mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри  Ж. Калилов кыргыз тил куунунѳ карата салтанаттуу иш-чарага катышты

 

2017-жылдын 22- сентябрь айында  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри  Ж. Калилов «23 – сентябрь Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили» майрамына карата салтанаттуу иш чарага катышты. Министрлик тарабынан  тил майрамына карата бир катар  пландын даярдалган. Ошол пландын негизинде министрликке караштуу мекеме-иш каналар даярданышкан. Мекеме-иш каналардын бири болгон Чыгыш автовокзалы даярдаган мааракеге министр Ж.Калилов катышып куттуктоо сѳзун айтты. Кыргыз эли байыркы эл катары тарыхы, маданияты, үрп- адаты жана тилиге бай эл. Кыргыз Элинин башка улуттан айырмалап келген бул албетте тили болуп саналат. Ушул байыркы, кооз, сѳзгѳ бай тилибизди ѳнүктүрүүшүбүз керек. Учурда министликтин бир катар иш кагаздары  кыргыз тилинде жазылып, буйрук, токтомдор кыргыз тилинде жазылып жатат.  Урматту бүгүнкү салтанаттуу кеченин катышуучулары сиздерге чын ден соолук , узун ѳмүр каалайм деп билдирди.

 Пресс кызмат