Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү учун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.
- 1 929 просм.
Квалификациялык талаптар:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобуна юриспруденция, финансы-экономика багыттары боюнча:
– юридикалык, экономика (эсеп жана аудит, финансы жана кредит, экономика) жаатындагы жогорку билими;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.
Кесиптик компетенциялар:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
- » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө».
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси.
— юриспруденция багыты боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө» токтому.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №319 «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому.
— экономика багытында:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.
- Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 «Банкроттук жөнүндө» Мыйзамы.
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 25 «Ички аудит жөнүндө» Мыйзамы.
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодекси.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 «САЛЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ» Кодекси.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы.
- «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 Мыйзамы.
- “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 Мыйзамы.
Квалификациялык талаптар:
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана транспорт жаатындагы жогорку билими;
— иш стажы талап кылынбайт;
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.
Кесиптик компетенциялар:
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— транспорт багыты боюнча:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2013-жылдын 19-июлу № 154 автомобиль транспорту жөнүндө.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2016-жылдын 18-июлу № 121 Темир жол транспорту жөнүндө
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн № 430 токтому менен бекитилди Кыргыз
Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО 4. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтому 2022-жылдын 14-апрели № 223 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүнд. |
— кадр багыты боюнча:
- “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.
Билүү:
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
— издөө системаларын колдонуу.
— презентацияларды уюштуруу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
– кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
– оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— жеке арыз;
– сүрөтү менен резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
– Өмур баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Сынактык катышууну каалаган жарандар 2023-жылдын 9-январынан 18-январына чейин папкага салынган документтерин Жалал-Абад ш. Абдрахманова көчөсү 10, №2 кабинетине, тел.: 2-21-20, иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар ачык конкурска катышууга жол берилбейт.