mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин борбордук аппаратынын кадрлар резервинин административдик кызматтардын “Маалыматтык технологиялар” багыты боюнча башкы, улук жана кенже тобуна киргизүү үчүн ачык сынагын жарыялайт.

  1. Башкы тобунун квалификациялык талаптары:
  •   

 

— автомобиль жана автомобиль чарбасы адистиги боюнча: «Жерде жүрүүчү транспорт системалары» багыты боюнча; «транспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багыты боюнча жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу, автомобиль транспортун эксплуатациялоо адистиги боюнча, «транспорттук техника жана технология» жаатында транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, машина куруу Технологиясы багытында, суу жана темир жол транспорту тармагында жогорку техникалык кесиптик билим; «Информатика жана эсептөө техникасы» багыты боюнча эсептөө машиналары, комплекстер, системалар жана тармактар, маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары, эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо адистиги боюнча.

— маалыматтык технологиялар жаатындагы сертификат бар болсо (мүмкүн болсо).

 

  • Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

               —“Техникалык илимдер” багыты боюнча жогорку кесиптик билими: ”Жер үстүндөгү транспорттук системалар” унаа жана автомобиль өнөр жайы адистиги боюнча, “Транспорттук каражаттарды эксплуатациялоо” багыты боюнча ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу адистиги боюнча, жол кыймылын уюштуруу, кыймылын уюштуруу жана коопсуздукту камсыз кылуу, автомобиль транспортун эксплуатациялоо, “Транспорттук техника жана технология”багыты боюнча транспорттук жана технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу, транспорттук процесстердин технологиясы, тармактар боюнча:

  1.   Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү (жалпы мыйзамдар):

1.Жалпы актыларды билүү:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы

2)Кыргыз Республикасынын Конституциялык  «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» мыйзам

3)Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы

4)Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы

5)Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы

6)Кыргыз Республикасынын  «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамы

7)Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган малыматтарга жетүү жөнүндө»; мыйзамы

8) Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»

9) ) Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык жөнүндө этика кодекси»;

10) 2020-жылдын 3-мартындагы № 120токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

 

  • Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

 

2.1 квалификациялык талаптар:

– эсептөө машиналары, комплекстер, системалар жана тармактар, маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары адистиги боюнча «Информатика жана эсептөө техникасы» жаатындагы жогорку билим; эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо; багыттар боюнча «Экономика жана башкаруу» жаатында камсыздоо жаатында; бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, финансы жана кредит, экономика (сертификаты бар болсо (мүмкүн болсо)

— маалыматтык технологиялар (сертификаты бар болсо (артыкчылык берилет)

2.1 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

1.Жалпы актыларды билүү:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы

2)Кыргыз Республикасынын  «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамы «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын   «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамы

5) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

6) 2020-жылдын 3-мартындагы № 120токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7) Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык жөнүндө этика кодекси»;

 

 

  • Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

3.2 квалификациялык талаптар:

– эсептөө машиналары, комплекстер, системалар жана тармактар, маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары адистиги боюнча «Информатика жана эсептөө техникасы» жаатындагы жогорку билим; эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо; багыттар боюнча «Экономика жана башкаруу» жаатында камсыздоо жаатында; бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, финансы жана кредит, экономика (эгерде

маалыматтык технологиялар бөлүмү);

 

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

1.Жалпы актыларды билүү:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык жөнүндө этика кодекси»;

4) 2020-жылдын 3-мартындагы № 120токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

 

Иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдар (предметтик)

 

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

 

1.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамы;

2.Кыргыз Республикасынын «Электрондук колтамга жөнүндө » мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» мыйзамы;

5.Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыгы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 14 апрелиндеги №223 токтому «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту дпартаменти жөнүндө» ;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө»;

           

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Электрондук колтамга жөнүндө » мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 14 апрелиндеги №223 токтому «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту дпартаменти жөнүндө»;

 

 

Кенже  топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Электрондук колтамга жөнүндө » мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 14 апрелиндеги №223 токтому «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту дпартаменти жөнүндө»;

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баяны ( резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

 Документтерди 2023-жылдын 29-сентябрына чейин Уюштуруу укуктук иштер бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, каб.212 (Уюштуруу укуктук иштер бөлүмө бөлүмүнө) байл. номери 31-40-73