mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациалар министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду ишке ашыруу тобу бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт: адис социолог-эколог 

Талаптар: 

  1. Жогорку билими: экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, жол куруу же юриспруденция чөйрөсүндө;
  2. Жалпы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес, анан ичинде айлана-чөйрөнү коргоо 5 жыл, ошондой эле көчүрүү иш-чаралары жана экологиялык тармактарын текшерүү тажрыйбасы;
  3. Экологиялык жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү тажрыйбасы, айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү/айлана-чөйрөнү башкаруу жана коргоо планын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу жана көчүрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоо, иштеп чыгуу боюнча тиешелүү билими жана тажрыйбасы;
  4. Кыргыз жана орус тилдеринде жазуу жана эркин сүйлөө жогорку деңгээлде билүү, ошондой эле англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  5. Компьютерде жакшы иштөө жөндөмдүлүгү жана бардык Microsoft Windows офис тиркемелерин билүү.

Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.

Конкурска катышууга кызыккан талапкерлер кызыккандыгы тууралуу катты, байланыш телефонун жана электрондук дарегин көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмесин, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2023-жылдын 7-июнунда саат 17:00 чейин тапшыруусу керек:

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) электрондук дарек: piumotckr@gmail.com