ЖОБО
- 6 963 просм.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-августу № 436
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643, 2017-жылдын 24-августундагы № 539 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
- Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожолдору» мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 364 «Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 456 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик ишканасы жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 11-пункту;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндөгү жобону жана башкаруу схемасын бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пункту.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)
- Жалпы жоболор
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (мындан ары — Министрлик) суу транспорту, автомобиль жана темир жолдогу иштерди контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын кошпогондо автомобиль, темир жол, аба жолу, электр жана суу транспорту чөйрөсүндөгү (мындан ары — жол-транспорт комплекси жана жолдор чөйрөсүндө) мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкаруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
Министрлик ведомстволук бөлүнүштөрдүн жана министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын ишин координациялайт жана контролдойт.
- Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Министрлик өз ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара биргеликте ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлигинин администрациясы катары чыгат.
- Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штампы жана бланктары, ошондой эле казыначылык системасында эсептери болот.
Министрликтин борбордук аппаратын кармоого чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
- Министрликтин негизги милдеттери
- Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо;
— транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү менен коопсуз жана үзгүлтүксүз ташууларды камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
— жол-транспорт комплексин өнүктүрүүгө багытталган келечектүү технологияларды, стандарттарды киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
— магистралдык автомобиль, темир жолдорунун жана аба трассаларынын, транспорттук коридорлорунун тармактарын түзүү менен эл аралык автомобиль, темир жолдорунун, аба трассаларынын жана транспорт коридорлорунун системасына интеграциялоо;
— автомобиль, темир жол, электр, аба жана суу транспорту, автомобиль жана темир жолдор жаатында Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Министрликтин функциялары
- Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Министрлик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
а) тармактык саясат функциялары:
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет, аларды ишке ашырат;
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиялык документтеринин, илимий-техникалык жана башка программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарууну камсыз кылат;
— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
— компетенциясынын алкагында жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык аларга кол коёт жана ишке ашырылышын камсыздайт;
— өз компетенциясынын чегинде башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамиледе Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таламдарын билдирет жана коргойт;
— тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
— жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга карата жол-транспорт комплексин даярдоонун мобилизациялык планын тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте иштеп чыгат;
— жол-транспорт комплексинин мамлекеттин менчигинде турган объекттерин белгиленген тартипте акционерлештирүүгө жана менчиктештирүүгө катышат;
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн ведомстволор аралык, финансылык жана башка пландарын иштеп чыгат;
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө чарба субъекттеринин тарифтик саясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоого, курууга, оңдоого жана күтүүгө жыл сайын каржылоону белгиленген тартипте түзөт, аларды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча контролдойт;
— жол-транспорт комплекси объекттерин иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
— өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтык жаатындагы мамлекеттик саясатын ишке ашырууну белгиленген тартипте камсыздайт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык авиация боюнча мамлекеттик саясатты жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашырат;
б) жөнгө салуу функциялары:
— жол-транспорт комплексинин инвестициялык процесстерин мамлекеттик жөнгө салууга жана инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө катышат, ушул маселелер боюнча эл аралык финансылык жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдарды алууну камсыздайт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, уруксаттарды, сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берет;
— Кыргыз Республикасынын кызыктар болгон мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну уюштурат;
— автомобиль транспорту чөйрөсүндө:
белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде жердеги транспорт каражаттарынын техникалык абалына баа берет;
— суу транспорту чөйрөсүндө:
бекитилген программа боюнча кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочулардын билимин текшерет, ошондой эле сүзүүчү каражаттардын техникалык абалына экспертиза жүргүзөт;
в) координация, контролдоо функциялары:
— Министрликтин ишинин белгиленген чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
— илимий-изилдөө, долбоорлоо-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштурат жана координациялайт, алардын натыйжаларын ишке киргизүүнү камсыздайт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялайт жана контролдойт;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун контролдонуучу зонасында имараттарды, курулмаларды жайгаштыруу жана куруу, карьерлерди иштетүү менен байланышкан маселелерди координациялайт жана макулдашат;
— Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишин координациялайт;
г) кызмат көрсөтүү функциялары:
— жол-транспорту комплекси чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүү боюнча консультация берет;
— жүргүнчү транспортунун кыймылынын маршруттарынын схемасын жана расписаниелерин түзүү үчүн транспорттук каражаттардын жана жолдордун абалына жана жүргүнчү агымына мониторинг жүргүзөт;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүнүн абалы жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
— сунуштарды иштеп чыгат, жол-транспорту комплекси чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн тиешелүү консультацияларды берет;
д) колдоо функциялары:
— мамлекеттик органдар менен экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык жаатында өз ара аракеттенет;
— кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, жол-транспорту комплекси чөйрөсүндө кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
— жол-транспорту комплекси чөйрөсүндө финансылык божомолдоону жана пландаштырууну ишке ашырат;
— жол-транспорту комплекси чөйрөсүндө милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууну жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
— ведомстволук уюмдардын финансы-чарбалык иштерине талдоо жүргүзөт;
— жол-транспорту комплекси чөйрөсүндө финансылык божомолдоону жана пландаштырууну ишке ашырат;
— өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар жана башка көп тараптуу финансылык институттар менен кызматташат;
— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жол-транспорт комплексинин объекттеринин иштөөсү, курулушу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)
- Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
- Министрликтин укуктары
- Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын өнүктүрүүгө, долбоорлоого, курууга, оңдоого жана күтүүгө каралган республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функциясын аткарууга;
— Министрликтин муктаждыктары үчүн товарларды жеткирип берүүгө, иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоого, курууга, капиталдык оңдоого жана орточо ондоого, ошондой эле иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик муктаждыктар үчүн илим-изилдөө иштерин жүргүзүүгө белгиленген тартипте конкурстарды уюштурууга жана келишимдерди түзүүгө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдардын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
— иштин белгилүү бир чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди тартат;
— объекттерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссияларды чакырат, кабыл алуу актыларын бекитет;
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү иштин маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;
— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
— ведомстволук объекттерди пайдаланууга алуу боюнча комиссияларды белгиленген тартипте түзөт, аларды кабыл алуу жөнүндө актыларды бекитет;
— мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка юридикалык жана жеке жактардан жол-транспорт комплекси маселелери боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте сурайт жана алат;
— өз функцияларын аткаруу үчүн Министрлик кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзөт жана алардын ишине катышат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
- Министрликтин ишин уюштуруу
- Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри (мындан ары — министр) жетектейт.
- Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны кызматка дайындоонун, бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
- Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орду каралган.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, түздөн-түз министрге баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
- Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат.
- Министр:
— жеке башчылыктын негизинде Министрликтин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
— Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет, ал Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт.
— Министрликтин борбордук аппаратын жана Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн башкаруу аппараттарын күтүүгө чыгымдар сметасын белгиленген мыйзам тартибинде макулдашат;
— өзүнүн компетенциясынын алкагында жана мыйзамда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
— министр, статс-катчы жана министрдин орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттенмелерди бөлүштүрөт жана аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат, Министрликтин компетенциясына кирген ыкчам, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Министрликтин системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирүүчү бош кызмат орундарын ээлөөгө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
— ведомстволук мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кызмат ордуна белгиленген тартипте талапкерлерди киргизет;
— мыйзамда белгиленген тартипте, статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин мамлекеттик кызматчыларын, Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн башка кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт. Министр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө укуктуу;
— Министрликке караштуу уюмдардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын, тескемелерин убактылуу токтотот, жокко чыгарат;
— өз компетенциясынын чегинде Министрликтин бардык бөлүнүштөрүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
— ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин докладдарын жана билдирүүлөрүн угат, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кеңешмелерди өткөрөт;
— Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
— Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат жана кызматы боюнча жарандык коргонуунун начальниги болуп эсептелет;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
- Министрликте курамы 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча министр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары коллегия мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын жекече курамын министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегиянын курамына Министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, ведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, башка министрликтердин жана административдик ведомстволордун, жарандык коом институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Министрликтин коллегиясы Министрликтин ишинин өтө маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйругу менен жүзөгө ашырылат. Коллегиянын иш тартиби министр бекиткен Жобо менен аныкталат.
- Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.
- Корутунду жоболор
- Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
- Министрлик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.