы жардамын алуудан  Кыргызстандын жол сектору мамлекеттик карыздын оорчулугунун өсүшүн токтотот.

Белгилей кетсек Жол фонду АКШ, Улуу Британия, Япония жана Россия Федерациясы сыяктуу өлкөлөрдө өзүн ийгиликтүү колдонулат.

ЖФдагы толуктоонун негизги булактарынын бири бензинге жана дизелдик отунга акциздик салыктан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн жана ошондой эле жолдорду пайдалануу менен байланышкан жыйымдарды белгилөө сунушталат.  Башкача айтканда, эл аралык «колдонуучу төлөйт» деген мааниге ээ. Ошол эле учурда анын ишинин ачык-айкындыгын,  натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн транспорт, экономика жана каржы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ичинен байкоочу кеңеш түзүлөт.  Жолдорду куруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жаатындагы коомдук бирикмелердин өкүлдөрү  Жол фондунун көз карандысыз финансылык текшерүүсүн да баштай алышат.

Учурда жол куруу жаатында абал кандай? Акыркы жыйырма жыл ичинде эл аралык транспорттук коридорлордун участокторундагы автомобиль жолдорун куруу, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча ири инвестициялык долбоорлор эл аралык каржылык жардамды тартуу жолу менен гана жүзөгө ашырды. Ошентип, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик инвестициялардын үлүшү жол чарбасынын консолидацияланган бюджетинде болжол менен 80 пайызды, ал эми жолдорду тышкы каржылоо тармактын бардык ресурстарынын дээрлик 3/4 бөлүгүн түздү.

Мурунку инвестициялардын натыйжасында курулган жол активдери талаптагыдай эмес тейлөөдөн улам деградацияга учурап жатканы белгилүү. Оңдоо жана бекемдөө иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөсө  келечекте ири инвестицияларга болгон муктаждык уланып, атүгүл эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

Дүйнөлүк банктын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жолдорду башкаруу боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, жолду калыбына келтирүү жолдун эксплуатациялык циклинин жүрүшүндө жолду үзгүлтүксүз кармоого караганда үч эсе көп чыгымдарды талап кылат.

Учурдагы реалдуулук техникалык тейлөө, жолдорду жана жол курулуштарын орточо оңдоо бириктирилген ресурстардын 10,3% гана түзөт, бул өтө төмөн көрсөткүч. Жолдордун жыл сайын сапатсыз жүргүзүлүп жаткандыгынын натыйжасында, жолдун жашоо цикли кыскарып, узак мөөнөттүү инвестицияларга жаңы муктаждык келип чыгууда.

Жол тармагынын бюджетинде чет мамлекеттерден жана эл аралык каржы институттарынан тышкы жардамга көз карандылыгы, ошондой эле мамлекеттик карыздын жүгүн жогорулатуу менен байланышкан өтө чоң тобокелдиктер бар. Жүргүнчүлөрдүн 98% га жана жүк ташуунун 96% дан ашыгын автомобиль жолдору менен камсыз кылуу, 14778 км республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдордун ичинен бизде 22,3% гана жакшы абалда. Ал эми 2018-2040-жылдарга КР Улуттук Өнүтүрүү Стратегиясынын мамлекетке жыл сайын 550 кмден кем эмес ички магистралдарды оңдоо, ошондой эле кеминде 15 көпүрөнү куруу жана оңдоо милдети жүктөлгөн. Демек, Жол фондун түзүү мезгилдин талабы.

 

КРТжКМ басма сөз кызматы