mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын 1 (бир) инспектор бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:   Транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын инспектору

 

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

 

— Автотранспорт жаатындагы техникалык  жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT – технология боюнча жогорку билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

 

— иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  1. Билүүсү керек:

 

 Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

 

 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

 

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;

 

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО 17-сентябрь 2018-жыл №430;

-“Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин                      2022-жылдын 14-апрелиндеги   № 223 токтому;

 

  1. Инспектордун функционалдык милдеттери;

— Жүргүнчү жана эл аралык жүк ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү;

— Жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу  жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясына ылайык иш жүргүзүү;

 

— жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүүсү;

— мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат;

— конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган  арыз

— кадрлар эсебин каттоо баракчасы, өздүк дело, резюме, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, өмүр баяны.

— паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү.

— эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин көчүрмөсү.

— соттуулугу жок же бар экендиги жөнүндө аныктама.

 

       Ачык сынакка катышуу үчүн керектүү документтер 2023-жылдын         12-декабрынан 26-декабрына саат 0900 дөн 1800 гө    чейин кабыл алынат.

— Өздүгүн тастыктаган паспорт жана башка документтердин (документтердин түп нускасы) Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгында конкурска катышканда суралат.

Баткен  шаары Нургазиев көчөсү №92кв3, кошумча маалыматтар үчүн сурап билүү телефону  (03622) 5-12-10