mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча Нускама

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругу менен бекитилген

«30»   03         2017-жыл

 

№124

 

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча

Нускама

 

1 БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 сандуу буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү эрежелери” (мындан ары — ТИЭ) жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 429 сандуу буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда сигнализация боюнча нускама” (мындан ары — СБН)   менен аныкталган негизги жоболорго ылайык,  Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортундагы маневрдик иштер жана поезддердин кыймылы боюнча нускама төмөнкү эрежелерди аныктайт:

— поезддердин кыймылындагы сигнализациянын жана байланыштын каражаттарында жана бекеттердеги сигнализациянын, борборлоштуруунун жана тосмолоочтун  (СБТ) ар кандай орнотмолорунда нормалдуу шарттарда да, жана алар бузулган учурларда да поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүү;

— темир жолдордо жана курулмаларда оңдоо –куруу өндүрүш шартында поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү;

— бекеттердеги маневрлердин өндүрүшү;

— поезддерге эскертүүлөрдү берүү;

— ушул Нускаманын 1-6 тикемелерине ылйык поезддердин кыймылын жана маневрдик иштерди регламентөөчү башка эрежелер.

Тиешелүү кызматкерлердин ушул нускамада каралган талаптарды мыкты билүүсү жана так аткаруусу – поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

  1. ТИЭ 16.2 пунктуна ылайык, поезддердин кыймылын жетектөөчү ар бир бекет жана жол посту жана ар бир поезд бир убакта бир эле кызматкердин жетегинде болушу керек: бекет же жол посту – бекет боюнча нөөмөтчүнүн, ал эми диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерде, — поезддик диспетчердин, поезд – жетектөөчү локомотивдин машинистинин (мотор вагондук поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын.

Ар бир бекетте жана жол постунда поезддерди кабыл алууну, жөнөтүүнү жана өткөрүүнү бир гана жумушчу – бекеттин нөөмөтчүсү тейлей алат.Ал эми борборлошкон диспетчердик менен жабдылган тилкелерде поезддик диспетчер тейлейт.

Бекеттерде жолдун өнүгүшүнө жараша бекет, борборлошторуунун посттору же парктар боюнча ар бири өз алдынча поезддердин кыймылын башкарган же өзүнүн иш аймагынынын чегинде белгилүү операцияларды аткарган бир нече нөөмөтчү болушу мүмкүн. Бул жумушчулардын милдеттери менен башкаруу аймагынын чеги бекеттин техникалык –тескөө актысында көрсөтүлөт.

  1. Бардык поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча буйруктар кыска жана так берилиши керек. Буйрук берген кызматкер ар бир жолу буйруктун кыскача кайталанышын угуп, ар бир жолу анын туура түшүнгөнүнө ишениши керек. Андан кийин анын туура аткарылышына ишениши керек (текшерүүчү приборлордун көрсөткүчтөрү боюнча, радио байланышы жана парк байланышы боюнча же жеке өзү аткаруучунун баяндап бергенине карап).

Поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүү боюнча бардык операциялар, жана ошондой эле,  маневрдик иштердин өндүрүшүндө иштер  ТИЭ менен СБНди, ушул Нускаманы жана бекеттин техникалык- тескөө актысын так аткаруу менен жүргүзүлүшү керек.

  1. Адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган экстремалдык кырдаалдар келип чыккан шарттарда поезддердин кыймылынын жана маневрдик иштердин тартиби жана темир жол транспортундагы материалдык-техникалык каражаттардын жана курулмалардын бүтүндүгү улуттук ташуучу тарабынан тийиштүү бөлүмдөр үчүн бекитилген ченемдик актылар менен аныкталат.
  2. Сигнализациянын, борборлоштуруучунун жана тосмолоочтун приборлорун башкаруу, светофорлорду ачуу жана жабуу:

бекеттерде – бекеттин нөөмөтчүсү тарабынан (мындан ары – БН) же анын тапшырмасы менен  бекеттин нөөмөтчүсүнүн кол алдында иштеген оператор, борборлоштуруунун бекеттик постунун оператору, жебе постунун нөөмөтчүсү тарабынан;

жол постунда – бекеттин нөөмөтчүсү,бекеттин  нөөмөтчүсүнүн милдетин аткаруучу (мындан ары — ПН);

диспетчерлик борборлоштурууда – поезддик диспетчер тарабынан (мындан ары — ПД) жүргүзүлөт.

  1. Машинист берилген уруксат поезддин жана өтмөлүктүн номерине дал келерин так билүүгө милдеттүү. Эгерде поезд чыгуучу светофору жок бекеттен чыгуучу светофордун же жолдун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жөнөп жаткан болсо,өтмөлүктү ээлөөгө уруксатты (эгерде ал радио байланыш аркылуу берилбесе) бекеттин нөөмөтчүсү жетектөөчү локомотивдин машинистинине өз колу менен же поезддердин кыймылына тиешелүү бекеттин жумушчуларынын бирөөсү аркылуу тапшырат. Бул бекеттин техникалык – тескөө актысында көрсөтүлүп турат.
  2. Сигналдын тыюу салуучу көрсөткүчүндө поездди кабыл алуу же жөнөтүү тууралуу буйрук бекеттин нөөмөтчүсү тарабынан машинистке радио байланышы аркылуу берилсе, анда мындай буйруктун тексти ушул Нускаманын 1.14 жана 1.15 пунктарына келтирилген белгиленген формаларга ылайык келиши керек.

Бекеттин нөөмөтчүсү  радио байланышы аркылуу машинистке  буйруктун текстин берерден  мурун, буйруктун номерин бардык учурларда тең көргөзүшү керек. Машинист толугу менен буйруктун текстин кайталоого милдеттүү, ал эми нөөмөтчү болсо, анын сөздөрдү туура кабыл алып жатканын  “Туура, аткаргыла” деген сөздөр менен  тактап турушу зарыл жана машинистке берилган буйруктун убактысын (саатын, минутасын) көрсөтүшү керек.

  1. Сигналдын тыюу салуучу кирүүчү, каттамдык же чыгуучу көрсөткүчтөрүндө поезддерди кабыл алуу же жөнөтүү учурларында поезддердин кыймылынын журналында поезддин номеринин каршысына (“Эскертүүлөр” графасында) тийиштүү белгилөө коюлушу керек: “РБ” (радио байланыш боюнча), “ЧС” (чакыруу сигналы боюнча), “ЖУ” (жазуу уруксаты боюнча). “РБ” белгилөөсүндө мындан тышкары, буйруктун номери жана аны машинистке берүүнүн убактысы көргөзүлүшү керек, жана ошондой эле, светофордун литери (же чыгуучу светофорго ээ эмес жөнөтүүнүн жолунун номери) көргөзүлүшү керек. Мисалы, РБ N 1 12-00 42″. Поезддердин кыймылынын журналында буйруктун текстин жазуунун кереги жок.

Буйруктарды документтештирилген каттоо системасы менен жабдылган бекеттерде поезддерди жөнөтүү жана кабыл алуу буйруктары светофордун тыюу салынган көрсөткүчүндө магнитофондук лентага да жазылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн журналдагы поезддердин кыймылын  белгилөө бардык учурда милдетүү болуп саналат.

9.Светофордун кирүүчү, чыгуучу (каттамдык) тыюу салуучу көрсөткүчтөрүндө бекетке поездди кабыл алып жаткан же поезди бекеттен  жөнөтүп жаткан бардык учурларда, бекеттин нөөмөтчүсү чакыруучу сигналдын баскычын басуудан мурун же тыюу салуучу сигналда өтүп кетүүгө машинистке тийиштүү уруксатты берүүдөн мурун,  башкаруучу приборлорду светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүнө ылайык келген абалга  жана бекеттин  техникалык — тескөө    актында аныкталган  тартипке келтирүүгө милдеттүү болуп саналат. Мындан тышкары, биринчи тосмо-тилкенин бош экенине (автоматтык тосмолоочто) же өтмөлүктө (жарым-жартылай  автоматтык тосмолоочто) жана тосмо-системаны кыймылдын  тийиштүү багытына которууда  кабыл алуу жолунун бош экенине, каттамдагы жебелердин туура орнотулганына жана  зымдарынын учу тийишип калбаганына  ишениши керек.     Чакыруучу сигналдын баскычын келе жаткан же жөнөп бара жаткан поезддин жетектөочү локомотиви светофордон өтүп кеткенге чейин басып турушу зарыл.

  1. Светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө поезддерди кабыл алуу же жөнөтүүдө, өтмөктүн жабылышы тууралуу билдирүү “өтмөктүн жабылышы” деген баскычты басуу менен жүргүзүлгөн жебе моюнчаларында же обочо тилкелерде жайгашкан өтмөктөрү бар бекеттерде, бекеттин нөөмөтчүсү поездди кабыл алуудан же жөнөтүүдөн мурун, ушул баскычты басышы керек. Ал эми өтмөктөн поезд өтүп кеткенден кийин,  аны нормалдуу  абалга  кайтарышы керек. Светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүүнүн кандай гана учуру болбосун мына ушундай бекеттерде, өтмөккө жакындап келе жатканда машинист  өзгөчө кыраакылык менен саатына 20 км.ден ашпаган ылдамдыкта, эгерде кыймылын андан ары улантууга  тоскоолдук кезигип кала турган болсо, дароо токтоого даяр болуу менен айдашы керек.Мындай бекеттердин тизмеси темир жолу боюнча буйрук менен жарыяланышы керек.

11.Бекеттин нөөмөтчүсү поезддин келип токтогонун (кайтуусун),жөнөгөнүн же жолдо жүрүп бара жатканын дароо коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө жана поезддик диспетчерге кабарлоого милдеттүү.Поезддин жөнөгөнү (өтүп кеткени) форма боюнча маалымдалат:

«Поезд N ___ жөнөдү (өтүп кетти)   ___ с ___ мин».

Поезддин вагондорунда 1 класстагы (жарылуучу заттар) коркунучтуу жүк бар болсо, жогуруда  аты аталган темир жол боюнча коркунучтуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде (мындан ары — 1 класстагы коркунучтуу жүктөр  1(ЖЗ)) кабарламада поезддин номерине “ЖЗ” кошумчаланат (мисалы, “2783 ЖЗ”)).Жана ошондой эле, поезддин номерине тийиштүү тамгалар поезддер жөнөп жаткан, жүрүп бара жаткан учурларда: бир машинист тейлеген жүргүнчү –“М”, оор салмактагы жүк- “О”, узун курамдуу-“У”, жогорулатылган салмактагы “ ЖС”,ашык узундуктагы – “АУ”, бириктирилген – “БП” кошумчаланат.

 

Аз өлчөмдөгү (габариттүү эмес) жүк жүктөлгөн  поезддерди жөнөтүүдө поезддин номерине “ А” жана “-“ белгисинен кийин 1520 мм колеялуу темир жолдогу аз өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу боюнча нускамада белгиленген жүктүн аз өлчөмдүүлүгүнүн даражасын жана аймагын мүнөздөгөн сандык индекс (мисалы, 2785Н -0430) кошумчаланат.

Поезддин келип токтогону (кайтып келгени) форма боюнча маалымдалат:

“Поезд N ___ келип токтоду (кайтып келди)  ___ с ____ мин”.

Эгерде поезд түртүүчү локомотив менен жүрүп келе жатса, жөнөгөнү жана келип токтогону тууралуу кабарлама  “ түрткүч  менен” деген сөз менен толукталат.

Автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу тилкелерде туура жол менен жүргөн поезддин келип токтогон убактысы коңшу (артта калган) бекетке  берилбесе  деле болот. Мындай учурларда поезддердин кыймылынын журналында поезддин келип токтогон убактысы коңшу алдыда боло турган бекетке көрсөтүлбөйт.

Автотосмолооч менен жабдылган кыймылы интенсивдүү эки жолдуу тилкелерде поезддердин келип токтогону, жөнөгөнү жана жолдо жүрүп бара жатканы тууралуу бекеттен бекетке кабарламаны берүү  иш ыраатамасынан четтеп жүрүп бара жаткан поезддер тууралуу гана белгилениши мүмкүн, ал эми поезддик диспетчерге кабарлама берилет, ал дагы тилкеде жайгашкан ар бир бекеттен эле бериле бербейт.Көрсөтүлгөн тартип  кишилерди ташууга ыңгайлаштырылган жүк поезддерине (мындан ары – киши ташыган поезддер) жана номерине тийиштүү тамгалар же сандык индекс кошумчаланган поезддерге таралбайт.

Поезддик диспетчерге поезддердин келип токтогону, жөнөгөнү жана өтүп кеткени тууралуу кабарды берүүнүн ушуга эле окшош тартиби аткарылган кыймылдын  иш ыраатамасын  автоматтык түрдө жазуу үчүн орнотмолор менен жабдылган бир жолдуу жана эки жолдуу тилкелерде да орнотулушу мүмкүн. Мындай тилкелердин тизмесин жана  поезддердин келип токтогону, жөнөгөнү жана жолдо жүрүп бара жатканы тууралуу кабарды берүүнүн тартиби темир жолдун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

Ар бир поезддин келип токтогонунун, жөнөгөнүнүн жана өтүп кеткенинин  так убактысын бекеттин нөөмөтчүсү (бекеттин нөөмөтчүсүнүн жанындагы оператор) поезддердин кыймылынын журналында белгилөөгө милдеттүү.Ошол эле учурда тийиштүү тамгалар же индекстер менен кошумчаланган поезддин номерлери ошол тамгалар жана индекстер менен журналга жазылат.

  1. Бекеттин нөөмөтчүсү жолдордун, жебе котормолорунун, СБТнын, байланыштын жана контактык желенин орнотмолорунун бузулганын билгенден кийин ( жеке өзү же башка кызматкерлердин баяндаганынан кийин) бул жөнүндө жолдордун, жебе котормолорунун, СБТнын, байланыштын жана контактык желенин (мындан ары- кароо журналы) кароо журналына жазышы керек жана дароо тийиштүү жолдун аралыгы, сигнализацияны жана байланышты жана у.с.) орнотмолорду тейлеген жумушчуга (жол устасына, электр механигине ж.б.) жана нөөмөтчү инженерге (диспетчерге) билдириши зарыл.

Кыймылдын коопсуздугуна коркунуч туудурган же поезддердин кечигип кармалуусун пайда кыла турган техникалык орнотмолордун бардык  бузуктугун бекеттин нөөмөтчүсү поезддик диспетчерге дагы билдириши керек.

Бузулган жердин оңдолгону тууралуу кароо журналында тийиштүү кызматкер тарабынан белгиленүү менен бирге, анын жана бекеттин нөөмөтчүсүнүн колу коюлуп тастыкталат.

Поезддеги радио байланыш бузулган учурда, локомотивдин машинисти (моторвагондук поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти бул тууралуу поезддик диспетчерге же жакынкы өзүнчө бөлүнгөн пункттун же темир жол өтмөгүнүн бекетинин нөөмөтчүсүнө (жүргүнчү поездинин машинистинин жардамчысы, кондуктору, начальниги (механик-бригадир) аркылуу маалымдашы керек. Жана да өтмөктү чектөөчү бекеттин нөөмөтчүлөрүнө берилүүчү поезддик диспетчердин буйругу боюнча локомотивди  ажыратпай туруп поезддик радио байланыштын орнотмолорун  алмаштыруу (оңдоо) жүргүзүлө турган же локомотивди алмаштыра турган  же эгерде  жүргүнчү поезддинин локомотивин бир машинист тейлеп жатса,  жардамчы локомотивди талап кыла турган эң жакынкы бекетке чейин айдап барышы керек.

  1. Өтмөлүктүн же өтмөлүктүн өзүнчө жолдорун жабуу же ачуу,жана ошондой эле, сигнализациянын жана байланыштын бир каражатынан башкасына өтүү поезддик диспетчердин буйругу менен ишке ашырылат.Өтмөлүктү чектөөчү бекеттин нөөмөтчүлөрү телефондук байланыш каражатына өтүүдөн мурун, башкаруу приборлорун өтмөлүккө чыгууну чектөөчү чыгуучу светофорлордун тыюу салуучу көрсөткүчүнө ылайык абалга келтириши керек.

Сигнализация жана байланыштын негизги каражаттарынан телефондук байланыш каражатына өтүүдө, бир жолдуу өтмөлүктөрдө бекет нөөмөтчүлөрүнүн ортосунда поезддик телефонограммалар менен алмашуу, ал эми эки жолдуу (көп жолдуу) өтмөлүктөрдө жолдун бирөөсү боюнча эки тараптуу кыймылды уюштуруу, телефондук байланыш каражатына өтүүдөн мурун, поезддик диспетчердин көзөмөлү астында поезддик диспетчердик байланыш аркылуу жүргүзүлүшү керек. Поезддик диспетчердик байланыш бузулган учурда, бекет нөөмөтчүлөрү ушул Нускаманын 1.28, 1,29 пунктарына ылайык иш алып барат.

  1. Нөөмөткө турардан мурун бекеттин нөөмөтчүсү милдетүү:

а) поезддерди кабыл алууга жана  жөнөтүүгө жана маневрлерге тиешелүү берилген көрсөтмөлөр жана буйруктар менен, аткара турган иштин мерчеми менен, кабыл алуу –жөнөтүү жолдорунда кыймылдуу курамдын бар экенине жана анын токтоп турган орду менен, бекетке чектешкен өтмөлүктөрдүн (тосмо-тилкелердин) абалы менен (бош же бош эмес) таанышууга;

б) башкаруу приборлорунун СБТ орнотмолорунун  жана байланышынын оң экенине жана аларда эсебин алуу үчүн каттоого ылайык пломба бар экенине  ишенүүгө;

в) жумуш ордунда инструменттердин, сигналга керектүү нерселердин жана инвентардын  бар экенин жана алардын оң экенин текшерүүгө;

г) диспетчердик буйруктардын журналындагы, поезддердин кыймылынын журналындагы, эскертүүлөрдүн китебиндеги, кароо журналындагы, поезддик телефонограммалардын журналындагы жана бекет нөөмөтчүсү тарабынан толтурулчу поезддердин кыймылына тиешелүү маселелер боюнча башка китептердеги жана журналдардагы жазылгандарды окуп таанышууга.

Нөөмөткө киришүү поезддердин кыймылынын журналына форма боюнча жазылат:

 

«__» ___ 20__ ж. ___ с ___ мин. Нөөмөттү кабыл алдым.БН _____________ (колу).

«__» ___ 20__ ж. ___ с ___ мин.Нөөмөттү өткөрдүм.БН _______________ (колу).

 

Нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүү текстинин алдына эсептегичтердин (келип токтогонун көзөмөлдөөчү орнотмолордун жасалма иштеген эсептегичтери, чакыруучу сигналдары же каттамдын жасалма бөлүнүшү бар болсо) көрсөткүчү көрсөтүлөт.

  1. Бекеттин нөөмөтчүсү нөөмөткө турганда милдеттүү:

а) поездди куроочулардын, борборлоштуруунун бекеттик постторунун нөөмөтчүлөрүнүн, борборлоштуруунун операторлорунун, жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнүн, сигналчылардын жана башка жумушчулардын жумушка чыкканын текшерүүгө;

б) бекеттин техникалык- тескөө  актысына ылайык, алар аркылуу алар тейлеген жумуш орундарынын абалын, айрыкча кыймылдуу курамдын туура бекитилгенин текшерүүгө;

в) Эгерде кемчиликтер бар болсо, кыймылдын нормалдуулугун жана коопсуздугун камсыздоочу керектүү чараларды көрүүгө, зарылчылык пайда болсо,бул жөнүндө бекеттин начальнигине маалымдоого;

  1. Темир жолдун жетекчилиги ташуу кызматынын жумушчуларынын нөөмөтчү штатынын кээ бир өзүнчө бөлүнгөн пунктарын жоюуда колдо бар СБТ жана байланыш орнотмолорунун системасына карап,ушундай бөлүнгөн пункттарда поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү жана маневрдик иштерге тийиштүү операцияларды аткаруунун тартиби аныкталышы керек.

 

2 БӨЛҮМ

ПОЕЗДДЕРДИН КЫЙМЫЛЫ ЖАНА МАНЕВРДИК ИШТЕР

1 бап

Автоматтык тосмолоочтогу поезддердин кыймылы

 

1.1. Эки тараптуу кыймыл үчүн автотосмолооч менен жабдылган бир жолдуу өтмөлүктөрдө поезддердин кыймылы эки багытта жүргүзүлөт.

Эки жолдуу өтмөлүктөрдө, жолунун ар бир боюнча  бир тараптуу да эки тараптуу да автотосмолоочто, жуп сандуу поезддердин кыймылы бирөө боюнча,так сандуулары башка башкы жол боюнча жүргүзүлөт. Ушул багыттагы поезддер үчүн жолдун ар бири туура болуп эсептелет.

Эки тараптуу автотосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүктөрдө, эгерде жолдун ар бири бир багытка артыкчылык берген поезддерди өткөрүү үчүн адистештирилбесе, бир жолдуу кыймылдын эрежеси боюнча жолдун ар бири менен эки тараптуу кыймыл жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындай өтмөлүктөрдө башкы жолдун ар бири боюнча поезддердин кыймылынын тартиби жолдун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

1.2, ТИЭнин 16.27 пунктуна ылайык, автоматтык тосмолоочто:

а) поезддин тосмо – тилкени ээлеши үчүн, чыгуучу же өтүүчү светофордун көрсөткүчү уруксат берүүчү болуп кызмат кылат;

б) кээ бир эрежеге баш ийбеген учурларда,  узакка созулган өр жерлерде жайгашкан өтүүчү светофорлордо (кирүүчү светофорлордун алдында жайгашкандардан башкалары) ар бир өзүнчө учур үчүн, темир жолдун жетекчилигинин  уруксаты менен, шарттуу –уруксат берүүчү сигналды-Т тамга түрүндөгү чагылдыруучу белгиси менен калканды орнотууга жол берилет.

Ушундай сигналдын бар болушу жүк поездине токтобостон светофордун  кызыл жарыгынан өтүп кетүүгө уруксат болуп эсептелет.Бирок машинист поездди светофордун кызыл жарыгында саатына 20 км.ден ашпаган ылдамдыкта,  өзгөчө кыраакылык менен, балким  кыймылды андан ары улантууга тоскоолдук кезигип калса, дароо токтотууга даяр болуу менен айдашы керек;

в) Кызыл жарыгы күйүп турган өтүүчү светофордун алдында поезд токтогондон кийин, жана ошондой эле, светофордун түшүнүксүз же өчүп калган көрсөткүчүндө, алдыда боло турган тосмо-тилке бош эмес жана анда поезд бар экенин машинист көрсө же билсе,  анда ага тосмо – тилке бошомойунча кыймылды улантууга болбойт. Эгерде машинист алдыда боло турган тосмо -тилкеде поезд бар же жок экенин билбесе, анда ал токтогондон кийин автоктоткучту коё берип, жана ушул убакытта светофордо уруксат берүүчү жарык күйбөсө, поездди кийинки светофорго чейин саатына 20 км.ден ашпаган ылдамдыкта, өзгөчө кыраакылык менен,  эгер  кыймылды андан ары улантууга тоскоолдук кезиксе, дароо токтотууга даяр болуу менен айдашы керек;

Эгерде кийинки өтүүчү светофор ушундай эле абалда болсо, токтогондон кийин, поезддин кыймылы  ошондой эле тартипте улантылат.

Тыюу салган көрсөткүчтө өтүүчү светофорду белгиленген тартипте өтүп кеткенден кийин, локомотивдик светофордо уруксат берүүчү көрсөткүч пайда болсо, локомотивдик светофордун көрсөткүчүн жетекчиликке алып, кийинки светофорго чейин саатына 40 км.ден ашпаган ылдамдык менен  машинист айдай алат.

Локомотивдик светофордун уруксат берүүчү жарыгы жанып турган учурда, өтүүчү светофорлордун жарыгы өчкөндө токтобостон өтүп кетүүгө уруксат берилет.

Тилкеде поезд жүрүп бара жатканда машинист жана анын жардамчысы светофорлордун көрсөткүчүн карап турганга милдеттүү болуу менен бирге анын талабын так аткарышы керек.Автоматтык локомотивдик сигнализация бар болсо,анда жолдук дагы, локомомотивдик дагы светофорлордун көрсөткүчүн карап турушу зарыл.

Жолдук светофордун сигналы көрүнбөсө ( аралыгы алыс болгондуктан, жантайыш жерлер бар болсо,туман каптап турса жана башка учурларда), машинист жана анын жардамчысы жолдук светофорго жакындап калганда, көрүү аралыгында локомотивдик светофордун көрсөткүчүнө карай иш кылыш керек.

1.3. Эгерде жолдук жана локомотивдик светофорлордун көрсөткүчтөрү бири-бирине дал келбесе, машинист жолдук светофорлордун көрсөткүчүнө гана таянса болот.

Кызыл жарыгы жанып турган же көрсөткүчү түшүнүксүз  (кайсы жарыгы күйүп тарганы жакшы билинбеген) өтүүчү светофорлордон өтүү, ТИЭнин 16.27 пунктунда каралган тартип менен, локомотивдик светофордун көрсөткүчүнө карабастан жүргүзүлөт.

Автоматтык локомотивдик сигнализациянын жолдук орнотмолору менен жабдылган өтмөлүктүн же бекеттин жолдору боюнча жүрүп бара жатканда, локомотивдик светофордо капысынан ак жарык пайда болсо, машинист поездди кийинки светофорго чейин (же локомотивдик светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү  пайда болгонго чейин), өзгөчө кыраакылык менен ылдамдыгын саатына 40 км.ден ашырбай айдап барышы керек.

Автоматтык локомотивдик сигнализациянын орнотмолору керектен чыккан учурларда машинист аткарууга милдеттүү:

жүргүнчү же жүк поезддинин локомотивин башкарып бара жатканда радио байланышы иштеп турса, ушул поездди локмотивдик бригадалардын сменасынын пунктуна чейин айдап жеткирет.Ал жакта локомотивди чечпей туруп, локомотивдик сигнализациянын орнотмолору  оңдолушу керек же локомотивди алмаштыруу керек;

шаардын чет жакасына каттоочу мотор вагондук поезддерди эң жакынкы негизги же айланма депосу бар бекеттке же аларды техникалык жактан тейлөө пункту бар бекетке айдап жеткирүүгө уруксат берилет.

Жүргүнчү поезддинин локомотиви  бир машинист тарабынан тейленип жатканда, коопсуздук системасы же автоматтык локомотивдик сигнализация бузулса, машинист поездди эң жакынкы бекетке айдап жеткирүүгө милдеттүү.Андан соң, ал жардамчы локомотивди талап кыла алат.

Коопсуздук системасы же автоматтык локомотивдик сигнализациясы бузулган поезддерди көрсөтүлгөн пункттарга айдап жеткирүү тилкенин бекеттик нөөмөтчүлөрүнө берилген поезддик диспетчердин буйругу  менен ишке ашырылышы керек.

1.4. Өтмөлүктө поезддерди бириктирүүдө, поезддин диспетчеринин буйругу менен токтобостон, бириге турган поезд ээлеп турган тосмо –тилкеге, токтоп турган поезддин жанына өз убагында токтой ала турган ылдамдык менен, биригүүгө бара жаткан поезддин машинистине айдоого уруксат берилет. Ал  ылдамдык саатына 20 км.ден ашпашы керек.

1.5. Бир багыттагы жолунун ар бири  автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө, эки тараптуу кыймылды уюштуруу үчүн, автоматтык локомотивдик сигнализация колдонулушу мүмкүн.Мындай өтмөлүктөрдө поезддердин туура багытта жүрүшү автотосмолоочтун сигналы боюнча, ал эми туура эмес багытта локомотивдик светофордун сигналы боюнча жүргүзүлөт.Бекеттен поездди туура эмес жол менен жөнөтүү чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү боюнча жүргүзүлөт.

Локомотивдик светофордун сигналы боюнча туура эмес жол менен поездди айдап бара жатканда машинист жана анын жардамчысы милдеттүү:

а) локомотивдик светофордун жашыл жарыгында мына ушундай учурлар үчүн темир жолдун начальниги тарабынан бекитилген ылдамдык менен айдоого;

б) сары жарыкта саатына 50 км.ден ашпаган ылдамдык менен айдоого;

в) локомотивдик светофордо сары жарык кызыл жарык менен чогуу пайда болсо, ылдамдыкты саатына 20 км кылып азайтып, бет маңдай багыттагы эң биринчи жолдук светофордун алдынан поездди токтотууга;

г) сары жарык кызыл жарык менен чогуу күйгөндө поездди токтоткондон кийин, эгерде машинист алдыда боло турган тосмо –тилкеде поезд токтоп турганын көрсө же билсе, тосмо – тилкенин бошогонун  локомотивдик светофордо сары же жашыл жарык пайда болгонго чейин күтөт.Андан соң локомотивдик светофордун сигналы боюнча кыймылды улантууга;

д) Эгерде машинист алдыда боло турган тосмо – тилкеде поезддин бар же жок экенин билбесе, жана ошондой эле, токтоп турган  жана тормоздорду коё берген убакытта, локомотивдик светофордо сары же жашыл жарык пайда болбосо, ал кыймылды кайрадан улантып, кийинки тосмо-тилкенин аягына чейин поездди саатына 20км.ден ашпаган ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык менен, жана  кыймылды андан ары улантуу үчүн тоскоолдук кезигип кала турган болсо, дароо токтогонго даяр болгондой болуп айдашы керек. Эгерде тосмо — тилкеде жүрүп бара жатканда локомотивдик светофордун кызыл жарыгы сары кызылы менен чогуу күйгөн жарыкка алмашса, машинист кыймылды саатына 20км.ден ашпаган ылдамдык менен уланта алат. Ал эми сары же жашыл жарык пайда болсо, машинист ылдамдыкты көбөйтө алат,бирок саатына 40 км.ден ашпашы керек;

е) тосмо – тилкенин аягында, сары же жашыл жарык күйгөндө, ушул сигналдарды жетекчиликке алып, кыймылды улантат; кызыл жарык сакталып турса же сары кызыл жарык пайда болсо, машинист поездди кайрадан токтотушу керек жана андан ары «г»  жана «д» тарамдарында көрсөтүлгөн тартипти жетекчиликке алат;

ж) локомотивдик светофордо уруксат берүүчү сары жарык кызылы менен же кызыл же ак жарык капыстан пайда болгон, же локомотивдик светофордун жарыгы өчүп калган  учурларда, машинист ылдамдыкты азайтуу чараларын көрүүгө милдеттүү жана поездди тосмо-тилкенин аягына чейин же локомотивдик светофордо уруксат берүүчү сигнал пайда болгонго чейин,  кыймылды андан — ары улантуу үчүн тоскоолдук кезигип кала турган болсо, дароо токтой ала турган мүмкүнчүлүктү камсыздоочу ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык менен айдашы керек.

Тосмо–тилкенин аягында, локомотивдик светофордо сары жарык кызылы менен, кызыл же ак жарык сакталып турганда  же жарыгы өчүп турса андан — аркы кыймыл “г” жана “д”тарамдарында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жүргүзүлөт;

з) Локомотивдеги АЛСН орнотмосу иштен чыкканда, каршы багыттагы жакынкы светофордо поезд токтойт.Андан ары кирүүчү светофорго чейин (“Бекеттин чек арасы” деген сигналдык белги) ылдамдыгын саатына 20 км.ден ашырбай жана кыймылды андан — ары улантуу үчүн тоскоолдук кезигип кала турган болсо, дароо токтогонго даяр болуп, өзгөчө кыраакылык  менен айдашы керек.

Туура эмес жолдо жүрүп бара жаткан поездди бекетке кабыл алуу жергиликтүү шартка байланыштуу кыймылдын багыты боюнча сол тарапка да орнотулушу мүмкүн болгон атайын орнотулган кирүүчү светофор боюнча жүргүзүлөт.

Туура эмес жол боюнча жүрүп бара жаткан поезддин бекетке кирүүчү ылдамдыгы бардык учурда тең кирүүчү светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө, каптал жолго кабыл алуу үчүн бекитилген ылдамдыктан ашпашы керек.

 

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү

 

1.6.Поездди кабыл алуунун жана жөнөтүүнүн алдында бекеттин нөөмөтчүсү бекитилген тартип менен кабыл алуу же жөнөтүүнүн каттамын даярдайт жана кирүүчү (чыгуучу) светофорду ачат.

Бир жолдуу өтмөлүктөрдө, жана ошондой эле, зарыл болгон учурда поездди туура эмес жол менен эки тараптуу автотосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүктөрдө же кыймылдын бир жолдуу эрежелери  менен эки тараптуу автотосмолооч  менен жабдылган эки жолдуу (көп жолдуу) өтмөлүктүн бир жолу менен жөнөтүүдө же туура эмес жол менен локомотивдик светофорлордун сигналдары боюнча кыймылды уюштурууда, бекеттин нөөмөтчүсү алдын –ала поезддик диспетчер менен (ал эми поезддик диспетчердик байланыш бузук болсо – коңшу бекеттин нөөмөтчүсү менен) өтмөлүктү ээлөө укугун макулдашышы керек. Поезд өтүп бара жатканда кирүүчү (чыгуучу) светофор автоматтык түрдө жабылат.Эгерде светофорду башкаруу сигналдык тутка менен ишке ашырылса,бекеттин нөөмөтчүсү аны нормалдуу абалга коёт.

Эки жолдуу тилкелерде  бекеттин башкы жолунда туура багытта жайгашкан кирүүчү, каттамдык жана  чыгуучу светофорлорду автоаракетке  которсо болот.Мындай учурда светофорлор автоматтык режимде иштешет.

1.7. Эгерде жөнөтүү жолу кайталоочу светофорлор менен жабдылбаса, топтук чыгуучу (каттамдык) светофорлор бар болгондо, поезддерди жөнөтүү светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана жашыл түстөгү сан менен поездди жөнөтүүгө уруксат бериле турган жолдун номерин көргөзүп турган каттамдык шилтеме менен ишке ашырылат.

Эгерде жөнөтүү жолунда топтук светофордун кайталоочу светофору бар болсо, анда ушул жолдон топтук светофорго чейин поездди жөнөтүү кайталоочу светофордун көрсөткүчү менен жүргүзүлөт.

Каттамдык шилтемелер же топтук светофорлордун кайталоочу светофорлору бузук болсо же  качан поезддин башы кайталоочу светофордун артында болуп, топтук светофор ачык болгон учурда, локомотивдин машинистине поездди жөнөтүүгө уруксат катталган буйрук менен, радио байланыш аркылуу берилет:

» Поезддин машинисти N ______   ______ жолдо. Топтук светофор _____ Сизге ачык. Жөнөөгө уруксат. БН ________».

Ачык чыгуучу (каттамдык) топтук светофор боюнча поездди жөнөтүүнү локомотивдин машинистине тапшырылуучу жашыл түстөгү бланкадагы (ДУ-54 бланканын формасы, 35 бетте келтирилген ) II пунктту толтурулган уруксат берүү боюнча да ишке ашырса болот.

1.8. Эреже катары, чыгуучу светофорлорго ээ болбогон жолдордон поездди жөнөөтүүгө жол берилбейт.

Эрежеден тышкаркы учурларда, мына ушундай жолдордон поезддерди жөнөтүү ушул Нускаманын 1.14  жана 1.15 пунктарында бекитилген тартип менен так эле чыгуучу светофор бузук болгон учурдагыдай жүргүзүлөт.

Ушундай эле тартипте, качан поезддин башы чыгуучу светофордун артында болгондо, жана ошондой эле, анын өз алдынча жабылып калганынан ушул светофордун артында поезд токтогондон кийин, эгерде жабылууну кабыл алып, локомотивдин машинисти поездди сигналдан өтүп кеткенден кийин токтотсо, поезддердди бекеттен жөнөтүү жүргүзүлөт.

Эгерде поезддин  жетектөөчү локомотиви уруксат берүүчү жарыгы күйүп турган чыгуучу (каттамдык) светофордун артында  турса, анда машинистке радио байланыш боюнча катталган буйрук берилиши керек:

«Поезддин машинисти N ________  _______ жолдо. Чыгуучу (каттамдык) светофор _____ Сизге ачык. Жөнөөгө уруксат.

БН _______».

Мындай учурда, поездди жөнөтүү  локомотивдин машинистине берилген  II пункту (ДУ-54 формасындагы бланк) толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат боюнча жүргүзүлөт.

Качан жетектөөчү локомотив тиги тарабында кайталоочу башча менен жабдылган чыгуучу светофордун аркасында болгон учурларда, поездди жөнөтүү кайталоочу башчадагы уруксат берүүчү көрсөткүч боюнча жүргүзүлөт.

1.9. Эгерде чыгуучу (каттамдык) светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө кайталоочу светофордо жашыл жарык күйбөсө,анда кайталоочу светофордун алдында  жөнөөгө даяр болуп турган жүргүнчү поезддинин машинистине бекеттин нөөмөтчүсү (жеке өзү же поезддик радио байланыш боюнча, же поезддердин кыймылына тийиштиги бар бекеттик жумушчулардын бирөө аркылуу) кайталоочу светофордун бузук экенин, поездди кыймылга келтирүү мүмкүнчүлүгү  бар болсо, чыгуучу (каттамдык) светофорго чейин айдап барышын, андан ары анын көрсөткүчүн жетекчиликке алышын маалымдашы керек.

Качан кайталоочу светофордун алдында турган жүргүнчү поезди чыгуучу (каттамдык) светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жөнөп бара жатканда, радио байланыш аркылуу машинистке тапшырыла турган же бериле турган бекеттен жөнөгөнгө берилүүчү уруксат бир эле убакта өчүп турган кайталоочу светофорду өтүп кетүүгө да уруксат болуп эсетелинет.

Поезд бекетке токтобостон өтүп бара жатан учурда бекеттин нөөмөтчүсү поезд эң биринчи (бекетке жакын) жакындоо тилкесине киргенде радио байланыш боюнча кайталоочу светофордун (каттамдык же чыгуучу светофордун) бузук экендиги тууралуу машинистке эскертиши керек. Мындай кабарды алып, машинист локомотивдик жана чыгуучу же каттамдык светофордун көрсөткүчүнө таянып кыймылды улантат.

1.10. Өтмөлүк бою жүрө турган  түртүүчү локомотив менен  поезддерди өтмөлүктө  жөнөтүү жана алардын кыймылы  автотосмолоочтун сигналы боюнча жүргүзүлөт.

Качан акыркысы өтмөлүктөн кайра кайтып келе жатканда, түртүүчү локомотив менен  поезддердин жөнөтүлүшү жана жүрүшү авто тосмолоочтун сигналы боюнча жүргүзүлөт.Ал эми өтмөлүктөн кайтып келүү үчүн түртүүчү локомотивдин машинистине жөнөө бекетинен ачкыч- таякча берилет.

1.11. Өтмөлүктөгү жумуш үчүн, жөнөө бекетине кайра кайтып келе турган  чарба поездин жөнөтүү (качан өтмөлүк жабылбаганда) автотосмолоочтун сигналы боюнча (ачык турган чыгуучу светофор боюнча) жүргүзүлөт.

Бекеттен жөнөп кете электе, өтмөлүктөн поезд кайтып келердин алдында машинистке берүү үчүн, жумуштун жетекчисине (башкы кондукторго) тапшырылган  ачкыч- таякча боюнча поезд  кайра кайтып келет.

Ачкыч –таякчаны  жана ошондой эле, жардамчы пост менен тейленбеген өтмөлүктөгү туташмаларда, вагондорду берүүдө жана чыгарууда да колдонсо болот.

Локомотивдик светофордун көрсөткүчү боюнча, туура эмес жол менен поезддердин кыймылы мүмкүн болсун үчүн, орнотмолор менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө ачкыч-таякчанын жардамы аркылуу туура жол менен  гана поездди жөнөтүүгө жол берилет.

Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын эки же андан көп бирдигинен турган чарбакер поезддерин ачкыч-таякча менен жөнөтүү өтмөлүктөрдү аларды ажыратпаган учурларда гана жол берилет.

1.12. Кээ бир өзгөчө учурларда гана, ачкыч-таякча бузук же жок болгондо, телефондук байланыш каражатына өткөндөн кийин гана, өтмөлүктөн кайтып келе жаткан чарба поездин же түртүүчү локомотиви менен поездди жөнөтсө болот.

Жетектөөчү локомотивдин машинистине жана түртүүчү локомотивдин машинистине мындай учурларда жол баракчалары берилет (ДУ-50 бланктын формасы, 97-бетте келтирилген).

1.13. Өтмөлүккө атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды жөнөтүү  автотосмолоочтун сигналы боюнча жүргүзүлөт.Жана ушул учурда авто тосмолоочтуу тилкелерде атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам рельстик чынжырды бекем шунттоону камсыздашы керек.Бул өзү жүрүүчү кыймылдуу бирдиктин паспортунда көргөзүлүшү керек.

Чечип алынуучу кыймылдуу бирдиктер (дрезиналар,оңдоочу жасалма секичелер, жол вагончолору ж.б.) дөнгөлөк түгөйлөрү изоляцияга ээ болушу керек.

 

Автотосмолооч бузук болгондогу иш-аракеттер

 

1.14. Эгерде туура  аныкталган каттамда жана бош (башкаруу приборлорунун көрсөткүчү боюнча) биринчи тосмо-тилкеде чыгуучу светофор ачылбаса, поезд туура жол боюнча эки жолдуу өтмөлүккө жөнөтүлүшү мүмкүн:

чыгуучу светофордо чакыруу сигналы боюнча;

жөнөп бара жаткан поезддин машинистине радио байланыш менен берилүүчү бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу боюнча:

 

«Буйрук N ____ Датасы ____. Убактысы _____ (сааты, минутасы).

Поезддге уруксат берем N ______ жөнөөгө  ______ жолдон  ____________ чыгуучу (каттамдык) светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө негизги жол менен литер _______, өтүүчү (чыгуучу,каттамдык)светофорго чейин айда литер _________, андан –ары өзү тосмолоочтун сигналдарын жетекчилликке ал.

БН ____________»;

 

I пункту толтурулган жашыл түстүү бланкадагы (ДУ-54 формасындагы бланк) уруксат боюнча:

1.15.Бир жолдуу өтмөлүккө же эки тараптуу автотосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүккө туура эмес жол менен чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө поезд жөнөтүлүшү мүмкүн:

а) бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу боюнча радио байланыш боюнча поезддин машинистине берилген ушул Нускаманын 1.14 пунктунда көрсөтүлгөн форма боюнча;

б) (ДУ – 54 формасындагы бланк) толтурулган жашыл түстөгү бланканын уруксаты боюнча

Чакыруу сигналы боюнча бир жолдуу өтмөлүккө жана эки жолдуу өтмөлүктүн туура эмес жолу менен поездди жөнөтүүгө тыюу салынат

Поезд жөнөр алдында, бекеттин нөөмөтчүсү милдеттүү:

бет маңдай келе жаткан поезддерден өтмөлүктүн (жолдун) бош экенин далилдеген  поезддик диспетчердин катталган буйругун алууга:

«Поездди жөнөтүүгө уруксат берем N _____ бекеттен _______  __________ башкы жол боюнча чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө литер ____. Өтмөлүк (______Өтмөлүктүн бащкы жолу) ______бет маңдай келе жаткан поезддерден бош. БН __________».

Мындай буйрук бир жол менен бара жаткан (биринин артынан бири) бир же бир нече поезддерди бекеттен чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүндө жөнөтүүдө берилиши мүмкүн;

жөнөп бара жаткан поезддин багытына тосмо-системаны орнотуу;

Тийиштүү өтмөлүктүн (өтмөлүктүн жолунан) аппаратынан ачкыч-таякчаны алып салуу. Алынган ачкыч-таякча жөнөп бара жаткан поезд өтмөлүктү ээлегенден кийин гана (ал биринчи обочо тосмо –тилкесине киргенден кийин)  аппаратка кайтарылат. Багытты өзгөртүү үчүн, орнотмолор менен жабдылбаган өтүүчү светофору жок бир жолдуу өтмөлүктөргө чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө, башкаруу аппараттарында ачкыч-таякчалар жок болгон учурларда, поезддерди жөнөтүүнүн тартибин  темир жолдун начальниги аныктайт. Мындай учурларда поезддерди жөнөтүү «а» жана «б» тарамдарында  көрсөтүлгөн уруксат боюнча жүргүзүлөт.

Локомотивдик светофордун көрсөткүчү боюнча туура эмес жол менен кыймылга ээ автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө, эгер чыгуучу светофор туура эмес жолго ачылбаса же жок болсо, поездди жөнөтүү атотосмолооч иш-аракетин токтоткондон кийин жүргүзүлөт.

1.16. Бекеттин нөөмөтчүсүнө, биринчи тосмо-тилкенин бош экенине ынанбай туруп, светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүккө чыгуучу поездди жөнөтүүгө тыюу салынат.

Эгерде мурун жөнөтүлгөн поезддин биринчи тосмо-тилкени өтүп кетүүгө үлгүрө турган убактысы аяктагандан кийин деле, башкаруу приборлору аны бош эмес деп көргөзүп жатса, бекеттин нөөмөтчүсү биринчи тосмо – тилкенин бош экенине анын карамагындагы колдо бар каражаттар менен (мурун жөнөтүлгөн поезддин машинисти менен радио байланыш аркылуу сүйлөшүү жолу менен, өтмөлүктүн нөөмөтчүлөрүнүн кабарлары боюнча ж.б) ишениши керек.Эгерде 10 минутанын ичинде бекеттин нөөмөтчүсү мурун жөнөтүлгөн поезддин кайда экенин аныктай албаса, кийинки поезд светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жөнөтүлүшү мүмкүн. Бирок бул учурда, бекеттен жөнөтүлөрдөн мурун, жетектөөчү локомотивдин машинистине радио байланыш аркылуу же жашыл түстөгү уруксат бланкасына белгилөө жолу менен, биринчи тосмо-тилкенин бош экендиги тууралуу маалымат жок экендиги эскертилиши керек.

Ушуга окшош учурларда,  өтүүчү светофорлору жок автотосмолоочу бар кыска өтмөлүктөргө поезддерди жөнөтүүнүн тартиби СБТ орнотмолорунун системасына жана иштин шарттарына карай темир жолдун жетекчилиги тарабынан бекитилет.

1.17. Бир жолдук дагы,эки жолдук дагы өтмөлүккө жөнөп бара жаткан поезддин каттамдык  “тыюу салуучу көрсөткүчтүү”  светофорду өтүп кетиши светофор менен тосулган жолдун тилкеси бош экенин бекеттин нөөмөтчүсү текшергенден кийин, ушул Нускаманын 1.14 пунктунда каралган уруксат боюнча жүргүзүлөт.

1.18.Чыгуучу светофордогу чакыруучу жарык, I пункту толтурулган жашыл түстүү бланкадагы (ДУ-54 формасындагы бланк) уруксат, же радио байланыш аркылуу берилген  бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу машинистке жабык чыгуучу светофордон өтүүгө жана поездди биринчи өтүүчү светофорго чейин (өтүүчү светофорго ээ болбогон өтмөлүктөрдө –коңшу бекеттин кирүүчү светофоруна чейин) саатына 20 км.ден ашпаган ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык менен жана кыймылды андан — ары улантууга  капыстан тоскоолдук кезигип кала турган болсо дароо токтогонго даяр болуп, айдап барууга укук берет.Ал эми андан ары автоматтык тосмолоочтун сигналын жетекчиликке алат.

Каттамдык светофор бузук болгон учурда көрсөтүлгөн уруксат берүүлөр машинистке  чыгуучу светофорго (же кийинки каттамдык) светофорго чейин  ушуга эле  окшош тартипте айдап барууга уруксат берет.

Автотоктотмосу бар автоматтык локомотивдик сигнализация менен жабдылган тилкелерде бекеттен жөнөтүлгөн поезд жогоруда көрсөтүлгөн уруксаттын бирөө менен жүрүп бара жатканда,эгерде биринчи тосмо-тилкенин бош экендиги тууралуу маалыматы бар болсо,машинист поезд өтмөлүккө киргенден кийин жана локомотивдик светофордо жашыл,сары же сары кызыл менен жарык пайда болгондо,локомотивдик светофордун сигналдык көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алып,биринчи өтүүчү светофорго чейин айдап бара алат.

Локомотивдик светофордун ак жарыгында же биринчи тосмо-тилкенин бош экендиги тууралу маалымат жок болсо,машинист биринчи өтүүчү светофорго чейин саатына 20км. ден ашпаган ылдамдык менен,андан ары автоматтык тосмолоочтун сигналы менен  айдашы керек.

1.19. Топтук светофор бузук болгон учурда поезддерди жөнөтүү бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу боюнча же ушул Нускаманын 1.14 жана 1.15 пункттарында каралган тартиптеги, I пункту толтурулган жашыл түстүү бланкадагы (ДУ-54 формасындагы бланк) уруксат боюнча жүргүзүлөт

1.20. Чыгуучу светофордогу багыттын каттамдык шилтемеси (ак түстөгү) бузук болгон учурда, поезддерди жөнөтүү ачык чыгуучу светофор боюнча жүргүзүлөт.Бирок бул учурда бекеттин нөөмөтчүсү радио байланышы же поезддердин кыймылына тийиштиги бар бекеттин жумушчусу аркылуу шилтеменин бузук экенин жана поезддин бара турган багытындагы каттам даяр экендиги тууралуу машинистке  жеке  өзү маалымдашы керек.

1.21. Светофордогу кайталоочулар же башкаруу аппаратындагы жакындоо жана  обочо  тилкелери (табло) бузук болгондо, поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү бекеттин нөөмөтчүсүнүн коңшу бекеттин нөөмөтчүлөрү, локомотивдердин машинистери жана башка жумушчулар менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде (телефон же радио байланыш боюнча) автоматтык тосмолооч боюнча жүргүзүлөт.Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарын даярдоо процессинде, бекеттин нөөмөтчүсү СБТнын бекеттик орнотмолорунун көзөмөлдөөчү приборлору бузук болгондо, ушул Нускаманын 13 бапында белгиленген тартипти карманышы керек.

1.22. Эгерде негизи өтмөлүктүн бош экенине карабай,  көзөмөлдөөчү приборлор  аны бош эмес деп көргөзүп  турса, жана да кыймылдын багытын өзгөртүү талап кылынса (бир жолдуу өтмөлүктөрдө, эки тараптуу авто тосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүктөрдө), жана ошондой эле, багытты негизги режимдин баскычтарынын  (туткаларынын) жардамы аркылуу алмаштырууга мүмкүн болбогон учурларда, өтмөлүктүн алдын- ала бош экендигин текшергенден кийин,  жардамчы режимдин баскычтары (туткалары) бар болсо, анда мындай өзгөртүү өтмөлүктү чектөөчү бекеттин нөөмөтчүлөрүнө берилген поезддик диспетчердин катталган буйругу боюнча ушул баскычтардын (туткалардын) жардамы аркылуу жүргүзүлөт:

» Өтмөлүктө автотосмолооч боюнча багытты өзгөртүүгө уруксат берем _______ ( ________ өтмөлүктүн жолу боюнча ______) жуп сандан так санга жардамчы режимдин баскычтарынын (туткаларынын) жардамы аркылуу. Өтмөлүк (______ өтмөлүктүн жолу) поезддерден бош. БН __________».

Ушундай буйрукту алып,эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрү пломбаларды алат жана кыймылдын багытын өзгөртүү үчүн жардамчы режимдин  баскычтарын  (туткаларын) которуштурат.Багытты өзгөрткөн соң, башкаруу пультундагы көзөмөлдөөчү пиборлордун көрсөткүчтөрү боюнча бекеттин нөөмөтчүлөрү өзгөрүү болгонуна ишениши керек жана жардамчы баскычтарды (туткаларды) нормалдуу абалга коёт.Пломбанын алынганы тууралуу кароо журналына жазылат.

Кыймылдын багыты өзгөргөндөн кийин поезддерди жөнөтүү ачык чыгуучу светофор боюнча, эгерде тийиштүү сигнал ачылбай калган учурларда ушул Нускаманын 1.14 жана 1.15 пунктарына ылайык жүргүзүлөт.

1.23. Телефондук байланыштын орнотулган бардык түрлөрүнүн тыныгуусунда жана радио байланыш аркылуу да сүйлөшүүгө мүмкүн болбой, бирок автотосмолооч (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча обочо тилкелери бош болсо) иштеп жаткан болсо, эки жолдуу өтмөлүктөрдөгү поезддердин кыймылы автотосмолоочтун сигналы боюнча туура жол менен гана жүргүзүлөт. Ушундай учурларда, бир жолдуу өтмөлүктөрдө поезддерди жөнөтүү үчүн, артыкчылыкка ээ багытта (жуп сандагы) поезддерди жөнөтүп жаткан бекет гана автотосмолоочту колдоно алат. Бирок ,ушул бекеттеги  автотосмолоочтун тыныгуу учурундагы багыты ушул багыттагы поезддердин кыймылына туура келиши шарт болуп эсептелет. Эгерде телефон байланышынын тыныгуу маалында, автотосмолооч так сан багытында орнотулган болсо, телефон байланышы үзүлгөндөн кийин 10 минута кошуу менен, биринчи так сандагы поезд  өтмөлүктү өтүп кетүү үчүн  жетиштүү боло турган убакыт өткөндөн кийин гана артыкчылыкка ээ багыттагы бекеттен биринчи поезд жөнөтүлүшү мүмкүн.Бирок бир шарт керек, ушул убакыттын бардыгында тең көзөмөлдөөчү приборлор өтмөлүктүн бош экенин көргөзүп турушу керек. Бекетте артыкчылыкка ээ багытта жалгыз локомотив бар болсо,ал биринчи болуп жөнөтүлүшү керек. Биринчи поездди жөнөтүү үчүн (локомотивди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды) бекеттин нөөмөтчүсү автотосмолоочтун багытын жуп санга өзгөртүп, аппараттан ачкыч-таякчаны алып жана чыгуучу светофорду ачышы керек. Биринчи поезд (локомотив, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам) менен жазуу түрүндөгү билдирме жиберилет.Жана ушул учурдан баштап телефон байланышы калыбына келгенге чейин поезддердин кыймылы ушул Нускаманын 6 бапындагы бир жолдуу өтмөлүктөр үчүн белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлүшү керек.

1.24.Автотосмолоочтун иш-аракетин токтотууга зарыл болгон бузуктарга төмөнкүлөр кирет:

а) локомотивдик светофордун көрсөткүчүнө карабастан,өтмөлүктө эки же андан көп катар жайгашкан светофорлордо сигнал жарыгы өчүп калса;

б) тосмо-тилке бош эмес учурда чыгуучу же өтүүчү светофордун уруксат берүүчү жарыгы күйүп турса;

в) Багытты өзгөртүүгө мүмкүн болбосо,ал түгүл бир жолдуу өтмөлүктө же эки тараптуу автотосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүктө туура эмес жол менен поездди жөнөтүүдө жардамчы режимдин баскычтары (туткалары) менен да багытты өзгөртүүгө мүмкүн болбосо, белгиленген багытта автотосмолоочту колдонууга уруксат берилет.

Поезддик локомотивдин машинисти «а» жана  «б» тарамдарында көрсөтүлгөн автотосмолоочтун бузуктугун байкаган учурда, бул жөнүндө эң жакынкы бекеттин нөөмөтчүсүнө (поезддик диспетчерге) жана артта келе жактан поезддердин машинисттерине  маалымдоого тийиш.Ал эми “б” тарамында көрсөтүлгөн бузукта дароо поездди токтотушу керек. Өтүүчү светофорлордун өчүп калган сигналдык жарыгында (“а” пунктунда көрсөтүлгөн бузукта) машинист өтмөлүктү ТИЭнин 16.27 пунктундагы талаптарын жетекчиликке алып, өтмөлүктөн айдап өтөт.

Тосмо –тилке бош эмес болгондо, чыгуучу же уруксат берүүчү көрсөткүчтүү өтүүчү светофордун алдына поезд келип токтогондон кийин (же аны өтүп кеткенден кийин) поезд тосмо-тилкени бошоткондон кийин машинист кыймылды улантат: бекетте -ПН  (БН) көрсөтмөсү боюнча, өтмөлүктө — саатына 20 км.ден ашпаган ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык менен жана токтогонго даяр болуп, андан — ары светофорлордун көрсөткүчүнө таянуу менен айдайт. Бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктөгү автотосмолоочтун бузук экендиги тууралуу кабарды алса же көзөмөлдөөчү приборлордун жардамы менен анын иштебегендигин байкаса төмөндөгүлөргө милдеттүү:

а) ошол өтмөлүккө (ошол жол боюнча) поезддерди жөнөтүүнү токтотот, чыгуучу светофорлорду тыюу салуучу абалга келтирет;

б) радио байланыш менен өтмөлүктө  жүргөн поезддин машинисттерин чакырат жана аларга бузулган жерлери тууралуу эскертет;

в) поезддик диспетчерге авто тосмолоочтун иштебегендиги тууралуу маалымдайт;

г) Кароо журналына тиешелүү жазуу жүргүзүп жана СБТнын электр механигине (сигнализацияны жана байланыштын аралык боюнча нөөмөтчүсүнө) маалымдайт.

Борборлоштуруунун диспетчерлдик тилкелеринде көрсөтүлгөн иш-аракетти поезддик диспетчер аткарат.

Автотосмолоочтун иш-аракети поезддик диспетчердин буйругу менен токтотулат жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш каражаты аркылуу жөнгө салынат.

Поезддердин кыймылында телефондук байланышка өтүү жана ошондой эле, поезддердин кыймылы автотосмолооч аркылуу жандана тургандыгы жөнүндө  буйрукту берерден мурун диспетчер бекеттин нөөмөтчүлөрү аркылуу бекет аралык өтмөлүктүн бош экенине ишениши керек.

Автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө  автотосмолоочтун иш-аракети калыбына келгендиги тууралуу буйрук туура жол менен жөнөтүлгөн поезддерден бекет аралык өтмөлүк  бошогонго чейин деле жиберилиши мүмкүн.

1.25. Автоматтык тосмолоочту пайдаланганды токтоткондон кийин жана телефондук байланышка өткөндөн кийин,локомотивдин машинисттерине жол баракчалары (ДУ-50 формасындагы бланк) берилет.

Жол баракчасы бир эле учурда ушул Нускаманын 9.24 пунктунда каралган тартиптеги чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө өтүүгө уруксат болуп да эсептелет.Автотосмолоочту пайдаланууну токтоткондон кийин каттамдык светофорду тыюу салуучу көрсөткүчүндө өтүү ушул Нускаманын 1.17 пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.

1.26. Эгерде бузук тосмолооч менен өтмөлүктү чектөөчү өзүнчө бөлүнгөн пункттардын бирөө бекеттин нөөмөтчүсү тарабынан тейленбесе, анда автотосмолоочтун иш-аракети токтогондон кийин, ушундай өзүнчө бөлүнгөн пункттардан поезддерди бош өтмөлүккө жөнөтүү, поезддик диспетчерде жолдордун жана жебелердин абалына көзөмөл бар болсо, бекеттин нөөмөтчүсү жумушка киришкенге чейин, поезддик диспетчердин буйругу боюнча локомотивдин машинистине берилген  форма боюнча  жүргүзүлөт: «Автотосмолооч өтмөлүктө ________иштебейт. Поезд Nге ______ бекеттен жөнөгөнгө уруксат берем_____  жана бекеттин чыгуучу светофоруна чейин айдасын _____, андан-  ары анын көрсөткүчүн жетекчиликке алсын. БН ________».

Тосмолоочтун жабылгандыгы тууралуу диспетчердин буйругу мындай учурларда бекеттин нөөмөтчүсү бар бекетке гана берилет. Тосмолооч жабылгандан кийин ушул бекеттен поезддерди жөнөтүү жол баракчалары боюнча жүргүзүлөт.Ушул эле учурда, бир жолдуу өтмөлүктөргө же поезддерди эки тараптуу авто тосмолоочтуу эки жолдуу өтмөлүккө туура эмес жол менен жөнөтүүдө жол баракчасы бекеттин нөөмөтчүсү диспетчердин форма боюнча буйругун алгандан кийин гана берилиши мүмкүн:

«Өтмөлүк _____ (өтмөлүктүн негизги жолу ______) поезддерден бош. Поездди жөнөтүүгө уруксат берем N ________ БН ________».

Көрсөтүлгөн буйрук поезддик телефонограммалардын журналына жазылат.

1.27. Эгерде поезд өтмөлүк бою жүрө турган бир нече локомотив же түртүүчү локомотив менен жүрө турган болсо, жөнөөгө жазуу түрүндөгү уруксат жетектөөчү локомотивдин машинистине гана берилет.Калган локомотивдердин машинисттери жетектөөчү локомотивдин машинистинин сигналын жетекчиликке алышы керек.

 

Авто тосмолоочтун иш –аракетинин токтошу

 

1.28. Автотосмолоочтун бузуктугунун айынан, анын иш — аракетинин токтошу менен, поезддик диспетчердик байланыштын тыныгуусунда телефондук байланыш каражатына өтүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

А. Бир жолдуу өтмөлүктөрдө

Автотосмолоочтун бузуктугун байкаган бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктүн бош экенине коңшу бекет менен сүйлөшүү жолу аркылуу жана поезддердин кыймылынын журналындагы жазуулар боюнча ишенгенден кийин, кийинки бекетке поезддик телефонограмманы берет:

«Бекет аралык автотосмолооч  __________иштебейт. Акыркы болуп Сизден поезд N ______келди. Акыркы болуп Сизге поезд N _____жөнөтүлдү. Телефондук байланышка өтүүңүздү суранам. БН _________».

Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү, өтмөлүктүн бош экенине ынангандан кийин, жооп берет:

“Акыркы болуп Сизден поезд N ______келди. Акыркы болуп Сизге поезд N _________жөнөтүлдү.Өтмөлүк бош.Телефондук байланышты орнотуп жатам. БН ________».

Бекеттин нөөмөтчүлөрү көп жолдуу өтмөлүктөрдө, бир жолдуу эрежелүү жолдо бара жаткандагы  кыймылда, ушуга эле окшош поезддик телефонограммалар менен алмашышат.

Б. Эки жолдуу өтмөлүктөрдө

Автотосмолоочтун бузуктугун бекеттин нөөмөтчүсү байкагандан кийин, бекеттин  нөөмөтчүсү ушул багыттагы жол туура болуп эсептелген коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнөн поезддик телефонограмма менен автотосмолооч менен жиберилген акыркы поезддин келип токтогондугу тууралуу билдирме жиберүүсүн талап кылат.Жана бул билдирмени алып,ушул бекете төмөндөгүдөй мазмундагы телефонограмманы жиберет:

“Автотосмолооч өтмөлүктө _______   ________ жолдо  иштебейт. Ушул жол боюнча поезддердин кыймылын телефондук байланыш боюнча улантам. БН __________».

Ушуга эле окшош телефондук байланышка өтүү, качан автотосмолоочтун иш –аракети эки жолдуу өтмөлүктүн башка жолу боюнча да токтогон учурда жол –жоболоштурулат.

 

Авто тосмолооч боюнча кыймылды калыбына келтирүү

 

1.29. Поезддик диспетчердик байланыштын иш –аракети тыныккан учурда кыймылды автотосмолооч менен кайра калыбына келтирүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

А. Бир жолдуу өтмөлүктөрдө

Авто тосмолоочтун бузуктугу оңдолгондон кийин жана кароо журналында бул тууралуу жазуу бар болгондо бекеттин нөөмөтчүсү коңшу бекетке телефонограмма жиберет.

«Бекет аралык автотосмолоочтун бузуктугу оңдолду. Акыркы болуп Сизден  поезд N ______келди. Акыркы болуп Сизге поезд N ______жөнөтүлдү. Автотосмолооч бонча поезддердин кыймылын калыбына келтирүүнү суранам. БН __________».

Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү, өтмөлүктүн бош экенин текешерип, жооп берет:

«Акыркы болуп Сизден поезд N ______келип токтоду.Акыркы болуп Сизге поезд N _______жөнөтүлдү. Өтмөлүк бош. Поезддердин кыймылын автотосмолооч боюнча калыбына келтирип жатам. БН __________».

Б. Эки жолдуу өтмөлүктөрдө

Ушул багыттагы жол ага туура болуп эсептелген бекеттин нөөмөтчүсү автотосмолоочтун бузуктугу оңдолгондугу тууралуу кароо журналындагы жазуунун же коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнөн алынган  тийиштүү билдирменин негизинде жолдо бет маңдай багытта келе жаткан поезддер жок болсо,телефонограмма жиберет:

» Өтмөлүктөгү автотосмолоочтун бузук жери _______ жолдогу  ________ оңдолду. Поезддердин кыймылын автотосмолооч боюнча калыбына келтирип жатам. БН _________».

1.30. Эгерде эки жолдуу өтмөлүктүн  жолунун ар бири   эки тараптуу кыймыл үчүн, автотосмолооч менен, жана ошондой эле, туура эмес багытта локомотивдик светофордун сигналдары менен жабдылбаган болсо, анда туура эмес жол менен поездди жөнөтөрдөн мурун  ушул жолдогу автотосмолоочтун иш –аракети токтотулушу керек жана машинистке жол баракчасын берүү менен телефондук байланыш каражаттары аркылуу кыймыл жанданышы керек.

 

Сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары колдонулган автоматык локомотивдик сигнализацияда поезддердин кыймылынын тартиби

 

1.31. ТИЭнин 16.25 пунктуна ылайык, автоматтык локомотивдик сигнализация кээ бир тилкелерде сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары колдонула алат.

Автоматтык локомотивдик сигнализациянын орнотмолору менен жабдылган темир жолдун тилкелеринде поезддердин кыймылында сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары локомотивдик светофордун сигналдары кызмат кылып, жана аны менен поезддердин эки тараптуу кыймылы (анын ичинде эки жолдуу өтмөлүктүн жолунун ар бири менен) камсыздалат.

Өтмөлүктөрдөгү тосмо – тилкенин чек арасы болуп жарык чагылдыргычтар жана тосмо-тилкенин номерлери жазылган сандык литердик табличкалары менен “Тосмо –тилкенин чек арасы” деген сигналдык белгилер кызмат кылат.

Ушундай тилкелерде кыймылды уюштуруунун принциби автоматтык тосмолоочтогу кыймылга окшош эле.

1.32. Биринчи тосмо-тилкени поезддин ээлөөсүнө уруксат болуп, локомотивдик светофордун тийиштүү көрсөткүчү жанып турганда, чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү, ал эми кийинки тосмо – тилкелерде –локомотивдик светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү кызмат кылат.

1.33. Өтмөлүктө поездди айдап өтүүнүн тартиби ушул Нускаманын 1.5 пунктунда белгиленгенге окшош эле.

Локомотивдик светофордун көрсөткүчүнө таянып, жарыгы өчүп турган эскертүүчү (кире бериштеги) светофордон  токтобостон өтүп кетүүгө уруксат берилет.

1.34. Бекеттерге поезддерди кабыл алуу,жөнөтүү жана өткөрүү ушул бапта баяндалган тартипте ишке ашырылат.Жана ушул эле учурда, ушул пунктта каралган кошумча шарттар аткарылышы керек:

а) бир жолдуу өтмөлүктө жана эки жолдуу өтмөлүктүн ар бир жолу боюнча кыймылдын багытын өзгөртүү негизги режимде поезддик диспетчердин оозеки көрсөтмөсү боюнча, ал эми жардамчы режимде – эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрү тарабынан поезддик диспетчердин катталган буйругу боюнча жүргүзүлөт;

б) каттамдык шилтемелер же чыгуучу топтук светофорлордун кайталоочулары бузук болгондо же поезддин башы кайталоочу светофордун артында болгондо, же чыгуучу топтук светофор ачык болгон учурда, поездди жөнөтүүгө уруксат локомотивдин машинистине радио байланышы боюнча катталган буйрук менен берилет:

Буйрук N _____ Убакыт ___ (сааты, мин.)

«Поезддин машинисти N ______   _______ жолдо. Топтук  сигнал ______ Сизге ачык. Локомотивдик  сигнализация оң болсо жөнөөгө уруксат берем. БН __________».

в) чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө поезддерди жөнөтүү үчүн, локомотивдин машинистине поезддин жөнөөсүнө  уруксат радио байланышы аркылуу катталган буйрук менен берилет:

Буйрук N _____ Убактысы ___ (сааты, мин.)

«Поезд Nге уруксат берем ____ жөнөөгө  _____ жолдон _____ башкы жол менен чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жана өтмөлүккө чыкканга чейин саатына 20 км.дан ашпаган ылдамдык менен, андан – ары локомотивдик светофордун сигналын жетекчиликке алып айдасын. БН ________».

1.35. Автоматтык – локомотивдик сигнализациянын иш-аракетин токтотуу зарыл болгон бузуктарга төмөндөгүлөр кирет:

а) катары менен үч же андан көп тосмо –тилкенин жалган ээлениши.

б) эгерде кыймылдын багыты туура эмес жол боюнча жөнгө салынса, бир жолдуу жана эки жолдуу өтмөлүктөрдө багытты өзгөртүүгө, ал түгүл  жардамчы режимдин баскычтарынын (туткаларынын) жардамы менен дагы мүмкүнчүлүк жок болсо;

в) тосмо –тилкени чынында поезд ээлеп турса да, анын бош экенине көзөмөлдүн колдо  бар  экендиги (локомотивдик светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү);

Көрсөтүлгөн учурларда, жана ошондой эле, бекеттен поездди жөнөтөрдүн алдында, локомотивдик светофордун кандай гана бузуктугу болбосун, ошол бузук жери байкалган учурларда же поездди коддолбогон жолдон жөнөтөрдүн алдында,  автоматтык локомотивдик  сигнализациянын иши токтойт жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш боюнча уланат.

1.36. Телефондук байланыш каражатына өтүүнүн тартиби жана автоматтык локомотивдик сигнализациянын иш –аракетин калыбына келтирүү ушул Нускаманын 1.25-1.30 пункттарында баяндалган.

Ушул эле учурда, диспетчердин буйруктарынын жана поезддик телефонограммалардын текстиндеги “автотосмолооч “деген сөз “автоматтык локомотивдик сигнализация”деген сөзгө алмаштырылат.

1.37. Автоматтык — локомотивдик сигнализациянын орнотмолору менен жабдылган тилкелерде, кыймылды уюштуруунун так тартиби поезддердин кыймылындагы сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары,  ушул  Нускаманын талаптарына ылайык, темир жолдун начальниги тарабынан, алар бекиткен жергиликтүү нускамаларда аныкталат.

 

 

ДУ-54 формасындагы бланк

 

УРУКСАТТЫН КОРЕШОГУ     УРУКСАТ

N __________________ N _________

 

Бекет (штемпель) Бекет (штемпель)

 

«___» ______ 20__ ж. «___» ___________ 20__ ж.

 

Уруксат берилди I

поезд N ____________

пунктту толтуруу менен Уруксат берем поездге N _______________ жөнөөгө

_____________ жолдо , _______________ жол боюнча

____________________ кирүүчү (каттамдык) светофордун тыюу салуучу

көрсөткүчүндө_____________ жана тосмо тилкеде саатына 20 км.ден ашпаган

ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык жана дароо токтогонго даяр болуу менен,

Бекеттин нөөмөтчүсү ——— эгерде бекетте кыймылды андан ары улаганга

тоскоолдук кезиксе,биринчи өтүүчү (чыгуучу,каттамдык) светофорго чейин

айдап баруу керек    ________________, андан – ары автотосмолоочтун

сигналы боюнча жолун улантат.

 

II

 

Уруксат берем поезд N _______________ жөнөөгө

__________________ жолдон, ачык чыгуучу

(каттамдык) топтук светофор боюнча __________ жана

андан –ары сигналдар боюнча айдоо керек.

 

Бекеттин нөөмөтчүсү

(кереги жокту чийип сал)

 

(жашыл түстө)

 

2 Бап

Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелердеги поезддердин кыймылы

 

2.1. Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерде поезддердин кыймылында сигнализация жана байланыштын негизги каражаты болуп автоматтык тосмолооч эсептелет.

Тилкелердеги бардык бекеттик светофорлор жана жебелерди башкаруу түздөн –түз поезддик диспетчер тарабынан ишке ашырылат. Электрдик изоляция менен жабдылган жебелердин, светофорлордун, бекеттик жолдордун абалы, жебе тилкелери жана өтмөлүктөр  башкаруу аппараты менен поезддик диспетчер тарабынан көзөмөлгө алынат.

Поезддик диспетчер поезддердин кыймылына жана маневрлик иштерге тийиштүү болгон бардык буйруктарды радио байланышы же телефон менен түздөн-түз машинистке же өзүнчө бөлүнгөн пункттагы поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү же маневлердин өндүрүшү  боюнча операцияларды аткаруу жүктөлгөн жумушчуга  жиберет.

2.2. Ушул Нускамада каралган керектүү учурларда, поезддик диспетчер бекеттен резервдик башкарууга жибериши мүмкүн. Мындан кийин поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү, маневрлик иштер, жана ошондой эле, сигналдарды ачуу жана жабуу бекеттин начальниги тарабынан же ушул операцияларды аткаруу жүктөлгөн бекеттин башка жумушчусу тарабынан жүргүзүлөт. Бекеттин резервдик башкарууга өткөрүлүшүнө чейин, поезддик диспетчер ошол жумушчуга чектеш өтмөлүктө жүргөн поезддер жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

Эгерде бекеттин резервдик башкарууга өткөрүлүшүнө чейин поезддик диспетчер бекеттик жолдордо чыңалууну алып салуу менен контакттык желедеги иштердин өндүрүшүнө уруксат берсе, ал бул жөнүндө диспетчердик буйрук менен нөөмөтчүлүк ишке жаңы киришип жаткан жумушчуга маалымдоого милдеттүү.

Бекеттин өзүнчө жебелери менен моюнчаларын поезддик диспетчер жергиликтүү башкарууга өткөрүп бериши мүмкүн. Жебелерди которуштуруу мындай учурларда ошол бекеттин аймагында маневрлик иштерге жетекчилик кылып  жаткан жумушчу тарабынан жүргүзүлөт.Эгерде жергиликтүү башкарууга өткөрүү, кароо журналына өзүнүн мүнөзү боюнча алдын-ала жазууну талап кылбаган  СБТнын орнотмолорун оңдоонун зарылчылыгынан келип чыкса,анда алардын ишинин туура экенин текшерүү үчүн, электр механигине жергиликтүү башкарууга өткөрүлгөн жебелерди которуштурууга  уруксат берилет.

 

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү

 

2.3. Поездди бекетке кабыл алардын алдында, поезддик диспетчер көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча кабыл алуу жолунун жана жебе тилкелеринин бош экенине ишенгенден кийин, кабыл алуунун каттамын белгилейт.

Алдын –ала каттамдарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, диспетчердик борборлоштуруунун орнотмолору менен жабдылган тилкелерде, кабыл алуунун каттамын аныктоо, жол жана жебе тилкелери бош эмес болгон учурларда да (жол жана жебелер атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам менен ээленген учурлардан тышкары) жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жебенин чыныгы которулушу жана кирүүчү светофордун ачылышы тийиштүү көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча текшерилет.

2.4. Поездди жөнөтөрдүн алдында поезддик диспетчер жебе тилкелеринин бош экенине, ал эми багыттын өзгөрүшүндө өтмөлүктүн бош экенине борбордук аппараттагы көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча  ынангандан кийин, жөнөтүүнүн каттамын белгилейт.

Алдын –ала каттамдарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, диспетчердик борборлоштуруунун орнотмолору менен жабдылган тилкелерде, кабыл алуунун каттамын белгилөө жебе тилкелери бош эмес болгон учурларда да (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам менен ээленген учурлардан тышкары)  жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жебенин чыныгы которулушу жана  чыгуучу светофордун ачылышы тийиштүү көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча текшерилет.

2.5. Эгерде кирүүчү же чыгуучу светофорду ачкандан кийин каттамды өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса,диспетчер тийиштүү светофорду жаап жана бул жөнүндө машинистке маалымдап, жаңы каттамды даярдоого кирише алат жана поезд кирүүчү светофордун  жанында же жөнөй турган жолдо  кармалып жатканына көзү жеткенден кийин гана  светофорду экинчи жолу ачат.

2.6. Коңшу бекетке келип токтой турган жана өтмөлүктөгү иштер үчүн чарба  поезддерин, жана ошондой эле  өтмөлүк бою жүрө турган түртүүчү локомотивдүү поезддерди жөнөтүү  автотосмолоочтун сигналы боюнча кадимки эле тартипте жүргүзүлөт.

2.7. Кайра кайтып келе турган чарба поезддин же жөнөтүү бекетине кайтып келүүчү  түртүүчү локомотивдүү поезддерди өтмөлүккө жөнөтүү автотосмолоочтун сигналы боюнча жумуштардын жетекчисине (башкы кондукторго) же түртүүчү локомотивдин машинистине ачкыч-таякчаны өтмөлүк боюнча кайра артка кайтуу укугун берүү менен  жүргүзүлөт.

Жумуштардын жетекчисине же түртүүчү локомотивдин машинистине ачкыч-таякчаны берүү үчүн, диспетчер ошол өзүнчө бөлүнгөн пунктта бекеттти резервдик башкарууга берүү  учурунда  поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү операциясы жүктөлгөн  бекеттин начальнигин же башка жумушчуну чакырат.Ачкыч-таякча бузук болгондо же ачкыч-таякча менен жабдылбаган бекеттик аппараттарда, жөнөтүү бекетине кайра кайтып келе турган чарба поезддин же түртүүчү локомотивге ээ поездди жөнөтүү үчүн автотосмолоочту колдонуу токтотулушу керек жана поездддердин кыймылы телефондук байланыш каражаты менен жөнгө салынат.

Ушундай учурларда,телефондук байланыш каражатына өткөнгө чейин,чарба поездди жөнөтүлө турган өтмөлүктү чектөөчү бекет резервдик башкарууга өтөт.

2.8. Кайра калыбына келтирүүчү же ушуга окшош иштер жүргүзүлө турган өтмөлүктү чектөөчү бекеттерден кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү жана жардамчы локомотивдерди жөнөтүү, ушул бекеттерде поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү,жана андан кийин өтмөлүктү жабуу операцияларын аткаруу жүктөлгөн бекеттин начальниктери же башка жумушчулар нөөмөткө туруп ишин баштагандан кийин ишке ашырылат. Ушундай учурларда, машинисттерге диагоналы боюнча кызыл сызыгы бар ак түстүү бланкадагы уруксат берилет. Поезддик диспетчердин түздөн –түз локомотивдин машинистине берген катталган буйругу боюнча тийиштүү жумушчулардын нөөмөткө турганына чейин, жардамчы локомотив өтмөлүккө жөнөтүлүшү мүмкүн:

» Поезд N ___ дин машинистине жөнөөгө уруксат берем ______ бекеттин жолунан ______ өтмөлүккө ______ жол боюнча  ______ чейин _____ км  поезд N _________ге жардам берүү үчүн бекетке ____келип токтошу (кайтып келүүсү) менен . БН ________».

 

Маневлердин өндүрүшү

 

2.9. Маневрлерде жебелерди которуштуруу жүргүзүлө  алат :

а) борбордук пульттан бекеттин моюнчаларында орнотулган телефондор менен радио байланышы же диспетчердик байланыш аркылуу маневрдик жылуулар  үчүн  каттамдын даярдыгы жөнүндө көрсөтмөлөрдү тийиштүү жумушчуларга берүү менен поезддик диспетчер тарабынан;

б) бекетти резервдик башкарууга берүү учурунда поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү операциясын аткаруу жүктөлгөн бекеттин начальниги же башка жумушчу тарабынан;

в) темир жолдун начальниги  бекиткен диспетчердик борборлоштурууда поезддердин кыймылын жана маневрлик иштерди уюштуруу боюнча жергиликтүү нускамага ылайык, бекеттин кээ бир жебелерин жергиликтүү башкарууга өткөрүү учурунда поезддерди куроочу же бекеттин башка жумушчусу тарабынан.

Жалгыз локомотивдердин жана атайын өзү жүрүүчү курамдардын бекеттик жолдор боюнча ары-бери жылышында жергиликтүү башкарууга берилген жебелерди которууну локомотивдик бригаданын бир жумушчусу (айдоочу) жүргүзүшү мүмкүн.

Жебелерди которуштурган жумушчу ар бир  которгон сайын, учтукуйлардын  абалынын тууралыгына жергиликтүү башкаруунун пультундагы көзөмөлдөөчү приборлор же учтукуйлардын абалы боюнча ишениши зарыл.

2.10.Өзүнчө бөлүнгөн жебе тилкеси бошомойунча, ал эми өзүнчө бөлүнгөн жебеге көз карандылык күйгүзүлбөгөн жерлерде,  жебе кыймылдуу курамдан бошогонго чейин, жергиликтүү башкаруунун пультунан же жергиликтүү башкаруунун ачкычы менен  жебени которууга тыюу салынат.

2.11.Маневрлер аяктагандан кийин,жебе жана маневрдик туткалар, жана ошондой эле жергиликтүү башкаруунун ачкычы нормалдуу абалга коюлат.Маневрлердин жетекчиси жумуштун буткөндүгү тууралуу поезддик диспетчерге баяндайт.Ал эми ал болсо, тийиштүү баскычтарды нормалдуу абалга коёт.

2.12. Пайдалануу же кароо үчүн, жергиликтүү башкаруунун пультун колдонууга  уруксат берилген кызматкерлердин тизмеси, жана ошондой эле, пульттун ачкычтарын берүүнүн жана сактоонун тартиби темир жолдун бөлүмүнүн начальниги же темир жолдун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

 

Диспетчердик борборлоштуруунун орнотмолору бузук болгон учурлардагы иш –аракеттердин тартиби

 

2.13. Эгерде туура белгиленген каттамда жана жол бош болсо да (башкаруу приборлорунун көрсөткүчү боюнча) кирүүчү светофор ачылбаса, поезд бекетке анын тыюу салуучу көрсөткүчүндө поезддик диспетчердин локомотивдин машинистине берген  катталган буйругу менен киргизилет:

«Уруксат берем киргизүүгө поезд Nди  _____ бекетке _________  ______жолго кирүүчү светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө, БН ___________».

Поезддик диспетчердин буйругу менен бекетке айдап келе жатканда машинист поездди саатына 20 км.ден ашырбай өзгөчө кыраакылык менен, эгер кыймылды андан-ары улантууга тоскоолдук кезиге турган болсо, дароо токтогонго даяр болуу менен айдашы керек.

Эгерде бекет резервдик башкарууда болсо, кирүүчү светофор бузук болгон учурда поездди кабыл алуу ушул Нускаманын 9.30 пунктунда каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

2.14. Чыгуучу светофор бузук болгон учурда поездди жөнөтүү бет маңдай каршыда келе жаткан поезддерден бош болгон өтмөлүктө гана жана жөнөй турган поезддге кыймылдын багыты белгиленген поезддик диспетчердин машинистке бериле турган катталган буйругу менен жүргүзүлөт:

«Уруксат берем  поезд Nге ______ бекеттен жөнөөгө _________  _____ жолдон  чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө ______. БН ______». Ушундай буйрук бар болгон учурда машинист бекеттен жөнөп кетүүгө укуктуу жана поездди биринчи өтүүчү светофорго чейин саатына 20 км.ден ашырбай өзгөчө кыраакылык менен, эгер кыймылды андан-ары улантууга тоскоолдук кезиге турган болсо, дароо токтогонго даяр болуу менен, жана андан –ары болсо, автотосмолоочтун сигналы боюнча айдашы керек.

Автоматтык  локомотивдик сигнализация менен жабдылган тилкелерде поезд өтмөлүккө келип киргенден кийин машинист ушул Нускаманын 1.18 пунктунда каралган тартипке ылайык иш жүргүзөт.

Эгерде бекет резервдик башкарууда болсо, бузук чыгуучу светофордо поездди жөнөтүү ушул Нускаманын 1.14 жана 1.15 пункттарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

2.15. Эгерде борбордук пульттан  жебени которуу мүмкүн болбосо, поездик диспетчер жебелерди тазалоону жургүзүүчү жумушчуну же бекеттин башка жумушчусун чакырат жана жебени карап чыгууну, колунан келишинче, башкаруунун бузулушунун кесепетин (мисалы, учтукуй менен рамалык рельсанын ортосуна түшүп калган башка нерсени алып салууну) жоюуну талап кылат. Эгерде тийиштүү жумушчу сыртынан бир сыйра карап чыгуу менен эмнеликтен жебени которуу мүмкүн болбой жатканынын себебин аныктай албаса жана аны оңдой албаса, жебе башка абалга которула турган каттамдар боюнча, диспетчер поезддерди өткөрүүнү токтотот жана аны кароо жана оңдоо үчүн электр механигин чакырат. Ал эми бул жебени которуу жергиликтүү башкаруунун пультунан жүргүзүлөт же бекет резервдик башкарууга өткөрүлөт.

Жергиликтүү башкаруунун пультунан же резервдик башкаруунун пльтунан жебени которуу мүмкүн болбосо, ушлул Нускаманын 13.9 пунктунда белгиленген тартиптегидей, жебе кол менен башкарууга өтөт. Буга поезддик диспетчердин буйругу жол-жоболоштурулат.

Нөөмөтчү жумушчулар менен тейленбеген өзүнчө бөлүнгөн пункттарда, темир жолдун жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык, кароо үчүн, зарыл учурда жебелерди которуу үчүн да өтүп бара жаткан поезддердин локомотивдик бригадалары да тартыла алат.

2.16. Изолацияланган жебе тилкеси бузук болгон учурда, качан акыркысы бош эмес деп жалган көргөзүп жатса, жебенин тийиштүү тобу жергиликтүү башкаруунун пультунан которулат же бекет резервдик башкарууга берилет.

2.17.Качан табло кабыл алуу жолун бош эмес деп жалган эле көрсөтүп жатканда,  поезддик диспетчер бузулган жери оңдолмойунча, эрежеге ылайык, ушул жолго поездди кабыл албашы керек. Көрсөтүлгөн жолго поездди кабыл алуу зарыл болгон учурда,  бекеттин начальниги же  поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды аткаруу жүктөлгөн башка жумушчу аркылуу жабык кирүүчү светофордо кабыл алуу жолу бош экенин текшергенден кийин поезддик диспетчердин катталган буйругу менен жүргүзүлөт же бекет резервдик башкарууга өткөрүлөт.

Ташуу кызматынын нөөмөтчү кызматкерлери тарабынан тейленбеген пункттарда, поездди кабыл алуу жолунун бош экенин текшерүү темир жолдун жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык,локомотивдик бригадага жүктөлүшү мүмкүн.

2.18.Бир же бир нече бекеттин коддук  башкаруусу бузук болгон учурда, поезддик диспетчер ошол бекеттерди резервдик башкарууга которушу керек. Ушундай учурларда, диспетчерге ушул бекеттердин жолунун, жебесинин жана светофорунун абалын көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөтмөсүнө таянууга тыюу салынат.

2.19. Автотосмолооч бузук болгон учурда, поезддик диспетчердин көрсөтмөсү боюнча өтмөлүктү чектөөчү бекеттерде нөөмөткө бекеттин начальниктери же поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды аткаруу жүктөлгөн жумушчулар турат.

Поезддик диспетчердин буйругу менен автотосмолооч жабылат жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш каражаты менен улантылат.Телефондук байланышка өтүүнү жол-жоболоштурууга чейин поезддик диспетчер бекет аралык өтмөлүктүн бош экенин аныкташы керек, ал эми бекеттерди болсо резервдик башкарууга өткөрөт.

Автотосмолоочу бузук болгон өтмөлүктөр поезддердди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды аткаруу жүктөлгөн нөөмөтчү жумушчулардын штаты жок болгон өзүнчө бөлүнгөн пункттар менен чектешсе, бекетке тийиштүү кызматкерлерди чакырганга чейин поезддик диспетчерде жолдун жана жебелердин абалына көзөмөл бар болгон учурларда, кээ бир поезддер поезддик диспетчердин локомотивдин машинистине ушул Нускаманын 1.26 пунктунда каралган формада  катталган буйругу менен бош өтмөлүккө жөнөтүлүшү мүмкүн.Ушундай тартипти колдонууга мүмкүн болгон жана поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган талаптар темир жолдун жетекчилиги тарабынан аныкталат.

2.20. Автотосмолоочтуу башкаруу приборлору жардамчы режимдин баскычтары  же туткалары менен жабдылган бир жолдуу өтмөлүктөрдө, эгерде  поезддик диспетчер кыймылдын багытын өзгөртө албаса жана өтмөлүк чынында бош болуп, бирок аны бош эмес деп көргөзүп турганда чыгуучу светофорду ача албаса, автотосмолоочтун иш-аракетин жабуу талап кылынбайт. Ушундай учурларда поезддик диспетчер өтмөлүктүн бош экенин аныктап, чектөөчү өзүнчө бөлүнгөн пункттарга  бекеттин начальниктерин же поезддердди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды аткаруу жүктөлгөн кызматкерлерди чакырат жана аларга жардамчы баскычтардын (туткалардын) көмөгү менен, авто тосмолоочтун багытын өзгөрткүлө деген катталган буйрукту берет. Чакырылган кызматкерлер пломбаны алышат, автотосмолоочтун багытын өзгөртүшөт жана багытты өзгөртүү ишке ашканына көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча ынанышкандан  кийин, жардамчы баскычтарды (туткаларды) нормалдуу абалга келтиришет.Мындан кийин поезддерди жөнөтүү автотосмолооч боюнча поезддик диспетчер тарабынан жүргүзүлөт.

Кыймылдын багытын өзгөртүү менен байланышкан операцияларды аткаруу үчүн,бекетке чакырыла турган кызматкерлердин штаты жок болгон өзүнчө бөлүнгөн пункттар менен чектешкен кээ бир өтмөлүктөрдө, автотосмолооч менен кыймылдын багытын өзгөртүү үчүн жардамчы баскычтар (туткалар) түздөн –түз поезддик диспетчердин пультуна орнотулушу мүмкүн.Ушундай өтмөлүктөрдүн тизмесин жана кыймылдын багытын өзгөртүү боюнча операцияларды аткаруунун тартибин темир жолдун жетекчилиги аныктайт.

Автотосмолоочтун багытын өзгөртүү мүмкүн болбосо, аны колдонуу токтотулат.

2.21.Ушул баптагы көрсөтүлгөн тартип диспетчердик борборлоштуруудагы поезддердин кыймылын жана маневрлик иштерди уюштуруу боюнча негизги жоболорду аныктайт.

Ушул жоболорго ылайык, ар бир тилке  (багыт) үчүн конкреттүү шарттарды эске алуу менен, темир жолдун жетекчилиги бекиткен Нускама иштелип чыгат.

3 Бап

Жарым –жартылай  авто точмолооочто поезддерддин кыймылы.

 

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү

 

3.1.ТИЭнин 16.28 пунктуна ылайык, жарым –жартылай  автотосмолоочто:

а) өтмөлүктү поезддин ээлөөсүнө уруксат болуп,чыгуучу же өтүүчү светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчу кызмат кылат;

б) бир жолдуу өтмөлүктөрдө чыгуучу светофорду ачуу үчүн, поезд жөнөп бара жаткан коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнөн тосмо –аппарат боюнча алдын ала макул болуунун тосмо сигналын алуу керек же тосмо –системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу керек.

Поездди кабыл алуунун алдында бекеттин нөөмөтчүсү өз убагында  кабыл алуу каттамын даярдайт жана кирүүчү светофорду ачат же аткаруучу постко аны ачуу тууралуу буйрук берет.

Кирүүчү светофорду келе жаткан поезд өтүп кеткенден кийин,акыркысы автоматтык түрдө жабылат. Жолдордун жана жебелердин электрдик изоляциясына ээ болбогон бекеттерде, поезд кирүүчү светофорду өтүп кеткенден кийин, бекеттин нөомөтчүсү (борборлоштуруу постунун оператору) сигналдык баскычты (тутканы) сигналды жабуу абалына келтирет.

Бекетке поезддин толук курамында келгенине көзү жеткенден кийин, бекеттин нөөмөтчүсү жөнөө бекетине келүүнүн тосмолоочу сигналын берет, ал эми телефон менен ага поезддин келген убактысы тууралуу билдирет. Эгерде поезд түртүүчү локомотив менен  келсе, анда  бекеттин нөөмөтчүсү түрткүчтүн келип токтогонуна ишенгенден кийин гана, жөнөө бекетине келгендиги тууралуу билдирмени жана келип токтогонунун тосмолоочу сигналын берет.

3.2.  Эгерде бекеттин нөөмөтчүсү алдын- ала поезд өтмөлүктөн толук курамда келип токтогонуна ишене албаса, ага келгени тууралуу кабарламаны жана келгенинин тосмолоочу сигналын жөнөө бекетине берүүгө тыюу салынат. Бекетке поезд толук курамда келгенине бекеттин нөөмөтчүсү поезддин эң аяккы куйрук вагонундагы поезддик сигнал аркылуу – жеке өзү же жебе постунун нөөмөтчүсүнүн баяндамасы боюнча, ал эми жебе постунун нөөмөтчүлөрү жок, жебелерди борборлоштурган бекеттерде ,- поезддердин кыймылына тийиштүү  башка бекеттик кызматкерлердин баяндамасы боюнча же бекеттин техникалык- тескөө актында көрсөтүлгөн жана темир жолдун бөлүмүнүн начальниги  же темир жолдун начальнигинин орун басары белгилеген тартипте өтмөлүктөрдүн нөөмөтчүлөрүнүн баяндамасы боюнча ишенет.

Бекетке поезддин толук курамда келгенине автоматтык көзөмөл орнотмолору бар болсо, бекеттин нөөмөтчүсү поезд келип токогондон кийин ушул орнотмолордун көзөмөлдөөчү приборлорунун көрсөткүчтөрү боюнча өтмөлүктүн бош экенине ишенет.

Эгерде бекетке келе жаткан жүк поездди өтмөлүктө өзүнөн- өзү токтоп калганынан же тормоздук магистралдын ажыраганынан сигнализация иштеп кеткенинен күтүүсүз токтоого аргасыз болсо, локомотивдин машинисти ТИЭнин 16.18 пунктунда каралган талаптарды аткаруудан тышкары, бекеттин нөөмөтчүсүнө ушундай токтоо тууралуу радио байланыш менен маалымдашы керек, ал эми мындай маалымдаманы өтмөлүктөн берүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, бекеттин нөөмөтчүсүнө ушул маалымдаманы өз колу менен берүү үчүн, бекетке токтошу керек.Ушундай учурларда поезддин толук курамда жолун улап кетишине көзөмөл кылуу бекеттин кызматкерлерине дагы, локомотивдик бригадага дагы жүктөлөт

3.3. Эгерде поездди кабыл алгандан кийин, келүүнүн  көзөмөлүнүн орнотмосу иштебесе, бекеттин нөөмөтчүсү поезд толук курамда келип токтогонуна ишенгенден кийин бул тууралуу поезддик диспетчерге баяндайт.Поезддик диспетчер өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин нөөмөтчүлөрү менен сүйлөшүү жолу аркылуу анын бош экенине  ишенгенден кийин,бир эле убакта келип токтогонунун тосмо –сигналын эки бекетке тең берүүгө уруксат берет. Мындан кийин бекеттин нөөмөтчүсү бул операцияны жардамчы баскыч аркылуу,ал эми электрдик механикалык тосмолоочто педалдык замычканын жасалма иштеп кетүү жолу менен ишке ашырат.

Уруксат форма боюнча берилет:

«Бекеттин нөөмөтчүсүнө  ________ бекете берүүгө уруксат берем ________ келип токтогонунун тосмолоочтуу сигналын поезд Nге ______ жардамчы баскыч аркылуу (педалдык замычканын жасалма иштеп кетүү жолу менен). БН _____».

Ушундай эле тартип кирүүчү светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө  бекетке поезддерди кабыл алуу  учурларында да сакталышы керек. Келип токтоонун жардамчы баскычынын же педалдык замычканын  пломбасынын жулунганы тууралуу бекеттин нөөмөтчүсү кароо журналына жазат.

Эгерде башкаруу аппараты жол тосмолоочу орнотмолору келип токтоонун жардамчы баскычтарын басууну орноткон жана педалдык замычкаларды иштеткен эсептегичтер менен жабдылса, анда көрсөтүлгөн баскычтар  пломбаланбайт. Мындай учурларда келүүнүн тосмолоочу сигналын жасалма берүүдө бекеттин нөөмөтчүсү поезддердин кыймылынын журналында тийиштүү поезддин номеринин каршысына  эсептегичтин көрсөткүчүн жазат.

Эгерде жасалма иштеп кетүүсү сигнализациянын, борборлоштуруунун жана тосмолоочтун (мындан ары –СБТ) бузуктугунан келип чыкса, анда ушул бузулган жери тууралуу кароо журналына жазылат.

3.4. Поездди жөнөтүүнүн алдында бекеттин нөөмөтчүсү каттамды даярдап, чыгуучу светофорду ачат же аткаруучу постко аны ачкыла деп буйрук берет.

Чыгуучу светофордун ачылышы менен бир эле убакта коңшу бекетке автоматтык түрдө поезддин жөнөгөнү тууралуу тосмолоочу сигнал (аткаруучу посту жок электрдик-механикалык тосмолоочто поезддин жөнөгөндүгү тууралуу тосмолоочу сигнал коңшу бекетке өзүнчө, чыгуучу светофор жабылгандан кийин) берилет.

Чыгуучу светофорду поезд өтүп кеткенден кийин, сигналдык баскыч (тутка) сигналды жабылуу абалына келтирет жана бекеттин нөөмөтчүсү телефон менен коңшу бекетке поезддин жөнөгөнүнүн так убактысын билдирет. Келүүнүн тосмолоочу сигналынын бар же жок экенине карабастан, коңшу бекеттен телефон аркылуу мурун жөнөтүлгөн поезддин келип токтогону жөнүндө кабарламаны алгандан кийин гана, бекеттин нөөмөтчүсү чыгуучу светофорду ачууга жана поездди жөнөтүүгө укугу бар.

Коңшу бекеттен мурун жөнөтүлгөн поезддин келгендиги тууралуу кабарламаны телефон менен албай туруп, бекеттин нөөмөтчүсүнө бир жолдуу өтмөлуктөрдө бет маңдай багытта келе жаткан поезддерди кабыл алууга макулдуктун тосмолоочу сигналын берүүгө тыюу салынат.

3.5. Эгерде өтмөлүк бош болуп жана туура белгиленген каттамда изоляцияланган жебе тилкесинин жалган эле бош эместигинен чыгуучу светофор ачылбай жатса, бекеттин нөөмөтчүсү ушул тилкенин чындыгында бош экенин текешергенден кийин, поезддик диспетчердин макулдугу менен алдын –ала  “жөнөтүү каттамдарында жебелик изоляцияланган тилкелердин бош экенинин көзөмөлүн өчүрүү” (ушундайга ээ болгон бекеттерде) баскычын баскандан кийин кирүүчү светофорду ача алат.

3.6. Эгерде чыгуучу светофорду ачкандан кийин, поезд эмнегедир жөнөтүлбөй турган болсо, бекеттин нөөмөтчүсү чыгуучу светофорду жабууга, бул тууралуу поезддердин кыймылынын журналына жазууга жана поезддин кармалып жатканын коңшу өзүнчө бөлүнгөн пунктка жана поезддик диспетчерге маалымдоого милдеттүү.

Кармалып жаткан же ошол эле багыттагы башка поездди жөнөтүү, жабык чыгуучу светофордо I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат боюнча (ДУ-52 формасындагы бланктын формасы 57-бетте  келтирилген) жүргүзүлөт. Коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункт поезддин жөнөп кеткен так убактысы тууралуу телефон аркылуу кабарланат. Аткаруучу посттору жок электрдик-механикалык тосмолоочто, кармалып калган же ошол эле багыттагы башка поездди жөнөтүүдө  коңшу өзүнчө бөлүнгөн пунктка тосмолоочу сигнал берилет.Кийинки поезддер тосмолооч боюнча кадимки эле тартипте жөнотүлөт.

Ушул Нускаманын Жалпы жобосунун 9 пунктундагы талаптарды аткарганда жана ошондой эле,тосмолоочтун оң иш аракетинде, чыгуучу светофордун өз алдынча жабылып калган учурларында (изоляцияланган секциянын жалган эле бош эмес деп көргөзүшүнүн, светофордук лапманын күйүп кетүүсүнүн же чыгуучу светофордун ката жабылышынын кесепетинен) I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат  (ДУ-52 формасындагы бланк) жетектөөү локомотивдин машинистине берилет.

Поезддик радио байланыш орнотмолору сүйлөшүүлөрдү автоматтык каттоо системасы менен жабдылган бекеттерде, жашыл түстөгү бланкадагы жазуу түрүндөгү уруксатты берүүнүн ордуна поезддик локомотивдин машинистине радио байланыш боюнча сүйлөшүүлөрдүн регистраторунда белгиленүүчү жөнөө тууралуу буйрук берилиши мүмкүн:

“Буйруктун N , убактысы (c ___ мин ___).

«Уруксат берем поездге N ____ жөнөөгө _____ жолдон  _____ башкы жол боюнча  жана бекетке чейин айдоого (тосмо постко) ________. Өтмөлүк бош. БН __________».

Бош өтмөлүктө чыгуучу светофорду кайрадан ачуучу орнотмолору бар бекеттерде, поездди жөнөтүү кайрадан ачылган чыгуучу светофор боюнча жүргүзүлөт. Чыгуучу светофорду кайрадан ачуу үчүн, поезддик диспетчердин макулдугунан кийин гана орнотмолорду колдоно алат.

3.7. Бир жолдуу өтмөлүктү чектөөчү бекетте чыгуучу светофор ачылгандан кийин, поездди кармап туруу зарылчылыгы келип чыкса, жана ушул өтмөлүккө коңшу бекеттен каршыдагы бет маңдай багыттагы поездди жөнөтсө, чыгуучу светофор жабылат, жарым-жартылай автоматтык тосмолооочту пайдалануу токтотулат, жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш менен улантылат.  Мындай учурларда бет маңдай багытта жүрүп келе жаткан поезддерге өтмөлүктү ээлөө укугу үчүн, жол баракчалары берилет.

Жарым-жартылай автоматтык тосмолоочтун иш – аракети өтмөлүккө мурун кармалган же ошол эле багытта бара жаткан башка поездди андан кийин жөнөтүү менен  уланат.Айтмакчы, ушул поезд ушул Нускаманын 3.6 пунктунда каралган уруксаттын бирөө менен жөнөтүлөт.

3.8.Топтук чыгуучу светофорлор бар болгон учурларда  поезддерди жөнөтүү, топтук чыгуучу светофорлордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана жашыл түстөгү  саны бар каттамдык көрсөткүч боюнча жүргүзүлөт.Каттамдык көрсөткүчтөгү ушул сан  поездди жөнөтүүгө уруксат берилген жолдун номерине дал келет.  Топтук светофорлордун каттамдык көрсөткүчтөрү бузук болгон учурларда, бекеттен поезддерди жөнөтүү ачык чыгуучу топтук светофордо бекеттин нөөмөтчүсүнүн ушул Нускамаманын 1.7 пунктунда каралган формадагы катталган буйругун машинистке берүү менен же локомотивдин машинистине II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксатты (ДУ-52 формасындагы бланк) тапшыруу менен жүргүзүлөт.

Светофордогу каттамдык багыттын көрсөткүчү (ак түстөгү) бузук болгон учурда, ушул Нускаманын 1.20 пунктунда каралган тартипке ылайык, поезддерди жөнөтүү жүргүзүлөт.

3.9. Эгерде жөнөөгө даяр болуп турган поезддин жетектөөчү локомотиви уруксат деп көргөзүп турган чыгуучу светофордун аркасында болсо жана  машинистке анын көрсөткүчү көрүнбөсө; поездди жөнөтүү ушул Нускаманын 1.8 пунктунда каралган форма боюнча же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат (ДУ-52 формасындагы бланк) боюнча машинистке бериле турган бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу менен жүзөгө ашат.

Изоляцияланган жебе тилкеси бузук болгон же анын жөнөп бара жаткан поезддин башы менен  ээленип калган учурларында, чыгуучу светофорду ачуу үчүн, “Жөнөө каттамдарында изоляцияланган жебе тилкесинин бош экенине  көзөмөлдү өчүрүү” баскычын пайдаланса болот.

Эгерде жөнөй турган поезддин башы чыгуучу светофордун аркасында болсо жана акыркысын ачуу мүмкүн болбосо,тосмолоочтун иш-аракети токтойт; поездди жөнөтүү машинистке жол баракчасын берүү менен телефондук байланыш каражаты менен ишке ашырылат.Жөнөтүүнүн уюштурулган каттамдарына ээ болбогон жолдордон поезддерди жөнөтүү ушундай эле тартипте жүргүзүлөт.

3.10. Бир жолдуу жана эки жолдуу өтмөлүктөрдө (туура жол менен) жөнөө бекетине кайра кайтып келүүсү менен жабык чыгуучу светофордо поезддерди жөнөтүү, машинистке жабык чыгуучу светофорду өтүп кетүү жана кайра кайтып келүү үчүн ачкыч-таякчаны берүү менен жүргүзүлөт.

Бир жолдуу өтмөлүктөрдө, кайра кайтып келе турган поезддерди өтмөлүккө жөнөтүүнүн алдында аныкталган тартипке ылайык, коңшу бекеттин тосмо-аппаратынан поездди жөнөтүүгө макулдук  алынышы керек же тосмо –система кыймылдын тийиштүү багытына котрулушу зарыл.

Качан аларды өтмөлүктө ажыратуу каралган учурларда, атайын өзү жүрүүчү курамдын эки же андан көп бирдигин чиркемеде ачкыч –таякча менен жөнөтүүгө тыюу салынат.

3.11. Поезд бара турган жер биринчи (поезддин жүрүшү боюнча) жол постунан кийин жайгащса, анда ушул посттун БНсы алдыда боло турган өтмөлүк бош болгон учурда машинистке жабык өтүүчү светофордон өтүп кетүү жана кайра кайтып келүү укугун берген I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксатты (ДУ-52 формасындагы бланк) берет.Поезддин баруучу жолунда жайгашкан башка посттун нөөмөтчүлөрү дагы так эле ушуну кайталашат.

Жөнөгөн бекетине кайтып келе жатканда поезд көрсөтүлгөн бардык постторго токтобостон жүрөт жана бекетке ачык кирүүчү светофор боюнча же кирүүчү светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө бекетке кирүү укугун берген белгиленген уруксат боюнча кабыл алынат.

Жол постторунун БНсы (тосмо посттордун) бардык учурларда телефон аркылуу поезддин чыныгы бара жаткандыгы тууралуу тектеш өзүнчө бөлүнгөн пункттардын нөөмөтчүлөрүнө кабарлап турат.

Бекетке поезд келип токтогондон кийин, ачкыч-таякча бекеттин нөөмөтчүсүнө кайтарылат.Ал аны аппаратка салат жана телефон менен коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункттун нөөмөтчүсүнө поезддин кайтып келгендиги  тууралуу кабарлайт.

3.12.Ачкыч-таякча бузук болгондо,жана ошондой эле, тосмо-аппарат ачкыч-таякча менен жабдылбаган учурларда, жөнөтүлгөн бекетине кайра кайтып келе турган поезддерди жөнөтүү тосмолоочтун иш-аракетин токтотуу менен телефондук байланыш аркылуу жүргүзүлөт.

Поезддер ушундай учурда чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүундө машинистке жол баракчасын (ДУ-50 формасындагы бланк 79 бетте келтирилген) берүү менен жөнөтүлөт.

Эгерде эки жолдуу өтмөлүктө поезд бара турган жер алдыда боло турган тосмо постунун аркасында жайгашса,анда жөнөө бекети жол баракчасын постко чейин берет.Ал эми посттун БНсы пост аралык өтмөлүк бош  болсо, жолун андан ары улантуу үчүн жол баракчасын берет.Поезддин кайра кайтып келүсү ушул Нускаманын 3.11 пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.

Поезддик абалга карай,автотосмолоочтун иш-аракети же бир эле убакта бардык поезд жүрө турган пост аралык өтмөлүктөрдө же  алгач бекетке чектеш биринчи өтмөлүктө, андан кийин ар бир бош кийинки өтмөлүктөрдө токтотулат.Тосмолоочтун иш-аракети поезд өтмөлүктөн кайтып келгенден кийин, кайрадан жанданат.

3.13.Коңшу бекетке бара жаткан түртүүчү локомотив менен поездди жөнөтүү жол тосмолоочу боюнча кадимки эле тартипте, ошол бекеттти телефон аркылуу поездди түртүүчү локомотив менен жөнөткөнүн кабарлоо менен жүргүзүлөт.

Качан акыркысы өтмөлүктөн жөнөгөн бекетине кайтып келе жатканда, тосмолооч боюнча (ачык турган чыгуучу светофордо) поездди түртүүчү локомотив менен жөнөтүү  ишке ашырылат. Кайра кайтып келүү укугуна ээ болуу үчүн, жөнөо бекетинде түртүүчү локомотивдин машинистине ачкыч-таякча тапшырылат.

3.14. Ачкыч-таякча бузук болгондо, жана ошондой эле, качан тосмо –аппарат түртүүчү локомотив үчүн ачкыч-таякча менен жабдылбаган учурларда, жөнөгөн  бекетине кайра кайтып келе турган  түртүүчү локомотив менен поездди жөнөтүү тосмолоочтун иш-аракетин токтотуу менен, телефон байланышы аркылуу жүргүзүлөт. Жетектөөчү жана түртүүчү локомотивдердин машинисттерине жол баракчалары берилет.

Өтмөлүктө тосмо посттору бар болсо, уруксаттарды берүү жана жөнөө бекетине түртүүчү локомотивдин кайра кайтып келүүсү ушул Нускаманын 3.11 пунктунда каралган тартипке жүргүзүлөт.Тосмолоочтун иш-аракети коңшу бекетке поезддин келгендиги жана түртүүчү локомотивдин кайтып келгендиги  тууралуу кабарламаны алгандан кийин улантылат.

3.15. Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам өтмөлүккө (кайра кайтып келүүсү менен дагы) кадимки тартипте-поезд катары жөнөтүлөт.

 

Жол постторуна (тосмо постторуна ) ээ болгон

өтмөлүктөрдө поезддердин жүрүшү

 

3.16. Коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункттан поезддин жөнөгүнү тууралуу тосмолоочу сигналды алып, посттун нөөмөтчүсү алдыда боло турган өтмөлүк бош болсо, өтүүчү светофорду ачат. Өтүүчү светофорду ачуу менен бирге бир эле убакта жөнөөнүн тосмолоочу сигналы (электрдик –механикалык тосмолоочто тосмолоочу сигнал өтүүчү светофор жабылгандан кийин өзүнчө берилет.

Өтүүчү светофорду поезд өтүп кеткенден кийин,  посттун нөөмөтчүсү постогу сигналдык баскычты (тутка)  сигналдын жабык абалына келтирет. Посттон поезд толук курамда өтүп кеткенине ынангандан кийин, посттун нөөмөтчүсү коңшу бекеттерге поезддин өтүп кеткендеги так убактысын маалымдайт, ал эми артта жайгашкан өзүнчө бөлүнгөн пунктка мындан тышкары өтүп кетүүнүн тосмолоочу сигналын ( электрдик –механикалык тосмолоочто өтүп кетүүнүн тосмолоочу сигналы бир эле убакта чогуу алдыда жайгашкан өзүнчө бөлүнгөн пунктка дагы берилет) берет.

3.17. Посттун нөөмөтчүсү посттон түрткүчтүн өтүп кеткенине көзү жеткенден кийин гана, артта жайгашкан өзүнчө бөлүнүүчү пунтка өтүп кетүүнүн тосмолоочу сигналын берет.

Поезд түртүүчү локомотиви жок эле өтүп бара жаткан учурларда, посттун нөөмөтчүсү посттон дароо бул тууралуу коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункттарга кабарлайт, бирок тосмолоочу сигналды (электрдик-механикалык тосмолоочто өтүүчү светофорду да жаппайт) бербейт.

Алдыда жайгашкан тосмо-посттордун нөөмөтчүлөрү ушундай эле тартипте иш жүргүзүшөт. Электрдик-механикалык тосмолоочто алдыда жайгашкан посттордун ПНсы  машинистке I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксатты (ДУ-52 формасындагы бланк)  тапшыруу менен поездди бош өтмөлүккө жабык өтүүчү светофордо өткөрөт.

Тосмо — постту артта калган түртүүчү локомотив өтүп кетенден кийин гана, ар бир тосмо-пост тарабынан өтүп кетүүнүн тосмолоочу сигналын берүү жүргүзүлөт.

Өтүүчү светофор автоматтык түрдө жабылган учурларда гана, өтүүчү светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө алдыда бара жаткан поезди менен  чогуу түртүүчү локомотив коңшу пост аралык өтмөлүккө барат.

3.18. Автоматтык тосмо-посттор, туташма пункттарын тейлөөчү  тосмо-посттор, жолу өнүккөн өзүнчө бөлүнгөн пункттардын ордуна мезгил-мезгили менен ачылуучу( акыркынын күнү- түнү иштебеген иш –аракетинде) тосмо посттору менен жабдылган өтмөлүктөрдө поезддердин кыймылын уюштуруунун тартиби орнотмолордун системасына карай, темир жолдун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

 

Жарым-жартылай автоматтык тосмолоочу сигналдардын бузуктугунда поезддердин кыймылы

 

3.19. Жарым-жартылай автоматтык тосмолоочтун иш-аракети токтотула турган бузуктукка төмөнкүлөр кирет:

а) чыгуучу же өтүүчү светофорду жабууга мүмкүн болбосо;

б) бош өтмөлүктө чыгуучу же өтүүчү светофорду ачуу (ал түгүл, чыгуучу светофорлордун жардамчы баскычтарын изоляцияланган тилкелердин бош экенине көзөмөлдү өчүрүү үчүн пайдалануу менен дагы) мүмкүн болбосо;

в) тосмолоочу сигналдарды  өз алдынча алуу;

г) тосмолоочу сигналдарды берүү же алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;

д) башкаруу аппаратында пломбанын (педалдык замычкадагы же жардамчы баскычтагы пломбадан тышкары) жок болушу.

Көрсөтүлгөн бардык учурларда, жана ошондой эле, тосмолоочу орнотмолорду кайра жабдуу, көчүрүү, оңдоо,сыноо жана алмаштыруу  боюнча иштерде жана орнотмолордун иш-аракетин убактылуу токтотууга алып келе турган башка иштерде тосмолооч боюнча поезддердин кыймылы токтотулат жана телефон байланышы аркылуу улантылат.

3.20. Жарым-жартылай автоматтык тосмолоочтун аппаратын ( бекеттин нөөмөтчүсүнүн башкаруу аппаратын) электр механиги карап жаткан убакта, иш — аракети токтотулбайт.Тосмо-аппарат ачык убакта, бекеттин нөөмөтчүсү жана электр механиги тосмолоочтун орнотмосунун ишинин тууралыгына өзгөчө көңүл буруу менен байкоого милдеттүү.

Пломбалоонун алдында, жарым-жартылай автоматтык тосмолоочтун аппаратын  карап, жөнгө салып жана майлап бүткөндөн кийин, электр механиги бекеттин нөөмөтчүсү менен бирге көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча, өтмөлүктөрдүн абалы тосмо-аппаратагы көрсөткүчтөргө дал келгенин (поезддердин кыймылынын журналындагы жазылгандар боюнча жана коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункттардын нөөмөтчүлөрү менен сүйлөшүү жолу менен) текшеришет.

Тосмо –аппаратты кароо же оңдоо үчүн, анын ачылган ар бир учуру тууралуу,жана ошондой эле, ушул жумуштун бүткөнү тууралуу электр механиги кароо журналында тийиштүү жазууну  жазат.

3.21. Өтмөлүктүн бош экенин бекеттин нөөмөтчүлөрү аркылуу алдын-ала текшергенден кийин, поезддик диспетчердин буйругу менен телефон байланышына өтүү, жана ошондой эле, тосмолооч боюнча поезддердин кыймылынын уланышы  жүзөгө ашат.

Диспетчердик байланыш бузук болгон учурда поезддерин кыймылында телефондук байланышка өтүү жана тосмолоочтун ишин калыбына келтирүү ушул Нускамаын 1.28 жана 1.29 пунктарында көргөзүлгөн тартипте, телефонограмманын текстиндеги “автотосмолооч”деген сөздү — “тосмолооч” деген сөзгө алмаштыруу менен  жүргүзүлөт.

3.22.Тосмолоочтун иш-аракети токтогондон  жана телефон байланышына  өткөндөн кийин поезддердин машинистине коңшу өзүнчө бөлүнгөн пунктка баруу үчүн, жол баракчасы (ДУ- 50 формасындагы бланк) берилет.

3.23. Тыюу салуучу көрсөткүчүндө каттамдык светофорду (чыгуучу светофорго чейин) поезддердин өтүүсү мүмкүн болгон учурлар:

чакыруучу сигнал боюнча;

радио байланыш менен жөнөп бара жаткан поезддин машинистине берилүүчү бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругу боюнча;

I пункту толтурулган ДУ-52 формасындагы жашыл  түстөгү бланкадагы уруксат (текстти тийиштүү кол менен оңдоо учурларында) боюнча.

3.24.Поезддин эки эселенген түртүүчү менен же түртүүчү локомотив менен өтмөлүк бою жүрүшүндө өтмөлүктү ээлөө укугун берүүчү уруксат жетектөөчү локомотивдин машинистине гана тапшырылат.Экинчи (эки эселенген түртүүчүдө) же түртүүчү локомотивдин машинисттери сигналдарга же жетектөөчү локомотивдин машинистинин радио байланыш аркылуу берип жаткан маалыматтарына таянуулары керек.

3.25. Тосмолоочу телефондук байланыш бузук болгондо, бекеттин нөөмөтчүсү башкаруу аппаратындагы көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөргө өзгөчө кунт коюу менен байкоого милдеттүү.

Ушундай  учурларда, поезддердин кыймылы жөнүндөгү кабарлама поезддик диспетчер аркылуу же бекеттин нөөмөтчүсүнүн карамагындагы байланыштын башка каражаттары боюнча ишке ашырылат.

3.26. Бир багыттагы кыймыл үчүн, (жөнгө салуунун тартибинде) жарым-жартылай автоматтык тосмолооч менен жабдылган  эки жолдуу өтмөлүктөрдө, туура эмес жол менен  поезддерди жөнөтүү бир жолдуу кыймылдын эрежелери боюнча, телефон байланышына өтүү менен, поезддик диспетчердин буйругу менен жүргүзүлөт.

3.27. Жарым-жартылай автоматтык тосмолоочтун системасына жана тигил же бул тилкедеги иштин конкреттүү шартына карай, орнотмолорду пайдалануу тартиби, жана ошондой эле, поезддерди кабыл алууда, жөнөтүүдө жана өткөрүүдө кызматкерлердин иш-аракетинин тартиби зарыл болгон учурларда, темир жолдо иштелип чыккан Нускамаларда аныкталат.

 

ДУ-52 формасындагы бланк

 

УРУКСАТ БЕРҮҮНҮН УРУКСАТ БЕРҮҮНҮН    КОРЕШОГУ

N ________________ N ______________

 

Бекет  (штемпель) Бекет (штемпель)

 

«___» ______ 20__ж. «___» ___________ 20__ ж.

 

Уруксат берилди I

поезд N ____________

пунктту толтуруу менен Поездге (поезддин түрткүчүнө) N ____________уруксат берем

____________________ жөнөөгө  ____________ жолдо,  ___________

Жол менен  жабык чыгуучу

 

 

(тосмо посттун каттамдык өтүүчү) сигналында жана  кирүүчү сигналга  чейин айдагын

Бекеттин  ——— нөөмөтчүсү бекеттин (өтүүчү, чыгуучу) сигналына,

Бекетке чейин ______ км кайра кайтып келүү менен.

 

II

 

Поезд N _____уруксат берем жөнөөгө  _________

жолдо, тосмо посттун ачык чыгуучу (топтук

каттамдык) сигналы боюнча.

 

тосмо пост менен

Бекеттин нөөмөтчүсү  ———

бекеттин

 

(Кереги жокту чийип сал)

 

(жашыл түстө)

 

4 Бап

Электрдик таякча системасындагы поезддердин кыймылы

 

4.1. ТИЭнин 16.25 пунктуна ылайык, аз колдонулган жана темир жолдун подъезддик жолдорунда поезддердин кыймылында байланыштын каражаты катары, электрдик таякча системасын  жана телефонду колдонууга жол берилет.

Электрдик таякча системасында өтмөлүктү поезддин ээлөөсү үчүн уруксат болуп, машинистке тапшырылуучу ошол өтмөлүктүн таякчасы кызмат кылат.

4.2. Электрдик таякча системасынын орнотмосу таякча аппаратынан бир эле убакта бирден ашык таякчаны алууга жол бербеши керек.Жебе посттору жайгашкан жайларда орнотулган таякча аппараттары ошол бекеттин нөөмөтчүсүнүн уруксаты жок аппараттан таякчаны алып алууга жол бербеши керек.

4.3. Ар бир таякчанын өзүнүн катар номери,сериясы жана өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин аталышына ээ болушу керек.Ар бир өтмөлүккө таячалардын өзүнүн сериясы дал келиши керек. Бир сериядагы таякча аппараттарын орнотууга үч өтмөлүктөн,ал эми түйүндөргө кире бериште эки өтмөлүктөн кийин гана  жол берилет.Өтмөлүктү чектөөчү эки бекеттин таякча аппараттарында тең, аларда поезд жок болгон учурларда таякчалардын суммасы так сан болушу керек.

4.4.Өтмөлүктөн кайра бекетке кайтып келүүчү түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү жүргүзүлгөн бекеттердин таякча аппараттары ачкыч-таякчасы бар прибор менен толукталышы керек.

Ачкыч-таякчасы бар прибор менен толукталган таякча аппаратынын конструкциясы аппараттан  негизги таякчаны алмайынча, ачкыч-таякчаны же  ачкыч-таякча алынганда негизги таякчаны алууга жол бербеши керек.

4.5. Коңшу бекетке чейин бара турган түртүүчү локомотивдер менен поезддерди жөнөтүү жүргүзүлүүчү бекеттердин таякча аппараттары буралып чыга турган таякчаларга ээ болушу керек. Буралып чыга турган ар бир  таякча эки бөлүктөн: “таякча” жана “билеттен” турушу керек. Буралып чыга турган таякчалары бар таякча аппараттары убактысы чектелген поеезддердин кыймылын уюштуруу шарттарында да колдонулушу мүмкүн.

4.6. Бекеттин нөөмөтчүсүнө келип токтогон поездден алынган таякчаны таякча аппаратынан өткөрбөй туруп эле,ошол эле өтмөлүккө бара жаткан поезддге берүүгө уруксат берилет; ушул учурда поезд жөнөй турган коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн алдын-ала макулдугун алышы зарыл.Таякча аппараттары ачкыч-таякчага ээ болгон бекеттерде таякчаны таякча аппаратынан өткөрбөй туруп берүүгө тыюу салынат.

4.7. Таякчаларды алмашуу механикалык таякча армаштыруучулардын жардамы аркылуу  же кол менен, эреже катары, бекеттин нөөмөтчүсүнүн бөлмөсүндө жүргүзүлөт.Поезддерди токтотпой өткөрүүдө, чыгуучу моюнчада такчаларды алмаштырууга тыюу салынат.

4.8. Тыюу салынат:

а) жөнөгөнгө мурун эле даяр болуп турган поездден таякчаны чыгарып алууга уруксат суроого, поезддерди токтотпой өткөрүү  же ыраатама боюнча 5 минутадан ашык эмес убакытка токтогон учурлардан тышкары;

б) жарактуу таякчаларды аппаратка салбай туруп сактоого;

в) коңшу өтмөлүккө таякчаларды алып кетүүгө.

 

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү

 

4.9. Поезд келер алдында бекеттин нөөмөтчүсү өз убагында аны кабыл алуу үчүн каттамды даярдайт. Бекетке поезд келип токтогондон кийин, таякча бекеттин нөөмөтчүсүнө өткөрүлүп берилет. Ал поезддин толук курамда келип токтогонуна ынангандан кийин, кайсы  өтмөлүктөн келсе, ошол өтмөлүккө  таякчанын тиешелүүлүгүн текшерип, таякчанын номерин поезддердин кыймылынын журналына жазып, таякчаны таякча аппаратына салган соң, жөнөө бекетине поезддин келгендиги  жөнүндө телефон аркылуу кабарлайт.

Таякча аппараттары жебе постторунун жайларында жайгашкан бекеттерде, жебе посттунун нөөмөтчүсүнө келген поезддин таякчасы берилет.Ал өз кезегинде поезддин толук курамда келип токтогонуна ынангандан кийин, ушул өтмөлүккө тякчанын тиешелүүлүгүн текшерип, аны аппаратка салат да, анын номерин поезддердин кыймылынын журналына жазуу үчүн, бекеттин нөөмөтчүсүнө анын номерин маалымдайт.

4.10.Поезд түртүүчү локомотив менен келгенде, бекеттин нөөмөтчүсү поезддик локомотивдин машинистинен таякчанын биринчи бөлүгүн, экинчи бөлүгүн түртүүчү  локомотивдин машинистинен алган соң,эки бөлүгүн бурап бириктирүүгө милдеттүү.Андан кийин гана таякчаны таякча аппаратына салышы керек.

4.11. Поездди жөнөтүү үчүн бекеттин нөөмөтчүсү поезд жөнөй турган бекеттин нөөмөтчүсүнөн телефон аркылуу макулдугун  төмөндөгүдөй формада сурайт:

» Поезд N ________»  жөнөтсөм болобу.

Бекеттин нөөмөтчүсү,эгерде поездди кабыл алууга тоскоолдук жок болсо,телефон аркылуу төмөндөгүдөй формада макулдугун берет:

» поездди N ________күтүп жатам».

жана таякчаны сууруп чыгууга уруксат берет.

Аппараттан таякчаны алып чыгып, жөнөө бекетинин  нөөмөтчүсү анын номерин поезддердин кыймылына журналына жазып, андан соң жөнөй турган поезддин машинистине тапшырууга милдеттүү.

Таякча аппараттары жебе постторуна алынып чыгарылган бекеттерде,  жебе посттунун нөөмөтчүсү алынган таякчанын номерин бекеттин нөөмөтчүсүнө  маалымдайт.

Эгерде бекеттин нөөмөтчүлөрү бет маңдай бара турган поездди келе турган поезддин таякчасы менен, таякчаны аппараттан өткөрбөй туруп жөнөтүүнү алдын-ала макулдашышса, анда поезддердин кыймылынын журналына (эки бекеттин тең) ошол поезддин номеринин  каршысына белги коюлушу керек:

«Поезддин N _____таякчасы менен жөнөтүү макулдашылды. БН_______».

4.12.Электрдик таякча системасы менен жабдылган өтмөлүктөргө поезддерди жөнөтүүдө чыгуучу светофору бар жолдо, таякча бар болгондо, ушул светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө кызыл жарыгы өчүп турган светофордун ай түстүү –ак жарыгында өтүүгө уруксат берилет.

Эгерде ай түстүү ак жарыкты күйгүзүү мүмкүн болбосо,поездди жөнөтүү таякча менен жүргүзүлөт.Бекеттин нөөмөтчүсү ушундай учурларда машинистке (жеке өзү, радио байланышы  менен жебе посттунун нөөмөтчүсү же сигналист аркылуу) ай түстүү –ак жарыкты күйгүзүү мүмкүн болбой, бирок поездди жөнөтүү каттамы даяр экенин билдириши керек.

Чыгуучу семафору бар жолдон поездди жөнөтүүдө таякча бир эле убакта чыгуучу семафорду тыюу салуучу көрсөткүчүндө өтүп кетүүгө укук берет.

4.13. Эгерде поездди жөнөтүү үчүн,таякчаны алгандан кийин деле поезд эмнегедир жөнөтүлбөй калса, анда коңшу бекеттин нөөмөтчүсүн бул тууралуу кабарлап жана поезддердин кыймылынын журналына белгилеши зарыл:

«Поезд N _______ кармалып турат».

4.14. Өтмөлүктөн бекетке кайра кайтып келе турган поезддерди жөнөтүүдө, локомотивдин машинистине таякча кадимки тартипте берилет. Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү жөнөгөндүгү тууралуу да,өтмөлүктөн поезддин  кайткандыгы тууралуу да кабардар болот.

4.15. Өтмөлүк түн башына аягына чейин бара турган поездди түртүүчү локомотив менен жөнөтүүдө жетектөөчү локомотивдин машинистине “Билет” деген жазуусу менен таякчанын бир бөлүгү, ал эми түрткүчтүн машинистине “Таякча” деген жазуусу менен экинчи бөлүгү тапшырылат.

Жөнөө бекеттинин нөөмөтчүсү жолду сурап жатканда, ага түртүүчү локомотив менен поезд бара жатканын коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө билдирет.

Түртүүчү локомотив өтмөлүктүн башынан аягына чейин поезддин курамына чиркелип барса, анда таякча жетектөөчү локомотивдин машинистине гана  тапшырылат.

4.16. Эгерде таякча аппараттары буралып чыга турган таякчалар менен жабдылбаса, анда поездди  өтмөлүктүн башынан аягына чейин бара турган курамга чиркелбеген түртүүчү локомотив менен жөнөтүү керек болгон учурда, таякча системасынын иш-аракети токтотулат жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш аркылуу ишке ашырыла баштайт.

4.17. Өтмөлүктөн кайра жөнөө бекетине кайтып келе турган түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүүдө, жетектөөчү локомотивдин машинистине таякча, түртүүчүнүн машинистине –ачкыч-таякча берилет.

Ачкыч – таякчалар өтмөлүккө туташуучу подьездик жолдорго вагондорду берүүнү (жыйноо) уюштуруу үчүн да колдонулат.Жана ошондой эле, темир жолдун начальнигинин орун басары же темир жолдун бөлүмүнүн начальниги белгилеген коопсуздук талаптарын аткаруу менен, жөнөтүлгөн поеззддердин артынан чарбалык поезддин алардын кайра жөнөө бекетине кайтып келүүсү менен кыймылда да колдонулат.

4.18. Эгерде таякча аппараттары ачкыч-таякча менен жабдылбаса, анда поездди  өтмөлүктөн жөнөө бекетине кайтып келүүчү түртүүчү локомотив менен жөнөтүү талап кылынса, таякча системасынын иш-аракети токтотулат жана поезддердин кыймылы телефондук байланыш аркылуу ишке ашырыла баштайт.

 

Өтмөлүктө туташма  бар болгон учурлардагы поезддердин кыймылы

 

4.19.Жардамчы пост менен тейленбеген өтмөлүктө туташма бар болсо, таякча менен бекем бириктирилген туташманын жебесинин көзөмөлдөөчү кулпусунун ачкычы же ачкыч-таякчанын жардамы менен туташманын жебесинин абалын көзөмөлдөө  ишке ашырылат.

4.20. Жардамчы пост менен тейленбеген туташмага вагондорду берүү (жыйноо)  талап кылынса, локомотивдин кайрадан жөнөө бекетине кайтып келүүсү менен же көншу бекетке чейин андан-ары айдоосунда машинистке таякча туташманын жебесинин көзөмөлдөөчү кулпусунун ачкычы менен кошо берилет.Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү туташмага вагондорду берүү (жыйноо) үчүн локомотивдин жөнөтүлгөнү тууралуу да, бекетке кайткандыгы тууралуу да кабардар болот.

4.21. Өтмөлүктө жардамчы пост менен тейленген туташма бар болсо, бул пост өтмөлүктүн бир бекети менен кошумча таякча байланышы менен бириктирилет.

Кошумча байланыштын аппараттары менен таякчалары өтмөлүктүн аппараттары менен бирдей серия жана жазууга ээ болушу керек.Өтмөлүктүн бекеттерин байланыштырган аппараттын экөөсүндө, өтмөлүктө поезддер жок болгон учурда, таякчанын так саны болушу, ал эми бекетти пост менен байланыштырган аппараттарда- жуп сан болушу керек.

Жардамчы пост түздөн –түз  бекеттердин ортосунда гана жүргөн поезддердин кыймылына катышпайт. Туташманын жебеси:

посттун нөөмөтчүсү жок болгон учурда алынган таякчанын жебелерин которууга;

башкы жол боюнча-туташманын жебесин нормалдуу абалга келтиргенге чейин, постко орнотулган аппаратка таякчаны салууга жол бербей турган тийиштүү көз карандылык менен жабдылат.

4.22. Жардамчы пост менен тейленбеген туташмага поезддерди жөнөтүүдө, бекеттин нөөмөтчүсү пост менен, ага поездди жөнөтүүнү макулдашып, коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу менен, тутушмага жөнөтүлүп жаткан поезддин машинистине берилүүчү таякчаны сууруп чыгууну андан суранат.Поезддин жөнөтүлгөнү жөнүндө телефон аркылуу посттун жана коңшу бекеттин нөөмөтчүлөрүнө маалымдалат.

4.23.Жардамчы постко поезд келип токтогондон  жана аны туташмага жыйнагандан кийин, жебе нормалдуу абалга келтирилет, посттун нөөмөтчүсү аппаратка туташмага келип токтогон поезддин таякчасын салат жана эки бекеттин нөөмөтчүсүнө тең поезддин келип токтогон убактысын жана башкы жолдун бошогондугун билдирет.Андан соң, бекеттин нөөмөтчүсүнө таякча байланышына кошулган посттон,кошумча аппараттан негизги аппаратка салуу үчүн, таякчаны алууга уруксат берилет.

4.24.Посттон поездди бекеттин бирөөнө жөнөтүү таякча байланышына кошулган посттон бекеттин нөөмөтчүсүнүн уруксаты менен алынган таякча менен жүргүзүлөт.

Ушул бекеттин нөөмөтчүсү коңшу бекеттин нөөмөтчүсү менен жөнөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн алдын –ала макулдашат,таякчаны сууруп чыгып,аны негизгиден кошумча аппаратка кайра салат..

4.25. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү н арттыруу үчүн жол посттору ачылган өтмөлүктөгү таякча системасы боюнча поезддердин кыймылы темир жолдун жетекчилиги бекиткен нускамада белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

Электрдик  таякча системасы бузук болгон учурдагы поезддердин кыйылы жана таякча аппараттарындагы таякчалардын

санын жөнгө салуу тартиби

 

4.26. Электрдик  таякча системасы бузук деп,төмөндөгүдөй учурлар эсептелет:

а) өтмөлүк бош болгон учурда деле,таякчаны аппаратка салууга же таякчаны аппаратан сууруп чыгууга мүмкүн болбогон;

б) өтмөлүккө тиешелүү таякчанын жоголуп кеткендигинен, анын жок болушу;

в) таякча аппаратында же индуктордо пломбалар жок;

г) индуктордун туткасын балким тескер жакка (якору менен чогуу) бурап салган;

д) таякча аппаратынын амперметринин жебеси кыйшайып калса же качан коңшу бекет ток жибербесе деле, коңгуроо шыңгыраган.

4.27.Бардык көрсөтүлгөн учурларда, жана ошондой эле,таякча аппараттарын оңдоодо, орун которуштурууда жана алмаштырууда электрдик таякча системасын пайдалануу токтотулат. Ал эми поезддердин кыймылы болсо, телефон байланышы аркылуу уюштурулат.

Поезддердин кыймылында, байланыштын башка түрүнө өтүү, жана ошондой эле, байланыштын негизги түрүн кайра калыбына келтирүү өтмөлүктүн бош экенин жана аппараттагы таякчалардын бар экенин бекеттин нөөмөтчүлөрү аркылуу алдын-ала текшергенден кийин, поезддик диспетчердин буйругу менен ишке ашат.Телефондук таякча байланышы бузук болуп, бирок таякча аппараттары оң болуп иштеп турганда, поезддердин кыймылы электрдик таякча системасы боюнча жүргүзүлөт, ал эми сүйлөшүүлөр болсо, поезддик диспетчердик байланыщ аркылуу болот.

СБТнын электр механиги таякча аппараттарын кароодон өткөрүү учурунда, электрдик таякча системасынын иш-аракетин  токтотуу талап кылынбайт.

4.28. Поезддик диспетчердик байланыш бузук болгон учурда, бекеттин нөөмөтчүсү электрдик таякча системасынын бузук жерин байкап, бул жөнүндө кароо журналында жазат жана коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө поезддик телефонограмманы берет.

«Таякча системасы бузук. Акыркы болуп Сизден поезд N ___келди. Акыркы болуп Сизге поезд N _______жөнөтүлдү. ______ даана таякча бар. Телефондук байланышка өтүүңүздү суранам. БПН (колу)».

Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү жиберилген кабарлар жана өзүнүн маалыматтары боюнча такчалардын санын текшерет жана эгерде эки аппаратта тең суммасы  жуп сан чыкса,жооп берет:

«Акыркы болуп Сизден поезд N ______келди. Акыркы болуп Сизге поезд N _____жөнөтүлдү. ____ даана таякчам бар.Өтмөлүк бош. Телефондук байланышка өтүп жатам. БН (колу)».

4.29. Электрдик таякча байланышы оңдолгондон кийин жана электр механигинин кароо журналына бул тууралуу жазылгандан кийин,бирок диспетчердик байланыш бузук болгон учурда,бекеттин нөөмөтчүсү коңшу бекетке поезддик телефонограмманы берет:

«Электрдик таякча системасынын иш-аракети  ____ с ____ мин кайра калыбына келтирилди. Акыркы болуп Сизден поезд N ____келди. Акыркы болуп Сизге поезд N ______жөнөтүлдү.Таякча  боюнча кыймылга өтүүңүздү суранам. БН (колу)».

Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктүн бош экенине ынангандан кийин жооп берет:

» Акыркы болуп Сизден поезд N _____келди. Акыркы болуп Сизге поезд N _____жөнөтүлдү.Өтмөлүк бош. Кыймылга таякча боюнча өтүп жатам. БН (колу)».

  1. Таякча жоголуп кеткенде жана келип токтогон же өтүп кеткен поездден таякча алынбай калган учурларда, бекеттин нөөмөтчүсү кароо журналына жазат жана поезддик диспетчерге билдирет.Өтмөлүктүн бош экекнин жана аны чектөөчү бекеттин аппараттарында таякчалардын чын эле бар экенин текшерип, поезддик диспетчер телефондук байланышка өтүү тууралуу буйрук берет.

Электрдик таякча системасынын иш-аракетин калыбына келтирүү үчүн, бекеттин нөөмөтчүсү СБТнын электр механигинен аппараттан дагы бир таякчаны алып чыгуусун талап кылууга милдеттүү.Аппараттан суурулуп алынган таякча электр механигинде  сакталып турушу зарыл.

Электр механиги жана бекеттин нөөмөтчүсү таякчанын алынганы тууралуу кароо журналына жазууга жана поезддик диспетчерге билдирүүгө  милдеттүү.Мындан кийин электрдик таякча системасынын иш — аракети калыбына келет.

Эгерде жоголуп кеткен таякча кайра табылса, бекеттин нөөмөтчүсү электр механигине билдирет дагы, электр механиги аны мурун  чыгарылып алынган таякча менен кошо таякча аппаратына чогуу  салмайынча, таякчаны өзүндө сактап турат. Андан соң, бул тууралуу кароо журналына жазылат.

4.31. Эгерде бекеттин биринин аппаратындагы таякчалардын саны өтмөлүктүн эки аппаратындагы алардын жалпы санынын  төрттөн бир бөлүгүнөн аз болуп чыкса, ошол бекеттин нөөмөтчүсү электр механигине  таякчалардын санын жөнгө салуу зарылчылыгы тууралуу кабарлайт.

Электр механиги өтмөлүктү чектөөчү коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө келип жолугууга милдеттүү. Анын көз алдында таякча аппаратын ачып, таякчалардын жуп санын алып чыгып, бекеттин нөөмөтчүсү менен биргеликте  алынган таякчалардын санын көргөзүү менен кароо журналына жазышы керек.

Алынган таякчаларды электр механиги таякчалардын санын жөнгө салуу зарылчылыгы тууралуу кабарлаган бекеттин нөөмөтчүсүнө жеткирип берет. Бекеттин нөөмөтчүсүнүн көз алдында таякчалар таякча аппаратына салынышы керек.Электр механиги аппаратка салынган таякчалардын санын көргөзүү менен кароо журналына бул тууралуу жазат.

СБТнын электр механигинин таякчаларды жөнгө салуу тууралуу жазгандары бекеттин нөөмөтчүлөрүнүн колу менен тастыкталышы  керек.

4.32.Жол тосмолоочу менен жабдылган бир жолдуу өзүнчө өтмөлүктөрдө, жол тосмолочту пайдаланууну токтоткон мезгилдерде поезддердин кыймылын электрдик система менен улантууга уруксат берилет.

Ушундай өтмөлүктөр темир жолдун жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча резервдик катары жабдылат.Байланыштын негизги каражаттарынан резервдикке жана тескерисинче резервдиктен байланыштын негизги каражаттарына өтүү белгиленген тартип –поезддик диспетчердин буйругу  менен жүргүзүлөт.

 

5 Бап

Телефондук байланыш каражаттарындагы поезддердин кыймылы

 

5.1. Телефондук байланыш каражаттарында өтмөлүктү поезддин ээлөөсүнө уруксат болуп, локомотивдин машинистине тапшырылуучу жол баракчасы (ДУ-50 формасындагы бланк, 79 бетте келтирилген) эсептелет.

Жол баракчасын берүүнүн алдында бекеттин нөөмөтчүсү: бир жолдуу өтмөлүктөрдө коңшу бекеттен поездди кабыл алууга макул болгондугу тууралуу поезддик телефонограмманы,ал эми эки жолдуу өтмөлүктөрдө – ушул бекетке мурун жөнөтүлгөн поезддин келип токтогондугу тууралуу поезддик телефонограмманы алышы керек.

5.2. Бекеттин нөөмөтчүлөрү жеке өзүлөрү же алардын көрсөтмөсү боюнча операторлор коңшу бекеттердин ортосундагы поезддик телефонограммалар менен алмашышат.

5.3. Поезддердин кыймылы тууралуу поезддик телефонограммалар менен алмашуу поезддик диспетчердик байланыштын же поезддик бекет аралык байланыштын телефондору аркылуу жүрүщү керек.

Кээ бир гана эрежеге баш ийбеген учурларда, поезддик бекет аралык байланыш  жана поезддик диспетчердик байланыш бузук болгондо, түздөн-түз коңшу бекеттин нөөмөтчүсү менен поездердин кыймылы тууралуу сүйлөшүүлөр бекеттин нөөмөтчүсүнүн карамагындагы байланыштын башка түрлөрү боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.

5.4.Жол баракчаларынын бланкаларын бекеттин нөөмөтчүсү жеке өзү же оператор толтурат.

Бекеттин нөөмөтчүсү же оператор поезддик телефонограммалардын журналына тийиштүү жазуулар: бир жолдуу өтмөлүктөрдө коңшу бекеттен поездди кабыл алууга макул болгондугу тууралуу поезддик телефонограмма, ал эми эки жолдуу өтмөлүктөрдө – ушул бекетке мурун жөнөтүлгөн поезддин келип токтогондугу тууралуу поезддик телефонограмма бар болгондо гана жол баракчасын толтурууга укуктуу болот.

Оператор толтурган жол баракчасынын бланкын бекеттин нөөмөтчүсү оператор поезддик телефонограммалардын журналындагы жазуулар боюнча текшерүүгө жана бекеттин штемпели  жана өзү кол коюп күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

Жөнөө жолу бекеттин нөөмөтчүсүнүн постунан алыс жайгашкан,ал эми кызматтык сүйлөшүүлөр регистраторлор менен  белгиленген бекеттерде, бул укук парктын нөөмөтчүсүнө бекеттин ТРАсында көргөзүлгөн бекеттин нөөмөтчүсүнүн жана парктын нөөмөтчүсүнүн   атайын журналдарында катталган бекеттин нөөмөтчүсүнүн буйругунун негизинде ыйгарылышы мүмкүн. Мындай учурда, парктын нөөмөтчүсү жол баракчасына кол коёт жана аны машинистке тапшырат.

5.5. Тыюу салынат:

а) Качан өтмөлүктү башка поезд дагы эле ээлеп турган убакытта,поездди жөнөтүү тууралуу сурам кылууга;

б) коңшу бекеттен поездди кабыл алууга макул болгондугу тууралуу (бир жолдуу өтмөлүктөрдө) же  –мурун жөнөтүлгөн поезддин келип токтогондугу тууралуу (эки жолдуу өтмөлүктөрдө) поезддик телефонограмманы алганга чейин, жол баракчаларынын бланкаларын толтурууга;

в) поезддик телефонограммалардын журналына чыгуучу телефонограммаларды жазбай туруп жана бекеттин нөөмөтчүсунүн колу коюлбастан эртерээк берип жиберүүгө.

5.6. Жол баракчасы машинистке коңшу бекеттин кирүүчү сигналына чейин  поездди айдап барууга, ал эми кирүүчү сигнал жок болгон учурда жана поездди туура эмес жол менен жөнөтүүдө –“Бекеттин чек арасы” деген сигналдык белгиге чейин айдап барууга укук берет.

Поезддер токтобой жүргөндө жол баракчалары локомотивге кол менен бергичке салынып, эреже катары бекеттин нөөмөтчүсү отурган жай тараптан берилиши керек.

5.7. Эгерде жол баракчасы бар болсо, анда  поездди чыгуучу сигналы бар жолдон жөнөтүүдө жабык сигналда өтүп кетүү үчүн жазуу түрүндөгү уруксатты берүү талап кылынбайт.

Ушундай учурда поезди жөнөтүү ушул Нускаманын 9.24 пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.

5.8. Поезд эки сүйрөгүч же түртүүчү локомотив менен өтмөлүктүн башынан аягына чейин жүргөндө, жол баракчасы жетектөөчү локомотивдин машинистине тапшырылат.

Поезд түртүүчү локомотив менен өтмөлүктүн бир бөлүгүн жүрсө, жол баракчасы түрткүчтүн машинистине да тапшырылат.

 

Поезддик телефонограммалардын журналын жүргүзүүнүн тартиби.

 

5.9. Телефондук байланыш менен поезддердин кыймылында ар бир бекетте поезддик телефонграммалардын журналы жүргүзүлөт.

Поезддик телефонграммалардын журналында тийиштүү өтмөлүк  (өтмөлүктүн жолу) бош же ээленгендиги ар бир убакытта даана көрүнүп турушу керек.

5.10. Бир жолдуу өтмөлүктөрдү чектөөчү бекеттерде бир журнал жүргүзүлөт. Журналдын сол беттерине бир өтмөлүкө тиешелүү, оң бетине башка өтмөлүккө тиешелүү телефонограммалар жазылат.

Бир жолдуу өтмөлүктү чектөөчү туюк бекеттерде, поезддик телефонграммалар беттерге бөлүнбөстөн ырааттуу тартипте жазылат.

5.11. Эки жолдуу өтмөлүктөрдү чектөөчү бекеттерде ар бир өтмөлүк үчүн өзүнчө  поезддик телефонграммалардын эки журналы жүргүзүлөт: ар бир журналдын сол беттерине так сандагы поезддердин, ал эми оң беттерине –жуп сандагы поезддердин телефонограммалары жазылат.

Эки жолдуу өтмөлүктүн туура эмес жолу менен поезддерди жөнөтүүдө жуп сандагы поезддер үчүн телефонограммалар журналдын оң беттерине,ал эми так сандагы поезддер журналдын сол беттерине жазылат.Эки жолдуу өтмөлүктүн башкы жолунун бирөөндө жүрүп бара жаткан поезддер жөнүндө бардык телефонограммалар бардык учурларда тең, өтмөлүктүн ошол башкы жолуна тиешелүү болгон журналдын бир бетине жазылат.

Эгерде бекетке үч же андан көп багыт туташса, анда өтмөлүктүн туташкан ушул багыттарынын ар бири үчүн, поезддик телефонограммалардын өзүнчө журналы жүргүзүлөт.

5.12. Бардык поезддик телефонограммалар бекеттин нөөмөтчүсүнүн өз колу менен же оператор тарабынан  сөзсүз кара боёк менен журналга жазылат.

Чыгыш телефонограммаларына бекеттин нөөмөтчүсүнүн жеке өзүнүн колу коюлушу керек.

Оператор кириш телефонограммалары жазылгандан кийин, дароо аны окуу жана кол коюу үчүн бекеттин нөөмөтчүсүнө көргөзүүгө милдеттүү.

Темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин же темир жолдун начальнигинин орун басарынын буйругу боюнча, поезддик телефонграммалардын журналына жазуунун убактысын кыскартуу үчүн, поезддик телефонограммалардын тексти менен атайын штамптар колдонулушу мүмкүн.

5.13. Чыгыш поезддик телефонограммаларына номер коюу  ар бир өтмөлүккө өзүнчө, Москва убактысы менен о сааттан баштап, күнү-түнү (биринчи номерден баштап) жүргүзүлөт. Сигнализация жана байланыштын негизги  каражаттарынын иш –аракетинин тыныгуусунун айынан, телефондук байланышка өтүүдө чыгыш телефонограммаларына номер коюу телефондук байланыш каражатына өткөн маалдан баштап, биринчи номерден башталат.Сутка ичинде сигнализация жана байланыштын негизги  каражаттарынын  кайталанган тыныгуусунда жана телефондук байланышка кайта өтүүдө биринчи өткөн жолу башталган чыгыш телефонограммаларынын ырааттуу номери сакталып калат.

Кириш телефонограммалары бекеттен кайсы номер менен берилсе, ошол номер менен журналга жазылат.

5.14.Поезддик телефонограммаларда эч кандай оңдоолорго, кошумчаларга,  сызып-чийип түзөөтүүлөргө  жол берилбейт. Туура эмес жазылган чыгыш поезддик телефонограммаларына крест чийилип, астына “Жараксыз” деп жазылат.Бул телефонограмма номерленбейт жана коңшу бекетке берилбейт.

5.15. Нөөмөттү кабыл алууда жана өткөрүүдө бекеттин нөөмөтчүлөрү жана операторлору поезддик телефонограммалардын журналына форма баюнча жазышат:

«Күнү, айы, сааты, минутасы.

Нөөмөттү кабыл алды БН________ (колу)

Оператор _________ (колу )

Нөөмөттү өткөрдү БН ________ (колу)

Оператор _________ (колу )».

Сигнализация жана байланыштын негизги  каражаттарынын иш –аракети бузулган учурларда телефондук байланышка өтүүдө жана аларды кайра калыбына келтирүүдө поезддик диспетчердин ушул тууралуу буйругун алгандан кийин, нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндөгү журналга форма боюнча жазуулар жол-жоболоштурулат.

«Күнү, айы, сааты, минутасы.

Диспетчердик буйрук менен N _____ өтмөлүктө ______ ______жолдо поезддердин кыймылы телефондук байланыш менен улантылды.

Телефондук байланыш менен нөөмөттү кабыл алдым:

БН _________ (колу)

Оператор _________ (колу)».

«Күнү, айы, сааты, минутасы.

Диспетчердик буйрук менен N _____ өтмөлүктө ________  ______ жолдо поезддердин кыймылы  ________менен (байланыш каражаты көрсөтүлөт) калыбына келтирилди. Телефон байланышы менен нөөмоттү тапшырдым:

БН __________ (колу)

Оператор __________ (колу)».

Нөөмөткө киришкен бекеттин нөөмөтчүсүнүн же оператордун фамилиясы коңшу бекетке маалымдалат. Аларды поезддик телефонограммалардын журналына нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндөгү жазуулардан кийин, ылдыйкы сапка жазышат.

5.16. Эгерде телефондук байланыш каражатына өтүү бир тарабы бекеттин нөөмөтчүсү жок, өзүнчө бөлүнгөн пункт менен чектелген өтмөлүктө ишке ашса, анда бекеттин нөөмөтчүсү бар башка бекеттин поезддик телефонограммасында поезддик диспетчер менен поезддердин кыймылы тууралуу сүйлөшүүлөр катталат. Бул сүйлөшүүлөр Ушул Нускаманын 5.19 пунктунда каралган форма 2ден тышкары учурларда, поезддик телефонограммалар үчүн аныкталган форма боюнча  жүргүзүлөт. Мында ушул Нускаманын 1.26 пунктунда каралгандай, буйруктун текстиндеги “Автотосмолооч деген сөздү “Тосмолооч” деген сөзгө алмаштыруу менен поезддик диспетчердин буйругунун тексти менен алмаштырылат.

5.17. Поезддик телефонограммаларды берүүнүн алдында, бекеттин нөөмөтчүлөрү же операторлор бири экинчисине өзүнүн ээлеген кызмат ордун жана аты-жөнүн айтууга милдеттүү.

Нөөмөткө киришип жатканда, поезддик телефонограммалардын журналында мурун жазылган фамилиясына дал келгенде гана, телефонограммаларды кабыл алууну жана берүүнү жүргүзүүгө жол берилет.

5.18. Поезддик телефонограмманы бергенден кийин, телефонограмманы кабыл алган кызматкер сөзмө-сөз текстти кайтало жолу менен аны текшерүүгө тийиш.Эгерде кайталоо учурунда текст жиберилген телефонограммага дал келсе, анда бекеттин нөөмөтчүсү “Туура” деген сөз менен кубаттайт. Андан соң эки бекеттин тең поезддик телефонограммаларынын журналына телефонограмманын жиберилген жана кабыл алынган убактысы белгиленет жана бекеттин нөөмөтчүсүнүн же оператордун колу менен тастыкталат.

 

Бир жолдуу тилкелердеги поезддердин кыймылындагы телефонограммалардын формалары

 

5.19. Бир жолдуу өтмөлүктөрдө поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүүдө поезддик телефонограммалардын төмөндөгүдөй негизги формалары колдонулат:

Чыгыш телефонограммалары  даректөө формасы боюнча жүргүзүлөт.:

«Бекет  _________ бекеттен  ________»,

мисалы: «Кант Ивановкадан».

 

Жөнөө бекети Кабыл алуу бекети

 

Форма 1. Форма 2.

«Жөнөтө аламбы » Поездди күтүп жатам

поезд N __________ N ___________

БН (колу)». БН (колу)».

 

Форма 3. Форма 4.

«Поезд N _______ «Поезд N _______

жөнөдү  ___ с. Келип токтоду  ____ с.

____ мин. ____ мин.

БН (колу)». БН (колу)».

5.20. Өтмөлүктөн жөнөө бекетине кайтып келе турган поезддерди жана түртүүчү локомотивдери менен поезддерди жөнөтүүдө, алардын текстиндеги тийиштүү өзгөртүүлөрү менен  поезддик телефонограммаларды берүүнүн ошондой эле ырааттуулугу сакталышы керек:

а) поезддин өтмөлуүктөн айра кайтуусунда:

Форма 5. Форма 6.

» Жөнөтө аламбы «Жөнөтө аласыз

поезд N _________ поезд N _________

_______ чейин км  _______ чейин км

жана кайта. кайта Сизге кайтуусу менен .

БН (колу)». БН (колу)». Поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлама форма 3 боюнча, анын кайта кайткандыгы тууралуу —  форме 7 боюнча:

Форма 7.

«Поезд N кайтты ______ с. ______ мин.

БН (колу)».

Ушундай эле формаларда жардамчы пост менен тейленбеген туташмага вагонду берүү үчүн өтмөлүккө поезддерди жөнөтүү жүргүзүлөт;

б) түртүүчү локомотив менен поезддердин кыйиылында:

Форма 8. Форма 9.

«Жөнөтсөм болобу » Поездди күтүп жатам

поезд N _______ N _____________

түрткүч менен түрткүч менен, ,

кайтып келе жаткан кайтып келе жаткан

_______дан км кайта.  ________ дан км кайта Сизге.

БН (колу)». БН (колу)».

Поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлама форма 3 боюнча “түрткүч менен кайтып келе жаткан ___дан км кайта» деген сөздү кошуу менен берилет. Поезддин келип токтогону тууралуу кабарлама форма 4 боюнча, ал эми түрткүчтүн кайтып келүүсү тууралуу —  форме 10 боюнча берилет.

Форма 10.

Поезддин түрткүчү N _____ кайтты  _____ с. ____ мин.

БН (колу)».

Поездди коңшу бекетке чейин баруучу түртүүчү локомотив менен жөнөтүүдө телефонограммалар “түрткүч менен” деген сөздү кошуу менен, форма 1, 2, 3 жана 4 боюнча берилет.

5.21. Бекетке токтобостон өтүп кете турган поезддер тууралуу телефонограммалар менен алмашуу кадимки тартипте форма1 жана 2 боюнча жүргүзүлөт,ал эми поезддин жүрүшү (келип токтоосу жана жөнөөсү) тууралуу кабарламалар коңшу бекетке форма11 боюнча берилет:

Форма 11.

«Поезд N ________ өтүп кетти  _____ с. _____ мин.

БН  (колу)».

5.22. Бекетте поезддер кайчылаш болгондо, бекеттин нөөмөтчүсү бет маңдай багыттагы поездди жөнөткөнү камынып жатып, коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө поезддин келип токтогондугу тууралуу кабарлап жана  4 жана 1 же 11 жана 1 формасындагы тексттерди айкалыштырып, бир эле убакта бет маңдай поездди жөнөтүүгө сурам жиберет.

5.23. Туташманы тейлөө үчүн,өтмөлүктө жардамчы пост ачылганда,бул пост дайындоо боюнча туташмага бара турган же туташмадан келе турган поезддердин гана кыймылы тууралуу сүйлөшүүлөргө катыша алат.

5.24. Жардамчы пост менен тейленген туташмага поездди жөнөтүүнүн алдында, коңшу бекеттердин бирөөнөн  жөнөө бекеттинин нөөмөтчүсү посттун нөөмөтчүсүнөн жана алдыда жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсүнөн форма 12 боюнча уруксат сурайт:

Форма 12.

«Жөнөтсөм болобу поездди N ______  постко _____ км.

БН (колу)».

Алдыда жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсү жөнөө бекетине жана постко форма 13 боюнча жооп берет:

Форма 13.

«Жөнөтө аласыз поездди N _____  постко ____ км.

БН (колу)».

Бул уруксатты алып, посттун нөөмөтчүсү жөнөө бекетине форма 2 боюнча макулдугун берет.

Постко поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу жөнөө бекетинин нөөмөтчүсү форма 3 боюнча коңшу бекеттин дагы постунун нөөмөтчүлөрүнө кабарлайт.Туташмага поезд келип токтогондон кийин жана туташманын жебелерин нормалдуу абалга келтирген соң, посттун нөөмөтчүсү форма 4 боюнча эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрүнө кабарлайт.

5.25. Туташмадан коңшу бекеттердин  бирөөнө поездди жөнөтүүдө посттун нөөмөтчүсү эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрүнөн форма14 боюнча уруксат сурайт:

Форма 14.

«Жөнөтсөм болобу поездди N _____ бекетке_______.

Посттун БНсы  (колу)».

Артта жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсү постко жана алдыда жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсүнө форма 15 боюнча жооп берет:

Форма 15.

«Жөнөтө аласыз поездди N ______ бекетке_______.

БН (колу)».

Бул уруксатты алып, алдыда жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсү посттун нөөмөтчүсүнө поездди кабыл алууга форма 2 боюнча макулдугун берет. Макулдукту алып, посттун нөөмөтчүсү поездди жөнөтөт,туташманын жебесин нормалдуу абалга келтирет жана форма 3 боюнча эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрүнө поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлайт.

Поезддин келип токтогондугу тууралуу бекеттин нөөмөтчүсү посттун жана коңшу бекеттин нөөмөтчүлөрүнө форма 4 боюнча кабарлайт.

5.26. Кийин кайра туташмага кайтып келүүсү менен кыймылдуу курамдын  туташмадан башкы жолго чыгуусу зарыл болгон учурларда, поезддик диспетчердин буйругу менен өтмөлүк бардык поезддердин кыймылы үчүн жабылат.

Өтмөлүктун жабылышы тууралуу поезддик диспетчердин буйругу берилгенден кийин башкы жолго чыгуу посттун нөөмөтчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча ишке ашырылат.

Ал бошотулгандан жана туташманын жебелери нормалдуу абалга келтирилгенден кийин, поезддердин кыймылы үчүн өтмөлүк ачылат.

 

Эки жолдуу тилкелерде поезддердин кыймылында телефонограммалардын формалары

 

5.27. Эки жолдуу өтмөлүктөргө поезддерди кабыл алууда жана жөнөтүүдө телефонограммаларды жөнөтүү форма 3 жана 4 боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алуу бекетинен алынган форма 4 боюнча кабарлама ошол эле багыттагы кийинки поездди жөнөтүүгө укук да  берет.Поезддер түртүүчү локомотив менен жүргөн учурларда форма 3 жана 4кө ушул Нускаманын 5.20 пунктунда ушундай учурлар үчүн каралган  текст кошулат.

5.28.Поездди бекетке токтотпой өткөрүүдө, анын келгендиги жана жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлама коңшу бекеттерге форма 11 боюнча берилет.

5.29. Эки жолдуу өтмөлүктөрдө жол посттору бар болгондо,бекеттин нөөмөтчүсү поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу форма 3 боюнча посттун нөөмөтчүсүнө кабарлайт.

Кийинки пост аралык өтмөлүк поездден бош болсо, посттун нөөмөтчүсү өтүүчү сигналды ачат жана поезд жүрүп бара жатканда эле, машинистке жол баракчасын тапшыруу менен поездди токтотпостон өткөрүп жиберет.

Поезд өтүп кетенден кийин,бекеттин нөөмөтчүсү өтүүчү сигналды жабат жана коңшу эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрүнө форма 11 боюнча поезддин өтүп кеткендиги тууралуу кабарлайт.

Эгерде алдыда жайгашкан пост аралык өтмөлүк бош болбосо,анда келе жаткан поезд посттун жабык өтүүчү сигналында  өтмөлүк бошогонго чейин кармалып турат. Посттон ушул поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу телефонограмма артта калган бекетке  ал посттон жөнөп кеткенден кийин гана берилет.

Келүү бекетинин нөөмөтчүсү поезддин келгендиги тууралуу форма 4 боюнча посттун нөөмөтчүсүнө кабарлайт.

Жол постунда өтүүчү сигнал бузук болгондо, алдыда жайгашкан өтмөлүк бош болсо, посттун нөөмөтчүсү поездди   түздөн-түз свотофордун жанында тозот жана андан –ары жолун улантуу үчүн,  машинистке жол баракчасын тапшырат. Жол баракчасынын үстү жагына “Посттогу светофор бузук”деген белги коюлат.

5.30. Бекеттин нөөмөтчүсү кайра кайтып келе турган поезддин туура жол менен жөнөтүлгөнү тууралуу  коңшу бекетти (жол посттун) форма 3 боюнча, “чейин _____км кайра кайтып келүүсү менен” деген сөздөрдү кошуу менен телефонограмма аркылуу  билдирет.Ал эми поезддин кайра кайтып келүүсү тууралуу коңшу бекет (жол посту) форма 7 боюнча кабарланат.

Жөнөй турган поезддин машинистине “чейин_____км кайра кайтып келүүсү менен” деген создөр текстине кошулган жол баракчасы берилет.

Жөнөө бекетине кайра кайтып келүүчү поезддер өтмөлүктө жол посттору бар болсо, токтобостон ушул постторду  өтүп кетет. Посттун нөөмөтчүсү кайтып келе жаткан поезддин  өтүп кеткендиги тууралуу алдыда жайгашкан постту же бекетти ошондой эле форма 7 боюнча кабарлайт.

5.31. Бекет аралык өзүнчө бөлүнгөн пункт болуп эсептелген туташма постто бар болсо, поезддер бекеттен туура жол менен туташмага, туташмадан бекетке кадимки тартипте жөнөтүлөт. Бекеттин же посттун нөөмөтчүсү поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу телефонограмманы форма 3 боюнча, ал эми келгендиги тууралуу форма 4 боюнча берет.

Эгерде туташма жардамчы пост менен тейленсе,анда ал туташмага бара турган же тушмадан келе турган поезддердин кыймылы жөнүндөгү гана сүйлөшүүлөргө катышат. Коңшу бекет поезддин туташмага жөнөтүлгөнү тууралуу форма 3 боюнча “постко_____км” деген сөздү кошуу менен кабарланат.

Туташманын жебесин нормалдуу абалга келтиргенден кийин, посттун нөөмөтчүсү поезддин келгендиги тууралуу эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрүнө форма 4 боюнча кабарлайт. Жардамчы пост менен тейленген туташмадан коңшу бекеттин бирөөнө поездди жөнөтүү ушул Нускаманын 5.25 пунктунда каралган тартип менен жүргүзүлөт.

5.32. Жөнгө салуу тартибинде туура эмес жол менен жөнөтүүдө (поезддик диспетчердин буйругун алгандан кийин) бекеттердин ортосундагы телефонограммалар менен алмашуусу төмөндө келтирилген формалар боюнча жүргүзүлөт:

Форма 16.

«Жөнөтсөм болобу поездди N ________ ______ туура эмес жол менен.

БН (колу)».

Форма 17.

«Күтүп жатам поезд N _________  ________ туура эмес жол менен.

БН (колу)».

Поезддин жөнөгөнү тууралуу форма 3 боюнча,ал эми келгени тууралуу форма 4 боюнча, эки учурда тең “_______туура эмес жол менен” деген сөздү кошуу менен кабарлама берилет.

Жөнөө бекетине кайра кайтып келүүсү менен поездди туура эмес жол менен жөнөтүүдө, форма 16 жана 17 боюнча телефонограммаларга “чейин_______км жана кайра кайтуу” деген сөздөр кошулат, ал эми форма 17де мындан тышкары, ”күтүп жатам” деген сөздөр “жөнөтө аласыз” деген сөздөргө алмашат

Машинистке берилүүчү жол баракчасынын бланкасынын үстү жагына белги коюлат:

“  ______ туура эмес жол менен”.

5.33. Жабыла элек жол боюнча бир жолдуу кыймылды иштетүү менен, темир жолдун эки жолдуу тилкесиндеги жолдун бирөөсүн жаап салганда, поезддердин жөнөгөнү жана келгени тууралуу телефонограммалар форма 1, 2, 3, 4 боюнча жана бир жолдуу тилкелер үчүн аныкталган башка формалар боюнча дагы берилет.

«_________ кыймыл үчүн жол жабык».

 

ДУ-50 формасындагы бланк.

 

ЖОЛ БАРАКЧАСЫНЫН КОРЕШОГУ. ЖОЛ БАРАКЧАСЫ

 

Бекет (штемпель) Бекет (штемпель)

 

«___» _________ 20__ ж. «___» _________ 20__ ж.

_______ с. _______ мин. _______с. _______ мин.

Поездге берилди Поездге уруксат берем (поезддин түрткүчүнө) N __________

N __________жөнөөгө  _________ жолдон,  _______ жол менен

(поезддин түрткүчүнө жана бекеттин кирүүчү сигналына чейин айдасын

N __________) (чейин _____ км) кайра кайтып келүүсү менен.

 

Бекеттин нөөмөтчүсү Автоосмолооч иштебейт.

 

Бекеттин нөөмөтчүсү

(кереги жокту чийип сал)

 

(ак түстөгү)

 

 

6 Бап

Сигнализация жана байланыштын бардык кражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусунда поезддердин кыймыл-аракетинин тартиби

 

6.1. ТИЭнин 16.29 пунктуна ылайык, сигнализация жана байланыштын бардык кражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусунда поезддердин кыймылы бир жолдуу тилкелерде кат түрүндөгү билдирмелердин жардамы аркылуу,ал эми эки жолдууларда болсо- бекеттердин ортосундагы поезд өтүп кетүү үчүн берилген чектелген убакыт менен жүргүзүлөт.

Качан өтмөлүктү чектөөчү бекеттин нөөмөтчүлөрүнүн ортосунда  поезддердин кыймылы тууралуу түздөн-түз ич-ара сүйлөшүүлөрүн алардын карамагындагы байланыштардын бири менен дагы ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурларда, поездердин кыймылы кат түрүндөгү билдирмелердин жардамы жана бекеттердин ортосундагы поезд өтүп кетүү үчүн берилген чектелген убакыттын жардамы аркылуу жүргүзүлөт.

6.2. Сигнализация жана байланыштын бардык кражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусунда өтмөлүктү поезддин ээлөөсүнө уруксат болуп, бекеттин нөөмөтчүсү машинистке берген (ДУ-56 формасындагы бланк 89 бетте келтирилген) диагоналында эки кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат кызмат кылат.

Эгерде мурун жөнөтүлгөн поезддин коңшу бекетке келгендиги тууралуу маалымат жок болсо, алдыда жөнөтүлгөн поезддин куйругу тосулбашы мүмкүн болгондуктан,  машинист өтмөлүктө өзгөчө кыраакылык менен жана дароо токтой калганга даяр болуп айдашы керек.

6.3. Сигнализация жана байланыштын бардык каражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусунда поезддерди жөнөтүүгө тыюу салынат:

а) бириктирилген, ашыкча салмактагы жана узундуктагы, жана ошондой эле бир машинист тейлеген 1 класстагы (ЖЗ) коркунучтуу жүктөрү бар аз өлчөмдөгү жүктөрү бар поезддерди;

б) кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү жана жардамчы локомотивдерден тышкаркы, өтмөлүктөгү жумуш үчүн токтой турган поезддерди;

в) өтмөлүктөгү туташмага бара жаткан поезддерди.

Түртүүчү локомотивдер өтмөлүктүн башынан аягына чейин жүрүп барып, коңшу бекетке чейин барышы керек.

 

 

Бир жолдуу өтмөлүктөрдөгү поезддердин кыймылынын тартиби

 

6.4. Сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын тыныгуу маалында поезддердин кыймылы кат түрүндөгү билдирмелер боюнча жөнгө салынганга чейин, ортолорундагы байланыш үзүлүп калган бекеттер менен чектелген өтмөлүккө бир жолдуу өтмөлүктөр үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген так эмес багыттагы поезддер гана жөнөтүлүшү мүмкүн. Кат түрүндөгү билдирмелер боюнча кыймыл жөнгө салынганга чейин, артыкчылыкка карама –каршы багыттагы поезддердин бирөөсү да, тагыраак айтканда, төмөндөгү аты аталгандан башкалары жөнөтүлүүгө мүмкүн эмес:

а) байланыштын тыныгуусуна чейин, артыкчылыктуу багыттагы бекеттен жөнөөгө уруксат (жарым-жартылай автоматтык тосмолоочто макулдуктун тосмо-сигналы, телефондук байланыш кражаттарында поезддик телефонограмма, электрдик таякча системасында өтмөлүктөн алынган таякча)  алынган поезд. Бул эрежеден тышкаркы иш-аракеттер эки тараптуу автотосмолоочтуу өтмөлүктөргө жайылтылбайт;

б) өтмөлүктөн алынган жардам жиберүү тууралуу талап боюнча, кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү же жардамчы локомотивдер.

Артыкчылыктуу багыттагы бекеттин нөөмөтчүсү да, жана ошондой эле артыкчылыктуу багытка карама-каршы багыттагы  бекеттин нөөмөтчүсү да өтмөлүктөн жардам көрсөтүү тууралуу талапты алуу менен бирге, ушул Нускаманын 7 бапындагы талаптарга ылайык, машинистке диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксатты тапшыруу менен, кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү же жардамчы локомотивди жөнөтүүнү уюштурат.

Эки жолдуу өтмөлүктө, эгерде жолунун бирөө байланыштын тыныгуусуна чейин жабылган болсо, кат түрүндөгү билдирме боюнча кыймыл жөнгө салынганга чейин, эки жолдуу кыймылда  жүрө турган жолунун калган бөлүгү үчүн туура деп эсептелген багыттагы гана поезд биринчи болуп жөнөтүлүшү мүмкүн.

6.5. Эгерде өтмөлүк эки тараптуу автотосмолооч менен жабдылбаса, артыкчылыктуу багыттагы биринчи поездди жөнөтүүгө коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн уруксаты талап кылынбайт.

Автоматтык тосмолооч менен жабдылган бир жолдуу өтмөлүктө, бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктүн башынан — аягына чейин бош экенин жеке өзү текшерүү менен бирге, бир эле убакта коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө поезддердин андан-аркы кыймылынын тартиби жөнүндөгү билдирмени жеткирүүнү камсыздагандан  кийин гана, бекеттен артыкчылыктуу багыттагы биринчи поезд жөнөтүлүшү мүмкүн. Өтмөлүктүн бош экендиги жөнүндө текшерүүнүн ыкмасы  жана текшерүүнү жүргүзгөн кызматкердин аты-жөнү көргөзүлүү менен поезддердин кыймылынын журналына жазылат.

6.6. Сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын тыныгуусунда, жол кызматынын, сигнализация жана байланыштын, электр менен камсыздоонун  кызматкерлеринен  тийиштүү талапты алгандан кийин гана, өтмөлүккө артыкчылыктуу багытта да, жана ошондой эле артыкчылыктуу багытка карама-каршы багытта да,  кайра калыбына келтирүүчү поездди  (атайын өзү жүрүүчү курам), өрт өчүрүүчү поездди же жардамчы локомотивди жөнөтүүгө уруксат берилет. Ошол эле учурда, эгерде өтмөлүк автотосмолооч менен жабдылса, бекеттин нөөмөтчүсү жардам көрсөтүү тууралуу талапты алгандан кийин, кайра калыбына келтирүүчү поездди же локомотивди жөнөтөрдөн мурун, жардам жиберилип жаткан жер менен бекеттин ортосунда башка поезддер жок экенине ишениши керек.

6.7. Бекеттердин ортосунда кат түрүндөгү кабарламаларды жиберүү өтмөлүккө жиберилген байланыш жана сигнализациянын бардык каражаттарынын тыныгуусунда биринчи поезд менен башталат.

Ошол эле учурда жетектөөчү локомотивдин машинистине өтмөлүктү ээлоо укугуна ээ болуу үчүн, диагоналында эки кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат берилет. Мындан тышкары,ушул поезддин машинисти менен коншу бекетке поезддердин андан-аркы кыймылынын тартиби жөнүндө ак түстөгү атайын бланкадагы кат түрүндөгү билдирме (ДУ-55 формасындагы бланк 88 бетте келтирилген) жиберилет.Ал төмөндөгүдөй формалардын бири боюнча толтурулат:

Форма А. «Сизге жибердим  ____ с ____ мин  поезд N _____. Сизге анын жетиши менен Сизден поездди күтөм.  БН _________».

Форма Б. «Сизге жибердим  с____ мин ____ поезд N _____, андан кийин с ____ мин ____  поезд N _____жиберем. БН ______».

6.8. Эгерде сигнализация менен байланыштын бардык каражаттарынын иш-аракетинин тыныгуу  маалында, бекетте так сандагы поезддер жок болсо, жана ошол өтмөлүккө коңшу бекеттен поезд жөнөтүлгөнүн билсе, ортолорунда байланыш үзүлүп калган бекеттер менен чектелген өтмөлүккө жөнөтүү үчүн,  биринчи поезди жөнөтүү укугуна ээ бекеттин нөөмөтчүсү ошол бекетке форма В боюнча толтурулган билдирме жөнөтөт:

Форма В. «Сизден поезд күтүп жатам. БН __________».

Эки тараптуу автотосмолооч менен жабдылбаган өтмөлүктөрдө, В формасындагы билдирмелерди кайра жөнөтүү үчүн ажыратылбаган рельс менен жүрүүчү арабаларды, жалгыз локомотивдерди жана ошондой эле, башка транспорттук каражаттарды пайдаланууга уруксат берилет.

6.9. Бекеттин нөөмөтчүсү А, Б же В формасындагы  билдирмени алгандан кийин, поезддердин кыймылы кат түрүндөгү билдирмелер менен жөнгө салынды деп эсептелет.

6.10. Астыда жөнөтүлгөн поезд бекет аралык өтмөлүктү толук бойдон өтүп кетүүсү үчүн зарыл болгон 3 мүнөттү кошуу менен, кандайдыр бир убакыттын аралыгынан кийин бир багытка бара турган поезддерди жөнөтүү жүргүзүлүшү керек.

Байланыштын тыныгуусуна чейин өзүнчө бөлүнгөн пункт катары кызмат кылган жол посттору поезддердин кыймылына катышпайт.

Эгерде сигнализация жана байланыштын аныкталган бардык каражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусуна  чейин, өтмөлүктөгү туташмага артыкчылык багыттагы поезд жөнөтүлсө, ал эми жардамчы постунун нөөмөтчүсүнөн поезддин келгендиги жана аны туташмага жыйноо тууралуу кабарлама алынбаса, анда поезддин жардамчы постко өтүп кетишине 3 мүнөт кошуулат жана аны туташмага жыйноо үчүн керектүү болгон убакыт бою өтмөлүк бош эмес  деп эсептелет.

Жардамчы постунун нөөмөтчүсү поездди туташмага жыйнагандан кийин, туташманын  жебесин нормалдуу абалга (башкы жол боюнча) коюуга милдеттүү жана коңшу бекеттердин нөөмөтчүлөрү менен байланышты калыбына келтиргенге чейин, башкы жолго кыймылдуу курамды чыгарууга жол бербеши зарыл.

6.11. Сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын иш- аракетинин тыныгуу мезгилинде, поезддер диагоналы боюнча эки кызыл сызыгы бар ак түстүү бланкадагы уруксат боюнча жөнөтүлөт.

Бири-бири менен байланышты үзбөш үчүн, бекеттин нөөмөтчүлөрү орнотмолордун нормалдуу иш -аракети калыбына келгенге чейин,  бул жана тиги багыттагы ар бир поезддин жетектөөчү локомотивинин машинисти менен поезддердин андан — аркы жөнөтүлүшү тууралуу жазуу түрүндөгү кабарламаны А жана Б формасы боюнча жөнөтүүгө милдеттүү.

А, Б жана В формасы боюнча кабарлама эки бекетте тең поезддик телефонограмма журналына жазылат.

Кабарламалардын жардамы менен поезддердин кыймылына өтүү, поезддик телефонограмма журналына форма боюнча жазуу менен жол- жоболоштурулат:

«Дата _______, ___ с ___ мин. Өтмөлүктө сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын иш-аракети тыныкканына байланыштуу ______поезддердин кыймылы жазуу кабарламасынын жардамы менен калыбына келтирилди   _________ (бекеттин аталышы жана колу)».

6.12.Эгерде сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын иш-аракетинин тыныгуусуна чейин, байланыштын токтошу менен  артыкчылыкка ээ болгон поезддерди жөнөтүү укугуна ээ болгон бекеттин нөөмөтчүсү тарабынан арасында байланыш токтогон бекеттер менен чектелген өтмөлүккө  арттыкчылыкка ээ эмес багыттагы (жуп)  поезддерди жөнөтүүгө макулдук берилсе, анда өтмөлүк ушул поезд келгенге чейин же коңшу бекеттен (посттон) поезд жөнөтүлөт деген кабарламаны алганга чейин, бош эмес деп эсептелет.

Эгерде туташма постуна жуп поездди жөнөтүүгө макулдук берилсе, поезддин келгендиги жана анын туташмада жыйналып жатканы тууралуу кабарлама посттон алынмайынча, өтмөлүк бош эмес деп эсептелет.

6.13.Эгерде сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын иш-аракети тыныкканга чейин жардамчы постунун нөөмөтчүсүнө так багыттагы поезддерди туташмадан жөнөтүүгө уруксат берилсе жана посттун нөөмөтчүсүнөн ушул поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлама алынса, анда байланыштын тыныгуусунан кийин артыкчылыкка ээ багыттагы поезддерди өтмөлүккө жөнөтүп жаткан бекеттин нөөмөтчүсүнө коңшу бекеттке ушул багыттагы биринчи поездди өтмөлүктүн бир бөлүгүн посттон бекетке чейин з минута кошуу менен, жөнөтүлгөн поезд өтүп кетүү үчүн зарыл болгон бир аз убакыт өткөндөн кийин жөнөтүүгө уруксат берилет.

Эгерде жуп  сандагы поездди туташма постунан жөнөткөндүгү тууралуу кабарлама алынбаса, анда посттун нөөмөтчүсүнөн поезддин жөнөтүлгөнү жана башкы жолго туташма жебеси орнотулганы тууралуу  же поездди жөнөтүү кечиктирилип жаткандыгы жөнүндө кабарлама алынмайынча өтмөлүк бош эмес деп эсептелет.

Посттон тийиштүү кабарлама алынмайынча, өтмөлүккө поезддерди жөнөтүү ушундай учурларда да — качан байланыштын тыныгуусуна чейин, туташмадан поездди кайра туташмага кайтып келүү үчүн, жөнөтүү макулдашылган болсо тыюу салынат.

6.14.Эгерде байланыштын токтошу менен, биринчи поездди артыкчылыкка ээ багытта жөнөтүүгө укуктуу болгон бекеттин нөөмөтчүсү байланыштын тыныгуусуна чейин поездди жөнөтүүгө уруксат алса, анда ушул уруксат менен ал поездди жөнөтүп жатып,  коншу бекеттин нөөмөтчүсү менен да бир эле убакытта жазуу түрүндөгү байланышты жандандырууга милдеттүү.

6.15.Сигнализациянын жана байланыштын тийиштүү каражаттарын калыбына келтиргенден кийин, байланыштын ушул түрлөрү боюнча поезддердин кыймылы поезддик диспетчердин буйругу менен уланат.

6.16.Эгерде сигнализациянын жана байланыштын каражаттары диспетчердик байланышка караганда эртерээк калыбына келтирилсе, артыкчылыкка ээ багытка поезддерди жөнөтүү укугун пайдаланган бекеттин нөөмөтчүсү коңшу бекетке телефонограмма жиберет:

«Бекеттердин ортосундагы өтмөлүктө поезддердин кыймылы (момундай)___________байланыш менен жөнгө салынды.

Акыркы болуп Сизден поезд Н______келди. Сизге поезд N ________жөнөтүлдү. БН _________».

Коңшу бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктүн бош экенине ынангандан кийин жооп берет:

«Акыркы болуп Сизден поезд N ________келди. Сизге поезд N ________жөнөтүлдү, өтмөлүк бош. БН__________».

Ушул телефонограммалар менен алмашкандан кийин, эки бекеттин тең нөөмөтчүлөрү сигнализациянын жана байланыштын негизги каражаттарынын жардамы менен поезддердин кыймылын башкарууга өтүшөт.

 

Эки жолдуу өтмөлүктөрдөгү поезддердин кыймылынын тартиби

 

6.17.Эки жолдуу өтмөлүктөрдө сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын тыныгуусунда, эгерде байланыш бузулган учурда тосмолооч тийиштүү багытта орнотулган болсо,  поезд өтмөлүктү өтүп кетүүсү үчүн ыраатама боюнча берилген убакытка 3 минутаны кошуу менен менен чектелип, поезддер туура жол менен жөнөтүлөт.

Эгерде бекеттин нөөмөтчүсү сигнализациянын жана байланыштын бардык каражаттарынын тыныгуусуна  чейин коңшу бекеттен туура эмес жол менен поездин жөнөтүлүшүнө макулдук берилсе, анда бекетке ушул поезд келип токтогондон кийин туура эмес жол боюнча биринчи поездди жөнөтөрдөн мурун, бекеттин нөөмөтчүсү өтмөлүктүн каршыдан бет маңдай келе турган поезддерден бош экенине ынанышы керек.

6.18. Бекеттердин ортосунда байланыштын тыныгуусуна чейин, өтмөлүктүн өзүнчө посттору катары кызмат кылган  жол посттору бар болсо, бул посттор байланыштын тыныгуусунда да иштеп жатат деп кабыл алынат.

Ушундай учурларда  поездди жөнөтүүдө, бекеттин нөөмөтчүсү мурун жөнөтүлгөн поезддин жол постуна чейин келиши үчүн ырааттама боюнча берилген убакытка 3 минута кошуу менен күтөт жана  ошол багыттагы биринчи жол постуна чейин гана поездди айдап барууга уруксат берет.

6.19. Эгерде поездди туура эмес жол менен жөнөтүү зарыл болсо, кайра калыбына келтирүүчү поездди (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды), өрт өчүрүүчү поездди же жардамчы локомотивди жиберүү тууралуу талапты алып, бекеттин нөөмөтчүсү ошол жолдун поезддерден бош экенине (бекеттен жардам жиберүү зарыл болуп жаткан жерге чейин)  ишениши керек.

6.20.Сигнализациянын жана байланыштын тиешелүү каражаттарын кайра калыбына келтиргенден кийин, поезддердин кыймылы байланыштын ушул түрлөрү боюнча поезддик диспетчердин буйругу менен жанданат, ал эми диспетчердик байланыш жок болсо — ар бир бекет өзү үчүн туура жол болуп саналган жол менен  жандандырат.

6.21. Ушул Нускаманын 6.5,6.6,6.8,6.17,6.19 пунктарында каралган учурларда, өтмөлүктүн бош экенин аныктоо үчүн бекеттин нөөмөтчүсүнө бардык мүмкүнчүлүктү (коңшу бекеттин нөөмөтчүсү менен шаардык байланыш боюнча, радио байланыш боюнча сүйлөшүү, чечип алма автодрезиналар жана у.с.) пайдаланууга уруксат берилет. Ал эми ушул Нускаманын 6.8 пунктунда каралган учурларда, жалгыз локомотивдерди да пайдаланууга уруксат берилет.

 

ДУ-55 формасындагы бланк

 

КАБАРЛАМАНЫН КОРЕШОГУ КАБАРЛАМА

N _______________ N _____________

 

Бекет  (штемпель) Бекет  (штемпель)

 

«___» _______ 20__ ж. «___» ___________ 20__ ж.

 

Поезддин кыймылы жөнүндө  Сигнализация жана байланыштын бардык каражаттарынын тыныгуусунда бир жолдуу өтмөлүктөрдө бир жолдуу өтмөлүктөрдөгү  поезддердин кыймылы жөнүндө _____бардык каражаттары ________________________________________________  сигнализация

жана байланыш____________каражаттары

____________________

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнө Бекеттин нөөмөтчүсү ____________________________ ____________________ ________________________________________________ ____________________ ________________________________________________ ____________________ ________________________________________________

 

Бекеттин нөөмөтчүсү ____________________________Бекеттин нөөмөтчүсү

 

(ак түстө)

 

ДУ-56 формасындагы бланк

 

Уруксат берүүнүн корешогу Уруксат берүү

N ________________ N ______________

 

«___» _________20__ ж. «___» __________ 20__ ж.

 

Бекет (штемпель) Бекет (штемпель)

 

Поездге берилди ______  поезд Nге уруксат берем ______ бекеттен жөнөөгө

_______ жана бекеттин постунун кирүүчү светофоруна чейин айдап барууну

_______ жабык чыгуучу сигналда.  Нөөмөтчү ——-  сигнализациянын жана байланыштын каражатынын бардык түрү үзгүлтүккө учурады.

бекеттер

ЭСКЕРТҮҮ

 

Коңшу бекетке мурун жөнөтүлгөн поезддин келип токтогону тууралуу кабар бар.

 

посттун

Нөөмөтчүсү ——- _________________

бекеттин

 

(кереги жокту чийип сал)

 

((диагоналы боюнча эки кызыл сызыктуу ак түстө)

 

 

 

7 Бап

Кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын жана жардамчы локомотивдердин кыймылы

 

7.1. Өтмөлүктө жолдо кетип бара жатып токтоп калган поезддин жетектөөчү локомотивинин машинистинен алынган жардам тууралуу (жазуу түрүндө, телефон же радио байланышы боюнча берилген) талаптын негизинде, кайра калыбына келтирүүчү,өрт өчүрүүчү поезддер, атайын өзү жүрүүчү курам жана жардамчы локомотивдер дайындалат. Жана ошондой эле, жол кызматынын, электр менен камсыздоонун, сигнализация жана байланыштын  жумушчуларынын талаптары боюнча да дайындалат.

Учурда өз таасирин жогото элек  ушул поезддер тууралуу жоболорго ылайык, кайра калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддерди чакыруу жүргүзүлөт. Кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды жана жардамчы локомотивдерди бара турган жерине жөнөтүү жана алардын ары-бери катташы поезддик диспетчердин буйругу менен ишке ашырылат.

7.2.Өтмөлүккө токтогон поезддин машинисти (машинисттин жардамчысы) жардам талап кылууда, бекеттин нөөмөтчүсүнө же поезддик диспетчерге поезддин башы канчанчы километрде жана пикетте турганын, жардам эмнеге байланыштуу керек болуп жатканын жана анын талап кылуу убактысын маалымдоого милдеттүү. Кээ бир эрежеге баш ийбеген учурларда, телефон жана радио байланышы жок болгон кезде, бекеттин нөөмөтчүсү же поезддик диспетчер тарабынан бекетке жазуу түрүндөгү талапты жеткирүү үчүн поезддик локомотив пайдаланылышы мүмкүн. Вагондордун кетип калбасы үчүн, вагондордун дөңгөлөгүнүн алдына токтоткуч  чокойлорду төшөгөндөн жана кол токтоткучун аракетке келтиргенден кийин гана, локомотивди курамдан чечүүгө уруксат берилет. Локомотивди курамдан чечүүнүн алдында, калтырылуучу вагондордун автотоктотмосу (аяккы кранды толук ачуу менен) дагы аракетке келтирилиши керек. Бекетке талапты жеткирүү үчүн, жүргүнчү поезддинин локомотивин пайдаланууга уруксат берилбейт.

Эгерде токтоп калган поезддин курамы жайгашкан жолдун профилинин шарты боюнча, вагондорду бекитүү үчүн колдо бар каражаттар жетишсиз болсо, локомотивди курамдан чечүүгө тыюу салынат. Эки жолдуу өтмөлүктөрдө  зарыл болгон учурларда,  жардам тууралуу жазуу түрүндөгү талапты бекеттин нөөмөтчүсүнө жеткирүү үчүн, бет мандай келе жаткан поезддин локомотивдик бригадасын пайдаланууга уруксат берилет.

7.3.Кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды же жардамчы локомотивди жиберүү тууралуу талапты алган соң,  бекеттин нөөмөтчүсү бул тууралуу дароо поезддик диспетчерге билдирет.Телефон же радио байланышы боюнча алынган талап поезддердин кыймылынын журналына жазылат.

7.4. Поезддик диспетчер жардам көрсөтүү  тууралуу талапты алар замат бул тууралуу темир жолдун жетекчилигине билдирет.

Темир жолдун башкармалыгынын нөөмөтчүсү менен поезддик диспетчер экөө биргелешип, бекеттин кайсы чектөочү өтмөлүгүнөн жардам көрсөтүлүшү керек экендигин жана зарылчылык туулса, кайсы бекетке вагондор чыгарыларын чечишет.

Поезддик радио байланышы бар болгон учурда, поезддик диспетчер (түздөн-түз же бекеттин нөөмөтчүсү аркылуу) жардам көрсөтүүнүн белгиленген тартибин токтоп калган поезддин машинистине маалымдашы керек.

Поезддик диспетчер кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү жана жардамчы локомотивдердин  тез кыймылга келишин камсыздоого милдеттүү жана тийиштүү маалыматка ээ болсо, жумушка поезддерди даярдоо үчүн, окуя болгон жердеги абал тууралуу кайра калыбына келтирүүчү (өрт өчүрүүчү) поезддердин начальниктерине кабарлоого тийиш.

7.5. Ушул Нускаманын 10.10 пунктунда каралган тартипке ылайык, башка поезддердин кыймылы үчүн жабык болгон өтмөлүккө, кайсы гана учур болбосун,  кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү поезддер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам жана жардамчы локомотивдер жөнөтүлөт. Локомотивдин машинистине диагоналы боюнча кызыл сызыгы бар ак түстөгү (ДУ-64 формасындагы бланк, 104 бетте келтирилген) бланкадагы уруксат берилет. Андагы талаптын негизинде жана кайсы тараптан (баш же куйрук жагынан) жардам көрсөтүлө турганына карай, кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү, же жардамчы локомотивдердин бара турган жери (километр) көрсөтүлүшү керек.

Эгерде жардам поезддин куйрук жагынан көрсөтүлүп жатса, жардам тууралуу талапта көрсөтүлгөн километр поезддин узундугун эске алуу менен өзгөртүлөт.

Тоскоолдук кезиккен жерде, поезддердин кыймылы үчүн өтмөлүктө убактылуу пост ачылган учурларда да, машинистке  диагоналы боюнча кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат берилет. Ушул учурда өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин нөөмөтчүлөрү, посттун нөөмөтчүлөрү менен алдын-ала макулдашуу боюнча  кайра калыбына келтирүүчү , өрт өчүрүүчү жана жардамчы локомотивдердин кыймылы жүргүзүлөт.

Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерге жардамчы локомотивдерди жөнөтүүнүн тартиби ушул Нускаманын 2.8 пунктунда каралган.

7.6.Жардам көрсөтүү үчүн өтмөлүккө жөнөтүлүп жаткан кайра калыбына келтирүүчү локомотивдин, өрт өчүрүүчү поезддин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын же жардамчы курамдын машинисти диагоналы боюнча кызыл сызыгы бар ак түстүү бланкадагы уруксатта көрсөтүлгөн жерге эки километр калганда, ылдамдыкты азайтуу чараларын көрүүгө милдеттүү жана андан-ары тоскоолдуктун алдынан дароо токтогонго даяр болуп, өзгөчө кыраакылык менен айдашы керек. Жардам талап кылынган поездге же кыймылды калыбына келтирүү боюнча иштер (өрттү өчүрүү, шилендини тазалоо ж.у.с.) аткарыла турган жерге  жетпей машинист поездди токтотушу керек жана андан-ары нормалдуу кыймылды калыбына келтирүүнү жетектеп жаткан адамдын көрсөтмөсү боюнча иш алып барат. Жардамчы локомотивдин машинисти бара турган жерине жеткенден кийин, токтоп калган поезддин машинисти менен кыла турган өз иш-аракетин макулдашат.

7.7. Кайра калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү поезддин, жардамчы локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын өтмөлүккө жөнөөчү убактысын, жана ошондой эле, өтмөлүктөн кайтуучу убактысын бекеттин нөөмөтчүсү поезддердин кыймылынын журналында белгилөөгө милдеттуүү жана өтмөлүктү чектөөчү коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө жана поезддик диспетчерге дароо кабарлашы керек.

7.8. Өтмөлүк же тийиштүү жол     (жазуу түрүндөгү, телефон же радио байланышы менен берилген) келип чыккан тоскоолдуктарды жок кылуу боюнча иштерге катышкан жол кызматынын улук кызматкеринин (кызмат орду боюнча жол мастеринен ылдый эмес) өтмөлүк боюнча поезддердин кыймылын жандандыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу  кабарламасынын негизинде,  поезддик диспетчердин буйругу менен поезддердин кыймылы үчүн ачылат.

Контактык желенин бузулган жеринин ондолгону тууралуу кабарлама кайра калыбына келтирүүчү иштерди жетектеген электр менен камсыздоо дистанциясынын жумушчусунун маалымдамасынын негизинде, энергия диспетчери тарабынан берилет. Автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүктөрдө, эгерде анын орнотмолору бузулган болсо, поезддик диспетчер автоматтык тосмолооч боюнча поезддердин кыймылын ачуу үчүн СБТнын электр механигинен тийиштүү кабарламаны алышы керек.Эгерде кыймылдуу курамдын рельстен чыгып кетүүсү жана ошондой эле, өтмөлүктө кандайдыр бир бузулуу болбосо, жардамчы локомотивдин машинистинин же жардам көрсөтүүнү жетектеген жумушчунун кыймылдуу курамдын чыгып кеткени жана өтмөлүктүн бош экени тууралуу баяндагандарынан  кийин кыймыл ачылат.

Автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө, жардамчы локомотивдин машинистинин радио байланышы боюнча, туура жол менен токтоп калган поезддин курамын чыгаруу башталганы жөнүндө  маалымдамасынан кийин, өтмөлүктүн тийиштүү жолу ачылышы мүмкүн.

7.9. Өтмөлүктө поезддин ажырап (айрылып) кетишинде машинист милдеттүү:

өтмөлүктө айдап бара жаткан поезддердин машинистине жана өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин нөөмөтчүлөрүнө  радио байланышы аркылуу болгон нерсе тууралуу дароо маалымдашы керек. Алар бул тууралуу токтоосуз түрдө поезддик диспетчерге  баяндашы керек. Радио байланышы жок болгон учурда, маалымдама ТИЭнин 16.43 пунктунда белгиленген тартиптеги, байланыштын башка түрлөрү аркылуу берилет;

Машинисттин жардамчысы аркылуу курамдын жана ажырап кеткен вагондордун чиркештирүүчү приборлорунун абалын текшерет жана жарактуу болсо, поезддин курамын чиркештирет. Чиркештирүү үчүн курамдын ажырап кеткен бөлүктөрүн абдан этияттык менен арт жагы менен  айдап кошуу керек. Анткени вагондор урулганда ылдамдык саатына 3км.ден ашпашы керек;

бузулган тормоздук жеңди кошумчасы менен же вагондун куйрук жагынан же локомотивдин алдынкы брусунан чечилгендер менен алмаштырат.

Поезддин курамынын ажырап кеткен бөлүктөрү  боюнча операцияны 20 минутанын ичинде аткарууга мүмкүн болбогон бардык учурларда тең, локомотивдин машинисти локомотиви жок калган поезддин бөлүгүн токтоткуч чокойлор жана кол токтоткучу менен бекитүү чараларын көрүүгө милдеттүү.

Ажырап кеткен бөлүктөрдү чиркештиргенден кийин, машинисттин жардамчысы куйрук вагонунун номери  жана андагы поезддик сигнал боюнча курамдын бүтүн экенине ынанышы керек. Кыймылды улантуунун алдында, кол токтоткучтары түшүрүлүшү, автотоктоткучтун кыскартылган байкап көрмөсү жүргүзүлүшү, вагондордун алдынан  токтоткуч чокойлор алынышы керек.

7.10. Өтмөлүктө поезддин бөлүктөрүн бириктирүүгө тыюу салынат:

а) туман, бороон учурунда жана качан сигналдарды айырмалоо кыйын болгон башка жагымсыз шарттарда;

б) эгерде ажырап кеткен бөлүк 0,0025 тик жантайышта жайгашса жана бириктирүүдөгү  түртүлүүдөн  четке чыгып, поезддин кыймылынын тескери багытына кете турган болсо.

Эрежеге баш ийбеген кээ бир учурларда, ушул Нускаманын 7.22 пунктунда каралган тартипке ылайык, курамдын ажырап кеткен бөлүгүн бириктирүү  үчүн  артта келе жаткан поезддин локомотиви пайдаланылышы мүмкүн.

7.11. Эгерде поездди бириктирүүгө мүмкүн болбосо,  ушул Нускаманын 7.2 пунктунда каралган тартипке ылайык, өтүнмөдө кошумча поезддин ажырап кеткен бөлүктөрүнүн ортосундагы болжолдуу аралыкты көрсөтүп, машинист жардамчы локомотивди же кайра калыбына келтирүүчү поездди талап кылышы керек.

Ушул Нускаманын 7.2 пунктунда каралган эрежеге баш ийбеген кээ бир учурларда, жардам тууралуу жазуу түрүндөгү талапты бекетке жеткирүү үчүн, поезддик локомотив (вагондору менен же аларсыз) пайдаланылышы мүмкүн. Темир жолдогу сигнализация боюнча нускаманын 7.5 пунктунда каралган тартипке ылайык, мындай локомотивдердин куйругу белгилениши керек.

Өтмөлүктө вагондорунда адамдар жана 1 (ЖЗ) класстагы коркунучтуу жүктөр бар курамды кайтаруусуз  калтырууга тыюу салынат.

7.12. Жардам тууралуу талап менен бекетке бара жаткан локомотивдин машинисти милдеттүү:

автоматтык тосмолооч менен жабдылган өтмөлүктөрдө жол светофорлорунун көрсөткүчүн жетекчиликке алууга;

жол постторуна (тосмо посттору) ээ болгон жарым-жартылай автоматтык тосмолооч менен жабдылган өтмөлүктөрдө бара жаткан жолдогу биринчи тосмо постуна токтоп, болгон окуя тууралуу поезддик диспетчерге маалымдашы керек. Тосмо посттун нөөмөтчүсү ушундай локомотивди  өтүүчү сигналдын уруксат берүүчү сигналы боюнча жөнөтөт, бирок айдагандын тосмолоочу сигналын бербейт. Калган тосмо посттун нөөмөтчүлөрү өтмөлүктө ушул Нускаманын 3.17 пунктунда каралган тартипке ылайык иш жүргүзөт. Электрдик таякча системасы менен жабдылган өтмөлүктөрдө поезддин курамы калтырылган жердеги өтмөлүктүн таякчасын жардам талап кылып бекетке келген машинист бекеттин нөөмөтчүсунө берет. Өтмөлүк бошогонго жана нормалдуу кыймыл калыбына келгенге чейин, бекеттин нөөмөтчүсү аппаратка салбастан таякчаны сакташы керек.

7.13.Өтмөлүктүн жабылышы жана өтмөлүктө токтоп калган поездге жардам көрсөтүү үчүн локомотивди же поездди жөнөтүү ушул Нускаманын 7.5 пунктунда  каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт. Поезддин куйругуна жардам көрсөтүүдө, эгерде куйрук бөлүгүнүн жайгашкан жери белгисиз болсо,  жардамчы локомотивдин (кайра калыбына келтирүүчү) машинистине диагоналында  кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксаттан тышкары эскертүү берилет:

«Өтмөлүктө ажырап кеткен вагондордун турган орду белгисиз».

Ушундай эскертүүсү  бар болсо, жардам көрсөтүп жаткан локомотивдин машинисти өтмөлүк боюнча өзгөчө кыраакылык менен жана тоскоолдуктун алдында өз убагында токтоону камсыздай турган ылдамдык менен айдашы керек.

 

Поезддин өтмөлүктөн жөнөө бекетине кайтып келүүсү

 

7.14.Эгерде өтмөлүккө поезд токтогондон кийин, поезд кыймылды асты жакты  көздөй уланта албаса, жана аны жөнөө бекетине кайтарып алып келиш керек болсо, машинист жеке өзү башкы кондуктор же локомотивдик бригаданын кызматкери аркылуу бул жөнүндө бекеттин нөөмөтчүсүнө же поезддик диспетчерге маалымдашы (жазуу түрүндө, телефон же радио байланышы менен) керек.

Мындай маалымдаманы алып, поезддик диспетчер өтмөлүктү (өтмөлүктүн тийиштүү жолун) жабат жана поезддин жөнөө бекетине кайтып келүүсүнүн тартибин аныктайт.

7.15. Эреже катары, поезддин өтмөлүктөн кайтып келүүсү жардамчы локомотив менен ишке ашышы керек.

Эрежеге баш ийбеген учурларда, токтоп калган поезд (жүргүнчү поезддинен тышкары) бекеттин кирүүчү сигналына же «Бекеттин чек арасы» деген сигналдык белгиге чейин арт жагы менен айдалышы мүмкүн. Поезддик диспетчердин буйругу менен бардык поезддердин кыймылы үчүн өтмөлүк (же жол) жабылгандан кийин жана токтоп калган поезддин машинистине бекеттин нөөмөтчүсүнүн катталган буйругун форма боюнча бергенден кийин арт жагы менен астыга жылат.

«Өтмөлүк _______ (же өтмолүктүн жолу) бардык поезддердин кыймылы үчүн жабык. Поезд Nди ______ кирүүчү сигналга чейин арт жагы менен айдаганга уруксат берилет (же «Бекеттин чек арасы» деген сигналдык белгиге чейин ).

БН ___________ (бекеттин аталышы жана колу)».

Радио байланышы же телефон байланышы жок болгон учурда, өтмөлүктүн жабылганы тууралуу поезддик диспетчердин буйругунан кийин,  токтоп калган поезддин машинистине диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксатты тапшыргандан кийин,  поездди арт жагы менен айдайт.

Автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүктөрдө, поездди арт жагы менен айдоо  мүмкүнчүлүгү тууралуу буйрук же диагоналында кызыл сызыгы бар ак тустүү бланкадагы уруксат токтоп калган поезд менен бекеттин кирүүчү сигналынын (же «Бекеттин чек арасы сигналдык белгисинин) ортосундагы жолдун тилкеси башка поезддерден бош болгон учурда гана, токтоп калган поезддин машинистине берилиши мүмкүн.

Автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүктө, жөнөп кетип бара жаткан  поезд биринчи тосмо- тилкени бошотпостон токтосо, поездди кирүүчү сигналга же «Бекеттин чек арасы» сигналдык белгисине чейин арт жагы менен айдоо бекеттин нөөмөтчүсүнүн уруксаты менен өтмөлүктү жаппастан жүргүзүлүшү мүмкүн:

«Поезда Nдин машинистине ______ кирүүчү сигналга чейин арт жагы менен айдаганга уруксат берем («Бекеттин чек арасы» деген сигналдык белгиге чейин).

БН _________ (бекеттин аталышы жана колу)».

7.16. Өтмөлүктө токтоп калган поездин жөнөө бекеттинин кирүүчү сигналына чейинки (же «Бекеттин чек арасы» деген сигналдык белгиге чейин) арт жагы менен айдоонун ылдамдыгы  саатына 5км.ден ашпашы керек. Өтмөлүктө арт жагы менен бара жаткан поезддин алдында (өтмө аянтчада же вагондун атайын асма тепкичинде) локомотивдик бригаданын кызматкери, кондуктор же машинисттин көрсөтмөсү боюнча башка кызматкер болушу керек.

Өтмөлүктө мотор вагондук поезддерди, атайын өзү жүрүүчү курамды, жалгыз локомотивдерди арт жагы менен айдоо сигналдардын жардамы аркылуу  жана кыймылдуу курам көрүнө турган жерге токтоону камсыз кыла турган ылдамдыкта жүргүзүлөт. Мотор вагондук поезддин машинисти башкаруунун башкы кабинасына  (арт жагы менен айдоонун багыты боюнча башкы) өтөт.

Эгерде жөнөтүлгөн поезддин куйругу бекеттин чек арасынан али да чыга элек болсо, анда мындай поездди арт жагы менен айдоо зарыл болгон учурда, бекеттин нөөмөтчүсүнүн оозеки көрсөтмөсү боюнча маневрдик тартип менен саатына 5 км.ден ашпаган ылдамдык менен жүргүзүлөт. Өтмө аянтчада же арт жагы менен бара жаткан  поезддин вагонунун кыймылынын биринчи жүрүшү боюнча атайын асма тепкичте  локомотивдик бригаданын кызматкери же кондуктор, бекеттин көрсөтмөсү боюнча башка кызматкер болушу керек.

7.17. Өтмөлүктөн кайтып келе жаткан поезддерди бекетке кабыл алуу, ушул Нускаманын 9.30 пунктунда белгиленген тартипке ылайык, ачык кирүүчү светофор же светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жүргүзүлөт.

Арт жагы менен келген поездди бекетке кабыл алуу үчүн каттам даяр болгон учурда, ушул Нускаманын 7.15 пунктунда каралган өтмөлүктө арт жагы менен айдаганга уруксат поездди бекетке кабыл алуу буйругу менен айкалыштырылышы мүмкүн. Ушундай учурларда, кирүүчү светофордун бар экенине жана кабыл алуунун шартына карай, арт жагы менен айдоого уруксаттын текстти сөздөр менен толукталат, мисалы: «жана айда _________жолго. Кирүүчү светофор ачык»; «жана айда________ жолго кирүүчү  светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө. Кабыл алуунун каттамы даяр»; «жана айда ________ жолго. «Кабыл алуунун каттамы даяр».

 

Өтмөлүктө токтоп калган поездге артта келе жаткан поезддин локомотиви менен жардам көрсөтүү

 

7.18. Автотосмолооч менен жана поезддик радио байланышы менен жабдылган тилкелерде, жакшы көрүнгөн шартта өтмөлүктө токтоп калган поездге жардам көрсөтүү үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон нерселер:

токтоп калган поезддин аркасынан өтмөлүктө бара жаткан жалгыз локомотив;

токтоп калган поезддин аркасынан өтмөлүктө бара жаткан жүк поезддинин курамынан ажыратылган локомотив;

жетектөөчү локомотиви андан  ажыратылбаган , аркада бара жаткан жүк поезди.

Жаралган кырдаалга эки локомотивдин машинисттери ар тараптан баа бергенден кийин, аларга берилген поезддик диспетчердин  катталган буйругу менен жардам көрсөтүүнүн тигил же бул ыкмасы ишке ашырылат.

Жардам көрсөтүү үчүн, адам ташыган жана 1(ЖЗ) класстагы коркунучтуу жүктөр жүктөлгөн вагондору бар поезддерден локомотивди ажыратууга тыюу салынат. Жана ошондой эле, мындай поезддердин локомотивин курамдан ажыратпай туруп жардам көрсөтүү үчүн пайдаланууга болбойт.

7.19.Эгерде жардам токтоп калган поезддин аркасынан өтмөлүктө бара жаткан жалгыз локомотив менен көрсөтүлсө, буйрук төмөндөгүдөй формада берилет:

«Поезд N _____локомотивинин машинистине. Астыда токтоп калган поезд N    жардам көрсөткүлө. ПД __________».

Артта келе жаткан жүк ташыган поезддин курамынан ажыратылган жалгыз локомотив менен жардам көрсөтүлгөндө буйрук төмөндөгүдөй формада берилет: «Поезд N ________машинистине. Поезддин курамын бекемдегиле, андан ажыраткыла жана астыда токтоп калган  поезд N ______ жардам көрсөткүлө. ПД _________».

Ушундай буйрукту бергенге чейин, поезддин диспетчери локомотиви ажыратыла турган поезддин курамы ынгайлуу профилде жайгашканына жана ушул Нускаманын 7.2 пунктунда каралган тартипке ылайык  бекитилгенине ынанышы керек. Кетип калбашы үчүн, локомотивдин машинистине вагондорду бекитпей туруп, локомотивди поезддин курамынан ажыратууга тыюу салынат.

7.20. Поезддик диспетчердин буйругун алгандан кийин, жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылган локомотивдердин машинисттерине ээленген тосмо-тилкеге айдап барууга жана астыда турган поезддин жанына жеткенде токтой алгандай ылдамдыкта кыймылды улантууга уруксат берилет. Ошол поезддин курамына чейин жетпей машинист токтошу керек, вагондун куйругундагы авточиркегичти өзү карап жана локомотивдин авточиркегичин  «буферге» абалына бекемдеп, ошондон кийин гана абайлап курамга жакын айдашы керек. Биринчи поезддин машинисти берген сигнал (көрсөтмө) боюнча түртүү башталат, андан-ары эки локомотивдин тең машинисттери бири-бири менен радио аркылуу байланышты кармап жана өзүлөрүнүн иш аракетин макулдашып туруулары керек. Жардам көрсөтүү керек болбой калган маалда,  жетектөөчү локомотивден берилген сигнал (көрсөтмө) боюнча экинчи локомотив түртүүнү токтотот.Эгерде жардам токтоп калган поезддин аркасында бара жаткан жалгыз локомотив аркылуу көргөзүлсө, анда  түртүүнү токтоткондон кийин, ал  автотосмолоочтун сигналдарына таянып, өз алдынча кыймылды улантат.

Артта келе жаткан поездден ажыратылган локомотив менен жардам көрсөтүүдө, ошол локомотив түртүүнү токтоткондон кийин калтырылган курамга кайтып келет. Эгерде ушул локомотив жардам көрсөтүү процессинде поезд менен чогуу алдыда жайгашкан бекетке келсе, анын кайра өтмөлүктө калтырылган курамга кайтышы бекеттин нөөмөтчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча, өтмөлүктү ээлегенге кошумча уруксатты тапшырбастан жүргүзүлөт.                                                                     Калтырылган курамга жетпей машинист локомотивди токтотот жана авточиркегичтин чиркегенге даярдыгына жеке өзү ынанат.Курамга чиркешүү үчүн локомотивдин андан-аркы кыймылы өзгөчө этияттык менен улантылат.

Локомотивди чиркегенден жана белгиленген басымга чейин токтоткучтук аба магистралын кубаттагандан кийин, автотоктотмолорго кыскартылган байкап сынап көрүү жүргүзүлөт. Андан сон локомотивдик бригаданын кызматкерлери же башкы кондуктор вагондордун алдынан токтоткуч чокойлорду алышат жана кол токтоткучтарын түшүрүшөт.

7.21. Жетектөөчү локомотивин андан ажыратпай туруп артта келе жаткан поезд менен өтмөлүктө токтоп калган поезддге  жардам көрсөтүү,  башка арга жок кээ бир учурларда, темир жолдун жетекчилиги аныктаган тилкелерде гана, жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылган поезддин салмагы жана узундугу белгиленген ченемден ашпаган шартта гана жүргүзүлөт. Жардам көрсөтүүнүн ушундай ыкмасын колдонууга уруксат берилген тилкелерди жана өтмөлүктөрдү аныктоо менен бирге, темир жолдун жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин (поезддик диспетчерлер, поезддик локомотивдердин машинистери, бекеттин нөөмөтчүлөрү жана у.с) иш-аракетинин тартиби да аныкталышы керек.

7.22. Өтмөлүктө ажырап кеткен жүк ташуучу поезддин бөлүктөрүн бириктирүү үчүн жардам көрсөтүү ушул Нускаманын 7.10 пунктунда каралган учурларда гана, ажырап кеткен поезддин машинистинин өтүнүчү боюнча гана жүзөго ашырылат.

Жардам көрсөтүү  тууралуу диспетчердин буйругу ушундай учурларда форма боюнча:

«Поезд N _____локомотивинин машинисти. Куйрук вагондорго бириккиле,  алдыда токтоп калган поезд  N ______ажырап кеткен жана ушул вагондордун курамдын баш жагындагы бөлүгү  менен биригүүсүндө жардам көрсөтүнүз. БН __________», деп берилет.

Жалгыз локомотив мененби же артта келе жаткан поезддин локомотиви курамы менен чогуу жардам көргөзүлүп жатабы ага  карабастан, поезддин ажырап кеткен бөлүгүндөгү акыркы вагонго жардам көргөзүп жаткан локомотивди чиркейт. Андан –аркы иш-аракет ушул Нускаманын 7.9 пунктунда каралган талаптарды алардын аткаруусунан кийин, биринчи поезддин машинистинин көрсөтмөсү боюнча жасалат. Ажырап кеткен вагондордун ортосундагы аралыкка, баш жагындагы жана курамдын ажырап кеткен бөлүгүндөгү вагондордун санына, жолдун профилине ж.б. карай, бириктирүү же биринчи поезддин баш жагындагы бөлүгүн арт жагы менен айдоо жолу менен же аларды биринчи поезддин баш жагындагы бөлүгүнө бириктиргенге чейин, ажырап кеткен вагондорду түртүп жылдыруу жолу менен  жүргүзүлүшү мүмкүн. Ажырап кеткен бөлүктөр бириккенден кийин экинчи поезддин машинистинин жардамчысы акыркы вагондон локомотивди ажыратат жана эки поезд тең автотосмолоочтун сигналына карап, кыймылды өз алдынча улантышат.

7.23. Автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүктөрдө,   алардын андан-аркы өз алдынча кыймылы мүмкүн болбогон учурларда, өтмөлүктөн   жалгыз локомотивди же атайын өзү жүрүүчү курамды жакынкы бекетке чыгаруу артта келе жаткан поезд менен, локомотивин поезддин курамынан ажыратпай туруп ишке ашырылышы мүмкүн. Бул ошондой эле, эки локомотивдин машинистине тен жана алдыда жайгашкан бекеттин нөөмөтчүсүнө берилген поезддик диспетчердин буйругу менен дагы ишке ашырылат. Ушундай учурда токтоп калган локомотивди (атайын өзү жүрүүчү курамды) артта келе жаткан поезддин локомотиви менен чиркештирет. Жакынкы бекетке чейинки жүрүп бара жаткандагы ылдамдыгы саатына 25 км.ден ашпашы керек.

Тилкелерде ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгүн жолдун профилине жана мерчемине карата темир жолдун жетекчилиги аныктайт.

7.24.Эгерде автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүк менен бара жаткан жүк поезди өр жерде токтоп калса жана кыймылын андан-ары улантуу үчүн аны бир топ эле жумшагыраак профилге артка айдаш керек болсо, анда  артта калган бекет поезддерден бош болгон жана жолдун бекетке чейинки тилкеси поезддин куйругунан бош болгон учурларда,  поезддик диспетчердин локомотивдин машинистине берген катталган буйругу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн:

«Поезд N ______ машинистине курамды женилирээк профилге артка айдаганга уруксат берем, кирүүчү сигналга чейинки жолдун тилкеси

(«Бекеттин чек арасы» деген сигналдык белги) бекеттин________  поезддерден бош.

Өтмөлүк кыймыл үчүн жабык. ПД __________».

7.25.Мотор вагондук поезд өтмөлүктө токтоого аргасыз болгондо жана ал кыймылын өз алдынча  андан-аркы улантууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, өтмөлүктөн чыгаруу үчүн ага анын аркасынан келе жаткан мотор вагондук поездди эки эселенген курам менен  биринчи жолдо кезиге турган бекетке чейин чиркештирүүгө уруксат берилет. Эки поезддин тең автотоктоткучтары  жалпы магистралга карата күйгүзүлүп турушу керек.

Курамдарды кошуу эки поезддин тен машинистине берилүүчү (ушул максат үчүн колдогу байланыштын бардык каражатын пайдалануу менен) поезддик диспетчердин катталган буйругу менен  төмөндөгүдой формада жүргүзүлөт.

«Поезддердин машинисттери N ______ жана N ______ поезддерди кошкула жана эки эселенген  курам менен  бекетке чейин айдагыла. ПД__________».

Биринчи поезддин башкы кабинасынан кошулган поезди башкаруу мүмкүн болбогон учурларда, поезд жана токтотмолорду башкаруу экинчи поезддин башкы кабинасынан жүргүзүлөт.Ушул учурда саатына 25 км.ден ашырбай гана айдаш керек.Биринчи поезддин башкы кабинасында кыймылга байкоо сала турган машинист болушу жана зарыл учурда чукул токтотмо менен токтоого чара көрүшү керек.

Эки эсеге көбөйгөн курамдарды бириктирүүдө жана айдоодо эки поезддин тең локомотивдик бригадаларынын иш-аракетинин тартибин жергиликтүү шартка ылайык, темир жолдун жетекчилиги аныктайт.

7.26. Өтмөлүктө жүргүнчү поезди токтогонго мажбур болгондо, качан анын өз алдынча андан-аркы кыймылы мүмкүн болбогондо, жүргүнчү поезддин алдыда же артта жайгашкан бекетке чыгарып алып кетүү менен, ушул поезддге жардам баш жагынан да, куйрук жагынан да жардамчы локомотив менен көрсөтүлүшү мүмкүн. Жардамчы локомотивдин машинисти алдыда боло турган кыймылдын багыты тууралуу жүргүнчү поезддинин машинистине эскертиши керек. Ал өз кезегинде жүргүнчү поезддинин начальнигин (механик-бригадирге) жана узатуучуларды эскертет.

 

ДУ-64 формасындагы бланк

 

УРУКСАТТЫН КОРЕШОГУ УРУКСАТ

N ________________ N ____________

 

Бекет (штемпель) Бекет (штемпель)

 

«___» __________ 20__ ж. «___» ___________ 20__ ж.

 

Поезд N _____уруксат берем  локомотив менен Поезд N __  уруксат берем локомотив менен N ___ өтмөлүккө жөнөгөнго _____ N _________ өтмолүкко жөнөгөнгө жол ________ менен чейин _______ км үчүн ________ жол ______ менен чейин _______ __________________________________ км үчүн ___________________________ Ушул уруксат укук берет.Ушул уруксат бекеттин  чыгуучу сигналында поезддерди өтүп кетүүгө укук берет. Бекеттин  чыгуучу сигналында тыюу салуучу көрсөткүчү менен жана тыюу салуучу көрсөткүчүндө жана өтмөлүк бою айдоодо өтмөлүктөн тышкары айдоодо автотосмолоочтун өтүүчү светофорунун көрсөткүчтөрүнө карай өтүүчү  светофордун көрсөткүчүнө карабастан. Автотосмолоочтун светофорлоруна карай

 

Бекеттин нөөмөтчүсү ______________ Бекеттин нөөмөтчүсү ______________

 

(диагоналы боюнча кызыл сызыгы бар ак түстө)

 

Эскертүү. Жабык өтмөлүккө кандай максат үчүн поезд жөнөп бара жатканы көрсөтүлүшү  керек, мисалы: «өтмөлүктөн  поезд N _____чыгаруу үчүн бекетке _______», »  өтмөлүктө токтоп калган поезд N _____ түртүү үчүн жана  түрткөндөн кийин бекетке ________кайра кайтып келүүсү (келип токтоосу»   өтмөлүктө жолдорду оңдоо боюнча жумуштардын өндүрүшү үчүн (келип токтоо) жана кийинки кайра кайтып келүүсү бекетке_______ жумуштун жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча» ж.у.с.

 

 

8 Бап

Темир жолдун жолдорунда жана курулмаларындагы иштердин өндүрүшүндө атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын, чарбалык поезддердин кыймылы

 

8.1.ТИЭнин 8.3 пунктуна ылайык, курулмаларды жана орнотмолорду ондоо, эреже катары, поезддердин кыймылынын ыраатамасын бузбастан, кыймылдын коопсуздугун жана эмгекти коргоону камсыздоо менен бирге жүргүзүлүшү керек.

Көлөмү боюнча чоң ондоо жана курулуш иштеринин өндүрүшү үчүн, поезддердин кыймылынын ыраатамасында терезе каралышы керек жана ушул жумуштардын натыйжасында ылдамдыкты чектөө эске алынышы керек.

Жолду, жасалма курулмаларды, контактык желени  жана СБТнын орнотмолорун өз абалында кармап туруу үчүн учурдагы жумуштарды аткаруу үчүн, темир жолдун жетекчилиги бекиткен тартипке ылайык, поезддердин кыймылында каралган узактыгы 1.5, 2 саатка созулган технологиялык терезе, ал эми машиналардын комплекси менен, адистештирилген бригадалар жана механизациялаштырылган колонналар менен ушул жумуштарды аткаруу өндүрүшүндө -3-4 саат болгон  терезе берилиши керек.

Поезддердин кыймылынын иш ырааттамасында каралбаган мезгилде  аткарылып жаткан, жолду, контактык желени, СБТ орнотмолорун жана байланышты жана башка курулмаларды жана орнотмолорду ондоо боюнча жумуштар эреже катары, өтмөлүктү жаппастан жүргүзүлүшү керек.

Эгерде ушул жумуштарды аткаруу кыймылды  тыныктыруу зарылчылыгын чакырса, анын башталышы жана аякташынын так убактысын темир жолдун бөлүмүнүн начальниги жумуштун жетекчиси менен биргеликте аныктайт жана ташуу кызматынын начальниги менен макулдашат же темир жолдун башкы инженери тарабынан аныкталат.

Кыймылды тыныктырууга алып келе турган жумуштардын өндүрүшүнүн учурунда, жана ошондой эле, кыймылдын  иш ыраатамасында терезе каралган өндүрүш үчүн,  жумуштардын жетекчиси поезддик диспетчер менен үзгүлтүксүз байланышты (телефон же радио аркылуу) түзүүгө милдеттүү.

Поезддердин кыймылынын  иш ыраатамасындагы терезе сутканын караңгы убагында каралган тилкелерде, жумуштардын  жетекчиси  жумуштун өндүрүшү  жүруп жаткан жерди жарык менен камсыздандырууга милдеттүү.

ТИЭнин 8.8 пунктуна ылайык, бир жолдуу өтмөлүктө иш өндүрүшү үчүн өтмөлүктү, ал эми эки жолдуу же көп жолдуу тилкеде бир же бир нече жолду жабуу темир жолдун  бөлүмүнүн начальнигинин уруксаты менен жана ташуу кызматынын начальнигинин же темир жолдун башкы инженеринин макулдугу боюнча ишке ашат.

Башка арга жок учурларда гана, улуттук ташуучунун жетекчилигинин уруксаты менен, ушул темир жолдун башка тилкелери боюнча поезддерди айлантып өткөрүү зарылчылыгын пайда кылган өтмөлүктүн жана жолдун жабылышына жол берилет.

Өзүнүн мүнөзү боюнча өтмөлүктүн, (өтмөлүктүн же бекеттин жолу) өтмөлүктүн же бекеттин башкы жолунун, жана ошондой эле, бекеттин кабыл алуучу-жөнөтүүчү жолунун жабылышын талап кылган ондоо жана куруу жумуштарынын өндүрүшүнө темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин же темир жолдун жетекчилигинин уруксаты алынышы керек.

8.2. Өтмөлүктү же өзүнчө жолду жабуу макулдашылган иштердин өндүрүшүнүн уруксатында, өтмөлүктү же өзүнчө жолду жабуу макулдашылган  убакыт жана ушул жумуштарга бирдиктүү жетекчилик жүргүзгөн адамдын фамилиясы көрсөтүлүшү керек.Жумуштардын жетекчисинин фамилиясын жана кызматын поезддик диспетчер өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин нөөмөтчүлөрүнө маалымдоого милдеттүү.

Темир жолдун жетекчилиги же темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин уруксатында көрсөтүлгөн ушул жумуштардын жетекчиси жок болгон учурларда,  өтмөлүктө жана бекетте жумуштардын өндүрүшү үчүн «терезе» берүүгө тыюу салынат.

8.3. Өтмөлүк  жабылардын алдында жумуштардын жетекчиси өтмөлүктү чектөөчү  бекеттердин нөөмөтчүлөрүнө жана поезддик диспетчерге чарбалык поезддердин жабык өтмөлүккө жөнөөнүн ыраатуулугу тууралуу өтүнмө берүүгө  милдеттүү. Ар бир поезддин  жабык өтмөлүктөгү (же башкы жолдогу) жана ошондой эле, жумуштар бүткөндөн кийин алар бара турган бекеттеги алгачкы токтоосунун километрин көргөзгөндөн кийин диспетчердик буйруктардын журналына жазыщы керек.

8.4. Өтмөлүктүн (жолдун) жабылышы менен жумуштардын  башталышынын мөөнөтү келгенде, поезддик диспетчер анын  поезддерден бош экенин же эки жолдуу жана көп жолдуу тилкелерде тийиштүү жолдун бош экенин аныктагандан  кийин өтмөлүктү чектөөчү бекеттин нөөмөтчүсүнө жана жумуштун жетекчисине жабуу тууралуу буйрук берет.

Кээ бир гана учурларда жумуш жүрүп жаткан жерде телефондук же радио байланышы жок болгондо, өтмөлүктүн же жолдун  жабылышы анык экендиги жөнүндөгү буйрукту поезддин диспетчери жумуш жүрүп жаткан жерге жакын бекеттин нөөмөтчүсү аркылуу (телефон менен же жумуш жүрүп жаткан жерден бирөөнү чакыртып, колуна тапшырат) жумуштун жетекчисине берет.

Жумуштун жетекчиси поезддик диспетчердин буйругун (жазуу түрүндө, телефон же радио байланышы аркылуу) жана жумуш кылына турган жерди белгиленген сигналдар менен курчоого алмайынча, жумушка киришүүгө тыюу салынат.

8.5. Курулмаларды жана орнотмолорду ондоо үчүн жабылган өтмөлүккө (же өтмөлүктүн жолуна) атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын кээ бир бирдиктерин камтуу менен чарбалык поезддерди жөнөтүү (мындан-ары ушул Нускаманын 8 бапында өтмөлүккө жөнөтүүдө – чарбалык поезд деп аталат),ушул Нускаманын 9.24 пунктундагы талаптарды аткаруу менен диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат боюнча (ДУ-64 формасындагы бланк 104 бетте келтирилген) жүргүзүлөт. Жумуштун жетекчисинин өтүнмөсүнө ылайык, уруксатта ар бир поезддин алгачкы токтогон жери (километр) көрсөтүлөт.

8.6. Ушул Нускаманын 8.2 пунктуна ылайык, жабык өтмөлүктө (жолдо), ар башка организацияларга таандык, бирок темир жолдун жетекчилигинин же темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин уруксатында көргөзүлгөн бир кызматкердин жетекчилиги  алдында болгон  бир нече  чарбалык поезддер бир эле убакта иштей алат.

Чарбалык поезддердин ар биринин локомотивинин машинисти диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксатта  көрсөтүлгөн жерге чейин айдап барышы керек. Биринчи поезд белгиленген ылдамдык менен, кийинкилери -20 км/с ашырбай айдашат.Ушул поезддердин арасындагы аралык 1 км.ден аз эмес болушу керек. Эгерде жөнөө бекетинен жумуш жүрүп жаткан жерге чейинки аралык бир багытты көздөп бара жаткан поезддердин арасында 1км.ден аз эмес интервалды кармоого жол бербесе, анда жумуштун жетекчисинин өтүнмөсүнө ылайык, ар бир чарбалык поезддге берилген диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксатта алгачкы токтоосунун километри жана пикети көрсөтүлүшү керек.

Жабык өтмөлүккө чарбалык поезддерди коңшу өзүнчө бөлүнгөн пункттардан бири — бирине карама-каршы жөнөтүүдө эки бекеттин тен нөөмөтчүлөрү поезддик диспетчердин көрсөтмөсү боюнча диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксатка жөнөө максаты жөнүндө жазышкандан кийин, форма боюнча жазуу киргизет:

«Өтмөлүккө бет маңдай каршы бараткан чарбалык поезд N ____жөнөтүлдү. Өзгөчө кыраакылыкты сактагыла»

Жабык өтмөлүккө ар кайсы өзүнчө бөлүнгөн пункттардан бири-бирине карама-каршы жөнөтүлүүчү чарбалык поезддер уруксатта көрсөтүлгөн жерге чейин гана барышы керек. Ал жерге жумуштун жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча токтоонун  ташыма сигналы орнотулат.Ал ташыма сигнал кызыл кол сигналы менен анын жанында  турган сигналчынын кайтаруусунда болот.  Бет маңдай жүрүп келе жаткан поезддердин токтоо пунктарынын аралыгы1км.ден аз болбошу керек. Чарбалык поезддин локомотивинин машинисти (атайын өзү жүрүүчү  кыймылдуу курам) уруксатта көрсөтүлгөн жерге токтогондон кийин радио байланышы аркылуу бет маңдай келе жаткан чарбалык поезддин локомотивинин машинистине жана артынан келе жаткан чарбалык поезддердин  жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын  машинисттерине өзүнүн турган орду тууралуу маалымдайт.

Токтогондон кийин, өтмөлүктө чарбалык поезддердин (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын) андан-аркы жылуусу жумуштун жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча саатына 20 км.ден ашык эмес ылдамдыкта өзгөчө кыраакылык менен жүргүзүлөт.Жумуштун өндүрүшү жүрүп жаткан жердин башталышына чейин бет маңдай келе жаткан чарбалык поезддердин (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын) машинисттери бири- бирин өзүлөрүнүн мындан аркы кыймыл –аракети тууралуу радио байланышы аркылуу кабарлашат.

8.7. Эгерде жумуш автотосмолооч менен жабдылган өтмөлүктө жүргүзүлсө, анда поезддик диспетчердин макулдугу менен жумуш жүрүп жаткан жерге чарбалык поезддерди автотосмолоочтун сигналы боюнча өтмөлүктүн жабылышын күтпөй эле жөнөтүүгө уруксат берилет.

Ар бир поезддин машинистине жумуштун жетекчисинин өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн өтмөлүктөгү токтоочу жери тууралуу эскертүү берилет.

Жабыла турган өтмөлүккө ушундай поезддерди жөнөтүүдө, жумуштун жетекчисине же өтмөлүктүн жабылышы жөнүндөгү поезддик диспетчердин буйругун алгандан жана поезд өтмөлүктөгү шартталган жерге токтогондон кийин локомотивдин машинистине тапшыра турган  анын ыйгарымдуу кызматкерине диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат (ДУ -64 формасындагы бланк) тапшырылат. Чарбалык поезддерден мурун жөнөтүлгөн поезддерден өтмөлүк же тиешелүү жол бошогондон кийин, оңдоо жумуштары үчүн өтмөлүк поезддик диспетчердин буйругу менен жабылат.

8.8. Автоматтык тосмолооч менен жабдылбаган, ыңгайлуу мерчемге жана жолдун профилине ээ, жүрүш убактысы боюнча чоң өтмолүктөрдө, өтмөлүктүн жабылышын күтпөстөн эле, мурдараак жөнөтүлгөн жүк поезддинин аркасынан, бирок ал жөнөп кеткенден кийин 10 минутадан кем эмес убакытта, поезддик диспетчердин көрсөтмөсү менен чарбалык поезддерди жумуш жүрүп жаткан жерге жөнөтүүгө уруксат берилет.

«Өтмөлүктүн жабыла турганына байланыштуу _________ (_______ өтмөлүктүн жолу) жумуштардын өндүрүшү үчүн ушул өтмөлүккө жөнөтүүгө уруксат берем   _______ жол менен бекеттен чарбалык поезддерди_______  поезд N _____артынан. ПД (колу)».

Ушундай учурда чарбалык поезддин ар бири диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксат боюнча жөнөтүлөт. Жетекчинин өтүнмөсүнө  ылайык, уруксатта ар бир поезддин өтмөлүктө алгачкы токтоочу жери (километр) көрсөтүлөт. Биринчи чарбалык поезддин машинистине  эскертүү да тапшырылат:

«Сиздин алдыңызда  ____ с ____ мин келип токтогондугу тууралуу кабар билдирилбеген поезд N ____жөнөтүлдү.

Чарбалык поезддерди өтмөлүктө айдап өтүүдө ушул Нускаманын 8.6 пунктунда каралган тартип сакталышы зарыл.

8.9.Бекеттен бир убакта аткарылуучу жумуш үчүн бир поездде жөнөтүлүүчү чарбалык поезддер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам өтмөлүктө жумуштун жетекчисинин  жана  көрсөтмөсү боюнча ажыратылышы же бириктирилиши мүмкүн.

Болжолдуу курамды жана ушундай поезддерде атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды  жайгаштыруунун  тартиби Жол жумуштарынын өндүрүшүндө поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Нускамага ылайык, жумуштардын жетекчиси белгилейт.

Жетекчинин көрсөтмөсү боюнча алардын өтмөлүктөгү аткара турган жумушу үчүн бири –бири менен бириктирилген  бир нече чарбалык поезддерди бекеттен жөнөтүүдө, ар биринин машинистине өз-өзүнчө чарбалык поезддин ар бирине өзүнчө номер ыйгарылган диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү уруксат (ДУ-64 формасындагы бланк) берилиши керек.

8.10.Чарбалык поезддер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам өтмөлүктөгү же бекеттин тегерек-четиндеги жумуштардын өндүрүшүндө жумуштардын жетекчиси же анын ыйгарымдуу кызматкери менен коштолушу керек.

Темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин же темир жолдун начальнигинин орун басарынын көрсөтмөсү менен чарбалык поезддерге керектүү учурларда башкы кондукторлор дайындалышы мүмкүн.

8.1.Жумуштардын өндүрүшү үчүн поезддердин кыймылындагы белгиленген тыныгуу аяктайын деп калганда, акыркы калган жумуштар толук бүткөрүлүп, курулмалар жана орнотмолор поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу абалга келтирилип жана эгер керек болуп калса, ылдамдыкты азайтуу сигналдары жана тийиштүү сигналдык белгилер калтырылуу менен, токтоо сигналдары алынышы  керек.

8.12. Өтмөлүктөн чарбалык поезддерди жөнөтүү поезддик диспетчер менен алдын-ала макулдашылган жумуштардын жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.

Өтмөлүктон чарбалык поезддердин кайтуусунун белгиленген тартиби тууралуу поезддик диспетчер өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин нөөмөтчүлөрүнө билдирет.

Чарбалык поезддердин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштери бүткөндөн кийин жумуштардын жетекчиси жумуш тилкесинин туш тарабындагы жолду жана башка оңдолуп жаткан орнотмолорду жеке өзү же кол алдындагы кызматкерлер аркылуу карап чыгууга милдеттүү.Нормалдуу кыймылга тоскоол болуп жаткан  кемчиликтерди ошол замат жоюуну камсыздоо менен бирге  белгиленген габаритердин чегинен тышкары жүктөр жок экенин да текшерет.

8.13.Эгерде автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө чарбалык поезддер жумуштар бүткөндөн кийин бекетке туура жол менен жөнөтүлсо, анда алардын кыймылы машинисттерде диагоналында кызыл сызыгы бар ак түстөгү бланкадагы уруксаты (ДУ-64 формасындагы бланк) бар же жок экенине карабастан, автотосмолоочтун сигналы боюнча белгиленген ылдамдык менен  жүргүзүлөт.

Калган учурларда өтмөлүктөгү  жумуштан кайтып келе жаткан чарбалык поезддердин (биринчиден башкалары) жүрүү ылдамдыгы сатына 20 км.ден ашпашы керек, ал эми алардын ортосундагы аралык 1 км. ден кем болбошу зарыл.

8.14. Өтмөлүктүн (жолдун) ачылышы дистанциялык жолдун начальнигинен же анын ыйгарымдуу кызматкеринен (кызматы боюнча жол мастеринен ылдый эмес) жол жумуштарынын же жасалма курулмалардагы жумуштардын бүткөрүлгөндүгү тууралуу, өтмөлүктө чарбалык поезддердин,атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын (же алардын эки жолдуу өтмөлүктүн туура жолу боюнча жөнөтүлгөндүгү тууралуу), жана ошондой эле, кайсы организация жумуштарды аткарганына карабастан, поезддердин коопсуз кыймылы үчүн башка тоскоолдуктар тууралуу кабарламаны (жазуу түрүндө, телефон же радио байланышы аркылуу) алгандан кийин гана, поезддик диспетчердин буйругу менен жүргүзүлөт. Кабарлама поезддик диспетчерге түздөн-түз же жакынкы бекеттин нөөмөтчүсү аркылуу берилет.Телефон же радио байланышы аркылуу алынган кабарламаны поезддик диспетчер диспетчердик буйруктардын журналына жазат.

Сигнализация жана байланыштын же электр жабдууларынын каражаттарынын иш-аракетин кайра калыбына келтирүү (эгер алар иштебей жатса) СБТнын жана байланыштын улук электр механигинен же энергия диспетчеринен кабарламаны алгандан кийин жүргүзүлөт.

8.15. Автотосмолооч менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө, поезддердин кыймылы үчүн тоскоолдуктар жок болсо, автотосмолооч иштеп турса жана жумуш жүрүп жаткан жерден чарбалык поезддер (атайын өзү жүрүүчү  кыймылдуу курамдын) туура жол менен жөнөтүлсө, коңшу бекетке бардык чарбалык поезддердин (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу) курамдын келип токтоосун күтпөстөн эле, оңдоо жана курулуш иштери аяктагандыгы тууралуу кабарламаны алгандан кийин,  автотосмолооч боюнча поезддердин кыймылы үчүн өтмөлүктү ачууга  поезддик диспетчерге уруксат берилет.

8.16. Жумуштан кийин өтмөлүктөн биринин артынан- бири келе жаткан чарбалык поезддерди жана атайын  өзү  жүрүүчү кыймылдуу курамды бекеттин так эле ошол жолуна же кыймылдуу курам ээлеген башка жолдун бош тилкесине кабыл алууга уруксат берилет. Өтмөлүктөн келе жаткан поезддер ушул Нускаманын 9.30 пунктунда каралган тартипке ылайык, кирүүчү светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө бекеттин жолунун бош тилкесине кабыл алынат. Поездди бекетке киргизип келе жатканда машинист өзгөчө  кыраакылыкты сактап, жана эгерде кыймылды андан ары улантууга тоскоолдук кезиге турган болсо, дароо токтоого даяр болуп айдашы керек.

8.17.Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн (бириктирилген поезддерди өткөрүү, чектелген убактысы менен поезддердин кыймылы, автотосмолоочтун убактылуу орнотмолорун колдонуу, убактылуу постторду ачуу ж.б.) жакшылап пайдалануу боюнча керектүү чараларды эске алуу менен жолдордун бирин ондоо иштери үчүн жабуу мезгилинде эки жолдуу жана көп жолдуу өтмөлүктөрдө артта калган жол боюнча поезддердин кыймылынын тартиби темир жолдун нчальниги тарабынан аныкталат.

8.18. Өзүнүн мүнөзү боюнча өтмөлүктүн жабылышын талап кылбаган жолду, курулмаларды жана орнотмолорду ондоо боюнча жумуштары эреже катары поезддердин ортосундагы  тыныгууларда аткарылат. Ушундай жумуштарда коопсуздукту сактоонун тартиби улуттук ташуучунун нускамасында белгиленет.

8.19. Курулмаларды жана орнотмолорду ондоо боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатпаган же жумуштун мүнөзү өтмөлүктү (жолду) жабууну талап кылбаган өтмөлүктөргө (өтмөлүктүн жолуна) чарбалык поезддерди жөнөтүү поезддик диспетчердин оозеки көрсөтмөсү боюнча бекеттик посттун нөөмөтчүсү тарабынан ишке ашырылат.

Көрсөтүлгөн поезддер өтмөлүккө сигнализациянын жана байланыштын тийиштүү каражаттары үчүн каралган уруксаттар боюнча жөнөтүлөт.

Жумуштардын жетекчисине жана машинистке келип токтоонун (кайтуунун) убактысы жөнүндө эскертүү берилет. Өтмөлүктү эскертүүдө көрсөтүлгөн убакыттан ашыкча ээлегенге тыюу салынат.

Өтмөлүктөн чарбалык поезд чыкканга чейин жумуштардын жетекчиси нормалдуу кыймыл үчүн тоскоолдук жок экенине ынанышы керек.

8.20. Жол жумуштарынын өндүрүшүндөгү поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускамада белгиленген тартипке ылайык,  эки жолдуу же көп жолдуу өтмөлүктүн жолунун бирөөсүндө, жана ошондой эле, бекеттин кабыл алуучу – жөнөтүүчү же башкы жолундагы  атайын өзү жүрүүчү  кыймылдуу курамдын жумуштарында  жана келип чыккан кырдаалдарга жараша коңшу жол сигналдар менен тосулат. Жумуштардын жетекчисинин өтүнмөсүнө ылайык, ушул жол менен жүрүүчү поезддерге эскертүүлөр берилет.

8.21. Эки жолдуу же көп жолдуу тилкелерде, жана ошондой эле вагондук типтеги кар тазалагычтын же струганын, балластердин, жол койгучтун, которуучу крандын, таш тазалагыч жана башка машиналардын жумуштарында, жана ошондой эле бекеттин кабыл алуучу-жөнөтүүчү же башкы жолунда коңшу жол менен өтүп бара жаткан поезддердин машинистине төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүүлор берилет:

«(Бекеттин өтмөлүгүндө) ______ _____ жолдо жолдук струг (кар тазалагыч) иштеп жатат.  (Өтмөлүктө  (бекетте) айдап бара жатканда өзгөчө кыраакылыкты сактагыла; бүдөмүк көрүнгөн жерлердин алдында эскертүүчү созулган ышкырыкты бергиле».?

Бул эскертүүлөр поезддик диспетчердин көрсөтмөсү боюнча бекеттин нөөмөтчүлөрү тарабынан берилет.

8.22. Бекеттин жолдорундагы жумуштар ТИЭнин 8.7 пунктундагы жана СБНин 3.10,3.11 пункттарындагы талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөт.  Бекеттин нөөмөтчүсү жумуштардын жетекчисинин кароо журналына жазгандарынын мазмуну менен таанышкан сон, посттун нөөмөтчүлөрүнө, сигналисттерге, куроочуларга, жана алар аркылуу бекетте иштеп жаткан локомотивдердин машинисттерине тигил же бул жолго же жолдун тилкелерине кирүүгө болбой тургандыгы тууралуу, ылдамдыкты кыскартуу жөнүндө же жумуш жүрүп жаткан жолдордо жүрүп бара жатканда өзгөчө этият болуулары  тууралуу көрсөтмө берет.Ал эми бир аздан кийин боло турган поезддерди өткөрүү жана маневрдик жылуулар тууралуу бекеттик жолдордо жүргөн  кызматкерлерге  парктык байланыш боюнча кабарлайт же кептик маалыматчыны күйгүзөт.

Ушундай жумуштар жүргүзүлүп жаткан жолдо  поезддерди кабыл алууда зарыл болгон учурларда машинисттерге ылдамдыкты азайтуу же этияттыктын башка чараларын көрүү тууралуу эскертүү берилет.

 

9 Бап

Поездерди кабыл алуу жана жөнөтүү

 

Жалпы талап

 

9.1. ТИЭнин 15.1 пунктуна ылайык, бекеттеги техникалык каражаттарды пайдалануунун тартиби техникалык — тескөө акты менен аныкталат. Бул акт менен бекетте поезддерди коопсуз жана тоскоолдуксуз кабыл алуу, жөнөтүү жана алардын ары — бери жүрүүсү, бекеттин ичиндеги маневрдик иштердин коопсуздугу жана эмгекти коргоонун талаптарын аткаруу жөнгө салынат.

Бардык кызматтардын кызматкерлери үчүн техникалык-тескөө актысы менен белгиленген тартип милдеттүү болуп саналат.

Ар бир поездди кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн каттам өз убагында даярдалып жана кабыл алынып (жөнөтүлүп жаткан)  жаткан поезддин машинисти өз убагында сигналдын ачык абалын кабыл алгандай жана бекетке кирип келе жаткандагы же бекеттен поезддин жөнөтүлүп  жатышындагы кармалуусунда  белгиленген ылдамдыкты азайтууга жол бербей тургандай кылып кирүүчү (чыгуучу) светофор ачылышы керек.

Ар бир поездди кабыл алуунун жана жөнөтүүнүн алдында, бекеттин нөөмөтчүсү жолго чыга турган маневрлерди жана кабыл алуунун (жөнөтүүнүн) каттамын, жана ошондой эле, жебелерди коргоо абалына коюу жолу менен кыймылдуу курамдын поезддин жүрүү каттамына   чыгуусун болтурбай коюу мүмкүн болбогон жолдорго чыгуусун токтотууга милдеттүү.

Бекеттин нөөмөтчүсүнө маневрлердин толук токтогонуна көзү жетмейинче, сигналды ачууга же поездди  кабыл алууга же жөнөтуугө башка уруксат берүүгө тыюу салынат.

Маневрлерди токтоотуунун тартиби, бекеттин нөөмөтчүлөрүнө буйруктарды берүү   жана алардын аткарылышына анын ишениши бекеттин техникалык-тескөө актында белгиленет.

Поезддерди жөнөтүүдө бекеттердин ылгоочу-жөнөтүүчү  парктарындагы маневрлердин өндүрүшүнүн тартибин темир жолдун бөлүмүнүн начальниги же темир жолдун начальнигинин орун басары аныктайт жана бекеттин техникалык- тескөө актында көрсөтүлөт.

9.2. Жебелердин жана сигналдардын электрдик борборлоштурулушу менен жабдылган бекеттерде поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарын даярдоо боюнча бардык операцияларды бекеттин нөөмөтчүсү жеке өзү же анын көрсөтмөсү боюнча борборлоштуруу постунун оператору аткарат. Аткаруучу посттордон борборлоштурулган жебелерди башкарууда бекеттин нөөмөтчүсү поезддерди кабыл алуу же жөнөтүү каттамдарын даярдоо тууралуу бардык буйруктарды борборлоштуруунун аткаруучу постторунун операторлоруна берет жана буйрукту башкаруунун аппаратында тийиштүү иш-аракеттер менен тастыктайт.Берилген буйруктардын туура аткарылышы борбордук башкаруу аппаратынын приборлорунун көрсөткүчү боюнча көзөмөлдөнөт.

Жебелердин жана сигналдардын электрдик борборлоштурулган орнотмолорун пайдалануунун тартиби, жана ошондой эле поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүү үчүн каттамдарды даярдоодо бекеттин нөөмөтчүлөрүнүн жана  борборлоштуруу постторунун операторлорунун  иш-аракеттери СБТнын орнотмолорун пайдалануу жөнүндөгү нускамада жана бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленет. Ушул эле документтерде борборлоштурулган дагы борборлоштурулбаган дагы жебелери бар бекеттердеги кызматкерлердин иш –аракетинин тартиби да аныкталат.

9.3.Жебелери борборлоштурулбаган бекеттерде, бекеттин нөөмөтчүсү поездди кабыл алуу же жөнөтүү каттамын даярдоо жөнүндөгү буйрукту  каттамды даярдоого катышкан  жебе постторунун бардык ага нөөмөтчүлөрүнө так жана айкын, сүйлөшүүлөрдүн  белгиленген регламентин сактоо менен бир эле убакта бериши керек. Жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрүнүн нөөмөтү аныкталбаса, каттамды даярдоо жөнүндөгү буйрук түздөн-түз жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө берилет.

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн каттамдарды даярдоого кирүүчү (чыгуучу) моюнчада, кабыл алуу жолунун карама-каршы  учунда жайгашкан жебе посттору, жана ошондой эле, поездди кабыл алуу же жөнөтүү каттамына кыймылдуу курамдын чыгуусу мүмкүн болгон башка посттор дагы катышышы керек.

9.4. Каттамды даярдоо жөнүндөгү буйрукту бекеттин нөөмөтчүсү жебе постторуна же аткаруучу постторго тийиштүү сигналдын өз убагында ачылышын камсыздоочу убакытта бардык керектүү операциялардын аяктоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бериши керек.

9.5.Каттамдын туура даярдалганын бекеттин нөөмөтчүсү башкаруу аппаратынын приборлорунун көрсөткүчү боюнча текшерет.

Мындай приборлорго ээ болбогон бекеттерде, бекеттин нөөмөтчүсү каттамдын туура даярдалганын жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрүнүн же жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнүн баяндагандары боюнча текшерет.

9.6. Эгерде бекеттеги кээ бир жебелер жебе постторунан бир топ эле алыс жайгашса, жана аларды, эреже катары нормалдуу абалдан чыгарышпаса (башкы жолдун ортосундагы съезддер, башкы жана кабыл алуучу- жөнөтүүчү жолдорго туташма ж.у.с.), анда ар бир кабыл алынуучу жана жөнөтүлүүчү поезддин алдында  алардын абалын жана бузук эместигин текшерүүнүн тартиби белгиленбестен, нөөмөткө туруп жатканда жана мезгил-мезгили менен нөөмөт учурунда гана текшерүүнү белгилөө керек. Мындан тышкары, эгерде каттамды даярдоонун алдында алар маневрдик жылуулар, кароо, ондоолор, ж.у.с.үчүн которуштурулса, анда жебелердин абалы жана оң экени сөзсүз текшерилиши керек. Мындай жебелер ачкычы башкаруу аппараттарында турган көзөмөлдөөчү кулпулар менен жабдылышы керек, ал эми ачкычтан көз каранды болбосо, бекеттин нөөмөтчүсүндө сакталышы керек. Жебелердин номерин көрсөтүү менен ушундай тартипти колдонууга уруксат берилген бекеттердин тизмесин улуттук ташуучунун жетекчилери бекитет.

Ушундай жебелердин абалын текшерүүнүн тартиби бекеттин техникалык- тескөө актында көрсөтүлөт.

9.7. Поездди кабыл алуу же жөнөтүү үчүн каттамдын даяр экендиги жөнүндө баяндамадан кийин, жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө, сигналисттерге жана бекеттин нөөмөтчүлөрүнө каттам даярдалган поезд бекетке келмейинче же бекеттен жөнөп кетмейинче нөөмөттү башка кызматкерлерге өткөрүп берүүгө тыюу салынат. поезд келип токтогонго же жөнөп кеткенге чейин  нөөмөт алмашып жаткан учурда, керек болсо,кайра нөөмөткө туруп жаткан кызматкер нөөмөттү өткөрүп жаткан кызматкердин ушул операцияны аткарганына шылтай салбай, каттамдын туура белгиленгенине жеке өзү ишениши керек.

9.8.Жүргүнчү поезди турган жол менен жүргүнчү имаратынын ортосундагы жолдогу жүк ташыган поезддерди токтотууга эреже катары жол берилбейт. Кээ бир башка айла жок учурларда гана жүргүнчү имараты менен жүргүнчү поезддинин ортосундагы жолдо жүк поезди токтоп турганда жүк поезди ажыратылып, жүргүнчүлөргө өткөндөй жер (эгерде өтө тургандай көпүрө же тоннел жок болсо) ачылышы керек. Куроочу бригадалары жок бекеттерде, улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан кызматкерлердин тизмеси көрсөтүлүү менен ушул операцияларды ишке ашыруунун тартиби белгиленет.

Эгерде жүргүнчү поезди менен жүргүнчү имаратынын ортосунда жайгашкан жол менен поездди, маневрдик курамды же локомотивти өткөрүү зарыл болсо, бекеттин жана вокзалдын нөөмөтчүлөрү жүргүнчүлордү киргизүүдө жана чыгарууда коопсуздукту камсыздоочу чараларды көрүшү керек.

Поезддерди жана маневрдик курамдарды  жүргүнчү поезди турган жол менен жүргүнчү имаратынын ортосунда жайгашкан жол менен өткөрүүнүн тартиби бекеттин техникалык- тескөө актысында каралышы керек.

9.9. Кабыл алуучу-жөнөтүүчү жолдордун электрдик изоляциясына ээ болбогон бекеттердин нөөмөтчүлөрү жүргүнчү, почталык-багаждык жана киши ташыган поезддерди кабыл алуунун алдында, поезддик диспетчерге поезд кайсы жолго кабыл алына тургандыгы жөнүндө билдирүүлөрү зарыл.

9.10. Кээ бир эрежеге баш ийбеген учурларда гана, бекеттин техникалык-тескөө актысында  каралбаган жолго поезддерди кабыл алууга же жолдон жөнөтүүгө  поезддик диспетчердин катталган буйругу менен гана   жол берилиши мүмкүн.Ушундай учурларда бекеттин нөөмөтчүсүндө каттамдагы  жебелердин абалын көзөмөлдөөгө  мүмкүнчүлүк бере турган башкаруу аппараты жок болсо,анда  жүргүнчү, почталык-багаждык, киши ташыган пезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарында жебелердин туура орнотулганы бекеттин начальниги же анын орун басары, бекеттин же парктын нөөмөтчүсү тарабынан текшерилиши керек.

Техникалык-тескөө актысында каралбаган жолго жүргүнчү поезддин кабыл алуу, жана ошондой эле, бекеттин нөөмөтчүсү радио байланышы  аркылуу  локомотивдин машинистине ыраатама боюнча жүргүнчү поезди токтоп турушу каралбаган бекетте,  анын кармалып токтоп турганы  жөнүндө маалымат бериши керек.

Бир машинист тейлеген жүргүнчү поездин кабыл алуунун, жөнөтүүнүн алдында бекеттин нөөмөтчүсү, ал эми диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерде поезддик диспетчер каттамдын даяр экендиги жана сигналдардын ачылганы же поезддин мажбур кармалуусунун зарылдыгы тууралуу машинистти кабардар кылууга милдеттүү. Поезддердин кыймылынын өлчөмүнө жана жергиликтүү шарттарга карай, бекеттин нөөмөтчүсү ушундай кабарды өз убагында машинистке бере албаган бекеттердин тизмеси жана поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун тартиби улуттук ташуучунун жетекчилиги тарабынан аныкталат.

9.11.Борборлоштурулган жебеге ээ бекеттерде, электрдик сүйрөгүч менен поездди кабыл алуу же жөнөтүү үчүн варианттуу каттамдарды пайдалануу  зарыл болгон учурларда, бекеттин нөөмөтчүсү ушундай поезддердин каттай турган каттамы боюнча контакттык желенин бар экенине ынанууга милдеттүү.

 

Поезддерди кабыл алуу

 

9.12. ТИЭнин 16.6 пунктуна ылайык, бекеттин техникалык – тескөө актысында каралган бош жолго ачык кирүүчү сигналда гана бекеттке поезддерди кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал эми жүргүнчү поезддери мындан тышкары автоматтык локомотивдик сигнализациянын жолдук орнотмолору менен жабдылган жолдорго кабыл алынат. Ушундай орнотмолор  менен жабдылбаган жолдорго кабыл алуу учурунда, жүргүнчү поезддеринин коопсуз кыймылын камсыздоочу тартипти темир жолдун жетекчилиги аныктайт.

ТИЭнин 16.4 пунктуна ылайык, бекеттин нөөмөтчүсү поезддерди өз убагында кабыл алуу үчүн, бош жолдордун бар болуусун камсыздоого жана жабык кирүүчү сигналда поезддин эч бир орундуу себеби жок эле кармалып калуусуна жол бербөөгө  милдеттүү.

Поезддерди коопсуз кабыл алууну камсыздоо үчүн бекеттин нөөмөтчүсү:

а) бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленген адистештирилишине  ылайык, кыймылдуу курамдан бош жолго поезддерди кабыл алат;

б) келип жаткан поезддердин жолду биринин артынан бири ээлөөсүн алдын-ала мерчемдейт.

в) кабыл алуучу-жөнөтүүчү жолдордун (башкаруу приборлорунун көрсөткүчү боюнча, аткарылган кыймылдын ыраатамасында жана башка ыкмалар менен) абалын эсепке алууну (бош же ээленген) жүргүзөт.

9.13.Борборлоштурулбаган жебе бекеттеринде бекеттин нөөмөтчүсү, жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрү,  жана жебе  постторунун нөөмөтчүлөрү поезддерди кабыл алуунун алдында каттамдарды даярдоонун төмөнкүдөй тартибин сактоого милдеттүү.

Поезддерди кабыл алуу үчүн бош жолго ээ болуу менен бекеттин нөөмөтчүсү кабыл алуу каттамына кирүүчү жебе постторунун бардык ага нөөмөтчүлөрүн (же жебе постторунун нөөмөтчүлөрүн, эгерде ага нөөмөтчүлөрдүн нөөмөтү  такталбаса) чакырат жана аларга каттамды даярдоо тууралуу буйрук берет.

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча жебе постунун нөөмөтчүлөрүнүн ичинен бирөө баарынын  алдында телефондо ушул буйрукту кайталайт. Ал эми калган баары тең анын сөзүн кандай  кабыл алышканын «Туура» деп кубаттоо менен билгизишет.

Буйрукту туура түшүнгөндөрүнө ишенгенден кийин, бекеттин нөөмөтчүсү «Аткаргыла» деген  сөз менен аны кубаттайт. Каттамды даярдоо тууралуу буйрукту алган сон, жебе постунун ага нөөмөтчүлөрү аны дароо кыймылдын багыты белгиленген өзүнүн аймагындагы жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө аткаруу үчүн берүүгө милдеттүү жана алар аны туура түшүнгөнүнө ишенүүлөрү керек.

Каттамды даярдоого катышып жаткан бардык кызматкерлер  дароо буйрукту аткарууга киришүүгө милдеттүү.

Эгерде каттамды даярдоого катышуучу посттун аймагында алдыда күтүлүп жаткан поездди кабыл алуунун жолуна жана жебелерине чыга турган  маневрдик жумуштар  жүргүзүлүп жатса, анда ал дароо токтотулушу керек, ал кабыл алынуучу поезддин жүрүүсүнө тоскоол болбой тургандай болуп, маневрдик курам жолдун чегинде токтотулушу керек. Буга бекеттин нөөмөтчүсү ушул Нускаманын 9.1 пунктуна ылайык, бекеттин техникалык-тескөө  актында белгиленген тартип менен ишенүүгө милдеттүү.

Бекеттин карама-каршы учундагы  маневрлердин өндүрүшүндө, тийиштүү жебе посттунун нөөмөтчүсү кабыл алуу жолуна маневрдик курамдын чыгып кетишин болтурбай турган абалга жебелерди келтирип жана аларды бекитип салышы керек.

Каттамды даярдап жатып, жебе постторунун нөөмөтчүлөрү кабыл алуу жолунун бош экенин бекетте белгиленген тартип менен текшерүүгө, талап кылган абалга жебелерди которууга, каттамга кирүүчү ар бир жебенин рамалык рельсасына учтукуйлардын жанашышынын тыгыздыгын текшерүүгө жана аларды  түптөп коюуга жана илинме жебе кулпу менен бекитүүгө милдеттүү.

Жумушту жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрү жетектеген аймактарда, өзүнүн аймагындагы жебе постторунун нөөмөтчүлөрү каттамды туура даярдаганын жеке өзүлөрү текшерүүлөрү керек. Жана ошондой эле, жолдун бош экени текшерилгенине ынанып,  жабылган жебелердин ачкычын алууга милдеттүү.

Каттамды даярдоо менен байланышкан бардык операциялар аяктагандан кийин жана алардын туура аткарылганын дыкаттык менен текшергенден кийин каттамды даярдоого  тапшырма алган жебе постунун ар бир ага нөөмөтчүсү (же жебе постунун нөөмөтчүсү) бекеттин нөөмөтчүсүн каттамдын даяр жана жолдун бош экени туралуу баяндоо үчүн чакырат.

Каттамдын даяр болгондугу тууралуу баяндаманы бекеттин нөөмөтчүсү телефондун жанында каттамды даярдоого ташырма берилген жебе постторунун бардык нөөмөтчүлөрүнүн катышуусунда бир убактта эле кабыл алууга милдеттүү. Жебе постторунун нөөмөтчүлөрү кезектешип каттамдын даяр болгондугу тууралуу баяндашат.

Берилген каттамда жебелердин абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү башкаруу аппараттарына ээ бекеттерде, бекеттин нөөмөтчүсү каттамды даярдоо жөнүндөгү буйруктун туура аткарылганына приборлордун көрсөткүчү боюнча да ишенет;

г) каттам туура даярдалганына, жол бош экенине, ал эми маневрлер болсо, ушул Нускаманын 9.1 пунктуна ылайык токтотулганына ынанган сон, бекеттин нөөмөтчүсү кирүүчү сигналды ачат же эгерде сигналды башкаруу ушул постто жайгашса, жебе посттунун нөөмөтчүсүнө аны ачуу жөнүндө буйрук берет.

д) Жебе постторунун нөөмөтчүлөрү даярдалган каттамды коргоого жана чектеш жолдор боюнча өтүүчү жердин болушуна коңүл бурууга милдеттүү. Жебе постторунун нөөмөтчүлөрү белгиленген сигналдар менен бекеттин техникалык — тескөө актысында көрсөтүлгөн жерлерде поезддерди тосуулары  керек;

е) Поезддер жүрүп бара жатканда жебе постторунун нөөмөтчүлөрү вагондордун абалына, ачык кыймылдуу курамда жүктүн абалынын тууралыгына, каралган сигналдардын бар экенине ж.б. көңүл бурууга милдеттүү. Бардык көзгө урунган туура эмес нерселер тууралуу дароо жебе посттунун ага нөөмөтчүсүнө же бекеттин нөөмөтчүсүнө билдирип, ал эми кыймылдын коопсуздугуна же адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү учурларда, поезди токтотууга чара көрүүсү зарыл.

Кабыл алуу жолун чектөөчү жебе карамагына кирген жебе посттунун нөөмөтчүсү куйрук сигналы бар экени боюнча поезд толук курамда келип токтогонуна ынанууга, четтеги мамычалардын чек арасында анын орнотулушун текшерүүгө жана бул тууралуу бекеттин нөөмөтчүсүнө баяндоого милдеттүү. Поезд  өтүп кеткенден кийин жебе постторунун нөөмөтчүлөрү өзгөчө буйрукту күтпөстөн эле, жебелерди нормалдуу абалга, ал эми жол ээленген учурларда –бош жолду көздөй багыттап келтириши керек.

Поезддерди кабыл алуу үчүн каттамдарды даярдоонун тартиби,  келүүчү поезддерди кабыл алуу  жана ошондой эле, жебе постунун бир нөөмөтчүсү эки посту тейлеген бекеттерде келген поезддерди тозуунун тартиби бекеттин техникалык- тескөө актысында аныкталат.

9.14.Эгерде кирүүчү светофор эчак эле ачылган болсо, бекеттин нөөмөтчүсү  кабыл алуунун каттамы өзгөргөнү тууралуу көрсөтмө берүүгө укугу жок.

Кээ бир эрежеге баш ийбеген учурларда  башка бош жолго поездди кабыл алуу үчүн каттамды өзгөртүү зарыл болгондо, бекеттин нөөмөтчүсү машинистке кирүүчү светофорду жабышын эскертүүгө, берилген каттамды болтурбай койгондон кийин гана белгиленген тартип менен каттамды даярдоого жаны тапшырма берүүгө милдеттүү.

9.15. Эгерде бекетке биринин артынан бир поезди кабыл алуу керек болсо, алардын бирөөсү үчүн каттамдын даяр экендиги жөнүндө баяндаманы алгандан кийин, бекеттин нөөмөтчүсүнө кийинки поезд үчүн каттамды даярдоо тууралуу көрсөтмөнү жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө берүүгө уруксат берилет. Ушундай учурда биринчи поезддин толук курамда келип токтогонунан  жана кирүүчү светофордун жабылышынан кийин дароо экинчи поездди кабыл алуунун каттамы даярдалат.Биринчи поезддин каттамына кирбеген жебелер өз убагында орнотулушу жана жабылышы мүмкүн.

Бекеттин нөөмөтчүсүнө экинчи поезддин каттамы даяр экендиги жөнүндө баяндама биринчи поезддин келип токтогондугу жөнүндө маалымдама менен бир эле убакта берилет.

9.16. Поездди кабыл  алардын алдында жолдун бош экенин текшерүүнүн тартиби бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленет.Текшерүүнүн ыкмалары төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:

кабыл алуу-жөнөтүүчү жолдордун электрдик изоляцисы менен жабдылган бекеттерде башкаруу аппаратарынын көзөмөлдөөчү приборлору боюнча;

жолдун белгилүү бир болүгүнүн бош экенин текшерүү  техникалык-тескөө актысында көрсөтүлгөн бекеттин кызматкеринин (алардын ишинин аймагына жараша, бирөө же экөө) текшерип жаткан жолду даана көрүнүшүн камсыздаган жерге чейин басып баруусу менен ишке ашат;

сутканын караңгы убактысында жана күндүз начар көрүнүп турганда- жебе постунун кесип басып өтүшү менен же техникалык-тескөө актысында көрсөтүлгөн кызматкердин кабыл алуу жолун бойлой басышы менен;

бекетке токтобостон өтүүчү поезддерди куйрук сигналдары боюнча (жолдун баары жакшы көрүнүп турганда).

Керектүү  учурларда бекеттин нөөмөтчүсүнүн буйругу менен бир же бир нече кабыл алуу жолунун бош экенин текшерүү, поездди кабыл алуу үчүн каттам даярдалып бүткөндөн кийин, текшерилген жолдун ар бирин эки жагынан кайра алынуучу ташыма кызыл сигналдар менен тосмолоо менен өз убагында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Техникалык орнотмолорго, жумуштун шартына, жолдордун жайгашканына карата текшерүүнүн башка дагы ыкмалары болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда белгиленген тартипти так аткаруу ээленген жолго поездди кабыл алып алуусун болтурбашы керек.

9.17. Эгерде бекетке кабыл алуу жолунун пайдалуу узундугунун чек арасында аныкталбаган поезд келе жаткан болсо,                                                   анда бекеттин нөөмөтчүсү ушул поезддин машинистине радио байланышы менен кабыл алуу жолунун чыгуучу (каттамдык) светофорунун  кызыл жарыгы өчүп турганда,  ушул светофордун мачтасындагы ай сымал ак жарык боюнча токтобостон (токтоонун командасын же сигналын алганга чейин) өтүп кетүүгө уруксат берет.

Ушундай уруксатты албай калганда, келе жаткан поезддин машинисти чыгуучу (каттамдык) светофордун ай сымал ак жарыгы бар болгондо, кабыл алуу жолунун чыгуучу (каттамдык) светофорун өтө электе токтоого милдеттүү.

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү боюнча аны жөнөтүү үчүн ушундай поездди артка айдоо керек болсо, поездди артка айдоо үчүн каттамды алардын алдын-ала даярдоосунан кийин, бул бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланышы менен машинистке берилген көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.

9.18. 1 класстагы (ЖЗ) коркунучтуу жүктөрү бар жана габариттүү эмес поезддер бекеттин техникалык – тескөө актында көрсөтүлгөн жолдорго кабыл алынышы керек.

1 класстагы (ЖЗ) коркунучтуу жана габариттүү эмес  жүктөр жүктөлгөн поезддерди жөнөтуүүдө жана кабыл алууда сактоого тийиш болгон коопсуздук чаралары Темир жолунда коркунучтуу жүктөрдү ташуунун эрежелерин жана  1520 мм колеялуу темир жолунда габариттүү эмес жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу боюнча нускамада жана ушул Нускаманын 16 бапында аныкталат.

 

Поезддерди жөнөтүү

 

9.19.ТИЭнин 16.17 пунктуна ылайык, бекеттин нөөмөтчүсү, ал эми диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерде поезддик диспетчер курамды техникалык тейлөө жана коммерциялык кароо аяктаганына, жөнөтүү каттамынын жебелериндеги маневрлер токтотулганына, жебелер жабылганына, поездди жөнөтүү үчүн каттам даяр экенине ынанбай туруп, чыгуучу светофорду ачууга же өтмөлүктү ээлегенге башка уруксат берүүгө укугу жок. Аларды калыптандырган бекеттерден, поезддин курамына вагондорду чиркеп же ажыраткан бекеттерден же поезддин куйругун түшүндүргөн сигналдык дисктерди алмаштыруу каралган бекеттерден поезддерди жөнөтүүдө, бекеттин нөөмөтчүсү чыгуучу светофорду ачуунун же локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинистине өтмөлүктү ээлөөгө уруксат берүүнүн алдында, бекеттин техникалык-тескөө актында белгиленген тартипке ылайык, акыркы вагондогу поезддик сигналдын бар экенине дагы ишениши керек.

Локомотивди жүргүнчү поезддине берүүдө же локомотивдик бригаданын алмашуусунда депонун нөөмөтчүсү (айлануу пунктунун бригадасы) бекеттин нөөмөтчүсүнө локомотивдин номерин, машинисттин аты-жөнүн жана анын жумушка келген убактысын көрсөтүү менен локомотивди бир машинист тейлеп жатканы тууралуу маалымдоого милдеттүү.

Бекеттин нөөмөтчүсү бул маалыматты поезддердин кыймылынын журналына жазат жана аны поезддик диспетчерге маалымдайт.

Поезддик диспетчер бул кабарды алып, бекеттеги өзүнүн тилкесинен катталган буйрукту берет жана  жүрүү каттамы боюнча коңшу бекеттин поезддик диспетчерине форма боюнча маалымдайт:

«Поезд N _____ бекеттен жөнөтүлгөн  _______ бир машинист тейлеп жатат. Коопсуз өткөрүүнү  камсыздагыла». ПД ________.

Бекеттин техникалык-тескөө  актысында ушундай поезддерди кабыл алуу жана өткөрүү жолдору көрсөтүлөт.

Борлоштурулбаган жебелери бар бекеттерде, бекеттин нөөмөтчүсү, жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрү поезддерди жөнөтүүдө каттамдарды даярдоонун төмөндөгүдөй тартибин сактоого тийиш.

Бекеттин нөөмөтчүсү жөнөтүү каттамына кирген  бардык жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрүн (же жебе постторунун нөөмөтчүлөрүн, эгерде жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрүнүн нөөмотү аныкталбаса) чакырат жана аларга каттамды даярдоо тууралуу буйрук берет.

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча жебе посттунун нөөмөтчүлөрүнүн ичинен бирөө баарынын катышуусунда телефондо бул буйрукту кайталайт, калгандарынын баары тең анын кабыл алуусун «Туура» деп кубаттап турушат. Буйрукту туура түшүнгөндөрүнө ишенген сон, бекеттин нөөмөтчүсү аны «Аткаргыла» деген сөз менен кубаттайт.

Каттамды даярдоо тууралуу буйрукту алып, жебе постторунун ага нөөмөтчүлөрү аны дароо өзүнүн аймагындагы жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө аткаруу үчүн берүүгө милдеттүү жана алар аны туура түшүнгөндөрүнө ынанышы керек.

Жөнөө каттамынын  даяр экендиги жана каттамдын даяр болгондугу  тууралуу бекеттин  нөөмөтчүсүнүн баяндамасына  байланыштуу бардык операциялар так эле кабыл алуунун каттамындагыдай тартипте жүргүзүлөт.

Бекеттин нөөмөтчүсү каттам туура даярдалганына ишенгенден кийин өтмөлүк бош болсо жана зарыл учурларда коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу бар болсо,чыгуучу светофорду ачат жана машинистке өтмөлүктү ээлөөгө башка уруксатты (радио байланышы аркылуу буйрук, жазуу түрүндөгү уруксат же таякча) берет.

Жебе посттунун нөөмөтчүлөрү бекеттин техникалык-тескөө актысында коргөзүлгөн жерлерде белгиленген сигналдар менен поезддерди узатууга милдеттүү.Поезддердин жөнөп кетип бара жатканын так эле поезддерди  кабыл алуудагыдай тартипте көз салып, байкап туруулары керек.Каттамдын акыркы чыгуучу жебеси анын карамагына кирген жебе посттунун нөөмөтчүсү поездди узатып жатып куйрук вагонунда сигналдардын бар экенине ишенгенден кийин, бекеттин нөөмөтчүсүнө поезд толук курамда жөнөп кетти деп баяндайт.

Поезд жөнөп кеткенден кийин жебелер нормалдуу абалга, ал эми жол бош болбой калган учурларда – бош жолго келтирилет.

9.20. Поезддин жөнөшү үчүн чыгуучу светофор ачылгандан кийин  бекеттин нөөмөтчүсү каттамды өзгөртүү тууралуу жана башка поезди жөнөтүү үчүн каттамды даярдоого көрсөтмө берүүгө укугу жок.

Бирок, кээ бир эрежеге баш ийбеген учурларда гана, чыгуучу светофор жабылып жана берилген каттам болбой калган учурда, чыгуучу светофор ачылган поезддин локомотивинин машинистине эскертүү берилгенден кийин, ушундай иш –аракет  ишке ашырылышы мүмкүн.

9.21.Бекеттен  бир багытты көздөй кетүүчү бир нече поездди биринин артынан бирин жөнөтүүдө,  анын бирөөсү үчүн каттамдын даяр экендиги тууралуу баяндаманы алгандан кийин, бекеттин нөөмөтчүсүнө кийинки поезд үчүн каттамды даярдай баштоо тууралуу жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө көрсөтмө берүүгө уруксат берилет. Ушундай учурларда биринчи поездди толук курамда жонөтүп жибергенден кийин, дароо экинчи поезд үчүн каттамды даярдоо башталат.Биринчи поезддин каттамына кирбеген жебелер өз убагында  орнотулуп жана бекитип коюлат.Бекеттин нөөмөтчүсүнө экинчи поезддин каттамынын даяр экендиги тууралуу баяндама биринчи поезддин жөнөгөнү тууралуу кабар менен чогуу бир эле убакытта берилет.

9.22. Поезддер кайчылаш болгондо, поездди кабыл алуу үчүн каттамдын даяр экендиги тууралуу баяндаманы алгандан кийин, бекеттин нөөмөтчүсүнө бет маңдай багыттагы поезд үчүн (поезд келгенден кийин) жөнөө каттамын даярдай баштоо тууралуу жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө көрсөтмө берүүгө уруксат берилет.Ушундай учурларда поезд толук курамда келгенден кийин,  бет маңдай багыттагы поездди жөнөтүү үчүн каттам дароо даярдала баштайт. Келген поезддин каттамына кирбеген жебелер өз убагында  орнотулуп жана бекитип коюлат. Бекеттин нөөмөтчүсүнө жөнөө каттамынын даяр экендиги тууралуу баяндама поезддин келгендиги тууралуу кабар менен чогуу бир эле убакытта берилет.

9.23. Поездди кабыл алуу учурунда гана жебелердин абалына көзөмөлдү камсыздоочу каттамдык-көзөмөлдөөчү орнотмолору бар бекеттерде, мүмкүнчүлүк болсо, ушул орнотмолор жөнөө каттамдарындагы жебелердин абалын көзөмөлдөө үчүн да пайдаланылышы керек.Ушундай учурларда бекеттин нөөмөтчүсү жөнөө каттамын даярдоо тууралуу буйрукту жебе постторуна бергенден жана анын жебе постторунун нөөмөтчүлөрү тарабынан аткарылышынан кийин, даярдалган каттамдагы жебелердин туура орнотулганын ушул жолго поездди кабыл алуу үчүн тосмо-упайлар  жана каттамдык туткалар боюнча текшерет.

Каттамдык –көзөмөлдөөчү орнотмолор мүмкүнчүлүк болсо, туура эмес жол менен (кайра келүүчү каттамдары тосмолоо менен) бара жаткан поезддерди кабыл алуу учурунда жебелердин туура орнотулганын көзөмөлдөө үчүн да пайдаланылышы керек.

9.24. Поезддерди бекеттик жолдон чыга турган светофордун тыюу салган көрсөткүчүндө, ошондой эле чыгара турган светофорлору жок жолдон жөнөтүү, айдоого жазуу жүзүндө уруксаты болгон локомотивди жетектеген машинистке бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланышы аркылуу же жөнөтүү сигналы менен берилген көрсөтмөсүсүз, парктын нөөмөтчүсүнө, борборлоштуруу постунун операторуна, жебе постунун нөөмөтчүсүнө же башкы кондукторго (поезд куроочуларга) поездди кыймылга келтирүүгө тыюу салынат.

Бекеттин нөөмөтчүсүнө чакыруучу сигнал бергенге, машинистке радио байланышы боюнча катталуучу буйрукту берүүгө же каттамдын жөнөөгө даярдыгын текшерүүсүз белгиленген тартипте даярдыгына ишенбестен поездди жөнөтүүгө уруксат берүүгө тыюу салынат.

Машинистке жазуу жүзүндөгү уруксатты бергенден кийин, бекеттин нөөмөтчүсү (бекет кызматкери) жөнөө тууралуу көрсөтмөнү (жөнөө сигналын берүү) радио байланышы аркылуу берүүгө милдеттүү

Чыгуучу жол чыракта чакыруу белгиси берилгенден же радио байланышы боюнча катталуучу буйрук берилгенден кийин, станциядагы нөөмөтчүлөргө кошумча көрсөтмө же жөнөтүү белгиси машинистке талап кылынбайт.

Жол кагазы же ак бланкадагы уруксат (ДУ-50, ДУ-64, ДУ-56 формасына ылайык) маршруттун учун бириктирүү үчүн станция боюнча нөөмөтчүнү жөнөтүү чыгуучу жол чыракты уруксат берүүчү көрсөтмөгө ача лаат. Бул учурда чыгуучу жол чыракты ачардан мурда станция нөөмөтчүсү радиобайланыш же башка ыкма менен машинистте жазуу жүзүндөгү айдоого уруксаты бар экенинине ынанышы керек.

9.25. Поездди бекет аркылуу борборлоштурулбаган жебе түз өткөргөндө бекеттин нөөмөтчүсү жана жебе постторунун нөөмөтчүлөрү каттамдарды даярдоонун ошол эле тартибин сакташат жана поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн белгиленген алардын даярдыгы жөнүндө баяндама берет.

Бул учурда даярдалган багыт жана анын даярдыгы тууралуу тексемени бергенде телефондо поезд маршрутуна кирген бардык стрелка постторунун улук нөөмөтчүлөр болот (же нөөмөтчүлөр, эгер улук нөөмөтчүлөр белгиленбесе).

9.26. Жол кыймылы көп болгон  тилкелерде бекет аркылуу бир нече поезддердин бир эле ошол каттам боюнча өтө чоң эмес интервалдар менен бир багытка ээрчишүүсүндө бекеттин нөөмөтчүсү биринчи поезд үчүн ээрчишүү каттамынын даярдыгы жөнүндө баяндаманы алгандан соң которууга тыюу салуу жана бул каттамга кирүүчү жебелерди бекитилген бойдон сактоо жөнүндө көрсөтмө берет.

Бул учурда жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнө биринчи поезд өткөндөн кийин ээрчишүү маршрутуна кирүүчү жебелерди которууга тыюу салынат. Станция боюнча нөөмөтчү ар бир андан кийинки поездге кирүү жана чыгуу жол чырактарын ачуу жөнүндө стрелка постторунун нөөмөтчүлөрүнө маалымдоого тийиш, ал эми алар болсо поезддерди белгиленген тартипте тосуп алууга жана узатууга милдеттүү.

Кабыл алуу жолунун боштугун станция боюнча нөөмөтчү жеке өзү текшерип билет же арткы сигналдары менен толук составда поезддин келүүсү же жөнөтүлүүсү жөнүндө ага билдирип турушкан стрелка постторунун нөөмөтчүлөрүнүн (кирүү жана жөнөтүү) баяндамалары аркылуу билет.

9.27. Автоматтык түрдө тосмолоо менен жабдылган участоктордо бекет аркылуу поезддерди өтмө жерден өткөрүү үчүн кирүүчү, маршруттук жана чыгуучу жол чырактарды автоматтык түрдө иштөөгө которууда алардын уруксат берүүчү көрсөтмөсү нормалдуу болуп саналат. Бекет боюнча нөөмөтчү кирүүчү, маршруттук жана чыгуучу жол чырактардын автоматтык түрдө иштөөгө коюлгандыгы тууралуу  борборлоштуруунун аткаруучу постторунун операторлоруна, сигнал бергендерге жана стрелка постторунун нөөмөтчүлөрүнө маалымдоого тийиш. Аталган жумушчулар бул учурда бекет боюнча нөөмөтчүнүн өзгөчө буйрук берүүсүн күтпөстөн ар бир поездди белгиленген жерде тосуп алууга жана узатууга, акыркыга бардык байкалган кемчиликтер жөнүндө тезинен баяндоого, ал эми кыймылдын коопсуздугуна же адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган бузуктуктар табылганда поездди токтотуу чараларын көрүүгө милдеттүү.

9.28. Вагондор калган жолдон поездди жөнөтүүдөн мурун бардык учурларда, поезддин составы менен бул вагондордун ортосунда кеминде 5 м. кем эмес аралыкта ажыратылган жер болууга тийиш. Ордунда калган вагондор жылып кетпеши үчүн бекем бекитилиши керек.

Бул операцияларды аткаруу тартиби бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленет.

 

Кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө

бекетке поезддерди кабыл алуу

 

9.29. ТИЭнин 16.8 пунктуна ылайык, кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө же негизги отторунун өчүрүлүшүндө бекетке поездди кабыл алууга жол берилбейт. Кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө же негизги отторунун өчүрүлүшүндө бекетке поездди кабыл алуу чакыруучу сигнал боюнча, бекет боюнча нөөмөтчүнүн атайын уруксаты менен  өзгөчө учурларда гана ушул Нускамада каралган тартипке ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Чакыруучу сигнал боюнча же бекет боюнча нөөмөтчүнүн атайын уруксаты менен бекетке кабыл алууда поезддин жүрүшүнүн ылдамдыгы саатына 20 км. ашпашы керек, муну менен бирге машинист поездди өзгөчө кылдаттык жана эгер андан ары жүрүүгө тоскоолдук чыкса, дароо токтотууга даярдык менен айдоого милдеттүү.

Кирүү (маршруттук) жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алууга төмөнкү учурларда жол берилет:

а) бузуктугуна байланыштуу кирүү жол чырагын ачууга мүмкүн болбогондо;

б) эгер поездди кабыл алуу техникалык-тескөө актында каралбаган жолго жүргүзүлсө жана кирүү жол чырагын ачууга мүмкүн болбосо;

в) түртүүчү локомотивдерди, бекетда жайгашкан депого жол тартуучу локомотивдерди, поезддердин составдарынын деподон жол тартуучу локомотивдерин жолдордун белгилүү бир участокторуна кабыл алуу;

г) калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддерди, жардамчы локомотивдерди, вагонсуз локомотивдерди, кар тазалоочуларды, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу составды, ошондой эле чарбалык поезддерди (өтмөлүктү жабуу менен иштерди жүргүзүүдө) жүргүнчүлөр поезддери ээлеп калган жолдордон башка бекет жолдорунун бош жерлерине кабыл алуу.

9.30. Кирүү (маршруттук) жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

а) радио байланыш аркылуу машинистке берилүүчү бекет боюнча нөөмөтчүнүн катталуучу буйругу боюнча;

б) кирүү жол чырагында орнотулган атайын телефон боюнча берилүүчү бекет боюнча нөөмөтчүнүн катталуучу буйругу боюнча;

в) чакыруучу сигнал боюнча;

г) бекет боюнча нөөмөтчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча;

д) поезд диспетчеринин (диспетчердик борборлоштурууда) катталуучу буйругу боюнча;

е) кирүү сигналынын мамысында орнотулган атайын маневрдык жол чырагы боюнча.

Ушундай эле тартипте кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө (же мындай жол чырагы жок болгондо) туура эмес жол менен жүрүүчү поезддер бекетке кабыл алынат. Ушул эле уруксат берүүлөр качан тыюу салуу көрсөтүлгөн кирүү (маршруттук) жол чырагы күтүлбөгөн жерден жабылып калганда, машинист жабылып калууну түшүнүп, кирүү сигналынан өткөндөн кийин гана поездди токтоткон учурларда колдонулат.

Саналган уруксат берүүлөрдүн каалаганы кабыл алууга маршруттун даярдыгын бекет боюнча нөөмөтчүнүн ынануусунан кийин гана машинистке берилиши мүмкүн.

Кирүү (маршруттук) жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алуу тууралуу машинистке берилүүчү буйруктар ушул Нускаманын Жалпы жоболорунун 8-пунктунда каралган тартипте катталышы керек.

Кирүү (маршруттук) жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө жана туура эмес жол боюнча бекетке поездди кабыл алууда жумушчулардын иш-аракеттеринин так тартиби бекеттин техникалык-тескөө актысында көрсөтүлөт.

9.31. Кирүү (маршруттук) жол чырагындагы маршруттук көрсөткүчтү (парктын же кабыл алуу жолунун) жандыруу мүмкүн болбогондо, бузулган маршруттук көрсөткүчтөн жүрүүгө машинистке кошумча уруксат берилбестен, кирүү (маршруттук) жол чырагынын уруксат берүү көрсөтмөсү боюнча поезд бекетке кабыл алынат. Бул учурда машинист бекетке кирүүдө өзгөчө кылдат болушу керек.

Өзгөрүлмө жана туруктуу токтун электрдик сүйрөгүчү кошулган бекеттердеги, ошондой эле ар түрдүү жазылыктагы колеялуу жолдордун айкалышындагы бекеттердеги маршруттук көрсөткүчтүн бузук учурларында кирүү (маршруттук) жол чырагынан өтүү тартиби темир жол начальниги тарабынан бекитилген нускамаларда белгиленет.

9.32. Кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө поездди кабыл алуу жөнүндөгү радио байланыш аркылуу бекет боюнча нөөмөтчүнүн катталуучу буйругу төмөнкү форма боюнча берилет:

«N _____буйрук. Убактысы: саат, мин.»

«N _____ поезддин машинистине. Мен, ________ (бекеттин аталышы) бекет боюнча нөөмөтчү, кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө ___________ жолуна түшүүгө Сизге уруксат берем. Кабыл алуу маршруту даяр. КСН _________ (фамилиясы)».

Поезддин туура эмес жол боюнча жүрүшүндө жана бул жол боюнча кирүү сигналынын жоктугунда катталуучу буйрук төмөнкү форма боюнча берилет:

«N _____буйрук. Убактысы: саат, мин.»

«N _____ поезддин машинистине. Мен, ________ (бекеттин аталышы) бекет боюнча нөөмөтчү, туура эмес жолдон  ___________ жолуна түшүүгө Сизге уруксат берем. Кабыл алуу маршруту даяр. КСН _________ (фамилиясы)».

Буйрукту кайталап жана буйрук туура түшүнүлгөндү тууралуу бекет боюнча нөөмөтчүдөн бышыктоо алгандан кийин, машинист поездди бекетке киргизет.

Ушундай эле түрдө бекет боюнча нөөмөтчүнүн кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди киргизүү жөнүндө буйругу  машинистке берилет, эгер бул уруксат берүү кирүү жол чырагында орнотулган атайын телефон боюнча берилсе («Бекеттин чеги» сигнал белгисинен). Бул телефонду локомотивдик бригадалар гана колдоно алышат.

Эреже катары радио байланыш боюнча буйрук машинистке ыңгайлуу мезгилде, поезд бекетке жакындап келгенде берилет. Атайын телефон боюнча буйрук машинистке поезд жол чырагынын («Бекеттин чеги» сигнал белгисинин) алдына токтогондон кийин берилет.

9.33. Диспетчердик борборлоштурулган участоктордо кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алуу ушул Нускаманын 2.13 пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

9.34. Кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алуу бекет боюнча нөөмөтчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен өзгөчө учурларда гана, качан бул максат үчүн ушул Нускаманын 9.30 пунктунда каралган уруксат берүүнүн башка түрлөрү колдонулушу мүмкүн болбогондо жүзөгө ашырылат.

«N _____ поезддин машинистине ___________ бекеттин жолуна түшүүгө уруксат берилет. Кабыл алуу маршруту даяр. КСН _________ (кол тамгасы)».

Уруксат берүү бекеттин штемпели жана уруксат берүүнү толтуруунун күнүн, айын жана убактысын (сааты, минутасы) көрсөтүү менен бекет боюнча нөөмөтчүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

Кирип келген поезддин машинистине жазуу жүзүндө уруксат берүү үчүн стрелка постторунун нөөмөтчүлөрү, сигнал берүүчүлөр, борборлоштуруу постторунун нөөмөтчүлөрү жана  операторлору, курамдык бригадалардын жумушчулары жана бекеттин техникалык-тескөө актысында каралган тартиптеги башка жумушчулар тартылышы мүмкүн.

9.35. Машинистке жазуу жүзүндө уруксат берүү үчүн дайындалган жумушчулар поездди кирүү (маршруттук) жол чырагынын алдында, ал эми туура эмес жол боюнча (ушул жол боюнча кирүү жол чырагы жок болгондо) «Бекеттин чеги» сигнал белгисинин алдында, келе жаткан поезд тарапка күндүз – жайылган кызыл желекти, ал эми түнкүсүн – колго кармоочу сигнал чырагынын кызыл жарыгын көрсөтүү менен тосуп алышат. Поезд токтогондон кийин жазуу жүзүндөгү уруксат машинистке тапшырылат.

9.36. Калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддерди, жардамчы локомотивдерди, вагонсуз локомотивдерди, кар тазалоочуларды, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу составды, ошондой эле чарбалык поезддерди (өтмөлүктү жабуу менен иштерди жүргүзүүдө) бекет жолдорунун бош жерлерине (жүргүнчүлөр, элдик жана 1-класстагы коркунучтуу жүктөрү менен поезддер ээлеп калгандан башка) кабыл алуу зарыл учурларда, ушул Нускаманын 9.30 пунктунда каралган уруксат берүүлөр боюнча кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө гана уруксат берилет, муну менен бирге локомотивдердин (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу составдын) машинисттери бекетке кабыл алынуу жөнүндө уруксатты алуу менен бирге (анын ичинде кирүү жол чырагында чакыруучу жарыкты жандыруунун алдында) кайсы жерге токтотуу керектиги тууралуу алдын ала кабардар болушу керек. Бул учурда, жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке кирип жатып, локомотивдердин машинисттери (атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу составдын айдоочулары) билдирүүдө көрсөтүлгөн жерге токтоосу, а андан ары бекет боюнча нөөмөтчүнүн, борборлоштуруу постунун операторунун, стрелка постунун нөөмөтчүсүнүн же сигнал берүүчүнүн сигналдарын же көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алышы керек.

9.37. ТИЭнин 16.6 пунктуна ылайык иштелип чыгуучу түртүүчү локомотивдерди, бекетда жайгашкан депого жол тартуучу же поезддердин составында коңшу бекетда жайгашкан деподон келе жаткан локомотивдерди бекет жолдорунун белгилүү бир участокторуна кабыл алуу тартиби алардын бекеттин чегинен аныкталган жерге – маневр жол чырагына же «Түртүүчү локомотивдин аялдамасы», «Поезддин составынын астында жүрүүчү локомотивдин аялдамасы», «Депого жол тартуучу локомотивдин (моторвагондуу поезддин) аялдамасы» жазуусу менен атайын көрсөтмөгө чейинки жол жүрүүсүн, ошондой эле ушул локомотивдердин бекет жолдору боюнча андан аркы кыймылынын тартибин карап чыгышы керек.

Бекетке бул локомотивдердин кирүүсү үчүн уруксат ушул Нускаманын 9.30 пунктунда каралгандардын ичинен кирүү жол чырагынын тыюу салууну көрсөтүүсүндө бекетке поездди кабыл алуу үчүн уруксат болуп бере алат. Белгиленген тартип бекеттин техникалык-тескөө актында көрсөтүлөт жана түртүүчү локомотивдердин бардык машинисттерине жана депого кирип келүүчү локомотивдердин (моторвагондуу поезддердин) машинисттерине жарыяланат.

 

10 глава

Поезд диспетчеринин иши

 

10.1. ТИЭнин 16.1 пунктуна ылайык участоктогу поезддердин кыймылын бир гана жумушчу – поезд диспетчери, ал тейлөөчү участок боюнча поезддердин кыймылынын графигинин аткарылышына жооптуу жетектеши керек.

Ушул участоктогу поезддердин кыймылы менен түздөн-түз байланышкан поезд диспетчеринин буйруктары жумушчулар тарабынан кыңк этпестен аткарылууга жатат.

Участокто поезддердин кыймылы жөнүндө поезд диспетчериникинен башка ыкчам көрсөтмөлөрдүн берилишине жол берилбейт.

Поезд диспетчери милдеттүү:

а) кыймылдын берилген өлчөмдөрүн камсыздоого, поезддерди өткөрүүнү тездетүүгө, бекеттерде аларды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга, вагон паркын, локомотивдерди жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн натыйжалуурак пайдалануу үчүн техникалык каражаттарды максималдуу колдонууга;

б) бекеттердин ишин контролдоого жана поезддердин кыймылынын графигине жана түзүү планына ылайык поезддерди түзүү жана жөнөтүү боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн чараларды көрүүгө;

в) бекеттер боюнча нөөмөтчүлөргө, зарыл учурларда поезд локомотивдеринин машинисттерине да поезддердин кыймылы боюнча көрсөтмөнү өз убагында берүүгө;

г) бекеттердин поезддерди өтмөлүктө өз убагында кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүү боюнча поезддердин жүрүүлөрүн контролдоону жүзөгө ашырууга, өзгөчө бир машинистти бар локомотивдерди тейлөөдө, СЦБ жана байланыш түзүлмөлөрүнүн нормалдуу ишинин бузулууларында, поезддердин: жүргүнчү, почта-багаждык, жүк-жүргүнчү, эл ташуучу, салмагы жана узундугу жогору болгон, узун составдуу, оор салмактуу, 1-класстагы коркунучтуу жүктөр (ВМ) жана габариттик эмес жүктөр менен башка поезддерден озуп кетүүлөрүндө жана кайчылаш өтүүлөрүндө;

д) кыймылдын графигин аткарууга, коопсуздукту камсыздоого, локомотивдик бригаданын үзгүлтүксүз ишинин белгиленген убактысынын бузулушуна жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө.

Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган участоктордо, ошондой эле иш аз участоктордо, бекет боюнча нөөмөтчүлөрдүн нөөмөттөрү жокко чыгарылган бекеттерде бир машинист тарабынан тейленүүчү поезддердин кыймылынын тартиби, ошондой эле мындай участоктордун тизмеси улуттук ташуучунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган өзгөчө жол кыймылы көп жана поезддердин күчөгөн кыймылдары бар участоктордо бир машинисттин поезддерди айдоосуна бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр бар учурларда гана жол берилет.

10.2. Поезд диспетчери нөөмөткө турганда поезддин жобосу менен таанышууга, бекеттерлар боюнча бардык нөөмөтчүлөрдүн нөөмөткө тургандыгын текшерүүгө, сааттарды салыштырып текшерүү үчүн так убакытты аларга айтууга, бекеттердеги жоболор, участокто колдонулуучу эскертүүлөр менен таанышууга, кырдаалга жараша алдыдагы иштер тууралуу, анын ичинде кыймылдын коопсуздугун камсыздоо боюнча да керектүү көрсөтмөлөрдү бекеттерга берүүгө тийиш.

Диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган участоктордо поезд диспетчери нөөмөткө турганда техникалык каражаттардын оң экендигин текшерүүгө жана бекеттердин начальниктери же поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча операцяларды аткаруу жүктөлгөн башка жумушчулар аркылуу участоктун бекеттериндагы жобо менен таанышууга милдеттүү.

10.3. Аткарылган кыймылдын графигин автоматтык түрдө жазуу (поездографтар менен) үчүн түзмөктөр менен жабдылбаган участоктордо поезд диспетчери участокто жайгашкан бекеттерден ар бир поезддин келүү, жөнөтүү же артынан түшүү убактысы жөнүндө билдирүүлөрдү алып турууга милдеттүү. Мындай билдирүүлөрдү алууда поезддердин айрыкча 1-класстагы коркунучтуу жүктөр (ВМ) жана габариттүү эмес жүктөр менен, оор салмактуу жана узун составдуу, салмагы жана узундугу жогору поезддердин белгиленген номерлештирүүсүн жана индексациялоосун бекеттердин бекем сактоосуна өзгөчө көңүл бурушу керек.

Жол кыймылы көп болгон, ошондой эле аткарылган кыймылдын графигин автоматтык түрдө жазуу (поездографтар менен) үчүн түзмөктөр менен жабдылган участоктордо билдирүүлөрдү берүү тартиби улуттук ташуучунун жетекчилиги тарабынан ушул Нускаманын Жалпы жоболорунун 11-пунктуна ылайык белгиленет.

10.4. Поезд диспетчери поезддердин кыймылдары жөнүндөгү маалыматтарды, ошондой эле участоктогу нормалдуу иштин бардык бузулууларын жана алардын себептерин жазып белгилеген аткарылган кыймылдын графигин жүргүзөт.

Аткарылган кыймылдын графигинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) поезддердин жана поезд локомотивдеринин номерлери, машинисттердин фамилиялары, поезддердин салмагы жана шарттуу узундугу, өткөрүүнүн өзгөчө шартын талап кылуучу поезддер. Тийиштүү тамгалар жана индекстер менен толукталган поезддердин номерлери аткарылган кыймылдын графигинде ушул тамгалар жана индекстер менен белгиленет;

б) участоктун бекеттери боюнча поезддердин жөнөтүү, келүү жана артынан түшүү убактысы;

в) локомотивдерди пайдалануу жөнүндө маалыматтар;

г) сутканын белгиленген мезгилдери боюнча бекеттин поезддик жана жүк иштери жөнүндөгү маалыматтары;

д) вагондорду бекитүү үчүн жаткырылган токтотмо тосмолордун же туруктуу түзмөктөрдүн санын көрсөтүү менен өзүнчө вагондордун же составдардын ортодогу бекеттердеги кабыл алуу-жөнөтүү жолдорун ээлеши;

е) участоктогу бекеттердин башкы жана кабыл алуу — жөнөтүү жолдорунда байланыш түйүнүндөгү чыңалууну жана өтмөлүктү алуусу;

ж) ылдамдыгын азайтууну талап кылган колдонуудагы эскертүүлөр;

з) туура эмес жол боюнча поезддердин кыймылы;

и) өтмөлүктөрдү, жолдорду жана кыймылды тейлөөчү башка түзмөктөрдү жабуу.

Поезддердин кыймылы көп болгон өзүнчө турган участоктордо поезд диспетчери үчүн керектүү болгон поезддердин кыймылына жана жүктүк иштерге тиешелүү маалыматтарды жазуу үчүн автоматташтырылган жумуш ордунун алеттери жана аппаратурасы колдонулушу, ошондой эле диспетчерге жардам берүүгө операторлор же темир жолдун башка жумушчулары дайындалышы мүмкүн.

10.5. Участоктогу поезддердин кыймылы боюнча бардык тескемелерди поезд диспетчери керектүү учурларда диспетчердик тескемелер журналына катталуучу (жазылуучу) буйруктар менен бекет боюнча нөөмөтчүлөргө жана поезддердин кыймылы менен байланышкан башка жумушчуларга берет.

Байланыштын диспетчердик каражаттары боюнча поезд диспетчеринин бардык сүйлөшүүлөрү сүйлөшүүлөрдү каттоочу тарабынан катталып жазылышы керек.

10.6. Диспетчердик тескемелер журналында милдеттүү түрдө катталууга төмөнкү буйруктар жатат:

а) өтмөлүктөрдү же өтмөлүктөрдүн айрым жолдорун (анын ичинде чыңалууну алып салууга байланыштуу электр поезддеринин кыймылы үчүн) ачуу жана жабуу жөнүндө;

б) эки жолдуу кыймылдан бир жолдууга өтүүсү жөнүндө жана эки жолдуу кыймылды калыбына келтирүү жөнүндө;

в) поезддердин жүрүүсүндө сигналдоонун жана байланыштын бир каражаттарынан экинчи каражаттарына өтүүсү жөнүндө;

г) эки тараптуу автобөгөттөө менен жабдылбаган туура эмес жол боюнча поезддерди жөнөтүү жөнүндө;

д) убактысын чектөө менен поезддерди жөнөтүү жөнүндө (ушул Нускаманын 14-главасында каралган учурларда жана тартипте);

е) 1-класстагы коркунучтуу жүктөр (ВМ) жана габариттүү эмес жүктөр менен поезддерди жөнөтүү жөнүндө;

ж) жүргүнчү, почта багаждуу, жүк-жүргүнчү жана эл ташуучу поезддерди бекеттин техникалык-тескөө актысында бул операциялар үчүн каралбаган бир жолдон экинчи жолго кабыл алуу жана жөнөтүү жөнүндө;

з) графикте каралбаган поезддерди дайындоо жана алардын жол тартуу тартиби жана поезддерди калтыруу жөнүндө; Жалгыз локомотивдерди, атайын өз алдынча жүрүүчү кыймылдуу составды жана чарбалык поезддерди участок боюнча өткөрүү жөнүндө буйруктар катталбашы мүмкүн;

и) автомат локомотивдик сигналдоонун бузуктугунда поезддердин кыймылы жөнүндө;

к) кечигүүчү жүргүнчү поезддерге көз салуу тартиби жөнүндө;

л) бир машинист аркылуу тейленген локомотив менен жүргүнчү поездди жөнөтүү жөнүндө;

м) ушул Нускаманын 1.15, 1.22 пункттарында каралган учурларда;

Участоктогу поезддердин кыймылы менен байланышкан башка буйруктарды каттоо диспетчерлердин ыктыяры боюнча жүргүзүлөт.

Диспетчердик тескемелер журналында поезд локомотивдеринин машинисттерине даректелген бардык катталуучу буйруктар да, ошондой эле ушул участоктун поезд диспетчерине даректелген коңшу участоктордун поезд диспетчерлеринин бардык буйруктары да жазылышы керек.

Диспетчердик буйруктарды жазууга болгон убакытты кыскартуу үчүн темир жолдун бөлүмүнүн начальнигинин же темир жолдун начальнигинин орун басарынын уруксаты боюнча көбүрөөк берилүүчү буйруктардын тексттери түшүрүлгөн атайын штамптар колдонулушу мүмкүн. Диспетчердик буйруктар ушул Нускамада каралган формалар боюнча буйруктардын тексттерин басып чыгаруу аркылуу жеке компьютерлерди колдонуу менен катталышы мүмкүн.

Диспетчердик тескемелер журналында поезд диспетчерлеринин нөөмөттөрдү кабыл алуусу жана өткөрүп берүүсү да катталат.

10.7. Катталуучу диспетчердик буйруктарды бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр же операторлор диспетчердик тескемелер журналына жазып турушат.

Диспетчердик буйрукту жазган соң бекет боюнча нөөмөтчү же оператор өзүнүн фамилиясын атоо менен анын мазмунун диспетчерге сөзмө-сөз кайталап берет. Буйруктун кабыл алынышынын тууралыгына ынанган соң, диспетчер аны «Аткаргыла» деген сөзү менен тастыктайт.

Буйрукту текшерүүнүн убактысы жана аны кабыл алган адамдын фамилиясы поезд диспетчеринин жана бекеттин журналдарында белгиленет. Ушул учурдан тартып буйрук аткарыла баштайт.

Эгер поезд диспетчеринин буйругун оператор кабыл алса жана жазса, анда акыркысы аны тааныштыруу жана окугандыгы тууралуу тилкат алуу үчүн бекет боюнча нөөмөтчүгө дароо көрсөтүүгө милдеттүү.

Машинистке даректелген буйрук акыркыга поезд диспетчеринин өзү тарабынан же бекет боюнча нөөмөтчү аркылуу берилет. Диспетчер же бекет боюнча нөөмөтчү берип жиберилген буйрук машинист тарабынан туура түшүнүлгөндүгүнө ынанышы керек. Машинисттин фамилиясы жана буйрукту берүү убактысы тиешелүү түрдө поезд диспетчеринин же бекеттин журналында белгиленет.

10.8. Диспетчер буйругу бир нече бекеттерга даректелгенде, аны текшерүү үчүн буйруктун тексттин берүү поезд диспетчеринин көрсөтмөсү менен бекет боюнча нөөмөтчүлөрдүн бири тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми калган бекеттердин нөөмөтчүлөрү бул мезгилде буйрук туура жазылгандыгын текшерүүгө милдеттүү.

10.9. Бир жолдуу өтмөлүктү же эки жолдуудагы жана өтмөлүктөгү же бекеттердеги бир же бир нече башкы жолдорду жабуу поезд диспетчери тарабынан төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:

а) жолдорду оңдоо, куруу же калыбына келтирүү иштеринин, ошондой эле байланыш түйүнүндөгү оңдоо иштеринин планында каралган өндүрүш учурларында темир жол бөлүмүнүн начальнигинин же темир жол начальнигинин орун басарынын тескемеси;

б) поезддердин кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурган күтүлбөгөн жерден жолдун, курулмалардын жана түзмөктөрдүн бузулууларында поезддин жолунда токтоп калган машинисттен алынган талаптар же жолдун, сигналдоонун жана байланыштын, электр менен камсыздоонун ж.б., административдик-техникалык жагына карай бөлүнгөн жолдун жумушчуларынын талаптары.

Алынган талапты поезд диспетчери келип түшкөн убактысын жана ал кимден келип түшкөндүгүн көрсөтүү менен диспетчердик тескемелер журналына жазууга милдеттүү.

Бардык жазуу жүзүндөгү талаптар, кабарламалар, телеграммалар жана телефонограммалар диспетчердик тескемелер журналы менен бирге сакталышы керек.

10.10. Өтмөлүктү (жолду) жабуу жөнүндө буйрукту поезд диспетчери өтмөлүктү чектөөчү бекеттерга жана жол постторуна эгер алар өтмөлүктө бар болсо, төмөнкү (үлгүлүү) формалардын бири боюнча берет:

«_______ иштерди жасоо үчүн ______ өтмөлүктүн жолу  ____ с ____ мин, иштердин жетекчисинин өтүнмөсү ____________ (кызматы жана фамилиясы көрсөтүлөт) боюнча жабык өтмөлүккө жөнөтүлүүчү » NN _____ чарба поезддеринен тышкары, кыймылдар үчүн жабылат.

» _______ км-де токтоп калган N _____ поездине жардам көрсөтүү үчүн токтоп калган поездди _________ бекетке чыгарып келүү үчүн » же » токтоп калган поездди түртүү жана андан соң _________ бекетке кайтып келүү үчүн» бекетдан жөнөтүлгөн жардамчы локомотивдерден тышкары бардык поезддердин кыймылдары үчүн ________ өтмөлүктүн жолу ______ с ___ с ___ мин-да жабылат.

» ______ км калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн ______ өтмөлүктүн жолу ________ с ___ с ___ мин калыбына келтирүүчүлөрдөн башка бардык поезддердин кыймылдары үчүн жабылат».

Эки жолдуу өтмөлүктөрдө, жолдордун бири жабылуу болгондо, туура багытка жөнөтүлүүчү поезддер үчүн калган жол боюнча, ал эми эки тараптуу автобөгөттөөдө, эки багытка тең сигналдоонун жана байланыштын бар болгон каражаттары сакталат. Калган жол боюнча поезддерди туура эмес багытка жөнөтүү зарылдыгы келип чыкса (эгер эки тараптуу автобөгөттөө жок болсо), бул жол боюнча сигналдоонун жана байланыштын бар болгон каражаттары жабылат жана поезддердин кыймылы төмөнкү форма боюнча буйрукту берүү менен байланыштын телефон каражаты боюнча калыбына келтирилет:

» ______ с ______ мин тартып________ өтмөлүктүн __________жолу боюнча бөгөттөө аракети жабылат жана бир жолдуу кыймыл эрежелери боюнча телефон байланышы аркылуу поезддердин кыймылы калыбына келтирилет».

Поезд кырдаалына жараша поезддердин кыймылынын калган жолу боюнча телефон байланышы аркылуу орнотуу жөнүндө буйрук жолду жабуу жөнүндөгү буйрук менен кошулушу мүмкүн.

10.11. Эгер жабык өтмөлүктү чектөөчү бекеттердин бири коңшу бөлүмдүн же темир жолдун поезд диспетчеринин карамагында болсо, анда жабуу жөнүндөгү буйрук ушул поезд диспетчери менен макулдашылат жана ага көчүрмөсү берилет.

10.12. Өтмөлүктү же өзүнчө жолду жабуу тууралуу буйрукту берүүдөн мурун поезд дипетчери жеке өзү өтмөлүктү чектөөчү бекеттер боюнча нөөмөтчүлөрдү, аларга алдыдагы жабылуу тууралуу алдын ала эскертүү, иштин жетекчисинин фамилиясын жана кызматын, калган жол боюнча поезддерди өткөрүүнүн белгиленген тартибин жана башка керектүү маалыматтарды айтуу үчүн чакырууга милдеттүү.

10.13. Өтмөлүктү же жолду ачуу ушул Нускамада каралган тартипте келип чыккан тоскоолдуктар жоюлгандыгы, иштер бүткөндүгү жана перегон бошогондугу жөнүндө кабарлоону алгандан кийин поезд диспетчери аркылуу жүргүзүлөт.

Поезд диспетчери алынган кабарлоону анын келип түшүү убактысын, ал алынган адамдын кызматын жана фамилиясын көрсөтүү менен диспетчердик тескемелер журналына жазууга милдеттүү. Иштердин бүткөндүгү жана поезддердин кыймылынын мүмкүндүгү тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоо же телефонограмма диспетчердик тескемелер журналы менен бирге сакталышы керек.

10.14. Өтмөлүктү же жолду ачуу тууралуу буйрукту поезд диспетчери өтмөлүктү чектөөчү бекеттерга жана жол постторуна, эгер мындайлар өтмөлүктө бар болсо, төмөнкү форма боюнча берет:

«________ күндүн N ________ буйругу жокко чыгарылат. Өтмөлүктүн ________ жолу боюнча поезддердин кыймылы ___ с ___ мин тартып ____________ (сигналдоонун же байланыштын каражаты көрсөтүлөт) боюнча калыбына келтирилет.

10.15. Эгер бөгөттөө боюнча эки тараптуу кыймыл үчүн түзмөктөр менен жабдылбаган эки жолдуу өтмөлүктө ар бир жол боюнча (анын ичинде локомотивдик жол чырагынын көрсөтмөлөрү боюнча), поезд диспетчери жөнгө салуу тартибинде поездди туура эмес жол боюнча жөнөтүп, бул жолдун бош экендигин текшергенден кийин өтмөлүктү чектөөчү бекеттерга жана жол постторуна, эгер мындайлар өтмөлүктө бар болсо, төмөнкү форма боюнча буйрук берет:

«______ с ______ мин тартып ________ өтмөлүктүн ________ жолу боюнча __________ (жуп же так көрсөтүлөт) поезддердин кыймылы токтотулат. N _____ поезд __________ бекетдан ______ туура эмес жолу боюнча телефон байланышы аркылуу бир жолдуу кыймыл эрежелери боюнча жөнөтүңүз».

Жүргүнчү поездди туура эмес жол боюнча жөнөтүү тууралуу мындай буйрукту берүүдөн мурда, диспетчердик тескемелер журналында диспетчердин же темир жолдун ташуу кызматынын жетекчилигинин буйругу жазылышы керек:

«N ______ поездди ______ бекетсынан _____ туура эмес жолу боюнча жөнөтүңүз».

Туура эмес жол боюнча биринин артынан бирин эки же андан көп поезддерди өткөргөн учурда буйруктун текстти тиешелүү түрдө өзгөрүлөт, муну менен бирге өтмөлүктө жол посттору бар болсо, алар зарылдыгына жараша туура эмес жол боюнча бир багытка жол тартуучу поезддерди чектөө үчүн колдонулушу мүмкүн, бул да поезд диспетчеринин буйругунда көрсөтүлөт.

Туура эмес жол боюнча поездди өткөрүү жөнүндө буйрукту алгандан соң бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр диспетчердин контролу астында ушул Нускаманын 5.32 пунктунда каралган формалар боюнча телефонограммалары менен алмашышат.

Жол посттору боюнча нөөмөтчүлөр (бир жолдуу аралыкта кош жолдуу таканчык жана түйүн алдындагы блок-тоскучтар менен туташуу постторунан тышкары) туура эмес жол боюнча поезддердин кыймылы жөнүндөгү сүйлөшүүлөргө катышпайт, бирок поездди жөнөтүү жөнүндө алар телефон боюнча кабардар болушат, анын жүрүү убактысын поезддердин кыймылы журналына белгилешет.

Туура эмес жол боюнча жол посттору аркылуу чектөө менен биринин артынан бирин бир нече поезддерди жөнөтүүдө ушул посттордун нөөмөтчүлөрү коңшу бекетке поезддердин жүрүшү жөнүндө билдирет:

«N ______ поезд ________ туура эмес жолу боюнча   ___ с ___ мин. жолго чыкты. Посттун КСН».

Чыгарып алынуучу кыймылдуу бирдиктерден турган бир тараптуу тосмолор колдонулган бир тараптуу жолу бөгөттөлгөн эки жолдуу электрифицирленген участоктордо туура эмес жол боюнча жөнгө салуу тартибинде поездди жөнөтүүдө поезд диспетчери энергодиспетчер менен алдын ала макулдашып алууга милдеттүү. Мындай участоктордун тизмеси улуттук ташуучунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

Эки тараптуу бөгөттөө, ошондой эле локомотивдик жол чырагынын сигналдары боюнча туура эмес жол боюнча поезддердин кыймылын камсыздоочу түзмөктөр менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө туура эмес жол боюнча поезддерди жөнөтүү поезд диспетчеринин оозеки көрсөтмөсү боюнча жана кыймылдын тийиштүү багытына бөгөттөөнү которгондон кийин жүзөгө ашырылат.

10.16. Туура жол боюнча жүрүүчү поезддер үчүн гана автомат түзмөктөр менен жабдылган өткөөлдөрү бар болгон өтмөлүктөрдүн, ошондой эле туура эмес жол боюнча поезддерди ушундай өтмөлүктөрдө жөнөтүүдө кыймылдын коопсуздугун камсыздоо боюнча керектүү чараларды көрсөтүү менен кармоочу туюктары бар өтмөлүктөрдүн тизмеси темир жолдун начальнигинин буйругу менен белгиленет, муну менен бирге буйрукта ар бир жөнөтүлгөн поезд тууралуу өткөөлдөр боюнча нөөмөтчүлөр өз маалында кабарлоо тартиби каралышы керек. Буйрук менен поезд локомотивдеринин, атайын өз алдынча жүрүүчү кыймылдуу составдын машинисттери жана башка катышкан жумушчулар таанышышы керек.

Туура эмес жол боюнча жөнгө салынуучу тартипте жөнөтүлүүчү поезддердин машинисттери бир тараптуу автомат түзмөктөр менен жабдылган өткөөлдөрдөн: нөөмөтчү жумушчу менен тейленген — саатына 40 км жогору болбогон, а нөөмөтчү жумушчу менен тейленбеген — саатына 25 км жогору болбогон ылдамдык менен жүрүүнү камсыздоого милдеттүү. Жетектөөчү локомотивдин өткөөлү боюнча жүргөндөн кийин машинист кыймылдын ылдамдыгын ушул перегон үчүн белгиленгенге чейин жогорулатууга укугу бар.

10.17. Туура эмес жол боюнча поезддин келгендиги жөнүндө бекетдан кабарлоону алганда, төмөнкү форма боюнча буйрукту берүү менен поезд диспетчери өтмөлүктө нормалдуу кыймылды калыбына келтирет:

«________ күндүн N ________ буйругу жокко чыгарылат. Өтмөлүктүн ________ жолу боюнча поезддердин кыймылы с ___ с ___ мин тартып ____________ (сигналдоонун же байланыштын каражаты көрсөтүлөт) боюнча калыбына келтирилет.

10.18. Соңунда коңшу бекетке келүү же жөнөтүлгөн бекетке кайтуу менен кыймылдын графигинде (элдерди салуу жана түшүрүү, жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү үчүн) каралбаган өтмөлүктө токтоо менен поездди бекетдан жөнөтүү зарылдыгы чыккан учурда, поезд диспетчери поезддин жагдайына ылайык поездди жөнөтүү убактысын жана алардын өтмөлүктө ээлөө узактыгын көрсөтүү менен өтмөлүктү чектөөчү бекеттерга уруксат берет.

Локомотивдердин машинисттерине, ошондой эле элдерди салууну жана түшүрүүнү, жүктөрдү жүктөөнү жана түшүрүүнү жетектөөчү жумушчуларга мындай поезддерди жөнөтүүдө тийиштүү эскертүүлөр берилет. Өтмөлүктө токтогондон кийин бул поезддердин машинисттери аталган жумушчулардын сигналдары боюнча жол кыймылын улантышат.

Поезд диспетчери же анын көрсөтмөсү боюнча бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр бир багытка жол тартуучу поезддерди өтмөлүккө жөнөтүүдө километрин жана пикетин көрсөтүү менен поезддин графиктик эмес токтой турган жери тууралуу радио байланыш аркылуу бул поезддердин машинисттерин кабарлоого милдеттүү.

Чарбалык поезддерди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу составды жабык өтмөлүктөрго (жолдорго) жөнөтүү ушул Нускаманын 8-главасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

10.19. Поезддердин кыймылында сигналдоо жана байланыш каражаттарынын бул же тигил өтмөлүктөгү (жолдогу) бузуктуктары жөнүндө билдирүүнү алган соң, поезд диспетчери аны диспетчердик тескемелер журналына жазат жана бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр аркылуу өтмөлүктүн (жолдун) боштугун текшерген соң, байланыштын телефон каражаты боюнча кыймылдын жүрүүсү тууралуу буйрукту төмөнкү форма боюнча берет:

Эки бекет аралыгындагы (же өтмөлүктүн ________ жолу боюнча) бузуктуктарга (байланыштын ушундай каражаттарынын) байланыштуу ___ с____ мин тартып ____________ (бир жолдуу же эки жолдуу) кыймылдын эрежелери боюнча байланыштын телефон аркылуу поезддердин кыймылы калыбына келет.

10.20. Эки бекет аралыгындагы жол посттору бар болсо, байланыштын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө поезд диспетчеринин буйругу посттордун ПСН да берилет, муну менен бирге кырдаалга жараша байланыштын башка түрүнө өтүү бардык бекеттер аралык өтмөлүктөрдө же өзүнчө ар бир бош посттор аралык өтмөлүктө жүргүзүлүшү мүмкүн.

10.21. Сигналдоо жана байланыш каражаттарынын иштеши калыбына келтирилгендиги жөнүндө кабарды алгандан кийин поезд диспетчери аны диспетчердик тескемелер журналына жазат жана бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр аркылуу өтмөлүктүн (жолдун) боштугун текшерген соң өтмөлүктү чектөөчү бекеттерга төмөнкү форма боюнча буйрук берет:

N _______ буйрук жокко чыгарылат.  ___ с ___ мин тартып __________ (өтмөлүктүн ________ жолу боюнча) өтмөлүктөгү поезддердин кыймылы _____ (сигналдоо жана байланыш каражаттары көрсөтүлөт) боюнча калыбына келтирилет».

Көрсөтүлгөн убакыттан тартып бекеттер поезд диспетчеринин буйругунда карала турган байланыштын түрүнө өтүшөт.

Бир багытындагы кыймылы үчүн автобөгөттөө менен жабдылган эки жолдуу өтмөлүктөрдө автобөгөттөө аракетин калыбына келтирүү жөнүндө буйрук туура жол боюнча жөнөтүлгөн поезддерден өтмөлүктү бошотконго чейин эле берилиши мүмкүн.

10.22. Бөлүнгөн пункттарды же сутка бою эмес иштеген жардамчы постторду ачуу же жабуу жолдун бөлүмүнүн начальниги же темир жолдун  начальнигинин орун басары тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт жана төмөнкү форма боюнча бекеттердин перегонуна берилүүчү поезд диспетчеринин буйругу менен таризделет:

«Посттун иш-аракети _______ км  ___ с ___ мин тартып ачык (жабык)».

10.23. Электрдик сүйрөгүчтүү участоктордо поезд диспетчери энергодиспетчери менен биргеликте ымалашып иштөөгө жана электр менен камсыздоо түзмөктөрүнүн нормалдуу ишин камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Байланыш түйүнү бузулганда, сүйрөткүч подбекеттери өчүрүлгөндө же алардын кубаттуулугу азайганда поезд диспетчери энергодиспетчери менен биргеликте участоктор боюнча поезддерди өткөрүүнүн эң туура тартиптерин орнотушат.

Тайгак учурда поезд диспетчери энергодиспетчердин табыштамасы менен жогорку чыңалуудагы ток менен тайгак жерлерди эритүү үчүн “терезе” берет.

10.24. Поезд диспетчеринин байланышы бузулганда поезддердин кыймылы поезд диспетчеринин катышуусусуз жүргүзүлөт. Поезддердин кыймылы жөнүндөгү байланыш түздөн-түз бекеттер боюнча нөөмөтчүлөрдүн ортосунда жүзөгө ашырылат.

Поезд диспетчеринин байланышы бузулганда поезд диспетчери жана бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр диспетчердик тескемелер журналында тийиштүү жазууларды жүргүзүшөт.

Поезд диспетчеринин байланышынын калыбына келтирилгендиги жөнүндө поезд диспетчери циркулярдык буйрук менен бардык бекеттерга кабарлайт.

10.25. Бекеттерде ташуу кызматынын жумушчуларынын штаты каралбаган иш аз участоктордо поезд диспетчерлеринин ишинин тартиби улуттук ташуучунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.

 

 

11 бап

 

Бекеттердеги маневрдук иштер

 

Жалпы жоболор

 

11.1. Маневрдук иштер төмөнкүлөрдү караштыруучу бекеттин иши жана планы боюнча технологиялык процесстерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш:

поездерди өз убагында түзүү жана жөнөтүү;

жүк операцияларына вагондорду өз убагында берүү жана жүк операциялары бүткөндөн кийин аларды жыйноо;

вагондорду кайра иштетүүгө эң аз убакыт коротуу;

бардык маневрдук каражаттарды жана техникалык жабдыктарды сарамжалдуу пайдалануу;

поезддерди бекетке үзгүлтүксүз кабыл алуу;

маневрлар менен байланышкан кыймылдын коопсуздугу, жумушчулардын коопсуздугу жана кыймылдуу курамдын сакталышы.

11.2. Бекеттерде маневрдук иштин жолдук өнүгүүсүнө, мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша жолдор маневрдук райондорго бөлүнөт. Маневрдук райондордун чек аралары жана алардын ар бириндеги иш тартиби бекеттин техника-буйрук актысында белгиленет.

Ар бир маневрдук райондо, эреже катары, бир маневрдук локомотив иштейт. Зарыл учурларда айрым райондордо эки же андан көп маневрдук локомотивдин иштеши, алардын  кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу иштөө тартиби, бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.

Маневрдук иштерге берилүүчү локомотивдер, бузуксуз, жакшы иштеген радиобекеттери, сигналдары жана инвентарлары болуш керек,

11.3. Борборлоштурулбаган жебелерди маневрдук кыймылдарда которуу, маневрларды жетектөөчү адамдын буйругу боюнча жебе посторунун нөөмөтчүсү менен жүргүзүлөт. Электр борборлоштуруусу бар бекеттердеги маневрдук кыймылдарда багыттарды которуу бекет боюнча нөөмөтчү же борборлоштуруу постунун оператору менен аткарылат. Багыттарды борбордон жергиликтүү башкарууга которгон учурда, ошондой эле багыт постунун нөөмөтчүсү менен тейленбеген борборлоштурулбаган багыттарда маневрларды жүргүзүүдө, багыттарды түзүүчүлүк же локомотивдик бригадалардын жумушчулары, кондукторлор, парк боюнча нөөмөтчү, бекет боюнча нөөмөтчү, бекеттин начальниги, жүк жана багажды кабыл алуучу-тапшыруучу, локомотивдик, вагондук депо жумушчулары жана башкалар аркылуу которууга жол берилет.

Маневрларда аталган жумушчуларга  багыттарды которууга уруксат берилген, бекеттердин тизмеси, темир жол бөлүмүнүн начальниги же темир жол бөлүмүнүн начальнигинин орун басары тарабынан белгиленет.

Борборлоштурулган багытты которуунун алдында, аны тейлөөчү жумушчу, анда кыймылдуу курам жок экенине, ошондой эле жанаша жаткан жолдор боюнча өтүүчү жолдор бар экенине ынанышы (адамдын өзү же башка жумушчунун баяндамасы менен) керек. Электрдик борборлоштурууда кыймылдуу курамдан багыттык которуунун боштугу башкаруу аппаратындагы контролдоочу приборлордун көрсөткүчтөрү боюнча белгиленет. Бул приборлор бузулганда же убактылуу өчүрүлгөндө же маневрдук колонкалардан багытты которууда багыттык которуунун кыймылдуу составдан боштугун текшерүү тартиби бекеттин техника-буйрук актысында белгиленет.

Борборлоштурулбаган багыттар (маневрдук жумуштар дайыма түрткү менен аткарылуучу сорттоо жолдорунда жайгашкан жолдордон жана шарнирдүү муундуу бекиткичтер менен жабдылган багыттардан башка), маневрларда кыстармага бекитилүүгө тийиш.

11.4. ТТЭ (темир жолун техникалык иштетүү эрежеси) 15.14 пунктуна ылайык, маневрдук иштерде көрсөтмөлөрдү берүүнүн негизги каражаты радиобайланыш, ал эми зарыл учурларда-парк байланышынын эки тараптуу түзмөгү болуш керек.

Маневрдук иштерде сигналдарды кол сигналдык приборлор менен берүүгө уруксат берилет.

Поездерди түзүүчүнүн көтөрүп жүрмө иштеген радиобекетсы болууга тийиш. Бекеттердеги болгон радиобайланыш жана эки тараптуу парк байланыш түзмөгү  маневрдук иштерди уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн пайдаланылууга тийиш.

Радиобайланыш жана эки тараптуу парк байланышы аркылуу берилүүчү көрсөтмөлөр жана билдирүүлөр кыска жана түшүнүктүү болушу керек; аларды маневрдук локомотивдин машинисти жана башка жумушчулар туура кабылдагандыгына көрсөтмө берүүчү (көрсөтмөнүн кыскача кайталоосун угуп, тийиштүү жооптук үн сигнал алып) ынанышы керек.

Маневрдук иштер тууралуу, радиобайланыш жана эки тараптуу парк байланышы боюнча берилүүчү кыйла типтүү көрсөтмөлөр жана билдирүүлөр үчүн, зарыл болгондо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүлөрдүн болжолдуу регламенти белгиленет.

Ар бир маневрдук райондо радиобайланыш жана эки тараптуу парк байланыш түзмөгүн пайдалануу тартиби, бул түзмөктөр менен колдонууга укук берилген жумушчуларды көрсөтүү менен бекеттин техника-буйрук актысы менен аныкталат.

Бекеттерде радиобайланышты жана эки тараптуу парк байланышты иштетүү тартиби улуттук ташуучунун атайын нускамасы менен белгиленет.

11.5. Бекет боюнча нөөмөтчү маневрдук маршруттарды мавневрдук иштин планына ылайык даярдоого тийиш.

Маневрдук каттам кыймылдын багытын өзгөртпөстөн, эреже катары, маневрдук курамынын бүт жолуна даярдалат. Мындай каттамды даярдоо мүмкүн болбогондо, бекет боюнча нөөмөтчү машинистке (маневрлардын жетекчисине) кайсы жолго же кайсы светофорго чейин каттамдын бөлүгү даярдалгандыгын эскертүүгө милдеттүү.

Маневрдук светофордун тыюу салынган көрсөткүчүндө же өчүк отунда жүрүүгө,  бекет боюнча нөөмөтчүнүн, борборлоштуруу постунун нөөмөтчүсү же операторунун, маневрдук лакомотивдин машинистине радиобайланыш, эки тараптуу парк байланышы боюнча  же маневрлардын жетекчиси аркылуу жеке берилүүчү көрсөтмөсү менен уруксат берилет.

11.6. Курамдарды парктан паркка кошуучу жолдор боюнча же тартып чыгаруучу жолдор аркылуу алмаштырууда коопсуздукту камсыз кылуунун тартиби жана шарттары бекеттин техника-буйрук актысында белгиленет,  мында вагондору менен алдыга болгон маневрдук курамдардын кыймылындагы коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүнүүгө тийиш.

Айрым учурларда, жергиликтүү шарттарга жараша (парктардын ырааттуу жайланышында, маневрдук лакомотивдердин машинистеринин кабинасынан вагондон  чиркелген вагонду чыгаруу  үчүн түзүмдөр менен жабдылышы ж.б.), парктан паркка локомотиви алдыга жүргөн курамдарды алмаштыруу түзүүчү бригаданын жумушчуларынын коштоосу жок жүргүзүлүшү мүмкүн.

11.7. Темир жол транспортунда жүктөрдү ташуу эрежелерине, ошондой эле темир жолдору боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу Эрежелерине ылайык, айрым категориялардын жүктөрү менен вагондор, маневрларды жүргүзүүдө катуу отун менен иштөөчү паровоздон, коркунучсуз жүктөрү менен вагондордон же бош вагондордон калканч болууга тийиш.

Поезддерде калкалоо нормалары жана маневрларда ташуу документтерине атайын штемпель басуу менен көрсөтүлөт, анда сандар менен калкалоо вагондорунун эң аз саны белгиленет, мисалы, 3/0-0-3-1, мында:

биринчи сан – поезддердеги жетектөөчү локомотивдин калкалоо вагондорунун саны (алымы-катуу отундагы паровоздон, бөлүмү – нефть отунундагы паровоздон, электровоздон же тепловоздон); экинчи сан – поездердеги түртүүчү локомотивден, үчүнчү сан –поездердеги адамдары менен вагондордон, төртүнчү сан – маневрларда катуу отундагы паровоздон, «0»(нөл) белгиси, калкалоо талап кылынбайт дегенди билдирет.

Адамдары менен вагондор, ошондой эле узатуучулар, жүктөрдү коштоп жүрүү үчүн атайын бөлүнгөн кызматкерлер, кароолдор, коргоо наряды менен вагондор, малы менен вагондор поездге алдыга коюлгандай эле, ошондой эле 1-класстагы (ЖМ) кооптуу жүктөрү бар вагондордун артына да, бирок  дайыма кооптуу жүктөр менен жүктөлгөн, ташуу документтеринде «Уулуу» жана «Калкалоо___» (бир убакта эки штемпель) деген штемпелдери бар вагондордун алдына коюлат.

Жеңил тутанчу суюктуктар менен вагондор түзүү бекетинде ЖМ (поезддин башынан санаганда) менен вагондордон кийин поездге коюлушу керек.

11.8. Вагондук жана локомотивдик депонун оңдоө жолдорундагы маневрдук кыймылдар тиешелүү кызматтын жооптуу кызматкеринин байкоосунун алдында жана жеке көрсөтмөлөрү боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.

11.9. Техникалык же жүк операциялары жүргүзүлүүчү вагондору бар жолдордо, түртүү маневрларына жол берилбейт.

Аба ырайынын жагымсыз шарттарында (катуу шамал, туман, бурганак), ошондой эле жарыксыз жолдордо маневрдук иш өзгөчө кылдат, зарыл учурларда-төмөнкү ылдамдыкта жүргүзүлүүгө тийиш.

11.10. Чарбалык поезддердин жана жол машиналардын бекет жолдорунда тиешелүү кызматтын жооптуу кызматкеринин жетекчилиги менен жүргүзүлөт (жолдор, сигнализациялар, байланыштар жана башкалар).

Көрсөтүлгөн поезддердин жана машиналардын бир жолдон башка жолго же бекеттин башка районуна жүрүүлөрү, маневрларды тескөөчү адамдын же бекет боюнча нөөмөтчүнүн уруксаты менен жүргүзүлөт.

Зарыл учурларда  мындай поезддердин жана жол машиналарынын жүрүшүн жетектөө үчүн бекеттин начальнигинин көрсөтмөсү менен бекеттин тиешелүү кызматкерлери дайындалышы мүмкүн.

11.11. Бекеттерде тормоздук колдорду ажыратуу жана бириктирүү вагондорду техникалык тейлөө пункттарынын кызматкерлери же жергиликтүү шарттарга жараша белгиленген, технологиялык процесстер же техника-буйрук актысы менен башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.

Маневрлары жүргүзүүдө тормоздук колдорду ажыратуу же кошуу, түзүүчү биргадалар же кондукторлор тарабынан жүргүзүлөт.

Поезддик локомотивдин курамынан ажыратууда жана кошууда тормоздук колдорду ажыратуу жана кошууну локомотивдик бригада аткарат, ал эми бир машинисти бар локомотивди тейлөөдө бул операцияларды  вагондорду кароочу аткарат.

11.12. Айрым вагондорду кол менен жылдырууга өзгөчө учурларда жана горизонталдык жолдордо гана жол берилет.

Бекеттин башкы, кабыл алуу-жөнөтүү жана сорттомо жолдорунда вагондорду кол менен жылдырууга тыюу салынат.

Вагондорду тиешелүү линиялык бөлүмдүн начальниги тарабынан бөлүнгөн жооптуу адамдын түздөн-түз жетекчилигинин алдында жана бирден көп эмес санда жүктөлгөн же эки бош вагондорду кол менен жылдырууга болот.

Вагондорду кол менен жылдырууда:

аларды 3 км/сааттан жогорку ылдамдык менен жылдырууга, анын үстүнө вагодор сөзсүз түрдө чиркелишкен болууга тийиш;

аларды чектүү мамычадан ары башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун  багытында түртүп чыгарууга;

тормоздук башмактары жок кыймылды баштоого;

тормоздоо үчүн дөнгөлөктөрдүн астына шпалдарды, таштарды, ломдорду жана башка предметтерди коюуга жол берилбейт.

Адамдар жана башка кооптуу жүктөрү бар вагондорду кол менен башка жерге чейин жылдырууга тыюу салынат.

Вагондорду кабестандар, электршпилдер жана башка механикалык каражаттар менен  жылдыруунун тартиби жергиликтүү шарттарга жараша, улуттук ташуучунун жетекчилери тарабынан бекитилүүчү атайын нускамалар менен белгиленет.

 

Маневрдик ишти жетектөө

 

11.13. ТИЭнин 15.13 пунктуна ылайык, бекеттик жолдордогу маневрлар бир гана жумушчунун-бекет боюнча нөөмөтчүнүн, маневрдук диспетчердин, сорттомо дөбө же парк боюнча нөөмөтчүнүн, ал эми диспетчердик борборлоштуруу менен жабдылган тилкелерде,-поезддик диспетчердин  көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Маневрларды тескөө боюнча милдеттерди бөлүштүрүү бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.

Маневрларды жасоочу локомотивдин кыймылын, аларды туура аткаруу үчүн жооптуу бир жумушчу-маневрлардын жетекчиси (поезддерди түзүүчү же башкы кондуктор), жетектөөгө тийиш.

Сорттомо дөбөлөрдө  локомотивдердин маневрдук кыймылын дөбө боюнча нөөмөтчү жетектей алат.

Ара бекеттерде маневрдук иш башкы кондуктордун жетекчилиги менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Түзүүчүлүк бригада же башкы кондуктор менен тейленбеген локомотивдин маневр кыймылдарын, ошол райондогу маневрларды жүргүзүүгө башкаруу укугу бар жумушчу же анын көрсөтмөсү менен сигналист (жебе постунун нөөмөтчүсү) жетектейт.

Бул шарттарда маневрдук кыймылдарды жетектөө үчүн ошондой эле улуттук ташуучунун жетекчилери тарабынан белгиленүүчү тартипте бекеттин начальниги, алардын орун басарлары жана башка жумушчулар тартылышы мүмкүн.

11.14. Маневрдук иш түзүүчү же түзүүчүлүк бригада (түзүүчү жана анын жардамчысы), ошондой эле башкы кондуктор же кондуктордук бригада менен жүргүзүлөт. Жергиликтүү шарттарга жараша, маневрларды аткаруучу түзүүчүлүк бригадаларды же бир түзүүчүнү дайындоо улуттук ташуучунун жетекчилери тарабынан белгиленет.

Маневрларда иштеген жумушчуларды жайгаштыруу, маневрлардын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

Маневрдук локомотивди бир машинист менен тейлөө, локомотивдин түрүнө жана жергиликтүү шарттарга жараша темир жол жетекчилигинин уруксаты менен аткарылышы мүмкүн.

11.15. Поезддерди түзүүчү же башкы кондуктор маневрдук ишке тапшырманы маневрларды башкаруучу бир гана адамдан алууга тийиш.

Маневрдук ишке тапшырма так, айкын болуп жана маневрлардын жетекчиси менен тиешеси бар ар бир кызматкерге жеткирилиши керек.

Эгерде маневрларды жүргүзүү процессинде белгиленген иш планды өзгөртүү зарылдыгы пайда болсо, анда бул өзгөрүүлөрдүн мүнөзү менен, маневрларга катышуучу бардык жумушчулар таанышууга тийиш.

11.16. Маневрдук локомотивди  (вагондор менен же вагондорсуз) бир маневрдук райондон башкага жылдырууга бекет боюнча нөөмөтчүнүн же бара турган райондун тиешелүү посттун БПНсү (бекеттик посттун нөөмөтчүсү), парк боюнча нөөмөтчү же ушул райондо иштөөчү поезддерди түзүүчүсү менен алдын ала макулдашылгандан кийин маневрдук диспетчердин уруксаты менен гана жол берилет

 

Маневрларды аткарууда жумушчуларга коюулуучу талаптар

 

11.17. ТИЭнин 15.23 пунктуна ылайык маневрлардын жетекчиси:

маневрдук ишке тапшырмаларды так жана өз убагында аткарууга;

туура жайгаштырууну жана маневрларды аткарууга катышуучу бардык жумушчулардын аракеттерин макулдашылгандыгын, аларды алдыдагы маневрдук ишти аткаруу планы жана ыкмасы менен тааныштыруунун негизинде камсыз кылууга;

поезддерди тиешелүү нускамалардын жана башка актылардын ТТЭнин талаптарына  так ылайык түзүүгө;

маневрдук ишти кыймылдын коопсуздугу, маневрларда иштеген жумушчулардын жеке коопсуздугун, кыймылдуу курамдын жана жүктүн сакталышы  камсыз болгондой уюштурууга милдеттүү. Адамдар, габаритсиз жана 1-класстагы (жарылуучу материалдары) кооптуу жүктөр бар вагондор менен маневрлар өзгөчө сактык менен аткарылат.

Нөөмөткө киришүүдө түзүүчү (башкы кондуктор) өзүнүн районундагы жолдордо кыймылдуу курамдын бар болгондугу жана жайгашышы менен таанышууга, анын бекүүсүнүн ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, район үчүн орнотулган бекитүү каражаттарынын бардыгына ынанууга тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу бекет боюнча нөөмөтчүгө билдирилет.

11.18. Маневрдук ишттердин алдында маневрлардын жетекчиси:

а) маневрга катышуучу бардык жумушчулардын бардыгы, алардын ичинде лококмотивдик бригаданын толук курамда өздөрүнүн орундарында тургандыгына ынанууга;

б) машинист жана маневрга катышуучу бекеттин жумушчуларын, алдыдагы маневрлардын планы жана аны аткаруу тартиби менен тааныштырууга;

в) вагондор жылуу үчүн тоскоолдуктар (мисалы тормоздук башмак) жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

11.19. Жебе постунун нөөмөтчүсүнө, борборлоштуруу постунун нөөмөтчүсүнө же операторуна ушул же башка жолго каттамдык маневрду даярдоо тууралуу тапшырмамы жетекчи жеке өзү, радиобайланыш, эки тараптуу паркк байланышы боюнча, локомотивдин ышкыргыч, кол ышкыргычтар же башка каражаттар менен, бекеттин техника-буйрук актысында белгиленген тартипте, бекеттин техникалык жабдуусуна жараша  бере алат.

11.20. Маневрлардын жетекчиси иштөө процессинде милдеттүү:

а) маневрдук кыймылдарга тийиштүү сигналдарды жана көрсөтмөлөрдү так жана өз убагында берүүгө;

б) маневрдук кыймылдар үчүн жебелерди өз убагында жана туура даярдоого, борборлоштуруу постторунун операторлорунун, жебе постторунун нөөмөтчүлөрү жана локомотив машинистинин  сигналдарды берүүсүнө көз салууга;

в) сигналдар  жана маневрлаштыруучу курамдын жүрүү каттамы жакшы көрүнүшүн камсыздаган жерде болууга тийиш; радио байланыш жок учурда (бузулгандыктан же локомотив маневрдук радио байланыш менен жабдылбагандыктан), машинистке же анын жардамчысына, аларга берилген кол сигналдар жакшы көрүнгөн жерде, локомотивдин машинисти менен бирге болууга;

г) бекеттик жолдор боюнча вагондору алдыга кыймылдоодо, эреже катарында, биринчи атайын тепкич (өтүүчү аянтча, тамбур), ал эми мүмкүн болбогондо-жолдордун ортосу боюнча басуу же жолдун чети менен токтотулуулучу вагондордун алдында  болууга, сигналдар менен берилүүчү маневрдук светофорлордун көрсөткүчтөрүнө, маршрут боюнча жебелердин абалына, жолдо тоскоолдуктардын жана адамдардын жоктугуна көз салууга; зарыл болгондо- маневрдук курамды токтотуу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Зарыл учурларда, радио  байланыш жок болсо сигнал берүү үчүн борборлоштуруу посттордун, нөөмөттөгү жебе посторунун операторлорун жана бекеттин башка жумушчусун тартууга;

д) жолдун ийри тилкелеринде же начар көрүнгөн шарттарда (туман, бурганак, кар түшүү ж.б.) чоң курамдар менен маневрларды жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар көрүлөт — радиобайланыш боюнча машинистке сигналдарды жана көрсөтмөлөрдү тез-тезден берүүгө;

е) кыймылдуу курамды кесилген жебе боюнча өткөрүүгө мындан ары аны кароого жана оңдоого чейин жол бербөөгө;

ж) курамга жакын келээрдин алдында, тосмолор деген сигнал жок болгонуна ынанууга;

з) вагондорду бекитүүсүз калтырууга же бул вагондордун болжолдонгон убакытка токтоосуна карабастан бекеттин техника-буйрук актысында белгиленген ченемдерден азыраак бекитүү менен калтырууга жол бербөөгө;

и) бардык вагондор бири-бири жана локомотив менен чиркелишкендигине ынанбайынча маневрдук курамдын жылуусуна жол бербөөгө;

к) түртүү маневрларында,  чиркөөдөн чыгарылган вагондор артка кыймыл жасоосун же вагондордун жолдун карама каршы аягындагы чектелген мамычадан ары чыгуусун  болтурбаган  чараларды өз убагында көрүүгө;

л) эгерде түртүү маневрларында же курамдарды дөбөгө жылдырууда иштөө шарттары боюнча ажыратуучу рычагдар “буферге” абалына коюлса, анда курамдан чиркелгенди бөлгөндөн кийин рычагдарды тезинен нормалдуу абалга келтирүүгө;

м) вагондор бар болгон жолго маневрдук локомотив (жалгыз же вагондор менен) башка вагондорду ажыратуу же чиркөө үчүн келгенде, ошондой эле ажыратуу үчүн турган вагондорду кысууда, вагондордун маневрдук локомотивден карама-каршы тарабынан, ишеничтүү бекитилгендигине ынанбай туруп, бул операцияларды аткарууга жол бербөөгө;

н) эгерде бул же тигил жолдо турган вагондордун, анын ичинде белгиленген нормада бекитилген тобуна, вагондор кошумча чиркелсе, анын натыйжасында мурда жаткырылган башмактарды орнотуусунун тууралыгы бузулбагандыгын, ошондой эле вагондордун көбөйгөн санына бул башмактардын жетиштүүлүгүн текшерүүгө;

о) жүктөрдү жүктөөчү жана түшүрүүчү жерлерде маневрдук курам жылаардын алдында кыймыл үчүн тоскоолдуктардын жоктугуна ынанууга;

п) жүктөп же түшүрүп бүтө элек вагондор менен болгон маневрларды жүктөөчү –түшүрүүчү операцияларды башкаруучу кызматкер менен макулдашуудан кийин гана жүргүзүүгө;

р) маневрларды аткарууда түзүүчү жана кондуктордук бригадалардын кызматкерлерине вагондун атайын тепкичинде габариттен тышкаркы жана тизмеси эмгекти коргоо боюнча жергиликтүү нускама менен белгиленген, кооптуу жерлерде болууга тыюу салынат.

11.21. Маневр жетекчиси ишти, кыймылдуу курамдын жолдордун карама каршы аягындагы чектелген мамычалардан (изоляцияланган кошулган жерлер же светофорлор) тышкары чыгуусуна жол бербегендей уюштурууга тийиш

Маневр жетекчисинин, көрсөтүлгөн талаптарды аткарууну камсыз кылуучу аракеттерин парктын (жолдордун) каршы аягындагы жумушчулар менен макулдашуу тартиби бекеттин техник-буйрук актысында белгиленет

11.22. Бекет боюнча нөөмөтчү, маневрдук диспетчер же дөбө боюнча  нөөмөтчү, адамдар жана 1-класстагы (ЖМ) кооптуу жүктөр, ошондой эле ташуучу документтеринде “Дөбөдөн түшүрүлбөсүн” жана “Дөбөдөн абайлап түшүрүлсүн” деген штемпели бар, башка класстардагы кооптуу жүктөр жүктөлгөн вагондор менен маневрларды аткаруу зарылдыгында бул жөнүндө поездди түзүүчүгө, ал болсо өзүнүн жардамчысын жана маневрдук локомотивдин машинистин кабарлоого милдеттүү.

11.23.Ондоочу бригадалардын (жолдук, СББ (сигналдаштыруу, борбордоштуруу жана бөгөттөө)) иштеген жерлеринде өтмөктөрдү кесүү менен, жүргүнчүлөрдүн платформасынын жанында, жүк кампаларынын жолдорунда, жүк райондорунда, отун кампаларында, вагондук жана локомотивдик деполордун, заводдордун, устаканалардын ж.б.  аймактарында маневрларды жүргүзүүдө, түзүүчүлүк жана локомотивдик бригадалар өзгөчө сергектик көрсөтүүгө тийиш, жолдун жанында же платформаларда турган адамдарга курам жакындаганда үндүү сигналдарды өз убагында берүү, ошондой эле курамдын кыймылы тууралуу жүктөөдө, жүк түшүрүүдө, жолду, вагондорду оңдоодо жана башка операцияларда иштеген адамдарды эскертүүгө тийиш.

11.24. ТИЭнин 15.24 пунктуна ылайык маневрларды аткарууда локомотивдик бригада милдеттүү:

маневрдук ишке берилген тапшырманы так жана өз убагында аткарууга;

берилген сигналдарга көңүл коюп көз салууга, жылуулар тууралуу сигналдарды жана көрсөтмөлөрдүтак жана өз убагында аткарууга;

жолдордогу адамдарга, жебелердин абалына жана кыймылдуу курамдын жайгашышына көз салууга;

маневрларды жүргүзүүнүн коопсуздугун жана кыймылдуу курамдын сакталышын  камсыз кылууга.

ТИЭнин 15.15 пунктуна ылайык, маневр жасоочу локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын  машинисти,  радиобайланыш, эки тараптуу парк байланышын түзмөк же кол сигналдык приборлор менен берилүүчү сигнал боюнча маневр жетекчисинин көрсөтмөсүн албастан локомотивди кыймылга келтирүүгө укуксуз. Маневр жетекчисинин көрсөтмөлөрү же сигналынан башка, борборлоштурулган маневрдук каттамдардын жебелерине чыгардын алдында машинист, маневрдук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү бар экендигине ынанууга,  ал эми борборлоштурулбаган жебелерге – жебе постунун нөөмөтчүсүнөн маневрдук кыймылдар үчүн жебелердин даярдыгы тууралуу сигнал же билдирүү (жеке өзү, радиобайланыш, эки тараптуу парк байланыш түзмөгү боюнча) алууга тийиш. Борборлоштурулган жебелерге чыгуунун алдында маневрдук светофорлор жок болсо машинист маневрдук жылуулар үчүн бекет боюнча нөөмөтчүдөн (жеке өзү, радиобайланыш, эки тараптуу парк байланыш түзмөгү боюнча же маневр жетекчиси аркылуу берилген)  жебелердин даярдыгы тууралуу билдирүү алууга тийиш.

Жебелер жана сигналдар электрдүү борборлоштурулган бекеттерде  жебелерди борбордуктан жергиликтүү башкарууга өткөрүп берүү учурларында жебеге чыгууга,  бул жебелерди которуу жүктөлгөн жумушчунун сигналы боюнча уруксат берилет.

ТИЭнин 15.25 пунктуна ылайык, чогултулуучу поезддер менен иштөөчү локомотивдик бригадалар, ошондой эле маневрдук иштерди аткаруу үчүн бөлүнгөн кондукторлор жана түзүүчү бригадалар, бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлгөн  маневрдук иштин тартибин билүүгө тийиш. Локомотивдик, түзүүчү бригадаларды жана кондукторлорду, бекеттин  техника-буйрук актысында көрсөтүлгөн  маневрдук иштердин шарттары менен тааныштыруу тартиби улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан белгиленет.

Локомотивдин маневрларды жүргүзүүчү  машинистине, локомотивди вагондор калган жолдон чыгуу үчүн кыймылга келтирүүгө,  маневр жетекчисинен аларды бекитүү тууралуу радиобайланыш, эки тараптуу парк байланышы боюнча маневрларда катышкан башка жумушчу аркылуу берилген  билдирүүнү алмайынча же Ушул Нускаманын 11.41 пунктунда белгиленген жоболорду жеке өзү аткаруусу менен уруксат берилбейт.

Локомотивди маневрларда башкаруу машинист тарабынан аткарылат. Машинист локомотивди башкарууну машинисттин жардамчысына же дублерго өзүнүн көзөмөлү астында гана ишенип бере алат.

11.25. Вагондор алдыга жылганда маневр жетекчиси маневрдук светофор ачык абалда тургандыгына ынангандан, же маневрдук кыймыл үчүн жебелердин даярдыгы тууралуу жебе постунун нөөмөтчүсүнөн сигнал (билдирүү) алгандан кийин, машинистке алдыда жебеге чыгуу менен кыймылдын башталышы тууралуу сигнал берүүгө тийиш.

11.26. Жалгыз локомотивдин машинисти бекеттик жолдор менен баратканда, маневрдук светофорлордун көрсөткүчтөрүн, бекет боюнча нөөмөтчүнүн, борборлоштуруу постторунун операторлорунун, жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнүн локомотивдин машинистине түздөн түз берилүүчү сигналдарын же билдирүүлөрүн жетекчиликке алат.

11.27. Берилген сигналдарды, ошондой эле радиобайланыш же эки тараптуу парк байланыш түзмөгү боюнча  алынган көрсөтмөлөрдү, машинист локомотивдин ышкырыгы же берилген көрсөтмөнү кыскача кайталоо менен тастыктоого милдеттүү.

Эгерде машинист өзүнүн сигналды же көрсөтмөнү кабылдоосунун тууралыгына ишенбесе же маневрдук иштин планын билбесе, ал токтоого же абалды аныктоого тийиш.

11.28. Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд (поезддин артынан) кеткен жол боюнча, локомотивдерге жана маневрдук курамдарга жүрүү тууралуу, бул жолдун толук бошогонуна чейин сигналдарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө тыюу салынат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу  поезд болгон жолдо турган локомотивдердин машинисттерине жөнөп жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин артынан жолдун толук бошогондугу тууралуу билдирүү алганга чейин жылууга тыюу салынат.

11.29. Маневрларды жүргүзүүдө жебелерди которуу жүктөлгөн жебе постторунун нөөмөтчүлөрү, борборлоштуруу посторунун операторлору жана башка жумушчулары, милдеттүү:

а) маневр жетекчиси тарабынан көрсөтүлгөн каттам боюнча жебелерди туура жана өз убагында которууга;

б) жебе постунун нөөмөтчүсү жебени которгондон кийин аны кыстармага (ушул Нускаманын 11.3 пунктунда каралган учурлардан башка) бекитүүгө жана учтун сырткы релске тыгыз жаткандыгына ынанууга тийиш;

в) маневрдук курам жылуу үчүн каттамдын даяр болгондугу тууралуу сигнал же билдирүү берүүнүн алдында маневрдук каттамдагы жебелердин жатуусунун тууралыгын текшерүүгө;

г) машинистке жана түзүүчүгө сигналдарды жана билдирүүлөрдү так жана өз убагында берүүгө;

д) маневрдук курамдын жылуусуна, берилген көрсөтмөлөр жана сигналдарга көз салууга, бул көрсөтмөлөрдүн жана сигналдардын талаптарын өз убагында аткарууга.

 

Вагондорду бекитүү

 

11.30. ТИЭнин 15.21 пунктуна ылайык, бекеттик жолдордо кыймылдуу курам чектелген мамычалар менен белгиленген чек араларда орнотулат.

Бекеттик жолдордо локомотиви жок турган  поездердин курамдары, вагондору жана атайын кыймылдуу курам кетип калуудан тормоздук башмактар, вагондорду бекитүү үчүн стационардык түзмөктөр, кол тормоздору же башка улуттук ташуучу тарабынан бекитилген башка бекитүү каражаттары менен ишеничтүү бекиген болууга тийиш.

Стационардык жолдордо вагондорду бекитүү ушул Нускамага 2-тиркемеде келтирилген ченемдер жана эрежелерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

Жергиликтүү шарттарга жараша вагондорду жана курамдарды бекитүү, бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт, анда ар бир жолдо поезддин вагондору жана курамдары кантип бекитилиши керектиги, бул операцияларды ким аткарышы керектигин, ошондой эле бекитүү кражаттарын вагондордун астынан алып салуу же кол тормоздорду коё берүү жана көрсөтүлгөн операцияларды аткаруу тууралуу кимге билдирүү билгиленүүгө тийиш.

11.31. Стационардык жолдордо калтырылуучу поезддердин курамдары, топтор же өзүнчө вагондор, бардык учурларда локомотивден, бекеттин техникалык тескөө актысында каралган ченемдер боюнча ажыратылмайынча тормоздук башмактар менен бекитилиши керек. 0,0025 ашпаган эңкейиш жолдордо, курамды бекитүү үчүн поезддин автотормоздорун 15 мүнөттөн көп эмес убакыттын ичинде пайдаланууга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн убакыттын ичинеде локомотивдерди которуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда курам белгиленген ченем боюнча тормоздук башмактар менен бектилүүгө тийиш.

11.32. Поезддердин бекетине келип жаткан локомотивдердин машинистерине, локомотивди курамдан, аны бекитүү жөнүндөгү билдирүүнү албастан ажыратууга тыюу салынат. Мындай билдирүү машинистке, бекеттин техника-буйрук актысы менен белгиленген тартиби боюнча берилет. Машинист локомотивди поездден ажыратуунун алдында бардык учурларда курамды автоматтык тормоздор менен токтотуп турууга милдеттүү.

11.33. Узак мөөнөткө (24 сааттан көп) токтоо (мисалы, резервде, ВОЗго (вагон оңдоочу завод) берүүнү күтүүдө) үчүн бекетке келишкен вагондор, 0,0025 ашпаган эңкейиш жолдо коюлууга, поезддердин жүрүү каттамдарынан обочолонгон болууга тийиш. Мындай вагондорду бекитүү вагондун дөнгөлөктөрүнүн тормоздук башмактарга эркин тоголонуусу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Бекитүүнүн тууралыгы жана ишеничтүүлүгү бекеттин начальниги, анын орун басары же бекет боюнча нөөмөтчү тарабынан текшерилүүгө тийиш

11.34. Аралык бекеттерде жүк поезддерди локомотивсиз убактылуу калтырууда аларды бекитүү бекеттин техника-буйрук актысында, тормоздук башмактарга вагон дөнгөлөктөрүнүн эркин тоголонуусу менен тиешелүү жолдор үчүн каралган ченемдер боюнча аткарылат. Мындай поезддердин курамдарын бекитүүсүнүн тууралыгы жана ишеничтүүлүгү, бекеттин начальниги же анын орун басары тарабынан текшерилүүгө тийиш, алар поезд диспетчеринин көрсөтмөсү боюнча  бекетке мурунтан чакырылат жана ага бекитүүнүн тууралыгын текшергендиги тууралуу билдиришет.

11.35. Поезддердин курамдарын бекеттерде же өзүнчө 0,0025, ашкан эңкейиши менен, вагондордун кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарына жана жанаша жаткан өтмөлүккө кетүүсүн болтурбоочу түзмөктөр менен жабдылбаган бекеттик жолдордо локомотивсиз калтырууга жол берилбейт

Мындай бекеттердин жана бекеттик жолдордун тизмеси улуттук ташуучунун жетекчилеринин буйругу менен белгиленет.

11.36. ТИЭнин 15.18 пунктуна ылайык, бекеттик жолдордогу маневрлар, вагондордун автотормоздорун иштетүү жана сыноо менен эңкейиш жагынан локомотивди коюу менен жүргүзүлөт. Локомотивди эңкейиш жагынан коюуга мүмкүн болбосо маневрлер мындай жолдордо тык токтотуу жолу менен жүргүзүлөт, ал эми  вагондордун автотормоздору иштетилген жана сыналган болууга тийиш. Ушундай жолдору бар бекеттердеги кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу маневрларды жүргүзүү тартиби, ушул Нускамада белгиленет жана бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.

Эңкейиштерде жайгашкан жолдордо маневрларды жүргүзүүдө, бардык учурларда маневрдук курам менен ажыратылган вагондордун кагылышуусун, ошондой эле вагондордун жүрүүчү поезддердин каттамдарына же башка маневрдук райондорго  кетүү мүмкүндүгүн болтурбоочу сактык чаралары сакталууга (жебелерди обочолонтуу абалга коюу, башмактарды өзүнчө ажыраткычтардын алдына коюу жана башка чаралар) тийиш.

Маневрларды жүргүзүүдө кыймылдуу курамдын кетип калуу коркунучун пайда кылуучу эңкейиштерде жайгашкан райондордун жана жолдордун тизмеси, ошондой эле ушул райондордогу маневрларда сактала турган кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар, бекеттин техника-буйрук актыларында көрсөтүлөт.

11.37. Аралык бекетте поезддин курамы локомотивсиз калтырылган учурларда, жүргүнчүлөрдүн өтүүсүн камсыз кылуу үчүн ажыратылат, курамдын ар бир бөлүгү тормоздук башмак менен, курамдын ажыратылган бөлүгү тура турган, жолдун ошол кесиндисинин иш жүзүндөгү профилине шайкеш келүүчү, ченемге ылайык бекитилүүгө тийиш.

11.38. Кирме жана кошуучу жолдордун ыкташкан райондорунда, кыймылдуу курамдын бекетке же өтмөлүккө өзүнөн өзү кетип калуусун алдын алуу үчүн, ыкташканга киргенден (чыккандан) кийин бекет боюнча нөөмөтчү, түзүүчү бригадалар, жебе посторунун нөөмөтчүлөрү токтоосуз сактагыч туюуктардын жана коргоочу, нормалдуу абалга алып келүүчү башмактар же жебелерин белгилөөгө (анын ичинен борборлоштурулган),  милдеттүү.

11.39. Күтүлүп жаткан катуу шамал же ушундай шамалдын пайда болуусу тууралуу билдирүү алып, эгерде ушу тууралуу билдирүү берилбесе да, бекеттердин жумушчулары ар бири өзүнүн постунда кыймылдуу курамдын кетип калуусунан бекитүүнүн ишеничтүүлүгүн текшерүүгө жана кошумча тормоздук башмактарды ушул Нускаманын 2-тиркемесинин 9-пунктуна ылайык жаткырууга милдеттүү.

11.40. Кыймылдуу курамдын өтмөлүккө кетип калуу коркунучу пайда болгондо бекеттин жумушчулары токтоосуз түрдө, аларды токтотуу үчүн алардын карамагында болгон бардык  каражаттарды пайдаланууга милдеттүү. Кыймылдуу курам өтмөлүккө кеткенде бекет боюнча нөөмөтчү, карамагында болгон каражаттардын болгонун пайдалануу менен, бул тууралуу өтмөлүктө турган поезддердин машинисттерине, поезд диспетчерине, жол посторунун БПН (бекеттик посттун нөөмөтчүсү), коңшу бекеттер, өтмөктөр боюнча нөөмөтчүлөргө, каршы учураган поезддерди кармоого жана кетип калган кыймылдуу курамды токтотууга чараларды көрүш үчүн  билдирүүгө милдеттүү.

11.41. Бекеттик жолдордо кыймылдуу курамды бекитүү боюнча операцияларды аткарууда, жумушчулардын өз ара контролдоону камсыз кылуучу төмөнкү негизги жоболор сакталууга тийиш:

А. Поезддердин курамдарын бекитүүдө:

башкы жана кабыл алуучу-тапшыруучу жолдордо бекитүүнү бекет боюнча нөөмөтчү, ал эми айрым маневрдук райондордо-маневрдук диспетчер жетектейт жана контролдойт;

бекет боюнча нөөмөтчү локомтивди ажыратууга, курамды бекитүүнүн, бул операцияны аткаруучуунун баяндамасы боюнча тууралыгына ынангандан кийин уруксат берет;

поезддик локомотив машинистине локомотивди курамдан бекеттин нөөмөтчүсүнүн радиобайланыш, парктык байланыш, бекитүүнү аткарган бекеттин жумушчусу же өзү аркылуу берилген уруксат болбоюнча ажыратууга тыюу салынат

тормоздук башмактарды курамдын астынан алып салууга бекет боюнча нөөмөтчүнүн, бул операцияларды аткаруучуга  радиобайланыш, парктык байланыш боюнча, башка жумушчу аркылуу же  жеке өзү берген көрсөтмөсү боюнча гана уруксат берилет;

бекет боюнча нөөмөтчү тормоздук башмактарды алып салуу тууралуу, локомотивдин курамга иш жүзүндө чиркелгенине машинисттин радиобайланыш боюнча баяндамасы же бекеттин жумушчусу аркылуу  ынангандан кийин гана көрсөтмө бере алат.

Б. Маневрдук иште:

маневрларды жүргүзүүдө кыймылдуу курамды бекитүү үчүн жооптуу болуп маневрлардын жетекчиси саналат;

маневр жетекчиси локомотивди (жалгыз же вагондору менен) ажыратуунун алдында бардык учурларда машинистке алардын санын, ошондой эле тормоздук башмактардын санын жана алар кайсы тараптан жаткырылгандыгын көрсөтүү менен, жолдо калтырылган вагондорду бекитүү тууралуу, билдирүүгө милдеттүү. Ушундай эле билдирүүнү кабыл алуу-тапшыруучу жолдордо маневрларды жүргүзүүдө маневрлардын жетекчиси бекет боюнча нөөмөтчүгө, айрым маневрдук райондордо-маневрдук диспетчерге, вагондор калган жолдон (же башка кыймылдуу курам) чыгып кетүүгө уруксат сураганда берүүгө, ал эми локомотивдин машинисти бул билдирүүнү радиобайланыш менен бекет боюнча нөөмөтчүгө (маневрдук диспетчер) кайталоого милдеттүү;

бекет боюнча нөөмөтчү (маневрдук диспетчер) машинист жана маневр жетекчиси берген билдирүүлөрдүн  бекеттин техника-буйрук актысында конкреттүү жол үчүн белгиленген вагондорду бекитүү ченемдерине ылайык келүүсүнө ынанат, жана локомотивдин (маневрдук курамдын) жолдон (ошол маневрдук райондон) чыгып кетүүсүнө уруксат берет

Кыймылдуу курамды бекитүү боюнча операцияларды аткаруунун толук регламенти, аткаруучу жана алар жөнүндө баяндама берүүчү конкреттүү жумушчуларды көрсөтүү менен бекеттин техника-буйрук актысына тиркелет.

Маневрлердеги ылдамдыктар

 

11.42. Маневрлер төмөндөгү ылдамдыктан ашпаган ылдамдыкта жүргүзүлөт:

60 км/саат –жалгыз локомотивдердин жана артынан чиркелген, автотормоздору иштетилген жана сыналган локомотивдердин  бош жолдор боюнча жүргөндө;

40 км/саат –вагондору менен артынан чиркелген локомотивдин кыймылында, ошондой эле жалгыз атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бош жолдор менен жүргөндө;

25 км/ саат  — вагондор, ошондой эле калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер бош жолдордо жүргөндө;

15 км/ саат  –ичи адамдар, ошондой эле 4-, 5- жана 6- даражадагы каптал жана ылдыйкы габаритсиздиктеги габаритсиз жүктөр менен ээленген вагондор менен жүргөндө;

5 км/саат –түрткү менен маневр кылууда, дөбө астындагы паркта ажыратылган вагондордун башка ажыратылган вагондорго жакындашында;

3 км/саат —  локомотивдер  (вагондор менен же вагонсуз) вагондорго жакындаганда

Кыймылдуу курамдын жылуу ылдамдыгы бекеттин техника-буйрук актысында, вагондук салмагы боюнча салмактын конструкциясына жараша белгиленет.

Маневрдук курамдардын жана жалгыз локомотивдеринин 60, 40 жана  25 км/саат ылдамдыктагы кыймылы, машинист качан гана жол боштугу жөнүндө эскертилгенде аткарылат. Эгерде машинист жолдун боштугу тууралуу кабарланбаса, анда ал өзгөчө сактык жана ылдамдык менен жүрүүгө тийиш, ал андан ары кыймылдоо үчүн тоскоолдуктар пайда болгондо өз убагында токтотууну камсыз кылмак.

 

Сорттомо дөбөлөрдө жана тартуучу жолдордогу маневрлар

 

11.43. Дөбө түзмөгү бар бекеттерде вагондорду сорттоо үчүн, маневрлар темир жол бөлүмүнүн начальниги же темир жол начальнигинин орун басары аркылуу бекитилген, ошондой эле курамдарды  ажыратып жиберүү процессин автоматташтыруу түзмөктөрүн колдонуу тартиби чагылдырылган нускамаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

Сорттомо дөбөлөрүнүн иштеши боюнча нускамада, ошондой эле вагондордун сорттомо жолдордон сорттомо дөбөдөн каршы моюнга  (тосуучу тормоздук башмактарды коюу, ажыратылган вагонду парктын тереңинде токтотуу, сорттомо дөбөнүн жумушчулары менен сорттомо парктын жумушчуларынын ортосундагы келишкендик жана башка чаралар) кетип калуу мүмкүндүгүн болтурбоочу чаралар каралууга тийиш.

11.44. Вагондорду сорттомо дөбөдөн коё берүүнүн алдында дөбө боюнча нөөмөтчү милдеттүү:

а) дөбө тараптан жолдордун боштук деңгээлин  жана аларга өтиөктөрдүн бар экендигин текшерүүгө;

б) алдыдагы коё берүү планы, ажыратылган вагондордун жайланышуу ырааттуулугу, ар бир ажыратылган вагондордун саны, ажыратылган вагондордун кыймылоо сапаты, коё берүүдө өзгөчө этияттыкты талап кылган, узун базалуу  (ички дөңгөлөк окторунун борборлорунун ортосунда 11,3 м көп эмес аралыгы бар) жана башка керектүү берилмелери менен вагондордун бардыгы менен таанышууга;

в) ушул бекетте белгиленген тартип менен,  вагондорду сорттоого катышуучу башка жумушчуларды (тескөөчү жана аткаруучу посттордун операторлорун, поезддерди түзүүчүлөрдү, вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөр)  алдыдагы коё берүүнүн мүнөзү менен тааныштырууну камсыз кылуу;

г) сорттоочу иштердин автоматташтыруу түзмөктөрүн иштетүү.

11.45. Дөбө боюнча нөөмөтчү, тескөөчү жана аткаруучу посттордун операторлору, поезддерди түзүүчүлөр, вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөр,  коё берүү процессинде жылуу ылдамдыгын жана вагондордун токтоо деңгээлин, сорттоочу жолдордун толгондугуна, жебе зонасындагы жана дөбө астындагы жолдордогу ажыратылган вагондордун өтүү шарттарына, ажыратылган вагондордун чоңдугуна, сорттоочу парктын жолдору ж.б. боюнча ажыратылган вагондордун дайындоолорун кезектештирүүгө жараша жөнгө салууга тийиш.

Коё берүү процессинде дөбө боюнча нөөмөтчү, тескөөчү жана аткаруучу посттордун опреаторлору ажыратылган вагондордун кыймылына көз салууга, алардын сорттоочу парктын жолдору боюнча туура жүрүүсүн текшерүүгө, сорттоочу иштердин автоматташтыруу түзмөктөрүнүн иштөөсүн контролдоого, жана түзүлгөн кырдаалага жараша, зарыл болсо алардын ишин корректирлөөгө тийиш.

11.46. 1-класстагы (ЖМ) кооптуу жүктөрү бар вагондор жана суюлтулган газдар менен цистерналар сорттоочу жолдордо болгондо маневр диспетчерлери жана сорттомо дөбөлөр боюнча нөөмөтчүлөр, ушундай вагондор болгон жолдордун так каттоосун жүргүзүүгө милдеттүү.

Ташуучу документтеринде “Дөбөдөн коё берилбейт” деген штемпели бар жарылгыч материалдар (ЖМ) болгон вагондор, суюлтулган газдар менен цистерналар жана суюлтулган газдан бошотулган цистерналар сорттомо жолдорго коюлгандан кийин дөбө, жарым дөбөчө же  тартуучу жол менен токтоосуз, эки рельске бири биринен 25 метрден кийин, тосулган вагондон, сорттоочу түзмөктөн биринчи жайгашкан тормоздук башмакка чейинки жалпы аралык 50 метрден аз болбогондой   жаткырылуучу эки коргоочу тормоздук башмактар менен тосмолонушу керек.

Бул жолдорго багыт алган кийинки ажыратылган вагондор, коргоочу тормоздук башмактар жайгашкан жердин алдында, 10 дон аз эмес вагондон турган группаны топтогонго чейин токтотулууга тийиш. Вагондорду коё берүүнүн нормалдуу режими же ушундай жолдорго түртүү маневрлардагы алардын багыттары, тосулуучу вагондор ушул, алдын ала алар менен бириктирилген вагондор группасы менен калкаланган учурда гана калыбына келе алат. Эгерде ташуучу документтерде “Дөбөдөн коё берилбейт” деген штемпели бар тосулуучу вагондордон, дөбө же тартуу тараптан парктык тормоздук позициянын аягына чейинки аралык 50 метрден аз болсо, анда бул жолдорго кийинки ажыратылган вагондор  курчоо жолу мененгана багытталууга тийиш.

Коё берүү процессинде дөбө боюнча нөөмөтчү, тескөөчү посттун оператору же дөбө түзүүчү эки тараптуу парктык байланыштын же башка түрлөрүнүн жардамы менен, аткаруучу посттордун операторлорун, вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөрүн, жебе постторунун нөөмөтчүлөрүн, өзгөчө этияттыкты талап кылган, 1-класстагы (ЖМ) кооптуу жүктөр, узатуучулар, жаныбарлар жана башкалар жүктөр менен ажыратуулар жөнүндө  дайыма маалымдап турууга тийиш.

Таркатууга катышуучу бардык жумушчулар, мындай ажыратылган вагондорду дөбөдөн коё берүүдө , ошондой эле жолдогу, өзгөчө этияттыкты талап кылуучу жүгү бар вагондор болгон бардык ажыраган вагонду  коё берүүдө, өзгөчө көңүл бөлүүгө, таркатуу коопсуздугун жана кыймылдуу курамдын сакталышын камсыз кылууга  тийиш. Жылдыруу ылдамдыгы, ошондой эле жайландыргычтардагы токтотуу күчүн ажыратылган вагондордун ортосундагы керектүү интервалдарды түзүүнү жана бул вагондордун башка вагондор менен кагылышкандагы белгиленген ылдамдыктарын сактоону эске алуу менен жөнгө салуу керек.

Таркатылуучу курамда жана сорттоочу парктын жолдорунда,Темир жолдук транспортто жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдор боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде көрсөтүлгөн өзүнчө категориядагы, өзгөчө этияттыкты талап кылуучу жүктөр менен вагондор бар экендиги жөнүндө жумушчуларды маалымдоо тартиби жергиликтүү нускамаларда белгиленет.

11.47. ТИЭнин 15.19 пунктуна ылайык маневрларды түртүү менен жүргүзүүгө жана дөбөдөн таркатууга жол берилбейт:

Жүктөрдү коштоочу узатуучуларды (командалары менен) менен вагондордон башка, адамдар болгон вагондорду;

Темир жолдук транспортто жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдор боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде көрсөтүлгөн  өзүнчө категориядагы жүктөр менен вагондорду;

4-,5- жана 6-даражадагы каптал жана ылдыйкы габаритсиздиктеги жүктөр менен жүктөлгөн платформалар жана жарым вагондор жана жогорку 3-даражадагы өйдөңкү габаритсиздиктеги  жүктөр менен жүктөлгөн транспортерлерди;

иштебеген абалдагы локомотивдерди, моторвагондук кыймылдуу курам, рефрижератордук поезддердин курамы, жургүнчү вагондор, темиржолдо жүрүүчү крандарды;

вагондорду жана “Дөбөдөн түшүрбө” деген трафарети бар, атайын кыймылдуу курамды.

Көрсөтүлгөн кыймылдуу курам маневрдук локомотиви менен гана сорттомо дөбөсүнөн өткөрүлүшү.

ТИЭнин 15.20 пунктуна ылайык сорттомо дөбөлөр аркылуу өткөрүүгө: 12 же андан ашык огу бар жүктөлгөн жана бошотулган транспортерлер, чиркемеде  бир же эки аралык платформасы бар, жүк көтөрүмдүүлүгү 120 т болгон чиркегич түрүндөгү жүктөлгөн траспортерлерге, ошондой эле “Дөбөдөн өткөрбө” деген трафарети бар кыймылдуу курамдарга жол берилбейт.

Сорттомо дөбөлөрдө дөбө светофорлорунун ар кандай көрсөткүчтөрүндө вагондорду таркатуу ылдамдыгы, ошондой эле кыймылдуу курамдын сакталышын камсыз кылуучу шарттар, дөбөлөрдүн техникалык жабдылышына жана жергиликтүү шарттарга жараша темир жол начальниги тарабынан белгиленет. Дөбө астындагы паркта  ажыратылган вагондордун башка ажыратылган вагондорго жакындоо ылдамдыгы  5км/сааттан көп болбоого тийиш.

Эгерде ташуучу документтеринде “Дөбөдөн түшүрбө” деген штемпели же вагондордо жана атайын кыймылдуу курамда “Дөбөдөн түшүрбө”  деген трафарети болсо, анда маневрлар локомотивдерди дөбө астындагы парк тарабынан токтотуу менен же калкалоо ченемдерин өзгөчө этияттык менен сактап, силкинүүсү жана чукул токтотуусуз  “чечүү” аркылуу жүргүзүлөт. Мындай вагондорду жана атайын кыймылдуу курамды башка вагондор же локомотив менен аларды  чиркештирүүдө кошуу ылдамдыгы 3 км/сааттан ашпашы керек. Сорттоочу дөбө аркылуу аларды өткөрүү локомотив менен гана жүргүзүлөт.

Сорттоочу дөбөлөрдөн 12 жана 5 вагондук рефрижератордук секциларды, ошондой эле машиналык муздатуусу менен автономдук вагондорду таркатууда алардын дөбө астындагы парк турган вагондордун, ошондой эле алар менен кийинки ажыратылган вагондор  менен кагылышуусуна жол берилбейт

Көрсөтүлгөн вагондорду таркатуу дөбө светофорунун сары отунда жүргүзүлүүгө тийиш.

11.48. Жүктөрдү же жандыктарды коштоочу узатуучулары (командалар менен) бар  вагондорду дөбөдөн түшурүүнү, ошондой эле түртүү менен маневрларды жүргүзүүнүн алдында поезддерди түзүчүүлөр тарабынан узатуучулар жана командалар алдыдагы маневрлар тууралуу эскертилүүгө тийиш.

11.49. Вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүч ар бир адам таркатуу процессинде тигил же бул сорттомо жолдо болгон вагондорго көз салууга жана ал толгондо алдын ала бул тууралуу улук жөндөгүчкө, дөбө боюнча нөөмөтчүгө же дөбө түзүүчүгө билдирүүгө милдеттүү.

Так жана авариясыз ишти камсыз кылуу үчүн вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөр милдеттүү:

а) курамды таркатуунун  башталышында алар тейлөөчү жолдордо болууга;

б) дөбө боюнча нөөмөтчү тарабынан билдирүүлөргө жана командаларга, поезддерди түзүүчүлөдүн же локомотивдин машинисти тарабынан берилүүчү сигналдарга көңүл коюп көз салууга;

в) эсепчилдик менен, жолдордун батырымдуулугун кыйла толук пайдаланууну жана подгорочн. жолдордо турган  ажыратылган вагондордун вагондорго коопсуз жакындоосун камсыз кылуу менен вагондорду токтотууга. Дөбөдөн чоң ажыратылган вагондорду таркатууда кошумча тормоздук башмактар дөңгөлөк жуптарына атайын айры жолу менен коюлат;

г) вагондорду кошуу үчүн локомотив жолго киргенде, вагондордун астынан тормоздук башмактарды, түзүүчүнүн же дөбө боюнча нөөмөтчүнүн көрсөтмөсү менен алып салууга;

д) коңшу жолдорду тейлеген, вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөргө, алардын иштөө райондоруна ажыратылган вагондордун интенсивдүү баруусуна жардам берүүгө;

11.50. Бекеттик жолдордо вагондорду токтотууда тормоздук башмактарды орнотууга тыюу салынат:

а) түздөн-түз рельстик бириккен жердин алдында (1 м жана азыраак) жана рельстик бириккен жерде (эгер ал ширетилбесе);

б) жебе которуу крестовинанын алдында;

в) уч жаткан жебе которуусунун рамдык рельсине;

г) сырткы кыйшык рельске.

11.51. Бузук тормоздук башмактар менен пайдаланууга тыюу салынат (жарылган башча, майрыйган жана ийилген таман ж.б.).

Тормоздук башмактар сырдалган болууга тийиш (көбүрөөк байкала турган түскө), белгиленген энтамгасы болуш керек жана атайын аянтчаларда, текчелерде жана жолдордун ортосунда тумбочкаларда сакталууга тийиш.

11.52. Вагондорду сорттоочу паркта (дөбө тараптан же сорттоочу парктын жолдорунун каршы тарабынан) дөбө боюнча нөөмөтчү  (түзүүчү) менен сорттомо парктын каршы аягындагы түзүүчү же башка жумушчунун ортосундагы алдын ала макулдашуусуз курчоого жана кошууга, бекеттин техника-буйрук актысында белгиленген тартипте тыюу салынат.

Курчоонун алдында түзүүчү вагондордун астында тормоздук башмактардын, нормалдуу абалда  вагондордун авточиркегич ажыраткыч рычагдарынын жоктугуна  жана кыймыл үчүн тоскоолдуктардын жоктугуна ынанууга милдеттүү.

11.53. Тартуучу жолдордо маневрлар, эреже катары, түртүүлөр (сериялуу же бир) менен жүргүзүлөт.

маневрларды түртүү менен жүргүзүүдө бул метод маневрдук иштерди уюштуруудагы негизги болуп саналган райондор үчүн бекеттердин техника-буйрук актысында: ажыратылган вагондорду токтотуу тартиби, техникалык каражаттардын (байланыштар, башмак коюучулар, башмак алып таштоочулар ж.б.) болушу жана колдонуу тартиби жана башка коопсуздукту камсыз кылуучу шарттар көрсөтүлүүгө тийиш.

11.54. Түртүү үчүн курамды күүлөнүүнү, ажыраткычтын кыймылдык сапаттарын жана салмагын, сорттомо жолдордун боштугун жана борборлоштуруу посттордун операторлору, жебе посторунун нөөмөтчүлөрү жана вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөрдүн жебелерди которуу жана тормоздук башмактарды койгонго жетиштүү убакыты болгудай жана вагондордун кагылышуу ылдамдыгы белгиленгенден ашпагыдай атмосфералык шарттарын  эске алуу менен жөндөөгө милдеттүү.

11.55. Маневрларды нормалдуу жүргүзүүнү бузганда (алдыда келаткан артынан вагон (нагон сзади идущим отцепом впереди идущего, остановка отцепа на стрелочной горловине и др.)  ) дөбө постторунун операторлору, жебе постторунун нөөмөтчүлөрү, вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөндөгүчтөр жана маневрларда катышуучу башка жумушчулар сорттомо дөбө боюнча нөөмөтчүгө, дөбө түзүүчүгө токтоосуз билдирүүгө, токтотуу жана кезектеги кыймылдап келе жаткан ажыратылган вагонду кармоого чараларды көрүүгө команда (сигнал) берүүгө тийиш.

 

Башкы жана кабыл алуу – жиберүү жолдорундагы маневр

11.56. ТИЭнин 15.17-пунктуна ылайык башкы жолдогу же алардын кесилишиндеги, ошондой эле кирүү жебелерине чыгуу маневрлары ар бир учурда маневр жүргүзүлүүчү жолдо жана жебеде кирүүнү тосуучу тийиштүү кирүү светофорлору жабык турганда, бекет боюнча кезметчинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Бекеттин кабыл алуу-жөнөтүү паркындагы маневрлар бекет боюнча кезметчи тарабынан көрсөтүлгөн  жолдордо гана, маневр ишинде  маневрды түзгөн адам тапшырма берген учурда гана жүргүзүлөт.

11.57. ТИЭнин 15.17-пунктуна ылайыкбекеттин чегинен бир багыттагы жолго айдоо менен  жана туура эмес жолго, эки багытту участкаларга поезд диспетчеринин  жана коңшу бекет боюнча кезметчинин макулдугусуз жана машинистке берилген белгиленген макулдуксуз  айдоо менен чыгууга жол берилбейт. Бекеттин чегинен туура эки багыттуу участкаларга чыгуу маневрлары поед диспетчеринин макулдугу менен, бекеттин кезметчисинин  ооз эки уруксаты менен жүргүзүлөт.

Уруксат берилген маневр курамы бекеттин чегинен бир багыттуу жол менен чыкканда:

а) автоматтык түрдө блокко түшкөндө –тийиштүү чыгуу светофорун ачууда маневр локомативинин машинистине берилген ачкыч-жезл. Маневр курамы бекеттин чегинен ачык чыгуучу сфетафор жана ачкыч-жезл боюнча биринчи жолу чакканда, экинчи чыгуумашинистте ачкыч-жезл бар болгон учурда ачык чыгуу светафорусуз ишке ашырылат.

Автоматтык блакировка менен жабдылган, бекеттеринда жол светафору менен бириктирилген атайын маневр светафорлору бар участкаларда маневр курамынын бекеттин чегинен чыгуусу ошол маневр светафору уруксат берүү белгисин көрсөткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.

Бекеттин чегинен чыгуу маневрлары үчүн ключ-жезл же атайын маневр светафору жок болгон учурда маневр локомативинин машинистине жолдомо кат берилет;

б) Жарым автоматтык блокировка учурунда – бул жүрүүнүн ачкыч-жезли, ал эми жко болгондо – жолдомо кат;

в) электрожезлдик тутум болгондо – ушул жүрүүнүн жезли же ачкыч – жезл;

г) телефон байланышы болгондо – жолдомо кат.

11.58. Бардык учурларда маневр курамы бекеттин чегинен машинистке жолдомо кат берүү менен ,бир багыттуу жолго чыгуусу бир учурда эки бекетгы берилген, айдоону чектеген, сигнализациянын негизги каражаттары жабылбаган поезд диспетчеринин уруксаты боюнча жана поезд кыймылына байланыштуу ишке ашырылат.

Мындай уруксат алынгшандан кийин бекет боюнча кезметчилер телефонограммалар менен алмашышат:

“бекеттин чегинен чыгуу менен маневр жүргүзө аламбы”;

Бекеттин чегинен чыгуу менен маневрлардын жүрүшүнө уруксат берем;

Акыркы телефонограмманы алуу ДУ-50 формасындагы, ушул нускаманын бешинчи главасында каралган, үстүндө “бекеттин чегинен чыгуу менен маневр жүргүзүү” деген белгиси бар жолдомо катты машинистке берүү үчүн негиз болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн форма боюнча телефонограммалар менен алмашуу поезд диспетчери контролдогон, поезд дипетчердик байланыш боюнча ишке ашат.

Жолдун каршы тарабындагы поезд жолу бош эмес болгондо маневр курамынын бекеттин чегинен чыгуусу жөнүндө билдирүүгө жана уруксат берүүгө жол берилбейт.

Маневр жүргүзүүгө бекетдан жөнөтүлгөн поездке макулдук берилген учурдан баштап коңшу бекетдан поезд келгендиги жана форма боюнча маневрдын аякташы жөнүндө бекетгы билдирме берилгендиги тууралуу маалымат алынганга чейин  поезд жолу бош эмес деп эсептелинет.

“маневр курамы бекеттин чегинен чыгуу менен маневрын аяктады”.

Маневр курамынын бекеттин чегинен чыккандыгы жөнүндө бардык маектер поезд телеграммаларынын журналында жол-жоболоштурулат.

11.59. Эки тапатауу жол блокировкасы жабдууланбаган. Туура эмес жол боюнча маневр курамы бекеттин чегинен чыгууга зарыл болгон учурда бул айдоочу жолдор белгиленген тартипте жабылат. Блокировка жабылгандан кийин маневр курамынын бекеттин чегинен чыгуусу ушул нускаманын 11.58-пунктунда каралган тартип менен жол-жоболоштурулган жолдомо катты локомативдин машинистине берүү менен ишке ашырылат. Ошону менен бирге жолдомо каттын бланкынын үстүндөгү белгиге “туура эмес жол менен” деген сөздөр кошулат.

Эки тарап тең автоматтык түрдө блокко коюлгандан кийин, блок тутумдар тийиштүү кыймыл багытына которулгандан кийин туура эмес жол менен маневр курамынын бекеттин чегинен чыгуусу бир тараптуу айдоо үчун каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

11.60. кабыл алуу – жөнөтүү жолдорун өзүнчө вагондор же вагондордун топтору менен тосуп алууга тартип боюнча жол берилбейт. Маневр жүргүзүүдө көчмө курамдын кабыл алуу-жөнөтүү жолдорун убактылуу ээлөө бекеттин кезметчисинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Орто аралык бекеттеринда өзүнчө вагондор же көчмө курам менен кабыл алуу-жөнөтүү жолдорун убактылуу ээлөөнү бекеттин кезметчиси поезд диспетчеринин уруксаты менен гана жүргүзө алат. Ар кандай көчмө курамдар менен кармалган туюктарды ээлөөгө жол берилбейт, ал эми жүргүнчүлөрү же жүгү бар вагондор менен, кооптуу жүк салынган жүк ташуучу вагондор менен сактагыч туюктарды ээлөөгө да жол берилбейт.

Жебе постторунун кезметчиси тарабынан тейленбеген бекеттердин райондорундагы маневр иштери

11.61. Маневрдык локомотивдин жолдон  жүк салуучу райондорго, көмүр складына же локомотивдик депого кирүүсү зарыл болсо бекеттин кезметчиси же поезддерди түзүүчү вагондорду киргизүү же алып чыгуу мүмкүндүгүн ушул райондун иш жетекчилери менен макулдаштырууга тийиш.

Макулдуктун тартиби бекеттин техникалык – тескөөчү актында белгиленет.

11.62. Маневр  курамы жолдон жебелер жебе постторунун кезметчилери тарабынан тейленбеген райондорго кирүүдөн мурун поезддерди түзүүчү жолдордун жана жебелердин  абалын өзгөчө кылтаттык менен кароого, кыймыл үчүн тоскоолдуктар жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Ушундай райондордо жебелерди которуу поезд түзүүчүнүн же бекеттин техникалык-тескөөчүлүк актысында көрсөтүлгөн башка кызматчы тарабынан ишке ашат.

11.63. Маневр локомативинин же курамынын жебе постторунун кезметчиси тарабынан тейленбеген райондордон бекеттин жолуна чыгуусу бекеттин кезметчисинин уруксаты мнен гана болушу керек.

Мындай райондордон маневр локомативинин чыгуу тартиби бекеттин техникалык-тескөөчүлүк актысы тарабынан белгиленет.

12-глава

Эскертүүлөрдү берүү тартиби

 

12.1. ТИЭнин 16.31-пунктуна ылайык поезддерди көзөмөлдөөдө локомотив бригадаларынын өзгөчө сактыгын камсыздоо зарыл болгон учурда жана аларга иштин өндүрүшү жөнүндө эскертүүдө поездке жазуу түрүндөгү эскертүү берилет.

Эскертүү төмөнкү учурларда берилет:

жол бузулга учурда, байланыш тармактын түзүмү бузулган учурда, жылуучу сигнализация бузулган учурда, ошндой эле ылдамдыгын азайтуну же токтотуунун талап кылган ремонттоо же куруу иштери жүргүзүлүп жатканда;

жаңы сигнализацияларды жана байланыштарды ишке киргизүүдө, сватофорлорду жылдырууда жана алар бузулганда;

автоматтык локомативдик сигнализациясынын жол түзүмдөрү бузулган учурда;

габариттин чегинен чыккан жүк менен жолго чыккан жүгү бар поездди жиберүүдө поезддин ылдамдыгын азайтуу керек же өзгөчө шарттарды сактоо керек.

эки тараптуу жолдо кар тазалагыч, балластер, жол төшөгүч, кран жана шагылды тазалоочу машиналар иштеген учурда;

ушул участок үчүн  белгиленген ылдамдык менен жүрө албаган көчмө курамдын поездди чыккан учурда;

чечилүүчү көчмө курамдардын ишинде, ошондой эле жол вагончолору менен оор жүктөрдү ташууда;

поезддин ылдамдыгын азайтууну же токтотууну талап кылган бардык учурларда, ошондой эле локлмотив бригадасын поездди көзөмөлдөөнүн өзгөчө шарттары жөнүндө эскертүү берүү зарыл болгон учурда.

Бардык эскертүүлөр үч түргө бөлүнөт:

а) белгиленген учурдан тартып жокко чыгарууга чейин колдонулган, иш өндүрүшүнүн шарттары боюнча тийиштүү жетекчи  анын аякташынын так мөөнөтүн билбеген учурда;

б) эскертүү берүү арызында көрсөтүлгөн жетекчи тарабынан белгиленген иштин мөөнөтүнүн аралыгында колдонулган;

в) анын корпусунун өзгөчө шарттарын сактоо зарыл болгон учурда өзүнчө поезддер үчүн белгиленген .

12.2. Күтүлгөн иштерди жүргүзүүгө байланыштуу эскертүүлөрдү берүү жөнүндө билдирмелер төмөнкү учурларда берилет:

а) жол усталары, энергодиспедчерлери жана электромеханиктери тарабынан сигнализациялардын, байланыштардын жана электр менен камсыздоо аралыгы боюнча иштерди жүргүзүү учурунда, бирок 12 сааттан көп эмес.

б) жол, сигнализация, байланыш жана электр менен камсыздоо бөлүмдөрүнүн начальниктери же орну басарлары тарабынан, 5 суткага чейинки мөөнөткө;

в) улуттук ташуучунун жетекчилери тарабынан – 10 суткага чейинки мөөнөткө.

Поезддердин кыймыл графигинде каралбаганда мындан узак мөөнөткө эскертүү берүү улуттук ташуучунун жетекчисинин буйругу менен белгиленет, ошону менен бирге эскертүүнү белгилөө жөнүндө буйрукту  зарыл болгон иштер аткарылгандан кийин жана кадимки ылдамдык калыбына келгенден кийин жокко чыгаруу укугун улуттук ташуучунун жетекчиси тийиштүү кызматкерге бере алат. Улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан белгиленген эскертүүлөр билдирме келип түшкөндөн кийин бир сутка мөөнөтүндө жол-жоболоштурулушу керек.

Текшерүү учурунда поезддин кыймылынын коопсуздугуна коркунуч алып келген вагондун дефекти бар орундары табылган учурда эскертүү берүү билдирмеси ушул вагондун начальниги же орун басарлары тарабынан берилет.

Сигнализация, байланыш жана электр менен камсыздоо аралыгынын жол усталары, энергодиспетчерлери жана электромеханиктери эскертүү берүү жөнүндө билдирмени төмөнкү учурларда бере алат: чыгарылуучу көчмө бирдиктер  менен иштөөдө, жол вагончолору менен оор жүктөрдү ташууда, эки тараптуу жана көп тараптуу жолдордо орто жолдон материалдарды түшүрүү жүргүзүлсө же поезддер жүргөн жолдордо коңшу жолдо турган поездден жүктөрдү түшүрүү же жүктөө жүргүзүлгөн учурда.

Мындан тышкары жол усталары тарабынан эскертүү берүү жөнүндө билдирме күтүлгөн иштерди жүргүзүүгө байланыштуу берилет. Жана аны жолдун бригадири жетектегенге укугу бар. Мындай иштердин тизмеги жол иштерин жүргүзүүдө поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускама тарабынан белгиленет.

12.3. Эскертүү берүү билдирмелери  кат жүзүндө, телеграмма же телефонограмма менен темир жол жетекчиси тарабынан белгиленген эскертүү берүү бекеттери боюнча кезметчилердин, эскертүү белгиленүүчү айдоону чектеген бекеттери боюнча кезметчилердин дарегине берилет, ал эми диспетчердик борборлоштурулган участоктордо поезд диспетчерине дагы берилет. Жогоруда саналган бекеттердин бирине берилген кат жүзүндөгү билдирме ага кол койгон жак менен тастыкталышы керек. Башка белгиленген даректерге телеграмма же телефонограмма берүү ушул эле процессти жетекчиликке алат.

Эгер эскертүү берүү жөнүндө билдирме жол аралыгынын наачльниги тарабынан же башка жогорку жетекчилер тарабынан берилсе, анын көчүрмөсү иштин жетекчисине жөнөтүлөт.

Күтүлгөн эскертүүлөрдү берүү билдирмеси бар телеграммалар эскертүү берүү бекетсынын кезметчисине эскертүү берилген кыймыл башталганга чейин 3 саат мөөнөттөн кеч эмес, ал эми поезддер токтоосуз жүргөн жерлерде 3 сааттан көп мөөнөт аралыгында – темир жол жетекчиси белгилеген мөөнөттөн кеч эмес убакытта берилиши керек.

Эскертүүнү берүү же жокко чыгаруунун ар бир  билдирмеси өзүнчө телеграмма менен жол-жоболоштурушу керек жана эскертүү берүү бекетсынын кезметчисине кат жүзүндө гана берилиши керек.

Белгиленген даректер боюнча билдирмелерди, телеграммаларды жана телефонограммаларды  өз убагында жеткирүүнү камсыздаган эскертүүлөрдү берүү же жокко чыгаруу жөнүндө билдирмелер, телеграммалар жана телефонограммаларды берүү тартиби темир жол жетекчиси тарабынан аныкталат.

Аткарууга берилген билдирмелерди тастыктоо төмөнкүлөр болуп саналат:

а) кабыл алган мөөнөтү көрсөтүлгөн жана телеграфтын кызматкеринин белгиленген дарекке берүү үчүн телеграмманы кабыл алуу жөнүндө тил каты;

б) эскертүү берүү бекетсынын кезметчисинин кат жүзүндөгү билдирмени же эскертүү китебине колун койгон ушул бекеттин кезметчисинин тил катын алгандыгы  жөнүндөгү тил кат.

12.4. Поездке эскертүү берпилгендигин поезд диспетчери же бекеттин кезметчиси аркылуу билбестен иштин жетекчисине ишке киришүүгө жол берилбейт, ал эми иштин жүрүшүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү адам иштин башталышына уруксатын бере албайт.

12.5. Эскертүү берүү жөнүндө билдирмелерде  төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

а) эскертүү берилген жер так көрсөтүлүшү керек (айдоочу жол же бекет, жолдун номери, аралыгы (км);

б) поезддин жүрүшүндөгү сактык чаралар;

в) эскертүүнүн башталышы жана аякталышы.

12.6. Кыймылдын коопсуздугуна коркунуч алып келген жана токтоо сигналдарын же ылдамдыгын азайтуу сигналдарын чектөөнү талап кылган жолдордун жана курулмалардынбузулгандыгы табылган учурда , аларды четтетүү боюнча күтүлбөгөн иштерди аткаруу үчүн  эскертүү берүү жөнүндө билдирмелер жол усталарына, энергодиспетчерлерге, талап кылынса электромеханиктерге же аралыктын начальниктерине берилет, андан соң  жол аралыгынын начальнигине же сигнализациянын, байланыштын жана энергия менен жабдуу  аралыгынын начальнигине бул тууралуу билдирилет.

12.7. Кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирген, күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда эскертүү берүү жөнүндө билдирме айдоо жолун чектеген бекеттин кезметчилерине берилет.

Айдоо жолун чектеген бекеттин кезметчиси коңшу бекеттин кезметчисинен алган билдирменин же маалыматтын негизинде биринчи кезекте коркунучтуу жерге багытталган айдоо жолундагы поездднрдин машинисттерине билдирүүгө жана билдирүү туура түшүнүлгөндүгүн тактоого жана бул жөнүндө поезд диспетчерине билдирүүгө милдеттүү. Бекетгы жакындап келе жаткан поездке радио байланыш аркылуу эскертүү берүү мүмкүн болбосо кат жүзүндөгү эскертүү берүү үчүн аны чыгуу светофорунун жанынан токтотуу керек.

Поезд диспетчери бекеттин кезметчисинен маалыматты алуу менен айдоо жолун чектеген бекеттерга, поезддерге эскертүү берүү тартиби жөнүндө буйрукту каттоочу эскертүү берүү бекеттерина жөнөтөт.

Поезд диспетчеринин байланышы үзүлгөн учурда айдоо жолун чектеген бекеттердин кезметчиси диспетчердик байланыш калыбына келгенге чейин коркунучтуу жерге багытталган бардык поезддерге эскертүү берүүгө, андан соң поезд диспетчеринин тапшырмаларына ылайык иш алып барууга милдеттүү.

Диспетчердик борборлоштурулган участкаларда күтүлбөгөн эскертүүлөрдү берүү жөнүндө билдирмелер поезддерге эскертүүлөрдү берүүнү камсыздоого чараларды көрүүчү поезд диспетчерине берилет.

Темир жол жетекчиси тарабынан белгиленген өзүнчө участкаларда жолдогу поезддердин машинисттерине пайда болгон күтүүсүз эскертүүлөр жөнүндө кат жүзүндөгү эскертүүнү берүү үчүн поездди токтотпостон радио байланыш боюнча билдирүү ьартиби каралышы мүмкүн. Мындай маалыматтар бекеттин кезметчисинин машинистине берилиши керек, ал эми диспетчердик борборлоштурулган участкаларда поезд айдоо жолун чектеген бекетке жакындаганда поезд диспетчерлерине чыгуучу сигналы  ачылганга чейин, маалыматты поезддердин кыймылынын журналына же диспетчердик буйруктардын журналына каттоо менен.

Жолу же башка түзүмдөрү бузулган поезддердин кыймылы үчүн күтүлбөгөн коркунучту четтетүү боюнча иштер, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү көчмө курамдын жана алынуучу бирдиктердин кыймылы бузулуулар табылгандан кийин, иш орду тийиштүү түрдө тосулгандан кийин күтүүсүз ишке ашырылышы керек. Зарыл болгон учурда эскертүү билдирмесин берилгендигин белгилөө белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

12.8. Эскертүү жөнүндө бардык билдирмелер жана телеграммалар бекеттин кезметчиси же оператор тарабынан атайын эскертүү китепчесине жазылат жана номерленет.

Эскертүү китебин толтуруу жана поезддерге эскертүү берүү тартиби бекеттин техникалык-тескөөчү акты менен белгиленет.

Эскертүү белгиленген, айдоо жолун чектеген бекеттин кезметчиси билдирме алгандыгы жөнүндө поезд диспетчерине билдирет.

Эскертүүлөрдү номерлөө ай сайын биринчи номерден башталып жүргүзүлөт.

Ар бир айдын биринчи күнүндө бардык колдонуудагы эскертүүлөр жаңы китепке кайра жазылат.

Китептеги бардык белгилер бекеттин кезметчиси тарабынан тастыкталышы керек.

Эскертүүлөрдү жазуу китепчеси жана аларды берүү багыты боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.

Бекеттин начальниги же анын орун басары эскертүү китебин дайыма текшерип турушу керек.

12.9. Эскертүүлордү берүү поезддерди түзүү бекетсында жана техникалык зарылчылык болгондо токтоочу токтотмосу бар поезддердин бекеттеринда жүргүзүлөт. Шаар четиндеги поезддер үчүн эскертүүлөрдү берүү ушул поезддерди башталгыч жөнөткөн бекеттерде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Бекеттердин тизмеги жана поезддерге эскертүүлөрдү берүү тартибитемир жолдун жетекчиси тарабынан белгиленет. Бул бекеттерга иштин жетекчилери эскертүүлөрдү белгилөө жөнүндө телеграммаларды жөнөтүшү керек.

12.10. Өзүнчө поезддерди коштоонун атайын шарттары жөнүндө эскертүү поезддерди түзүү бекетчында же белгиленген ылдамдык менен жүрө албаган көчмө курамды поезддерге кошуу бекеттеринда берилет. Коштоонун атайын шарттарын сактоонун зарылчылыгы бар көчмө курам же жүгү бар поезддерди участкаларга эскертүүсүз жиберүү мүмкүнчүлүгү болбогон локомотивдерди алмаштыруу же локоматив бригадасынын бекеттеринда мындай эскертүүлөрдү берүү тартиби темир жол бөлүмүнүн начальниги же орун басары тарабынан белгилениши керек жана бекеттин техникалык-тескөөчү актысында көрсөтүлүшү керек.

12.11. Эскертүү атайын сары сызыгы бар ак өңдөгү бланкы бар баракка жазылат (ДУ-61)  жана локомативдин машинистине же бекеттин кезметчиси кол койгон анын жардамчысына же анын тапшырмасы боюнча операторлорго, бекеттин техникалык борборунун кызматкерлерине, жебе постунун кезметчилерине, сигнал берүүчүлөргө же башка кызматкерлерге берилет. Эгер эскертүү машинистин жардамчысына берилсе ал күтүүсүздөн аны машинистке берүүсү керек, ал эми машинист өз кезегинде жардамчысына эскертүү берилгендигин же берилбегендигин текшерип турушу керек.

Эскертүү персоналдуу компьютерлерде ак баракка сары сызыгысыз басылышы мүмкүн. Ошону менен бирге аларды жөнөп жаткан поезддердин локомотивинин машинистине берүүдө колдонулуп жаткан тартип сакталат.

12.12. Бланкттар күн мурун толтурулат жана бекеттин кезметчиси тарбынан кол коюлат.

Эскертүү бланкын көчүрүү менен толтурууда ар бир экземпляры эскертүүнүн так жана даана тексттин алып жүрүшү керек.

Жөнөтүлүп жаткан поезддин номери эскертүү бланкына машинистке же анын жардамчысына берилээрден мурун коюлат.

Эки жүгү бар поездди жөнөтүүдө жетектөөчү локомотивдин машинисти экинчи локомотивдин машинистине эскертүүнүн бар экендиги жөнүндө маалымат берет. Түртүүчү поезддин локомотивин жөнөтүүдө түрткүчтүн локомитивинин машинистине да эскертүү берилет.

Шаардын четине чыгуучу, ташуучу жана өткөрүп берүүчү поезддерге, ошондой эле түрткүч локомотивдерге эскертүү берүүнүн тартиби темир жолдун бөлүмүнүн начальниги же темир жолдун жетекчиси тарабынан белгиленет. Ошону мене бирге аларды ар бир поездке бербестен аныкталган убакытта (бригадалар алмашып жактан убакытта) берүүгө болот.

Эскертүү берилген биринчи поезддин номерин бекеттин кезметчилери поезд диспетчерлерине билдирүүгө милдеттүү, ал эми акыркы аткарылган кыймыл графигине белги коет.

12.13. Эскертүү белгиленген, айдоо жолун чектеген бекеттин кезметчиси анын кыймылынын мөөнөтү бүтүп калганда поезд диспетчери аркылуу жөнөөгө даярданып жаткан поезддин машинисттерине эскертүүнүн берилгендигин тактайт.

Эскертүү берилбеген поезд токтотулушу керек же ушул нускаманын 12.7-пунктуна ылайык темир жолдун жетекчиси тарабынан каралаган тартип боюнча радио байланыш аркылуу ммашинистке эскертүү бар экендиги билдирилиши керек.

12.14. Туура эмес эки тараптуу айдоо жолу боюнча поездди жөнөтүүдө бекеттин кезметчиси поезд диспетчери аркылуу бул жолго эскертүү берилгендигин текшериши керек, эгер эскертүү бар болсо жөнөп жаткан поезддин машинистине тапшырышы керек.

12.15. Жокко чыгарууга чейин белгиленген эскертүүлөр поезддерге жокко чыгаруу жөнүндө билдирме алынганга чейин берилет.

Аныкталган мөөнөткө белгиленген эскертүүлөр поезддерге ошол мөөнөттүн аралыгында гана берилет. Мындай эскертүүлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө билдирмелер берилбейт жана иштин жетекчиси тарабынан эскертүүнун мөөнөтүн узартуунун зарылчылыгы жөнүндө билдирме берилбесе  аларды поездке берүү токтотулат.

Иштин жетекчиси кандайдыр бир себептер менен билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтпөй калса, ал бул белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин сигнал берүүчүлөргө ылдамдыкты азайтуу тууралуу сигналдарды берүүгө жана айдоо тжолун чектеген бекет кезметчилерине иштин бүтүшүнүн жаңы мөөнөтү көрсөтүлгөн эскертүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирмени жөнөтүүгө милдеттүү.

Мындай билдирмени алган бекеттин кезметчиси ушул нускаманын 12.7-пунктуна ылайык иш алып барууга милдеттүү.

12.16. Жокко чыгарууга чейин белгиленген эскертүүнү аны белгилеген кызматкер же анын наачльниги гана жокко чыгара алат.

Эскертүүлөрдү белгилеген кызмат адамдары сызык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана анын алдында иштөөчүлөргө тийиштүү иш8 аткарылгандан кийин белгиленген эскертүүлөрдү жокко чыгаруу же эскертүүдө белгиленген ылдамдыкты жогорулатуу тапшырмасын бере алат. Мындай тапшырма эскертүү берүү билдирмесинде көрсөтүлүшү керек.

Жолдорду өлчөөчү жана бузулууларды табуучу вагондордун начальниктери тарабынан берилген билдирмелерди жокко чыгарууну жол аралыгынын начальниги же анын орун басары жүргүзөт.

12.17. Себептүү түрдө  жокко чыгарууну талап кылган жокко чыгарганга чейин белгиленген эскертүүлөр ошол эле даректерге күтүүсүз телеграмма берүү менен жокко чыгарылат.

Эскертүүнү жокко чыгаруу жокко чыгарган жак, айы, числосу, убактысы көрсөтүлгөн, телеграмма менен тастыкталган түрдө кат жүзүндө же эскертүүлөр китебине жазуу менен жүргүзүлөт.

Эскертүүнү жокко чыгаруу жөнүндө билдирмени бекеттин кезметчиси эскертүү китебинде жазылган жазуунун карама каршысынаким тарабынан, качан жокко чыгарылгандыгын көрсөтүү менен белгилейт. Жокко чыгарылган эскертүүлөр жана мөөнөтү аяктаган эскертүүлөр чийилип салынат.

Жолдогу поезддин кыймылынын ылдамдыгын азайтууга байланышкан эскертүүлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө жана эгер эскертүүнүн белгилүү бир мөөнөтү болсо окшош эскертүүлөрдүн күчүнүн мөөнөтүнөн мурда аякташы жөнүндө билдирмени алгандан кийин бекеттин кезметчиси поезд диспетчерине бул тууралуу билдириши керек.

12.18. Локомотивдердин машинисттери (мотор вагондуу поезддер, атайын өзү жүрүүчү көчмө курамы бар) участкаларда баратканда берилген эскертүүлөрдү жетекчиликке алышы керек жана жолдордо белгиленген жылучу сигналдарга мааани бериши керек.

Эскертүү көрсөтүлгөн убакта бараткан поезд эскертүүдө белгиленген ылдамдыкты тосуучу сигналдарга карабастан сакташы керек.

Тосуучу сигналдар жок болгон учурда  машинист бул тууралуу поезд диспетчерине же айдоо жолун чектеген бекеттин кезметчисине бул бузулууларды четтетүүгө чараларды көрүү үчүн билдирилиши керек.

Иш ордунан эскертүүдө белгиленген мөөнөттөн эрте же кеч өткөн учурда жолдордо ылдамдыкты азайтуу же токтотуу сигналдары жок болсо, поезддин ылдамдыгы азайбайт.

Иш эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте аяктагандыгы жөнүндө билдирме же эскертүүдө көрсөтүлгөн ылдамдыктын жогорулашы жөнүндө билдирме ловомотивдин машинистине поезд диспетчеринин буйругу менен катталган радио байланыш боюнча билдирилет.

12.19. Кайсы жактан болбосун поезд жолунун, жабдууларынын же түзүмдөрүнүн бузулгандыгы тууралуу маалымат түшсө бекеттин кезметчиси текшерүү журналына жазышы керек жана күтүүсүз поезд диспетчерине, коңшу бекеттин кезметчисине жана түзүмдөрдү тейлөөчү кызматкерге билдириши керек.

Эгерде мындай бузулууларды жолдо бараткан локомотивдин машинисти тапса  ал поезддин ылдамдыгын азайтышы керек, ал эми зарыл болгон учурда поездди токтотуп, анын артында келе жаткан поезддердин машинисттерине, жакынкы бекеттин кезметчилерине же поезд диспетчерлерине радио байланыш боюнча табылган бузулуулардын оңдолбогондугун жана ордун көрсөтүү менен бул тууралуу билдириши керек.

Бекеттин кезметчиси тарабынан алынган билдирме поезддердин жүрүшүндө тоскоолдуктрадын бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө ал көрсөтүлгөн билдирмени кийинки поезддердин машинисттерине берүү үчүн чараларды көрүшү керек, эгерде билдирме поезддин жүрүшү мүмкүн эмес экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө  — тоскоолдукту четтетүү жөнүндө билдирме алганга чейин поезддин мындан аркы кыймылына тыюу салышы керек. Айдоо жолун жабуу жөнүндө буйрукту күтпөстөн бекеттин кезметчиси коңшу бекеттин кезметчисине бул жолго башкар поезддерди жөнөтүүгө тыюу салуу жөнүндө тапшырманы бериши керек. Жолдогу локомотивдердин машинисттери алынган маалыматка жараша коркунучтуу орунду өтө кылдаттык менен өтүшү керек, зарыл болгон учурда токтоого даяр болгон төмөндөгөн ылдамдык менен жүрүшү керек  же поездди токтотуп тоскоолдукту четтетүү жөнүндө билдирмени  алгандан кийин кыймылды кайра башташ керек.

Поезддин жүрүшү үчүн токкоолдуктардын бар экендиги жөнүндө билдирме алынган жолдогу биринчи поезд жол устасынын же ал жок учурда жол бригадиринин коштоосу жиберилиши мүмкүн.

Жолдон устаны же бригадирин тапкан учурда, алардын орду белгилүү болсо поезддин машинистине поездди коркунучтуу жерге коштоо үчүн бул кызматкерлерди токтотуп, түшүрүү жөнүндө эскертүү берилет.

Эскертүүдө бузулган жерге болжол менен киллометр калганда токтотуу жөнүндө жана поездди коштоочу же коркунучтуу жердин районунда турган кызматкердин көрсөтмөсү боюнча иштөө жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

Коштоп жүргөн поезддин кызматкери кийинки поезддерди жиберүү тартибин белгилейт, зарыл болгон учурда белгиленген тартипте поезддерге эскертүү берүү жөнүндө билдирме берет.

12.20. Темир жолдун жетекчисинин эскертүүлөр жөнүндө буйруктары тийиштүү бөлүмдөрдүн начальниктерине жиберилет жана анын менен поезд диспетчерлери, машинист-инструкторлор, поезд машинисттери жана атайын өзү жүрүүчү көчмө курамдардын машинисттери, бекеттин кезметчилери, эскертүү белгиленип жаткан участкаларды тейлөө менен байланышкан жол усталары жана жол бригадирлери кол коюу менен күтүүсүздөн танышышы керек.

Бул буйруктар бекет кезметчилеринин жайларында жана локомотивдик депо боюнча кезметчилердин жайларында илинет, ошондой эле эскертүүлөр китебине чапталат, ал эми алардын көчүрмөсү поезд локомотивдеринин машинисттерине жана жана атайын өзү жүрүүчү көчмө курамдардын машинисттерине (айдоочу) берилет.

Локомотивдик деполордун начальниктери жана атайын өзү жүрүүчү көчмө курамдардын уюмдардын жетекчилери буйрукту алгандан кийин  үч сутка мөөнөтүндө темир жол жетекчисинин буйругу менен локомотивдик бригадаларды тааныштыруу жөнүндө эскертүүлөрдү берүү тууралуу бекеттин жетекчилерине билдирүүгө милдеттүү, андан соң поезддерге кат жүзүндөгү эскертүүлөрдү берүү токтотулат.

Эскертүүлөрдүн жана жолдогу сигналдардын бар экендигине карабастан темир жол жетекчисинин жетекчисинин атайын буйругунда көрсөтүлгөн коркунучтуу жерлерде, жаан төгүп турган учурда жүрүүдө локомотив бригадалары өтө сак болушу керек жана зарыл болгон учурда ылдамдыкты азайтуу керек.

ДУ-61формасындагы бланк

ЭСКЕРТҮҮ ДҮМҮРЧӨГҮ

 

Поездге эскертүү N __________ 201__ж. алдым.

Машинист (машинисттин жардамчысы) ____________________________________

Бекет ______________ (штемпель) «____» ________________ 200__ ж.

 

Поездге ЭСКЕРТҮҮ N _________

 

┌──────────────┬───────────────┬───────────┬────────────┬─────────────┐

│Жүрүү орду     │Жүрү убактысы │Ылдамдык   │Кызыл белгиге│Башка өзгөчө│

│эскертүү      │эскертүү,      │км/с ашпайт│токто       │   шарттар  │

│ (км, пикет,  │       с       │           │ал жок болсо │ поездди  │

│  бекет)    │               │           │ылдамдык км/с│   ээрчүү   │

│              │               │           │ашпашы керек │             │

│              │               │           │ │             │

│              │               │           │ │             │

│              │               │           │ │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│      1       │       2       │     3     │     4      │       5     │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│15            │Белгиге чейин  │    25     │            │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│28            │8-16           │    15     │            │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│123           │8-14           │           │    25      │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│172-175       │8-16           │           │  белгил  . │вагончо      │

│              │               │           │            │иштейт       │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│Токмок        │               │           │   │Дарыгерди түшүрүү үчүн│

│              │               │           │            │токтотуу     │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│186           │10-12          │           │  Белгил.   │Рельсти      │

│              │               │           │         │жалгыз алмаштыруу│

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│Кант  стр.8            │Белг.чейин        │    40     │            │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│Ивановка      │Белг.   чейин     │  60 жүк │            │             │

├──────────────┼───────────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤

│Башкы жол      │               │  70 жүргүнчү │            │             │

└──────────────┴───────────────┴───────────┴────────────┴─────────────┘

 

Бекет нөөмөтчүсү ______________________________

(диагонал боюнча сары тилке менен ак түстөгү бланк)

 

Эскертүү бланкын толтурууга түшүндүрмө

 

1-графада эскертүү белгиленген поездди кароо боюнча ирети менен километр (пикеттер) же бекеттер (жолдун номери, көрсөткүчтүн номери) .

2-графада эскертүүнүн аракет убактысы белгиленет. Эгер эскертүү аракети белгилүү мөөнөт менен чектелсе, ана тиешелүү километрге каршы аракет сааттары коюлат, мисалы, 8-16, бул 8ден 16га чейинки мезгилде эскертүү аракети жөнүндө көрсөтөт. Алып салуулар үчүн белгиленген эскертүүлөр үчүн бланкта тиешелүү километр тушунда “Алып салууга чейин” деген жазуу болушу керек.

3-графада тиешелүү километр, пикет, жолдун номери, көрсөткүч номер тушунда ушул километр, пикет, жол жана бекет көрсөткүчтөрү боюнча поезддерди ылдамдыгын эскертүү жазылат.

4-графада тиешелүү километр, пикет ж.б., кызыл белгилер орнотулган жерде каралган, кызыл белги болбогон учурларда артынан текшерүү жөнүндө белгилер коюлат. Эгер кызыл белги (сигнал) жок учурда белгиленген ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилсе, анда “Белгиленди” деген сөз менен белги коюулат, эгер кызыл сигнал болбосо поезд жайлатылган ылдамдык менен жылып, ага мисалы “25” деген ылдамдык белгиси коюулат.

5-графада участок боюнча поездди кароонун башка өзгөчөлүктөрү белгиленет.

 

13-Бап

Бекеттерде СЦБ түзүлүшүнүн иши бузулган шарттарда поезддерди кабыл алуунун, жөнөтүүнүн жана маневрларды чыгаруунун тартиби

 

13.1. СЦБ контролдук приборлорунун нормалдуу көрсөткүчтөн четке чыккан  учурда бекеттин нөөмөтчүсү адегенде төмөнкүлөрдү текшерүүгө тийиш:

а) вагондордун чыгып кетүүлөрүн, кыймылдуу бирдиктеринин өз алдынча чыгуулары, башка багытка кирип кетүүлөрү, кыймылдуу курамдын түшүүсү;

б) анын же башка кызматкерлердин туура эмес аракеттери.

Ошондой эле кошумча төмөнкүлөрдү текшерүү керек:

кабыл алуу пунктунун (биринчи блок-алыскы тилке) жана поезд болжолдуу бара турган маршрут боюнча бөлүнгөн тилкенин чынында эле бош экендигин;

бардык багыттардын, анын ичинде маршрутка кирген корголгон багыттардын жайгашуусуна контроль жүргзүлөбү жана алар туура орнотулганбы;

талап кылынган маршрутка кирген жол жана багыттар башка маршруттарда жабык бойдон калбагандыгы;

ачкыч-жезл аппараттан ажыратылган жокпу же аппаратка туура орнотулганбы;

бекеттин чегинде же биринчи алыскы блок участокто жайгашкан өтмөктөгү тосмо светофор, же поезддердин ж.б.у.с. курамдарынын борборлоштурулган тосмо сигналдары түзүлүштүн ишинин бузулушунда келип чыккандыгына байланыштуу күйгүзүлгөн бойдон калбагандыгы;

даярдалган маршрут поезд бара турган багытка же белгиленген тосмолдоо багытына ылайык келеби;

СЦБ түзүлүштөрүн пайдаланууда башка катачылыктарга жол берилген жокпу.

13.2. СЦБ түзүлүштөрүнүн нормалдуу иштешинин бузулгандыгын аныктаган соң бекеттин нөөмөтчүсү текшерүү журналына тез арада жазып жана электрмеханикке кабарлоого (аралыктык сигнализация, байланыш жана электр менен жабдуу боюнча нөөмөтчү инженерге) жана зарыл учурда башка тийиштүү кызматтардын кызматкерлерине кабарлоого милдеттүү.

Мындан ары бузулгандар оңдолгонго, түзүлүштөрдүн белгиленген иштөө тартиби жана СЦБнын электромеханигинин жана тиешеси бар кызматкерлердин текшерүү журналындагы тиешелүү жазуулары текшерилгенге чейин бекеттин нөөмөтчүсү поезд жагдайларына карабастан бузулган түзүлүштөрдү пайдаланууга (бузулган түзүлүштөрдүн контролдуу көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алуу менен кирүү, чыгуу, маршруттук жана маневр светофорлорун ачууга, багыттарды которууга, кыймылдуу курамды өткөрүүгө), анын ичинде бул жазууларга чейин бөлүнгөн секциялардын бош жана бош эместигин контролдоо, борбордоштурулган багыттардын абалын же башкаруу пультунун көрсөткүчтөрүнүн башка өзгөрүүлөргө учураганда.

СЦБ түзүлүштөрүнүн бузулушу чакыруучу сигналдын баскычынан пломбаны алуу зарылдыгына байланыштуу болсо, анда текшерүү журналындагы жазууда чакыруучу сигналдын баскычынан пломбанын алынгандыгы тууралуу көрсөтүлөт, мисалы:

«Участок 5-9 СП бош эместигинин жалган болушун көрсөтүүдө. Чакыруучу сигналдан пломба алынды» Н. «БЕКЕТТИН НӨӨМӨТЧҮСҮ _______».

Текшерүү журналына тиешелүү жазууну бекеттин нөөмөтчүсү СЦБ түзүлүштөрүнүн бузулуусунан улам же поезддерди жөнөтүү пломбаланбаган баскычтарга ээ чакыруучу сигналдар (эсептегичтер бар болсо) боюнча жүргүзүлсө жана журналдагы бузулгандыгы тууралуу жазууларда жана көрсөткүчтөрдүн нормалдуу иштөөсүн калыбына келтирүү жөнүндө жазууларда эспетегичтин көрсөткүчү жазылганда жүргүзүлөт.

13.3. Бузулуунун мүнөзүнө жараша бекеттин нөөмөтчүсү электромеханиктин келишин күтпөстөн СЦБ түзүлүшүнүн нормалдуу иштешинин бузулушунун себебин табуу үчүн жолдорду жана багыттарды кароо аркылуу өзүнүн башкаруусундагы каражаттарды  колдонууга тийиш. Мисалы, төмөнкүлөрдү текшерүүгө милдеттүү:

жолдун же багыттуу бөлүнгөн тилкенин бош эместиги жалган болгон учурда – рельстик чынжыр башка предмет менен бекитилбегендигин;

эгерде багыт башкаруу пульту менен которулбай жатса – учтуу жана рамалуу рельстин ортосуна бир нерсе туруп калбагандыгы.

эгерде сырткы кароодон кийин түзүлүштүн нормалдуу иштешинин бузулуу себеби аныкталса жана оңдолсо нөөмөтчүгө түзүлүштү колдонууну жаңыртууга уруксат берилет.

Түзүлүштүн нормалдуу иштешинин бузулуу себептери жана аларды жоюу тууралуу бекеттин нөөмөтчүсү текшерүү журналынын акыркы графасына жазат.

13.4. Эгерде СЦБ түзүлүшүнүн нормалдуу иштешинин бузулуу себеби сырткы кароодо аныкталбаса жана жоюлбаса, анда электрмеханик келгенге чейин жана бузуулар оңдолгонго чейин бекеттин нөөмөтчүсү жолдун, багыттардын боштугун жана ээндигин текшерүүнү жана маршруттарды даярдоону камсыздоо менен бекеттин техникалык-тескөө актысында каралган ушундай учурлар үчүн көрсөтүлгөн тартипте поезддерди жөнөтүп жана кабыл алып, маневрдык которууларды жүргүзүүгө милдеттүү.

13.5. Багыттуу бөлүнгөн тилкелердин бош эместиги жалган болгон учурда тийиштүү багыттар жардамчы баскычтын жардамы менен которулат, пломбасынын алынгандыгы жана эсептегичтин көрсөткүчү тууралуу бекеттин нөөмөтчүсү текшерүү журналына жазууга тийиш. Мындай багыттарды ар бир которуунун алдында бекеттин нөөмөтчүсү анын кыймылдуу курамдан боштугуна, ошондй эле жакын жолдордо өтүүчү жолдун болушуна көзүү жетүүгө тийиш.  Жалган бош эмес участоктор кирген поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана маршруттар боюнча маневрдык которуу бул нускаманын 3.5-пунктунда белгиленген учурдан башка учурларда светофорлорду тыюу салынган көрсөткүчтөрүндө жүргүзүлөт.

13.6. Кабыл алуу жолунун бош эместиги жалган болгон учурда бекеттин нөөмөтчүсү өзү же тийиштүү кызматкерлер аркылуу кыймылдуу курамдан бош экендигине көзү жетүүсү керек. Поезддерди мындай жолдорго кабыл алуу кирүү (маршруттук) светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жүргүзүлүүгө тийиш.

13.7. Эгер бекеттин нөөмөтчүсү бекет жолунун, багыт же багытсыз участоктун же алыскы блок-участоктун бош эмес учурунда аппараттагы контролдук башкаруу прибору алардын бош экендигин (жалган) көрсөткөнүнө күбө болсо, ал төмөнкүлөргө милдеттүү:

тез арада текшерүү журналына жазууга жана СЦБ электрмеханигин чакырууга;

эгерде светофорлор автоаракетте болсо – автоаракетти өчүрүп аны жеке башкарууга өтүү керек.

мындан ары бузуулар жоюлганга чейин бекеттин нөөмөтчүсү төмөнкүлөргө уруксат берилет:

поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү жана маневрдик которуулар светофорлордун тыюу салуучу көрсөткүчтөрүндө бекеттин техникалык-тескөө актыларында белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

Поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана маневрдык которуулар үчүн маршруттарды белгилөө бөлүнгөн участоктун кыймылдуу курамдан бош экендигине  өзү же башкалар аркылуу көзү жетүүгө тийиш, биринчи алыскы блок-участоктун бош экендиги жалган болгон учурда бекеттин нөөмөтчүсү бул Нускаманын 1.16-пунктунда белгиленген тартипте аракет кылууга милдеттүү.

СБТ электр механиги келгенде бузулууну оңдоого милдеттүү, ал эми мүмкүн болбогон учурда участокту сигналды колдонулушун сактабастан өчүрүүгө милдеттүү.

13.8. Борборлоштурулган багыттардын абалына контроль жок болгон учурда анын маршруттагы оң экендиги  жана тууралыгы ордунда текшерилүүгө тийиш (бекеттин нөөмөтчүсү өзү же башка кызматкер бекеттин техникалык-тескөө актысында көрсөтүлгөн). Мындан тышкары мындай багыт жабык закладкага жабык жана навеной кулпу менен бекилүүгө тийиш, ал эми анын электр приводунда блок-контакт өчүрүлүүгө тийиш. Бекилген багыттын ачкычы бекеттин кезметчисинде же бекеттин техникалык-тескөөчү актысына ылайык башка кызматкерде сакталууга тииш.

Мындай багыт боюнча поезддердин кыймылы бузуулар оңдолгонго чейин светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жүргүзүлөт. Башкаруу пульту менен контролдонгон жобого кирген маршруттар боюнча поезддер тиешелүү светофорлордун уруксат берүүчү тиешелүү светофорлордо жүргүзүлөт.

Борборлоштурулган багыттын абалын башкаруу пультунда өтүп жаткан поезддин (маневрдык состав) алдында контролдоо жоголгон учурда бекеттин нөөмөтчүсү (борборлоштуруу постунун оератору) ошол багыт боюнча (маневрдык состав) жүрүп бараткан поездди  токтотууга чара көрөт.

13.9. Эгерде багыт пульт менен которулбаса анда сырткы текшерүүдөн кийин электрмеханиги келгенге чейин бекеттин нөөмөтчүсү поезд диспетчеринин уруксаты менен багытты кол менен башкарууга которо алат (курбелем). Багытты курбелемге которуу бекеттин нөөмөтчүсү, борборлоштуруу постунун оператору, сигналист же бекеттин техникалык-тескөө актысында көрсөтүлгөн башка жүк ташуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Бул кызматкерлердин баяндамасы боюнча бекеттин нөөмөтчүсү  тиешелүү маршруттагы багыттардын туура орнотулгандыгына көзү жетет. Курбелемге которулгандан кийин багыттын абалын контролдоону алуу үчүн багытты которууга ылайык келген пульттагы операцияны аткаруу керек: багыттуу  тутканы жылдыруу (тийиштүү абалдагы баскычты басуу). Эгерде багыт кирген бөлүнгөн участок бош эмес экендигин көрсөтсө – анда багыттын жана аралык жолдордун боштугун текшергенден кийин дагы кошумча пломбасын алып багытты которуунун көмөкчү баскычын басуу керек (зарыл учурда маршрутту жасалма бөлүү баскычын). Мында башкаруу пультунда багыт курбелемге которулгандан кийин анын абалынын контролу сакталат, анда поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана маневрдык которуулар тиешелүү светофорлордун уруксат берген көрсөткүчтөрүндө жүргүзүлөт.

Башкаруу пультунда багыттын абалын контролдоо жок болгон учурда поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана маневрдык которуу маршруттарын даярдоо бул нускаманын 13.8-пунктунда көрсөтүлгөн тартипке ылайык жүргүзүлөт.

13.10. Ачык кирүү (маршруттук) светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү өз алдынча өзгөрсө бекеттин нөөмөтчүсү башкаруу приборлорунун көрсөткүчү боюнча багыттардын туура орнотулганына, бөлүнгөн тилкелердин жана кабыл алуу жолдорунун боштугуна көз жетирүүгө тийиш, андан кийин кирүү светофорун кайрадан ачууга милдеттүү. Эгерде светофор ачылса аны андан ары колдонууга уруксат берилет. Өз алдынча жабуу сигналы болгон учурда бекеттин нөөмөтчүсү текшерүү  журналына жазып жана электр механигине кабарлоого тийиш. Ошондой эле бекеттин нөөмөтчүсү поездди жабдылган автотосмолдоо менен  жөнөтүүдө чыгуу светофорун өз алдынча жабууда  келип түшөт, мында светофорду экинчи ирет ачуудан мурда биринчи блок-участоктун жолдо келе жаткан поезддерден бош экендигин, ал эми бир жолду жана жабдылган эки тараптуу автотосмолдоосу бар эки жолдуу жолдорду текшерүүгө тийиш, мындан тышкары каршы келе жаткан поезддерден бош экендигин текшерүү керек.

Эгерде кирүү светофорун (маршруттук) өз алдынча жабуудан кийин багыттардын туура абалында, бөлүнгөн участоктор жана кабыл алуучу жол бош болсо (контролдук приборлордун көрсөткүчтөрү боюнча текшерилген) светофор экинчи ирет ачылбайт, анда поезддер мындан ары бузуулар аныкталганга жана оңдолгонго чейин ошол светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө бул нускама жана бекеттин техникалык-тескөө актысында каралган тартипте текшерүү менен кабыл алынууга тийиш. Ошондой эле бекеттин нөөмөтчүсү чыгуу светофору (маршруттук) жабылганда да чыгууга милдеттүү (маршруттук) (контролдук приборлордун көрсөткүчтөрүнө карабастан). Өз алдынча жабылганда жана чыгуу светофору экинчи ирет ачууга мүмкүн болбогондо бекеттин нөөмөтчүсү автотосмолдоо 1.14, 1.15 жана 1.17 пункттарынын талаптарын жетекчиликке алат, ал эми жарым автоматтык тосмолдоодо бул нускаманын 3.5 жана 3.6.-пункттарын жетекчиликке алат.

13.11. Багыттагы контролдук кулпу бузулган учурда ачкыч менен жабдылган, СЦБ электрмеханиги (монтер) аны оңдоо үчүн алып салат.

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү, ошондой багыт кирген маршрут боюнча маневрдык кыймылдар светофорлордун уруксат берген жана тыюу салган көрсөткүчтөрүндө ишке ашырылат.

Поезддердин жана маневрдык составдардын кыймылында сигналдарды колдонууну сактабастан кулпу менен беккитилет. Мында контролдук багыттык кулпунун ачкычын СБТ электр механиги (монтер) өзүндө калтырат, кыймыл учурунда сигналдарды колдонуу менен аны багытточу посттун нөөмөтчүсүнө  берет (бекеттин нөөмөтчүсүнө).

Сигналдарды колдонууну поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү менен жана маневрдык маршруттарда сактоодо багыттарды тиешелүү абалда орнотулгандан кийин ал типтүү скоба менен бекитилет, кулпу менен жабылат, ачкыч багыттуу посттун бекеттин нөөмөтчүсүндө (бекеттин нөөмөтчүсү). Багыттоочу посттун нөөмөтчүсүнүн бекеттин нөөмөтчүсүнө берген маршруттун даярдыгы тууралуу баяндамасынан контролдук кулпунун ачкычы бекеттин кезметчисинин көрсөтмөсү боюнча (же жеке өзү) маршрутту жабуу үчүн аткаруу аппаратына коюлат.

13.12. Поездди кабыл алуу же жөнөтүү алдында чакыруучу сигнал же  тыюу салуучу көрсөткүчтөрдө тиешелүү уруксат боюнча электр сигналы менен жабдылган бекеттин нөөмөтчүсү чакыруучу сигналды басуудан жана поездди кабыл алууга же жөнөтүүгө уруксат берүүдөн мурда   төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) багытттоочу туткаларды (баскычтар) маршруттагы багыттардын абалына ылайык келүүчү абалга келтирүү жана маршруттун контролдук приборлор боюнча тууралыгына көз жеткирүүгө тийиш.

Бардык багыттоочу  туткаларга (баскычтар) маршрутка кирген жана корголгон кызыл калпакчаларды кийгизилүүгө тийиш.

Абалы таблодо контролдонбогон багыттарды орнотуунун жана бекитүүнүн тууралыгын текшерүү бул нускаманын 13.8-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Куту менен электрдик борборлоштурууда маршруттагы багыттарга жараша, мындан тышкары маршруттук-сигналдык тутканы жылдыруу менен бекитилет.

Маршрутту орноткондон кийин жана багыттардын абалын текшергенден кийин поезд бара турган маршруттун жолунун (бекеттин нөөмөтчүсү өзү же бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленген анын крсөтмөсү боюнча башка кызматкер тарабынан), ошондой эле маршрутка кирген бөлүнгөн багыттуу участоктордун жана габариттүү эмес участоктордун боштугу текшерилүүгө тийиш;

б) маневрдык маршруттар болгон учурда поезддерди кабыл алуучу жана жөнөтүүчү тийиштүү маршрут  ошол жакка баруучу маневрдык маршруттардан маневрдык светофорлорду ачуу менен кабыл алуу. Мында жеке башкаруудагы багыттуу тутка (баскычтар) (маршруттук борборлоштурууда) сигналдар ачылганга чейин маршруттагы багыттардын абалына ылайык келген абалга коюу жана аларга кызыл калпакчаларды кийгизүү керек. Маршрут бара турган жолдун боштугу башкаруу пультунда ак жарык сызык боюнча текшерилет, ал эми ал жок болсо «а» пунктчасында көрсөтүлгөн тартип боюнча текшерилет.

Бул учурда маневрдык светофорлорго караган поезддердин машинисттери чакыруучу сигналдардын же кирүү, маршруттук же тыюу салуучу көрсөткүчкө ээ чыгуу светофоруна укук берген тиешелүү уруксат көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алат.

Поезд бара турган маршрут боюнча маневрдык светофорлорду ачуу мүмкүн болбогон учурда маршрутту даярдоо «а» пунктчасында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жүргүзүлөт. Мында багыттар атайын баскычтар менен «багыттардын бекитүү»  менен кулпуланат (алардын башкаруу пульттары болгон учурда). Маршрутту ушундай эле даярдоо маневрдык маршруттарга ээ эмес участокторго жа жайылтылат;

в) электрдик борборлоштурулган коддук башкарууга ээ бекеттерде бузулган учурда багыттарды маршрутка ылайык келген абалга которуу резервдик (жергиликтүү) башкаруу пульту менен гана жүргүзүлөт, туткаларына кызыл калпакчалар кийгизилет. Маршруттагы багыттардын абалынын тууралыгы  резервдик  (жергиликтүү) башкаруу пультундагы контролдук прибор менен текшерилет, ал эми жолдун боштугу бекеттин нөөмөтчүсү же анын көрсөтмөсү боюнча башка кызматкер тарабынан текшерилет. Борбордук посттун коддук башкаруу районуна таандык бөлүгүн колдонууга тыюу салынат;

г) маневрдык светофорлорду ачуу мүмкүн болбогон учурда маневрдык маршруттарды даярдоо (бузулгандыгына же өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу) «а» пунктчасында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жүргүзүлөт.

13.13. түзүлүштүн нормалдуу ишинин бюузулгандыгы тууралуу билдирүү алган соң электрмеханик бузулган түзүлүштү борбордуктан ажыратуу керектигин аныктоого жана текшерүү журанлына жазууга милдеттүү.

Электромеханиктерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

бекеттердеги СЦБ түзүлүштөрүнүн бузулгандыгын бекеттин кезметчисинин уруксатысыз же текшерүү журналына жазбастан жөндөө гө 6.54 ТИЭ 6.54-пунктунун талаптарына ылайык нускамаларда каралган учурлардан башка учурларда ;

оңдоо же бузулгандыгын жөндөп бүткөндөн кийин бекеттин кезметчиси же борборлоштуруу постунун операторунун текшерүүсүсүз жана түзүлүштөрдүн оңдолгондугуна жана башкаруу пультунда контролдук приборлордун тууралыгына көз жетмейинче  иш убактылуу токтоп калган түзүлүштөрдү ишке киргизүүгө.

13.14. Бөлүнгөн участоктордогу борборлоштурулган багыттарды, контролдук багыттык кулпуларды жана башка түзүлүштөрдү сигналдарды колдонууну сактабастан СЦБ  электрмеханиги тарабынан төмөнкү мөөнөткө жүргүзүлөт (монтеромачкычка жараша монтер тарабынан да):

8 саатка чейин  — бекеттин начальнигинин уруксаты менен, ал эми диспетчердик борборлоштурулган участокко – поезд  диспетчеринин жана улук электр механигинин же сигнализация жана байланыш дибекетсынын кезметчи инженеринин уруксаты боюнча;

8 саттан ашканда (5 суткага чейин) – улуттук жүк ташуу жетекчилеринин уруксаты менен;

5 суткадан ашканда – улуттук жүк ташуунун жетекчисинин телеграфтык буйругунун негизинде.

Диспетчердик борборлоштуруу участокторунда багыттарды өчүрүү же бөлүнгөн участоктордо бузууларды оңдоо бекетти резервдик башкарууга бергенден кийин гана жүргүзүлөт.

СБТ түзүлүштөрүн өчүрүү менен байланышкан пландуу иштери улуттук жүк ташуу жетекчилери тарабынан бекитилген ай сайын графигине ылайык аталган жетекчилердин телеграфтык буйругу кыймылдын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болгон атайын кызматкерди дайындоо менен буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Багыттарды өчүрүүдө бекеттин кезметчисине жардам көрсөтүү үчүн жана анын кыймылдарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттерине контроль жүргүзүү үчүн (бөлүнгөн участоктордун) сигналдарды колдонууну сактабастан, бекетте бекеттин начальниги же анын орун басары катышууга тийиш.

13.15. Бөлүнгөн участоктордун борборлоштурулган багыттарын, контролдук кулпуларын жана башка түзүлүштөрүн сигналдарды колдонууну сактабастан өчүрүүдө, поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү  кирүү, маршруттук жана чыгуу светофорлорунун тыюу салуучу көрсөткүчтөрүндө жүргүзүлөт, муну менен жолдун, абалдын жана маршруттагы ар бир багыттын бекитилгендигин текшерүү бул нускамада жана бекеттин техникалык-тескөөчү актысында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

13.16. Багыттарды же бөлүнгөн участокторду ар жолку өчүрүүдө электр механик бекеттин нөөмөтчүсү менен биргеликте контролдук приборлор боюнча текшерүү журналында жазылган түзүлүш өчүрүлгөндүгүн текшерүү керек.

Бөлүнгөн участоктун багытын өчүрүүдөн мурда бекеттин нөөмөтчүсү же анын көрсөтмөсү боюнча борборлоштуруу постунун оператору өчүрүлгөн багыттын же өчүрүлгөн бөлүнгөн участокко кирген багыттуу туткаларга кызыл калпакчаларды кийигизүүгө милдеттүү.

Өчүрүүнүн алдында борборлоштурулган багыт төмөнкү тартипте бекитилүүгө жана бекемделүүгө тийиш:

Сигналдарды колдонулушун сактабастан эгерде электрприводунан учтуулары ажырап кетсе типтүү скобага, кулпулап бекитилет;

Кайчылашкан кыймылдуу өзөктүү атайын түзүлүш менен бекемделип кулпу менен бекитилет.

Оңдоодо же багыт бузулган учурда ортосундагы механикалык байланыш бузулган учурда (ажыраганда), анын учтуулары жолдогу иштерди аткарууда поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускамага ылайык белгилүү абалдар бекитилет.

Сигналдарды колдонууну сактабастан оңдоо иштери жүргүзүлбөгөн кошоктолгон багыттарда кулпу, типтүү скоба менен бекитилет.

Жабылган багыттардын ачкычы (ачкычтары)  (кошоктолгон багыт) өчүрүлгөн мезгил ичинде бекеттин нөөмөтчүсүндө сакталууга тийиш  (багыттарды тейлөө үчүн бөлүнгөн кызматкерде же кыймылдын коопсуздугун камсыздоо үчүн жооптуу болгон жетекчиде).

Багыттарды бекитүү жол кызматынын кызматкери тарабынан поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускаманын жол жумуштарын аткарууда текшерүү журналына жазуу менен же тиешелүү телефонограмма берүү менен жүргүзүлөт. Багыттардын учтууларын (кайчылашкан кыймылдуу өзөгү)  ишенимдүү бекитүү үчүн жооптуу болуп жол кызматынын кызматкери эсептелет. Багыттарды бекитүү маршруттагы абалынын тууралыгы үчүн жооп берген жүк ташуу кызматынын кызматкери тарабынан бекеттин нөөмөтчүсү көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт жана ишенимдүү кулпу менен бекитилет.

Иш бүткөн соң багыттардан бекемдөөлөрдү алганга чейин бекеттин нөөмөтчүсү СЦБ электр механиги менен биргеликте багыттардын абалынын багыт туткасынын абалына ылайык келүүсүн жана башкаруу пультун контролдоого ылайыктыгын текшерүүгө тииш.

13.17. Бул главада поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү жана бекеттерде СЦБ түзүлүшүнүнү нормалдуу ишинин бузулуусунда, кароодо жана оңдоодо маневрларды иштетүүгө катыштуу боюнча негизги жоболор гана жазылган. СЦБ түзүлүшүнүн бузулган учурда көйгүзүү жана өчүрүүнүн толук жол-жобо поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускамада  СЦБ түзүлүшүн оңдоо жана мазмуну боюнча  иштерди аткарууда  келтирилген.

 

14-Бап

Убактысы чектелген поезддердин кыймылы

 

14.1. Убактысы чектелген поезддердин кыймылы кыймылдардын өлчөмү дароо жогорулаганда (артынан) улуттук жүк ташуучунун уруксаты менен айрым учурларда гана белгиленет.

14.2. Поезддерди убактысын чектөө менен жөнөтүү айрым учурларда, аралыктардагы өткөргүч жөндөмүн лимиттеген учурларда план жана жол профили менен автотосмо менен жабдылган токтотуучу жолдон аз эмес аралыктын көрүнүүсүн камсыздоочу, тосмолоо түзүлүшүнүн узак убакытка зыянга учураганда, поезддердин кыймылын телефон байланыш каражаттары аркылуу аныкталгандан кийин жүргүзүлөт.

14.3. Темир жол жетекчилигинин буйругу менен поезддерди чектелген убакыт менен жөнөтүүүчү аралыктар, анын артынан жөнөтүлүүчү поезддердин кыймылынын жогорку ылдамдыгы жана жөнөтүлгөн поезддердин убактыларынын минималдуу аралыгы аныкталууга тийиш.

14.4.Вагондорду берген учурларда убакыты чектелген кыймылдын тартиби подъездик жолдородо аралыкта, ошондой эле жөнөтүлгөн поезддердин артынан чарбалык поезддердин кыймылында, алар бекетке кайра кайрылып келген учурда темир жол бөлүмүнүн начальнигинин же начальниктин орун басарынын буйругу менен аныкталат.

14.5. Убактылары чектелген поезддердин кыймылы поезд диспетчеринин бекеттерга берилген, тиешелүү аралыкты чектеген катталган буйругу менен аныкталат.

14.6. Чектелген убакыт менен поезддерди жөнөтүүдө биринчи поезддин машинисти аралыкта белгиленген нормалдуу ылдамдыкты карманууга тийиш. Экинчи поезддин машинисти темир жолдун жетекчилигинин буйругу менен ушундай кырдаалдар үчүн белгиленген, андан аркы кыймылга тоскоолдуктар пайда болсо өзгөчө көңүл буруу менен жана даярдык менен токтоо керек.

14.7.Убактыларын чектөө менен поезддерди жөнөтүү төмөнкүлөр үчүн тыюу салынат (вслед):

а) жүргүнчүлөр, почта-багаж, жүк-жүргүнчү, жана адамдарды ташуучу, ошондой эле 1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташыган вагондору бар поезддер жана төмөнкү газга ээ цистерна. Бул поезддердин артынан башка поезддердин жөнөтүлүүсүнө жол берилбейт;

б) вагондор менен алдыга жылууда;

в) эгерде  алдыдагы поездге аралыкта токтоо зарыл болсо;

г) туман убагында, бороон жана сигналдарын көрүнүүсүн начарлаткан жагымсыз шарттарда.

14.8. Поезддерди бир жолдуу жана  эки жолдуу аралыктарда байланыштын бир жолдуу кыймыл же электр жезл системасы боюнча белгиленген эрежелер боюнча телефон каражаттары менен да жүргүзүлөт. Аралыктагы чектелген поезддердин кыймылына уруксат берилет, жезлдрага ээ болууга тийиш.

14.9. Поезд диспетчеринин байланыштын телефон каражаттары боюнча кыймылды белгилөө жана поезддерди чектелген убакыт менен жөнөтүү жөнүндө буйругун алгандан кийин бир жолдуу же эки жолдуу аралыктагы поезддердин кыймылы жөнүндө поезд телефонограммалары төмөнкү формалар боюнча берилет:

» N ___  поездди жөнөтө аламбы жана анын артынан ____ мин. кийин  N ______ поездди жөнөтүүгө болобу».

» N _____ поездди күтүп жатам жана анын артынан ____ мин. кийин N ____поездди күтүп жатам».

Ар бир поездди  жөнөтүү жана кабыл алуу жөнүндө кабарлама бул нускаманын 5.19-пунктунда каралган 3, 4 –формалар боюнча берилет.

14.10. Эгерде телефон каражатарында биринчи поезддин артынан жумуштан кийин кайра бекетке айрылып келе турган поезд жөнөтүлө турган болсо телефонограмма төмөнкү формаларда берилет:

» N _____ поездди жөнөтө аламбы жана анын артынан _____ мин кийин  кайра кайрылып келүүчү N _____ поезд _____ км чейин жөнөтүүгө болобу».

N _____ поездди күтүп жатам жана анына артынан ____ мин кийин N ______ поездди  ____ км чейин кайра кайрылып келүү үчүн жиберсеңиз болот».

Ар бир поездди жөнөтүү тууралуу кабарлама  3-форма боюнча артынан жөнөтүлүп жаткан поездге карата төмөнкү сөздөрдү кошуу менен жөнөтүлүүгө тийиш: «_____ км чейин кайра кайрылуу менен».

Биринчи поезддин келиши менен 4-формадагы телефонограмма берилет, ал эми экинчи поезд кайрылып келгенде 7-формадагы кабарлама берилет, бул нускаманын 5.20-пунктунда көрсөтүлгөн.

14.11. Биринчи жана экинчи поезддердин машинисттерине бул нускаманын 5.1-пунктунда каралган тартипте жол каттары берилет, анда  бланктын үстүндө  төмөнкү жазуу болууга тийиш: биринчи поезд үчүн — «Артынан  — биринчи поезд», экинчи поезд үчүн — «Артынан — экинчи поезд». Мындай жазуу болгон учурда локомотивдердин машинисттери бул нускаманын 14.3-пунктуна ылайык кабыл алынган темир жолдун жетекчилигинин буйругунда белгиленген аралыктагы ылдамдыктарды карманууга тийиш.

14.12. Поезд диспетчеринин буйругу боюнча аралыктагы убактысы чектелген поезддерди жөнөтүүдө электр жезл менен жабдылган бекеттин кезметчиси буга кабыл алуу бекетсынын макулдугун алган соң  жана аппараттан жезлды алган соң  жезлдын бөлүгүн «Билет» деген жазуусу менен биринчи жөнөтүлгөн поезддин машинистине берет, ал эми анын артынан жөнөтүлөөчү поезддин машинистине «Жезл» деген жазуусу бар жезлдын экинчи бөлүгүн берүүгө тийиш. Биринчи жана экинчи поезддерди жөнөтүү тууралуу нөөмөтчү коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнө маалымдайт.

Эгерде кандайдыр-бир себептер менен экинчи поезд жөнөтүлбөсө анда жезл системасынын аракети токтотулат жана поезддердин кыймылы телефон байланышы аркылуу белгиленет. Мында жезлдын бөлүгүнүн бири биринчи жөнөтүлгөн поезд менен  экинчи бөлүгү менен коңшу бекетке жөнөтүлөт, андан кийин жезл аппаратка салынат жана жезл системасынын аракети калыбына келтирилет.

14.13. Электр жезл системасы менен убактысы чектелген поезддерди жөнөтүүдө, экинчи поезд жөнөтүлгөн бекетке кайра кайрылып келген учурда биринчи поездге жезл берилет, ал эми экинчисине ачкыч-жезл берилет. Коңшу бекеттин нөөмотчүсү биринчи жана экинчи поезддин жөнөтүлгөндүгү, ошондой эле экинчи поезддин кайрылып келе жаткандыгы тууралуу кабардар болот. Эки поезддин тең машинисттерине бул учурда эскертүү берилет: биринчи поездге – анын артынан кайра кайрылып келүүчү экинчи поезддин жөнөтүлгөндүгү тууралуу, ал эми экинчисине убактысы чектелүү менен жөнөтүлгөнүн жана кайрылып келүү убактысы тууралуу.

 

15-Бап

Семафорлорду колдонуу тартиби

 

15.1. Семафорлорду колдонуу: кирүү, чыгуу, өткөргүч жана калкалоочу туруктуу сигналдар катары автоматтык тосмолдоо менен жабдылбаган жана борборлоштурулган электр багыттарысыз бекеттерде уруксат берилет.

Семафорлор орнотула турган жай ПТЭ туруктуу сигналдары үчүн  каралган талаптардын негизинде аныкталат.

 

16-Бап

Маневр иштерин жүргүзүү, 1-класстагы кооптуу жүк  (жарылуучу материалдар) жүктөлгөн вагондору бар поезддерди  түзүү жана өткөрүү тартиби

 

Жалпы жоболор

 

16.1. Жарылуучу материалдар (мындан ары — ЖМ) жүктөлгөн вагондорго ээ  поезд жана маневр иштерин уюштуруу үчүн жүк ташуу документтеринде бар маалыматтар колдонулат.

ЖМ бар вагондордун жүк ташуу документтеринде «Жүктүн аталышы» графасында  жүктүн аталышы же анын шарттуу номери көрсөтүлөт.

а) ЖМ ташууда  126, 137, 141, 179, 182 шарттуу номерлүү жүктөрдү ташууда — штемпеля кызыл түстө — «Өзгөчө кооптуу, ВМ N _____, — «Коргоо» -, ошондой эле штемпель — «Өйдөдөн түшүрүүгө болбойт».  Штемпелинин негизинде — «Өзгөчө кооптуу, ВМ N _____» бул нускаманын 5-тиркемесинин 2-графасына ылайык коргоо ченеми белгиленет;

б) Калган башка ЖМ – кызыл түстөгү штемпелдер «ВМ», «Коргоо» -, ошондой эле штемпель — «Өйдөдөн түшүрүүгө болбойт» бул талаптар темир жолдор аркылуу кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде бар болгон учурда.

Мындан тышкары кошумча штемпелдер болушу мүмкүн:

— «Секция. Ажыратууга болбойт «;

— «Уулуу»;

— «Адистин коштоосунда»;

— «Күзөт т.ж.» жана башкалар.

Штемпель «ЖМ» кол менен ташылган жүктүн шарттуу номери кошумча жазылууга тийиш, ал эми штемпель «Коргоо» төмөнкү белгиге ээ болушу керек: «п.3.6.6, схема А» же » п.3.6.6, схема Б», мунун негизинде коргоо нормасы белгиленет (графалар, 2 жана 3 бул нускаманын 5-тиркемесинин).

16.2.  ГУ-38 формасынын вагон барагында   «Коргоо коду» графасында ЖМ вагондор үчүн 115, 119, 121, 126, 128, 130, 134, 137, 141, 143, 148, 154, 155, 156, 167, 168, 176, 179, 182, 199 шарттуу номерлери  9 код көрсөтүлөт, башка ЖМ вагондор үчүн 3 код көрсөтүлөт.

Муну менен 9 кодго ээ ЖМ үчүн   «Габариттик эмес,  ДБ, НГ» графаларында 7-код көрсөтүлөт, (өйдөдөн түшүрүүгө болбой турган вагондор).

16.3. Бардык сорттоочу жана участкалык бекеттерде, жүктөө жана түшүрүү бекеттеринда, кайра жүктөө жана вагондорду бир колеядан экинчи колеяга которуучу бекеттерде, ошондой эле зарыл учурда башка бекеттерде бекеттин техникалык-тескөө актыларынын тиркемелери катары ЖМ жүктөлгөн вагондор менен иштөөнүн тартиби тууралуу жергиликтүү тийиштүү нускама иштелип чыгууга тийиш, темир жол бөлүмүнүн башчысы тарабынан бекитилген, ал эми  темир жолдун курамында темир жол бөлүмү жок болгон учурда темир жолдун начальнигинин орун басары. Бул нускама кооптуу жүктөрдү темир жол аркылуу ташуу эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

ЖМ жүктөлгөн вагондору бар поезддер тууралуу маалыматтарды жана ЖМ бар башка агондор тууралуу маалыматтарды мындай поезддерди жана вагондорду тейлөөгө катышпаган жактарга кабарлоого тыюу салынат.

Темир жол бекеттеринын ЖМ жүктөлгөн вагондор менен жүргүзүлгөн иштери жөнүндө кабарлоо үчүн парк байланышын колдонуу башка байланыш каражаттары жок учурда гана уруксат берилет.

16.4. ЖМ, вагондору сорттточу парктардын жолдорунда топтолуу менен жайгашкан бекеттин техникалык-тескөөчү докменттеринде токтоочу жай коопсуз болгон актыларда белгиленүүгө тийиш. Мындай вагондор ажыратылууга, чыгып кетпөө үчүн бекем  бекемделип, аялдаманын которулуучу сигналдары менен тосулууга тийиш. Мындай вагондорду токтотуучу жайларга алып баруучу багыттар  бул жолдорго кирүү мүмкүндүгүн жок кылуучу абалга орнотулат жана бекитилет. Бекитүү жана ачкычтарды сактоо тартиби ошол багыттардан сактоо бекеттин техникалык-тескөө актысында көрсөтүлүүгө тийиш.

Күзөт тапшырмалары жана жүк жөнөтүүчүлөрдүн (жүктү кабыл алуучулардын) адистери менен коштолгон ЖМ вагондордон 50 м ашпаган аралыкта ошол же башка жолдо турат. ЖМ жүктөлгөн вагондорду бекитүү бекет жолдорунда бекеттин техникалык-тескөө актыларында белгиленген тартип жана нормалар боюнча жүргүзүлөт.

16.5. Поезддердеги жана маневрдагы, ошондой эле ишкананын жана уюмдардын жолдоруна берүүдө  ЖМ вагондору бул нускаманын 5-тиркемесиннде каралган нормаларга ылайык корголууга тийиш.

ЖМ вагондору бар поезддерди коргоо катары бош же коопсуз жүк жүктөлгөн вагондор коюлууга тийиш.

Бош вагондор жүктөн жана таштандылардан тазаланууга, эшик жана люктары жабык болууга тийиш. Бош цистерналар жүктөн жана таштандылардан тазаланууга, люктардын эшиктери жабык болууга тийиш. Коргоо иретинде атайын цистерналар, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташуучу атайын цистерналарды колдонууга уруксат берилбейт. Бош жана жүктөлгөн платформалар (анын ичинде бул нускаманын 5-тиркемесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөн), ошондой эле транспортерлор коргоо иретинде биринчи вагондон башкасы ЖМ вагонуна чиркелген вагонго орнотулат.

16.6.Вагонду берүүнүн алдында  ЖМ бекеттин нөөмөтчүсү (маневрдык диспетчер) же бекеттин техникалык-тескөө актысында белгиленген тартипте бекеттин маневрды башкарган башка кызматкер журнал боюнча ВУ-14 формасын вагондор текшерилгенин жана ЖМ ташуу үчүн техникалык жактан кооптуу жүктөрдү темир жол аркылуу ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык жарактуу экенине көз жеткирүүгө тийиш.

16.7. Жүктөрдү түшүрүүнү же ЖМ вагондорун жөнөтүүнү кабыл алган подъездүү жолдорду  тейлөө боюнча жергиликтүү нускамаларда мындай вагондорду берүү жана жыйноонун маршурттары, маневрдык курамдардын алар менен кыймылынын ылдамдыгы, өтмөктөр аркылуу өтүүнүн тартиби жана маршрутту сактоонун тартиби, ошондой эле башка жергиликтүү шарттарга жараша коопсуздукту камсыз кылуу үчүн керектүү болгон чаралар аныкталууга тийиш.

ЖМ арсеналдардын подъездүү жолдоруна, база жана кампаларга эреже катары тепловоз жана суюк майдагы паравоз менен жүргүзүлөт.

 

Поезддерди түзүү

 

16.8. 1-класстагы кооптуу жүктөр  (ВМ) жүк ташуучу поезддерге жалгыз вагондорго, топтолгон вагондорго тиешелүү коргоонун бардык учурларында салмагы жана узундугу боюнча нормалардын чегинде поезддердин кыймылынын графигинде каралган ченемдердин чегинде, ошондой эле алар бара турган участоктордо кабыл алуу-жөнөтүүчү жолдордун сыйымдуулугунан ашпаган маршруттар менен ташылат.

ЖМ вагондорун төмөнкү поездерге коюуга тыюу салынат:

— жүргүнчүлөрдү ташуучу жана почта-багаж (табелдик курал-жарактарды, согуш курал-жарактарын ташуудан башка, аскердик күзөт жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин командаларынын, башка аскерлештирилген уюмдардын жана темир жолду аскердик коргоо күзөттөрү);

— элди ташыган, ошондой эле курамында эл ташыган өзүнчө вагондору бар  (аскердик эшелондордон башка) (эшалондун жеке курамы бар вагондордон башка);

— бириктирилген;

— габариттүү эмес жогорку үчүнчү, төмөнкү үчүнчү жана жогорку деңгээлдүү, капталда төртүнчү жана жогорку деңгээлдүү габариттүү эмес;

— поезддердин кыймылынын графиги менен белгиленген узундуктан ашкан.

Мындан тышкары бул нускаманын 16.2-пунктунада көрсөтүлгөн шарттуу номерлери бар өзүнүн курамында темир жолдор аркылуу кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде саналган  кооптуу жүгү бар ЖМ вагондорун коюуга тыюу салынат:

— азайтылган жана төмөндөтүлгөн газ менен (класс 2);

— тез күйүүчү суюктуктар  (класс 3);

— тез күйүүчү катуу заттар, өзү жана суу менен аралашканда күйүп кетүүчү, ошондой эле нымдуу абада өрт чыгаруучу газ бөлүп чыгаруучу заттар (класс 4);

— кычкылдуу заттар жана жана органикалык пероксиддер менен (класс 5);

— уулуу заттар (класс 6.1).

16.9. Сорттоочу жана участкалык бекеттердин ортосунда ЖМ вагондору бардык жүгү менен түзүү планын карманууга тийиш. Аралыктагы бекеттердин мындай вагондору жакынкы участкалык жана сорттоочу бекеттерга  кайра кайрылып келген багыттагы поезддер менен чогултулган, чыгуу поезддери же диспетчердик локомоттивдер, ал эми бекет түйүндөрүнүн жана түйүндөрүнүн алдындагы бекеттердин ортосунда өткөрүүчү жана чыгаруучу поезддерди ээрчий алат.

Курамына ЖМ вагондору кирген курама поезд курам жана кондуктордук бригаданын кызматкерлери, машинисттин жардамчысы, башкы кондуктордун милдетин аткарган кызматкер тарабынан тейленүүгө тийиш.

Эгерде түзүү планы боюнча бул вагондорду жөнөтүү үчүн алыскы поезддер каралган болсо жакынкы багыттагы поезддерге ЖМ вагондорун коюуга уруксат берилбейт.

Жүк ташуу кызматынын поезд  диспетчери жана маневрдык диспетчерлер поезд ишин пландоодо бекетке түшкөн ЖМ вагондору бар аз сандагы поезддерди биринчи кезекте жөнөтүү  мүмүкүндүгүн кароого милдеттүү.

16.10.  ЖМ вагондорун улуттук жүк ташуунун аскердик күзөтү менен коштоо үчүн бул вагондордун 5 вагондон алыс эмес токтотуучу аянт вагону же атайын бөлүнгөн бош жабык вагон коюлат.

Эгерде вагондордун улуттук жүк ташуу күзөтү менен корголгон тобу  электровоздон же тепловоздон 5 вагондон алыс эмес поезддин башында жайгашса, тормоз аянттары бар вагондор жок болсо  поезддин локомотив  кабинасында  аскер күзөтүнүн багыттарына машинисттин  болжолдуу нускоосу локомотивде багыттардын өтүүсүнө уруксат берилет.

Курамына ЖК транспорттору кирген поезддерге ЖМ вагондору аталган транспортторго кирбеген вагондор коюлушу мүмкүн.

ЖМ вагондорду адистер же жүк жөнөтүүчүлөрдүн аскердик караулдар, улуттук жүк ташуунун аскердик коргоонун күзөттөрү коштогон учурда   вагондор поездге бир топ менен коюлат.    Бул вагондор бул нускамага ылайык бири биринен коопсуз жүк жүктөлгөн же вагондордун бул тобуна кирбеген бош вагондор менен корголот, мындай коргоолор минималдуу нормалардан ашпоого тийиш.

Вагондорду ЖМ вагондорунун жана атайын секциянын курамына кирген коштомо вагондордун ортосуна коюу талап кылынбайт.

16.11. Аскердик эшалондордо ЖМ жана ушул эшеленго таандык болгон ортолоруна бирден кем эмес вагон менен бөлүү аркылуу башка кооптуу жүктөрдү бирге ташууга уруксат берилет.

Платформалар жана танкалары, өзү жүрүүчү артиллериялык орнотуларга ээ, артиллериялык тарткыч жана жабык жарым-бронетранспортерлор, боекомплекттер менен жабдылган аскер эшелонунун курамында бөлүнбөстөн кошууга болот.

 

ЖМ поезддерин

 

16.12. Курамында ЖМ бар поезддер участоктор боюнча жөнөтүүдө поезд ушул поезддердин тоскоолдуктарсыз жана коопсуз камсыз кылуучу чараларды ишке ашырууга милдеттүү болгон жүрүүлөрүн диспетчеринин, бекеттин нөөмөтчүсүнүн  туруктуу контролунда болууга тийиш.

Улуттук жүк ташыгыч курамында ЖМ  вагондору бар транзиттик поезддердин тартибин аныктайт. ЖМ вагондору бар, ири темир жол түйүндөрүнүн айлануусу, ошондой айланууларга ээ. Курамында ЖМ бар вагондору бар поезддерди алдыда  жөнөтүү жөнүндө бекеттин нөөмөтчүсү поезд бекеттин нөөмөтчүсүетчерине эрте кабарлайт.

16.13.  «ЖМ» кыймылдарды аткаруу графигинде, локомотивдин машинистине берилген тамгалуу поезддин номери поезддердин кыймылын каттоо журналында поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү менен байланышкан башка документтерде, жазуу жүзүндөгү уруксат жана эскертүүлөрдө,  барактарда коюлууга тийиш.

16.14. Күтүлүп жаткан ЖМ поездинин келиши жөнүндө бекеттин нөөмөтчүсү техникалык тейлөө, коммерциялык текшерүү, аскердик коргоо, жана башка  поезддерди кабыл алуу жана ЖМ вагондорун иштеп чыгууну жүргүзгөн кызматкерлерине ЖМ жүктөлгөн вагондор менен иштөө тартибинин жергиликтүү нускамасына ылайык кабарлоого тийиш.

16.15. Локомотивдерсиз аралыктагы бекеттерга калтырууга уруксат берилбейт.

Башка учурларда (авариялык кырдаал келип чыккан учурда) ЖМ поездинин курамы убактылуу локомотивсиз аралыктагы бекетда темир жолдун бөлүм башчысынын же темир жолдн начальнигинин оурн басарынын буйругу менен калтырылышы мүмкүн.  Мында кызматтын жетекчилери же кызматкерлери жана жүк ташуу бөлүмүнүн кызматкерлери ЖМ менен калтырылган курамды тез арада багыты боюнча жөнөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Поезде ЖМ  вагондору болгон учурда аны локомотивсиз аралыктагы бекетке убактылуу калтыруу мүмкүндүгү  кооптуу жүктөрдү темир жол аркылуу ташуу эрежелерине ылайык жүктүн тиешелүүлүгүнө жараша макуладышылышы мүмкүн:

эгерде жүк Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине таандык болсо темир жол участогунун жана бекеттин аскер коменданты менен;

эгерде жүк Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын УМКК, ошондой эле башка Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин карулу менен корголгон министрликтерге, ведомстволорго, уюмдарга – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын жүк ташуу бөлүмү менен.

ЖМ вагондорунун улуттук жүк ташуунун аскердик коргоосу менен корголгон поездде болгон учурда поезд диспетчери бул туурасында аскер күзөтүнүн (караул) бекет жайгашкан участоктогу жакынкы бөлүмүнө кабарлайт.

16.16. Улуттук жүк ташуунун аскердик коргоосу менен коштолгон айрым ЖМ вагондорун, ошондой эле атайын кыймылдуу курамдын секциясына кирген вагондордун, техникалык жана коммерциялык бузулгандыгына жараша аскердик транспорттордун жана эшелеондордун бара турган жолунда табылган техникалык жана коммерциялык бузууларды оңдоо, шарттардын жана иштин көлөмүнүн бул максаттары үчүн  атайын бөлүнгөн  жолдорго чыгаруу жана кийин берүү сыяктуу дагы, ошондой эле курамдан чыгарбастан дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.

ЖМ айрым вагондорун техникалык жана коммерциялык бузуулары боюнча улуттук жүк ташуунун аскердик коргоосу менен корголгон вагондордун тобунан бекеттерде бөлүү  бөлүнгөн вагондорду коргоо камсыздалган учурда гана уруксат берилет. Башка учурда аскердик коргоо күзөтү менен корголгон вагондордун бардык тобу бөлүнөт. Бекеттин начальниги аскердик коргоонун кошумча  күзөтүн чакырууга жана алар келгенден кийин багыт боюнча бөлүнгөн топтун оң вагондорун жөнөтүүгө милдеттүү.

Вагондорду аскердик транспорттордон, ошондой эле аскердик караул же жүк жөнөтүүчүлөрдүн (жүк кабыл алуучулардын) адистеринин коштоосундагы вагондордун тобунан бөлүүгө тыюу салынат. Бузууларды оңдоо жана жүктү оң вагондорго жүктөө үчүн бүтүндөй транспорт (вагондордун тобу) кармалат, бул туурасында бекеттин кезметчиси (бекеттин начальниги) улуттук жүк ташуунун жүк ташуу кызматынын бөлүм боюнча нөөмөтчүсүнө же улук ноомотчүгө кабарлайт, ал эми акыркылар транспорттун кармалгандыгы тууралуу белгиленген тартипте темир жол участогунун жана бекеттин комендантына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын жүктөрдү ташуу бөлүмүнө кабарлоого тийиш. Оңдоо жана вагонго жүктөрдү жүктөө аяктагандан кийин кармалган тарнспорттун бөлүгү (вагондордун тобуна) кошулуп, багыты боюнча жөнөтүлүүгө тийиш.

ЖМ ташуу үчүн атайын кыймылдуу курамдын секциясынын,  ошондой эле атайын түзүлгөн схемалардын курамына кирген вагондорду чыгарып оңдоо керек болгон учурда, мындай вагондор секциядан (схемадан) чыгарылып, жүктү коштогон адистин, караулдун начальнигинин макулдугу менен гана оңдоо жолуна берилет. Бул учурда вагон кошулган жана чыгарып оңдоону талап кылган секциянын (схеманын) бүтүндөй курамы кармалат. Оңдолгон вагондор секциянын (схеманын) тиешелүү жерине кошулууга тийиш. Эгерде секциянын (схеманын) бош вагону техникалык бузулуудан улам белгиленген бекетке жете албай турган болсо, жүктү коштогон адистин, караулдун начальнигинин өтүнмөсү боюнча ал секциядан (схемадан) чыгарылып, жүк ташуу документтери тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулуп, жаңы багыт боюнча жөнөтүлөт.

Бардык көрсөтүлгөн жагдайларда аскердик транспорттун, атайын кыймылдуу курамдын (схеманын), ошондой эле  Улуттук жүк ташуунун аскердик коргоосу менен коштолгон айрым ЖМ вагондорун, аскердик караул жана жүк жөнөтүүчү (жүк кабыл алуучу) бул нускаманын 16.19-пунктуна ылайык бекеттин техникалык-тескөө актысында көрсөтүлгөн ЖМ вагондорун токтотуучу жай үчүн жолдо белгиленет.

Поезддердин жана ЖМ вагондорун техникалык тейлөө жана коммерциялык текшерүүнүн тартиби темир жол тарабынан текшерилет.

 

Авариялык жагдайлардагы иш-аракеттер

 

16.17. Поезддердин кыймылы менен байланышкан кызматкерлер авариялык кырдаалдардын кооптуу жүктөрдү темир жолдор аркылуу ташууда коопсуздук эрежелери жана жоюунун тартибин билүүгө жана так аткарууга тийиш.

ЖМ поездерине коркунуч келтирүүчү коопсуздук келип чыкса (буксанын күйүүсу, октун сынышы, кыймылдуу курамдын түшүүсү, вагондун же жүктүн өрттөнүүсү ж.б.), локомотивдик жана кондуктордук бригадалар, жүктү коргогон жана коштогон жактар, бекеттин кезметчилери жана жана поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү, өткөрүү жана тейлөөгө байланышкан башка кызматкерлер коркунучту токтотуу жана жоюу боюнча колунан келишинче бардык аракеттерди жасоого милдеттүү.

Кыймылдуу курамдын жана жүрүүчү бөлүгүнүн техникалык абалын автоматтык контролдоо каражаттары менен табылган бузууларга ээ вагондору бар поезддерди жөнөтүүгө тыюу салынат.

16.18. Бул нускаманын 16.17-пунктунда көрсөтүлгөн жүрүп баратканда болгон кырдаалдарда, локомотивдин машинисти же башкы кондуктор  эгерде ал поездди коштоп баратса  тез арада поезд диспетчерине же жакынкы бекеттин кезметчисине чара көрүү үчүн кабарлоогго тийиш.  Мында  авария учурунда (кыймылдуу курамдын түшүп кетиши ж.б.), өрт – алардын жагдайы туурасында, поезддин курамында ЖМ жана башка кооптуу жүктөрү бар  вагондордун болушу жана жайгашуусу тууралуу кабарлап, авариялык карточкалардын номерлерин (жол ведомостунун арткы бетинде көрсөтүлгөн) же авариялык карточкалардын мазмунун (эгерде алар жүк ташуу документтерине тиркелген болсо) берүүгө тийиш. Электрлештирилген участоктордо поезд диспетчери бул билдирүүнү алган соң зарыл учурда , энергия диспетчерине байланыш тармагынан чыңалууну алуу тууралуу көрсөтмө берүүгө тийиш. Локомотивдин машинисти же башкы кондуктор түзүлгөн жагдайдан чыгып, авариялык кырдаалды жана анын кесепеттерин жоюу боюнча поезд диспетчеринин командасын, ЖМ жана башка кооптуу жүктөрдү коштогон адистердин кызматтык нускаманын талаптарын, авариялык карточкалардын,  көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алуу менен бардык мүмкүндүктөрдү жасоого милдеттүү.

Бекеттин нөөмөтчүсү поезддин машинистинин авария тууралуу билдирүүсүн алган соң анын мазмунун толугу менен поезд диспетчерине берүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча аракет этүүгө милдеттүү.

16.19. ЖМ жүрүп бараткан  поездде кандайдыр бир жүктүн же кыймылдуу курамдын өрттөнгөндүгү белгилүү болгон учурда токтотулууга тийиш. Поезд тототулуучу  жер кыймылдуу курамдын жолунда жайгашкан адамдардын жарадар болуусун жана айлана чөйрөнүн булганышына, тоннель, көпүрө, турак жай жана бекет имараттарынын, кампалардын  төмөнкү кесепеттерге алып келүүсүн эске алуу менен тандалат.

Поезд токтотулгандан кийин локомотивдик бригада  ЖМ коштогон жана коргогон жактар менен биргеликте күйүп жаткан тез арада вагонду башка дөңгөлөктүү составдан ажыратып, калган бөлүгүн белгиленген тартипте болжолдуу бекитип, бул жүктүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өрт жардамы келгенге чейин  өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча нускамада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык локомотивдерде жана моторвагондуу кыймылдуу курамдагы өрттү өчүрүү боюнча мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.

16.20. ЖМ менен авариялык кырдаал бекеттин чегинде келип чыкса бекеттин нөөмөтчүсү болгон жагдай тууралуу поез диспетчерине жана бекеттин начальнигине кабарлап жана поездди андан ары өткөрүү, маневрдык ишти жүргүзүүнүн шарттарын аныктап, зарыл учурда поезддердин жана маневрларды токтотууга чараларды көрүүгө тийиш.

ЖМ жүктөлбөгөн вагондо өрт чыккан учурда, же имараттын, курулманын жанында ЖМ вагонун өрт чыккан зонадан коопсуз жерге, 10 м кем  эмес аралыкка  жылдырылууга тийиш.

16.21. Мындай поезддер жана вагондор менен болгон бардык окуялар тууралуу поезд  диспетчери тез арада авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу чараларын көрүүгө,  жүк ташуу кызматынын жетекчилигине, ревизордук аппаратка кабарлоого тийиш.

16.22. Коопсуздук чараларын көрүү жана ЖМ менен авариялык кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча башка аракеттер коопсуздук эрежелерине жана кооптуу жүктөрдү темир жол аркылуу ташуудагы авариялык кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тартибине жана кооптуу жүктөрдү темир жол аркылуу ташуу эрежелерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

 

 

Кыргыз Республикасынын

темир жол транспортундагы

Поезддердин кыймылы жана

маневрдик иштер боюнча Нускамага

1 тиркеме

 

Поезддердин кыймылында, сигнализациянын жана байланыштын ар кандай каражаттарында

бекеттерден поезддерди жөнөтүү үчүн уруксаттардын

тизмеси

 

 

Поезддер жөнөтүлүүчү шарттар

 

Өтмөлүктү элегенге машинистке уруксат болуп,эмне кызмат кылат

 

Чыгуучу сигналды ачуу же өтмөлуктү ээлегенге уруксат алуу үчүн негиз

 

 

 

 

А.Автоматтык тосмолооч –бир жолдуу тилке

 

 

Жеке чыгуучу светофорго ээ жолдордон поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча),Поезддик диспетчердин макулдугу (поездди диспетчердик байланыш бузук болгондо –коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери  менен жабдылган топтук светофор менен поезддерди жөнөтүү

 

 

 

Жөнөө жолундагы топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө кайталагычтар бар болгондо,шилтемеси жок топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

 

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана каттамдык шилтемедеги жөнөө жолунун номеринин саны (жашыл түстөгү)

 

 

 

Кайталоочу светофордогу жашыл жарык (топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүнүн пайда болуусу менен бир убакта күйөт)

 

Ошол эле

 

 

 

 

 

 

 

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери бузук болгон учурларда топтук светофорлор менен же топтук светофорлордун кайталагычтары бузук болгон учурларда,каттамдык шилтемелери жок топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат (тигиниби же башкасынбы, топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө гана машинистке берүүгө болот)

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча),Поезддик диспетчердин макулдугу (поездди диспетчердик байланыш бузук болгондо –коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу)

 

 

Чыгуучу светофору жок жолдордон же чыгуучу светофор бузук болгондо поезддерди жөнөтүү

 

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Бир же андан көп тосмо – тилкелердин бош экени

чыгуучу светофордун тыюу салуучу көрсөткүчүндө жана бет маңдай каршы тараптан келе турган поезддерден өтмөлүктүн бош учурунда бекеттен поездди жөнөтүү тууралуу поезддик диспетчердин катталган

 

буйругу,авто тосмолоочту тийиштүү багытка которуу,башкаруу аппаратынан өтмөлүктүн ачкыч-таякчасын алуу

 

 

Башы чыгуучу светофорду жаап турган поездди жөнөтүү жана аны уруксат берүүчү көрсөткүчүнө ачууга мүмкүн эмес

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат,светофордун башчасынын тескери жагындагы уруксат берүүчү көрсөткүчү (ал бар болсо жана машинистке көрүнүп турса)

 

Ошол эле

 

Ачык чыгуучу светофордо поезддерди жөнөтүү,эгер машинистке анын көрсөткүчтөрү көрүнбөй жатса

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча),поезддик диспетчердин макулдугу (поездди диспетчердик байланыш бузук болгондо –коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу)

 

 

Өтмөлүк бою жүрө турган түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

Ошол эле

 

 

 

 

 

 

Кайра кайтып келүүсү менен өтмөлүктүн бир бөлүгүнө түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү.

Кайра кайтып келүүчү багытта айдап келүү үчүн,түрткүчтүн машинистине ачкыч-таякча берилет

 

Ошол эле

 

 

 

 

 

 

 

 

Кайра кайтып келүүсү менен поезддерди өтмөлүккө жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү.

Поезд өтмөлүктөн кайтардан мурун машинистке берүү үчүн, бекеттен поезд жөнөр алдында жумуштардын жетекчисине тапшырылуучу,кайра кайта турган багытта айдоого укук бере турган ачкыч-таякча

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча),поезддик диспетчердин макулдугу (поездди диспетчердик байланыш бузук болгондо –коңшу бекеттин нөөмөтчүсүнүн макулдугу)

 

 

Ачкыч –таякча жок же бузук болгон учурларда поезддерди же кайра кайтып келе турган түртүүчү локомотивдерди телефондук байланыш каражатына өткөндөн кийин гана жөнөтүүгө мүмкүн болот

 

Автотосмолооч бузук болгон учурларда поезддерди жөнөтүү

 

 

Жол баракчасы

 

Поезддик диспетчердин автотосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу буйругу жана коңшу бекеттин поездди кабыл алууга макулдугун берген поезддик телефонограммасы

 

 

 

Б.Автоматтык тосмолооч –эки жолдуу тилке

(туура жол менен поезддерди жөнөтүү)

 

Жеке чыгуучу светофорго ээ жолдордон поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча)

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери  менен жабдылган топтук светофор менен поезддерди жөнөтүү

 

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана каттамдык шилтемедеги жөнөө жолунун номеринин саны (жашыл түстөгү)

 

Ошол эле

 

Жөнөө жолундагы топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө кайталагычтар бар болгондо,шилтемеси жок топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

 

Кайталоочу светофордогу жашыл жарык (топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүнүн пайда болуусу менен бир убакта күйөт)

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча)

 

 

 

 

 

 

 

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери бузук болгон учурларда топтук светофорлор менен же топтук светофорлордун кайталагычтары бузук болгон учурларда,каттамдык шилтемелери жок топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат (тигиниби же башкасынбы, топтук светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчүндө гана машинистке берүүгө болот)

 

Ошол эле

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чыгуучу светофору жок жолдордон поезддерди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Ошол эле

 

Башы чыгуучу светофорду жаап турган поездди жөнөтүү жана аны уруксат берүүчү көрсөткүчүнө ачууга мүмкүн эмес

 

 

 

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат,светофордун башчасынын тескери жагындагы уруксат берүүчү көрсөткүчү (ал бар болсо жана машинистке көрүнүп турса)

 

 

 

 

 

Ошол эле

 

Ачык чыгуучу светофордо поезддерди жөнөтүү,эгер машинистке анын көрсөткүчтөрү көрүнбөй жатса

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

 

Ошол эле

 

 

 

Өтмөлүк бою жүрө турган түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

 

Ошол эле

 

 

Кайра кайтып келүүсү менен өтмөлүктүн бир бөлүгүнө түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү.

Кайра кайтып келүүчү багытта айдап келүү үчүн,түрткүчтүн машинистине ачкыч-таякча берилет

 

 

 

Ошол эле

 

 

Кайра кайтып келүүсү менен поезддерди өтмөлүккө жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү.

Поезд өтмөлүктөн кайтардан мурун машинистке берүү үчүн, бекеттен поезд жөнөр алдында жумуштардын жетекчисине кайра кайта турган багытта айдоого укук бере турган ачкыч-таякча тапшырылат

 

 

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча),жана ошондой эле,кайра кайтып келе турган поездди жөнөтүү тууралуу поезддик диспетчердин буйругу

 

Ачкыч –таякча жок же бузук болгон учурларда поезддерди же кайра кайтып келе турган түртүүчү локомотивдерди телефондук байланыш каражатына өткөндөн кийин гана жөнөтүүгө мүмкүн болот

 

Чыгуучу светофор бузук болгон учурларда поезддерди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу берилген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксаты же чыгуучу светофордун чакыруучу сигналы

 

 

Бир же андан көп тосмо тилкелердин бош экени (көзөмөлдөөчү приборлордун көрсөткүчү боюнча)

 

Автотосмолооч бузук болгон учурларда поезддерди жөнөтүү

 

Жол баракчасы

 

Биринчи поезд үчүн-автотосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу поезддик диспетчердин буйругу.Кийинки поезддер үчүн –мурун жөнөтүлгөн поезддин келгендиги (доследование) тууралуу коңшу бекеттен телефонограмма

 

В.Жарым-жартылай автоматтык тосмолооч – бир жолдуу тилке

 

Жеке чыгуучу светофорго ээ жолдордон поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

 

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу

 

Кайтадан жабылып калгандан (чыгуучу светофордун өзүнөн –өзү жабылып калышынан да) кийин,кармалып калган же ошол эле багыттагы башка поездди жөнөтүү

 

 

 

 

 

 

I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Ошол эле

 

Чыгуучу светофорду кайра ачууга мүмкүндүк бере турган орнотмолор менен жабдылган бекеттерде,ошол эле багыт менен поездди жөнөтүү поезддик диспетчердинмакулдугу менен экинчи жолу ачылган чыгуучу светофор боюнча жүргүзүлөт

 

Уруксат берүүчү көрсөткүчтүү чыгуучу светофордун аркасында башы турган поездди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

 

 

 

 

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу

 

Жолдору менен жебелери электр менен изоляцияланган бекеттерде, изоляцияланган тилке бош эмес болгондуктан,чыгуучу светофор ачылбай жатса,светофорду ачуу үчүн “Жөнөө каттамдарындагы изоляцияланган жебе тилкелеринин бош экендигинин көзөмөлүн өчүрүү” деген баскычты пайдаланса болот (ушундай баскычы бар бекеттерде)

 

Тыюу салуучу көрсөткүчтүү чыгуучу светофордун аркасында башы турган поездди жөнөтүү

 

Жол баракчасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Поезддик диспетчердин автотосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу буйругу жана коңшу бекеттин поездди кабыл алууга макулдугун берген поезддик телефонограммасы

 

 

Чыгуучу светофор кайра жабылгандан кийин бет маңдай багыттагы поездди жөнөтүү

 

Жол баракчасы

 

 

 

 

 

 

 

Ошол эле

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери  менен жабдылган топтук светофор менен поезддерди жөнөтүү Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана каттамдык шилтемедеги жөнөө жолунун номеринин саны (жашыл түстөгү)

 

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу
 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери бузук болгон учурларда топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Ошол эле

 

Чыгуучу светофорду ачууга мүмкүн болбогон учурларда поезддерди жөнөтүү

 

Жол баракчасы

 

 

Поезддик диспетчердин автотосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу буйругу жана коңшу бекеттин поездди кабыл алууга макулдугун берген поезддик телефонограммасы

 

Эгерде өтмөлүк бош болуп,бирок изоляцияланган жебе тилкесинин жалган эле бош эмес деп көргөзүп жатканынан чыгуучу светофор  ачылбай жатса,анда поезддик диспетчердин макулдугу менен, “Жөнөө каттамдарындагы изоляцияланган жебе тилкелеринин бош экендигинин көзөмөлүн өчүрүү” деген баскычты(ушундай баскычы бар бекеттерде)алдын-ал басуу менен аны ачса болот
 

Өтмөлүктөн кайра кайтып келе жаткан поездди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофор жабык болгон учурдагы ачкыч-таякча

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу,жана ошондой эле,поезддик диспетчердин кайра кайтып келе турган поездди жөнөтүү тууралуу уруксаты
 

Кайра кайтып келүүсү менен өтмөлүктүн бир бөлүгүнө түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү.

Кайра кайтып келүүчү багытта айдап келүү үчүн,түрткүчтүн машинистине ачкыч-таякча берилет

 

 

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу

 

 

 

 

 

 

 

Поезддер жана түртүүчү локомотивдер үчүн ачкыч –таякча жок же колдо барлары бузук болгон учурларда,анда кайра кайтып келе турган поездди же түрткүчтү телефондук байланыш каражатына өткөндөн кийин гана, өтмөлүккө жөнөтүү жүргүзүлөт

 

 

 

 

Өтмөлүк бою жүрө турган түртүүчү локомотив менен поезддерди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген тийиштүү жолдон поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Коңшу бекеттен макул дуктун тосмолоочу сигналынын бар болушу же тосмо-системаны кыймылдын тийиштүү багытына которуу

 

 

 

 

 

 

Автотосмолооч бузук болгон учурларда поезддерди жөнөтүү

 

 

Жол баракчасы

 

 

Поезддик диспетчердин автотосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу буйругу жана коңшу бекеттин поездди кабыл алууга макулдугун берген поезддик телефонограммасы

 

 

 

Г.Жарым –жартылай автоматтык тосмолооч –эки жолдуу тилке

 

 

Жеке чыгуучу светофорго ээ жолдордон поезддерди жөнөт

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү

 

 

Мурун жөнөтүлгөн поездге келүүнүн тосмолоочу сигналынын бар болушу

 

Кайтадан жабылып калгандан (чыгуучу светофордун өзүнөн –өзү жабылып калышынан да) кийин,кармалып калган же ошол эле багыттагы башка поездди жөнөтүү

 

 

I пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

Ошол эле

 

Чыгуучу светофорду кайра ачууга мүмкүндүк бере турган орнотмолор менен жабдылган бекеттерде,ошол эле багыт менен поездди жөнөтүү поезддик диспетчердинмакулдугу менен экинчи жолу ачылган чыгуучу светофор боюнча жүргүзүлөт

 

 

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери  менен жабдылган топтук светофор менен поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана каттамдык шилтемедеги жөнөө жолунун номеринин саны (жашыл түстөгү)

 

 

Мурун жөнөтүлгөн поездге келүүнүн тосмолоочу сигналынын бар болушу

 

Жөнөө жолунун каттамдык шилтемелери бузук болгон учурларда топтук светофорлор менен поезддерди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофордун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат же бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу поезддин жөнөтүлгөнү тууралуу буйругу

 

Ошол эле

 

Уруксат берүүчү көрсөткүчтүү чыгуучу светофордун аркасында башы турган поездди жөнөтүү

 

Бекеттин нөөмөтчүсүнүн радио байланыш аркылуу машинистке берген буйругу же II пункту толтурулган жашыл түстөгү бланкадагы уруксат

 

 

Ошол эле

 

Жолдору менен жебелери электр менен изоляцияланган бекеттерде, изоляцияланган тилке бош эмес болгондуктан,чыгуучу светофор ачылбай жатса,светофорду ачуу үчүн “Жөнөө каттамдарындагы изоляцияланган жебе тилкелеринин бош экендигинин көзөмөлүн өчүрүү” деген баскычты пайдаланса болот (ушундай баскычы бар бекеттерде)

 

 

 

 

 

 

Тыюу салуучу көрсөткүчтүү чыгуучу светофордун аркасында башы турган поездди жөнөтүү

 

Жол баракчасы

 

 

Поезддик диспетчердин тосмолоочтун жабылгандыгы жана телефондук байланышка өтүү тууралуу буйругу

 

Чыгуучу светофорду ачууга мүмкүн болбогон учурларда поездди жөнөтүү

 

Ошол эле

 

Ошол эле

 

Эгерде өтмөлүк бош болуп,бирок изоляцияланган жебе тилкесинин жалган эле бош эмес деп көргөзүп жатканынан чыгуучу светофор  ачылбай жатса,анда поезддик диспетчердин макулдугу менен, “Жөнөө каттамдарындагы изоляцияланган жебе тилкелеринин бош экендигинин көзөмөлүн өчүрүү” деген баскычты(ушундай баскычы бар бекеттерде)алдын-ал басуу менен аны ачса болот

 

Өтмөлүктөн кайра кайтып келе жаткан поездди жөнөтүү

 

Чыгуучу светофор жабык учурдагы ачкыч-таякча

 

Мурун жөнөтүлгөн поездге келүүнүн тосмолоочу сигналынын бар болушу жана ошондой эле поезддик диспетчердин кайра кайтып келе турган поездди жөнөтүү тууралуу уруксаты

 

 

 

 

 

Поезддердин кыймылы жана

Кыргыз Республикасынын темир жол

транспортундагы орун которуштуруу

иши боюнча нускаманын

2-тиркемеси

 

Токтоткуч таянычынын кыймылдуу курамын чиркөөнүн

 

ЧЕНЕМДЕРИ ЖАНА НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

  1. Нускаманын 11-бабында баяндалган талаптарга ылайык бекетлык жолдордо вагондорду чиркөөдө төмөнкү минималдуу ченемдерди колдонуу зарыл:

1.1. Горизонталдык жана 0,0005ке чейинки эңкейиштеги жолдордо — түрдүү сандагы вагондорду токтотуу үчүн эки тараптан бир токтоткуч таяныч менен (курам, вагондордун тобу же жалгыз вагон);

1.2. 0,0005тен көп эңкейиштеги жолдордо чиркөөнүн 2 ченеми төмөнкү эсеп формулалары менен аныкталат:

1.2.1. жалгыз вагондорду, ошондой эле кыймылдуу курамдын салмагы боюнча (брутто) бирдей болгон курамын же тобун чиркөөдө: жүк салынуучу жүк вагондору же бош вагондор түрүнө карабастан, жүргүнчүлөр паркынын вагондору, кыймылдуу курамдын вагон моторлору; рефрижератордук вагондор топто (секцияда) бардык вагондор жүк менен же баары бош (анын ичинде машиналык бөлүктөрү бар бош секция) болгон шарттарда; иштебеген абалдагы локомотивдердин биригиши;

1.2.2. жүктүү жана жүксүз вагондордон же түрдүү салмактагы жүгү бар вагондордон турган аралаш (салмагы боюнча ар түрдүү) курамдарды же топторду токтоткуч таянычтарын окко 15 т дан (брутто) ашпаган оордуктагы вагондордун алдына төшөө шарты менен, ал эми мындай вагондор жок болгон учурда – окко аз оордугу бар вагондордун алдына, бирок чиркелүүчү топтор үчүн максималдуу чиркөөдө.

Тиркеменин 1.2.1 жана 1.2.2-кичи пункттарында көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаганда  1-формула колдонулат:

 

n

К = — (1,5i + 1) (1)

200

 

мында: К — токтоткуч таянычтарынын керектүү саны; n — топтогу (курамдагы) октордун саны; i — жолдун эңкейишинин орточо чоңдугу же жолдун миңдеги бир бөлүгү; (1,5i + 1) — ар бир 200 октогу токтоткуч таянычтарынын саны;

1.2.3. салмагы боюнча ар түрдүү вагондордон турган аралаш курамдарды же топторду чиркөөдө токтоткуч таянычтар топтогу эң оор вагон деп эсептелинбеген окко 15 т дан аз оордуктагы вагондордун же окко болгон оордугу белгисиз болгон вагондордун алдына төшөлсө, 2-формула колдонулат:

 

n

К = — (4i + 1) (1)

200

 

мында (4i + 1) — ар бир 200 октогу токтоткуч таянычтарынын саны;

1.2.4. бул формула менен эсептелген чиркөөнүн ченемдери бекеттин техникалык-бөлүштүрүүчүлүк актында көрсөтүлөт.

Токтоткуч таянычтарынын керектүү саны Россиянын МПСы тарабынан бекитилген чиркөөнүн ченемдерин эсептөөнүн автоматташтырылган системасын пайдалануу менен аныкталышы мүмкүн.

  1. Токтоткуч таянычтарынын санынын бөлчөктүү маанисин алууда ири бүтүн санга чейин тегеректелет.

Мисалдар:

а) 0,0025 эңкейиштеги вагондордун аралаш тобунун 80 огун чиркөө жана токтоткуч таянычтарын бош вагондордун алдына (же окко белгисиз оордуктагы вагондор) төшөө үчүн талап кылынат:

 

80 (2,5 х 4 + 1)

—————- = 4,4 болжолдуу түрдө 5 токтоткуч таяныч;

200

 

вагондордун ошол тобуна жана токтоткуч таянычты окко 15 т дан кем эмес оордугу бар вагондордун алдына (же мындай вагондор топто жок болсо — бул топтун окко максималдуу оордуктагы вагондордун алдына) төшөөдө:

 

80 (2,5 х 1,5 + 1)

—————— = 1,9 болжолдуу түрдө 2 токтоткуч таяныч;

200

 

б) көмүр маршрутунун же 0,0015 эңкейиштеги бош вагондордон турган курамдын 240 огун чиркөө үчүн талап кылынат:

 

240 (1,5 x 1,5 + 1)

——————- = 3,9 болжолдуу түрдө 4 токтоткуч таяныч;

200

 

в) 0,003 эңкейиштеги жүргүнчү ташуучу поезддин курамынын 72 огун (18 вагон) чиркөө үчүн талап кылынат:

 

72 (3 х 1,5 + 1)

—————- = 1,98 болжолдуу түрдө 2 токтоткуч таяныч.

200

 

  1. Тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн үстүңкү бети өтө майланышкан рельстери бар бекетлык жолдордо (куюп ташуучу жүктөрдү жүктөө жолдору, цистернаны тазалоо жана жуу ж.б.) чиркөөнүн ченемдери 1,5 эсеге көбөйтүлөт.
  2. Сынык профилдүү жолдордо поезддердин курамын же жолдордун бардык узундугунун чегинде жайгашкан вагондордун тобун чиркөөнүн нормалары жалпы жолдун узундугу үчүн эңкейиштин орточо чоңдугуна эсептелет. Эгерде вагондор жолдордун айрым кесиндилеринде калтырылса, анда аларды токтоткуч таянычтар менен бекемдөө ушул кесиндинин эңкейишинин анык чоңдугуна тиешелүү ченемдер менен жүргүзүлөт.
  3. Түшүрүү үчүн берилген вагондордун тобун чиркөөдө токтоткуч таянычтар акыркы кезекте түшүрүлө турган вагондордун алдына салынат же алар үчүн чиркөөнүн нормативи ушул Тиркеменин 1.2.3-кичи пунктуна ылайык эсептелиниши керек.
  4. Токтоткуч таянычтар бузулбаган абалда болушу керек жана таянычтын таманынын алдыңкы жагы дөңгөлөктүн алкагына тийип турушу үчүн курамдын түрдүү окторунун алдына төшөлөт. Токтоткуч таянычтарын туруктуу төшөгөн жерлерде муз, бубак пайда болгон учурларда колдонулуучу кум үкөктөрү орнотулушу керек. Эгерде эки же андан ашык таяныч чиркелсе, анда аларды бир вагонго же ошол эле вагон огуна төшөөгө болбойт.

Вагондорду чиркөө үчүн муз тоңгон же майланышкан токтоткуч таянычтарын пайдаланууга тыюу салынат.

  1. Эңкейиш жолдордо таянычтар түшүрүлө турган тараптан салынат. 0,0005 ден көп 0,001ге чейинки эңкейиште вагондор түшүрө турган жакка карама-каршы тараптан кошумча бир токтоткуч таяныч менен токтотулат.
  2. Эгерде токтоткуч таяныч чиркелүүчү топ кете турган тараптагы акыркы вагондун алдына төшөлбөсө, анда бул вагон менен чиркелген топтогу калган вагондордун ишенимдүүлүгү кошумча текшерилиши керек.
  3. Багыты вагондордун мүмкүн болгон жүрүү багыты менен дал келген катуу (15 м/с ашык) шамалда чиркөөнүн ушул Тиркеменин 1-пунктуна ылайык эсептелген ченеми (чиркелген топтун ар бир 200 огу) вагондордун дөңгөлөгүнүн алдына кошумча үч токтоткуч таяныч, ал эми өтө катуу (штормдук) шамалда жети токтоткуч таяныч төшөлөт.
  4. Моторвагондук поезддерди, иштебеген абалдагы локомотивдерди, ал эми токтоткуч таянычтарынын саны жетишсиз болгон өзгөчө учурларда башка кыймылдуу курамды чиркөөдө кыймылдуу курамдын төмөнкүдөй эсептен турган кол менен иштей турган токтоткучтары пайдаланылышы мүмкүн: 5 токтоткуч огу 1 токтоткуч таянычына алмаштырылат.

Горизонталдык же 0,0005 жана андан аз эңкейиштеги жолдордо кыймылдуу курамдын чиркелүүчү тобунун бир бөлүгүндөгү бир вагондун (локомотив) эки тарабындагы токтоткуч таянычтарынын ордуна анын кол токтоткучун ишке киргизүүгө болот.

 

 

 

Поезддердин кыймылы жана

Кыргыз Республикасынын темир жол

транспортундагы орун которуштуруу

иши боюнча нускаманын 3-тиркемеси

 

 

Өзгөчө этияттыкты жана атайын кыймылдуу курамды талап кылган жүк вагондорун поездге орнотуунун

ТАРТИБИ

 

  1. Өзгөчө этияттыкты талап кылган жүк вагондорун (цистерналар) поездге орнотууда айрым учурларда локомотивдердин, жүргүнчүсү бар вагондордун жана алардын ортосунда коргооч болушу шарт. Өзгөчө этияттыкты талап кылган жүктөрдү ташуунун шарттары тууралуу маалыматтар, мындай жүктөрдүн тизмеги жана коргоочтун бекитилген ченемдери темир жол транспортунда жүктөрдү ташуунун эрежелери менен жүргүзүлөт.

Мындай жүктөрдүн негизги касиетин, ошондой эле коргоочтун керектүү ченемдерин мүнөздөгөн маалыматтар жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк документтеринде да көрсөтүлөт.

  1. Поезддин курамында кетүү үчүн жараксыз болгон бузук кыймылдама бөлүгү бар жалгыз вагондор айрым локомотивдер тарабынан вагон депосун же жууп тазалоочу-бууландыруучу бекеттер тарабынан аныкталган жөнөтүлгөн документтер түзүлгөндөн кийин гана оңдоо пунктуна жөнөтүлөт.
  2. Колеясы 1520 мм болгон темир жолдордо габариттүү эмес жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу боюнча нускама менен аныкталган 4, 5 жана 6-баскычтагы каптал жана төмөнкү габариттүү эмес жүк вагондору поезддин башынан жана аягынан бирден кем эмес габариттүү жүгү бар же бош вагон менен корголушу керек.

Каптал жана төмөнкү габариттүү эмес жүк вагондорун (1-3-баскычтагы габариттүү эмес жүктөрдөн башка) узун курамдуу поездге коюуга тыюу салынат.

Көзөмөл алкагы бар вагон биринчи болуп коюлат же жогорку зонадагы көзөмөл алкагынын көрүнүшүн жакшыртуу үчүн бош платформа менен локомотивден бөлүнүп турат.

Жогорку габариттүү эмес жүгү бар вагон поезддин курамына көзөмөл алкагы бар вагондон 20 вагондон жакын эмес коюлат.

Көзөмөл алкагы бар жогорку габариттүү эмес жүктөрдү атайын поездде ташууда айрым локомотив мындай жүгү бар вагон менен көзөмөл алкагы бар вагондон 5 вагондон жакын эмес жайгашышы керек. Мындай жүгү бар вагон поезддин аягынан бирден кем эмес габариттүү жүгү бар же бош вагон менен корголушу керек.

Поезддердин курамына 240 т чейинки жүк көтөргүчтөгү жүгү бар транспортерлерди кошууга уруксат берилет.

Оор жүк көтөргүчтөгү жүгү бар жана бош абалдагы транспортерлерди көзөмөлдөөнүн тартиби бул транспортерлерди колдонуунун техникалык шарттары менен аныкталат.

12 жана андан көп огу бар жүктүү транспортерлерди (бир же эки орто аралык платформасы бар жүк көтөргүчтүгү 120 т болгон чиркегич типтүү транспортерлерден башка) поездге кошууда алар менен катар ар бир тарабынан жүк көтөргүчтүгү 40 т дан көп эмес болгон жүгү бар же түрдүү типтеги бош экиден кем эмес төрт октуу коргооч вагон орнотулушу керек.  Бир нече мындай транспортерлер бир поездде жүргөндө алардын арасына үчтөн кем эмес ушундай коргоо вагондору коюлат.

Жүк көтөргүчтүгү 120 т болгон төрт октуу жана чиркегич типтүү бош жана жүгү бар транспортерлер поездге коргоочу жок орнотулат.

8 жана андан көп огу бар бош транспортерлерди, ошондой эле жүк көтөргүчтүгү 120 т болгон чиркегич типтүү транспортерлерди (тибинин коду 3960 жана 3961) 3 миң т дан ашык жүгү бар поезддерге кошууда поезддин курамынын акыркы төрттөн бир бөлүгүнө коюуга уруксат берилет. Поездде жүк жогорку көрсөткүчтөн аз болгон учурда көрсөтүлгөн транспортерлерди поезддин курамынын каалаган бир бөлүгүнө коюуга болот.

  1. Хоппер-дозаторлорду жалпы колдонуудагы темир жолдор боюнча жүргүзүүгө тейлөө персоналдары үчүн берилген ар бир маршруттагы бир багыттуу вагону бар туюк маршрут менен гана уруксат берилет.

Ар бир каттамдагы хоппер-дозаторлордун саны жүк түшүрүүнүн технологиялык талаптарынын жана шарттарынын натыйжасында аныкталат.  Башка темир жолдордон балласттык материалдарды чыгаруу, ошондой эле аларды кышында сактоочу базаларга жеткирүү эки кабатталган маршруттар менен жүргүзүлүшү керек.

Поезддин кыймылынын аз аныкталган графигинин курамында жүрүүчү бош жана жүгү бар хоппер-дозатордук маршруттарды поезддин узундугу жана салмагы боюнча орто аралык бекеттерде чегерилгендерди чыгарууну талап кылбаган жана маршруттардын кыймылынын ылдамдыгын чектебеген думпкарлардан (6ВС-60, 7ВС-60 жана ВС-66 типтерди кошпогондо) башка бардык кыймылдуу курам менен толуктоого уруксат берилет, бирок ЦНИИ-2 жана ЦНИИ-3 хоппер-дозаторлордон турган маршруттар үчүн жүк курамынын салмагы 2600т дан ашпашы керек. Мындай жүктөрдү коштоонун ылдамдыгы хоппер-дозатор поездиндеги кыймылдын ылдамдыгынан ашпашы керек.

Хоппер-дозатордук маршруттун машинисти текшерүү аймагы боюнча кыймылдын уруксат берилген ылдамдыгы менен аныкталган жүктүү же бош абалдагы хоппер-дозаторлордон турган маршрутту текшерүүгө болгон даярдык жөнүндө жүк документтеринде маршруттун текшерүүгө даяр экендиги, хоппер-дозатордун бардык жүк түшүрүүчү-өлчөөчү түзүлүштөрүнүн текшерилгендигин, каралгандыгын, транспорттук абалга толук келтирилгендигин жазууга милдеттүү. Жүк жүктөлгөн абалда мындай жазуу коштомо баракка, ал эми бош абалда жиберүү ведомостуна жазылат.

Вагон бөлүктөрүн кароо жана зарыл болгон оңдоолор техникалык тейлөө пункттарындагы жумушчулар тарабынан кадимки тартипте жүргүзүлөт.

Хоппер-дозаторлор өндүрүүчү заводдордун, вагон деполорунун, оңдоочу заводдордун, жол чарба бөлүмдөрүнүн билдирмелери боюнча жүк поезддеринде аларды катталган жерине өткөрүү, оңдоодон оңдоого өткөрүү зарыл болгон учурларда бекетлык отчеттуулукту киргизүү жана бузук эмес вагондорду эсепке алуу жана оңдоо боюнча көрсөтмөлөргө ылайык жүк ташууну жол-жоболоштурууну жөнгө салуу тартибинде бош абалда гана коштоосу жок жөнөтүлөт.

Жөнөтүүчү хоппер-дозаторлорду жөнөткөнгө чейин аларды толук транспорттук абалга келтирет, ал эми бекетке жөнөтүүгө болгон даярдык жана кыймылдын уруксат берилген ылдамдыгы жөнүндө жиберүү документтеринде тийиштүү жазманы жөнөтөт.

Тегеренмесинен чиркелген жүгү бар бузук хоппер-дозатордун жүгү оңдоого жөнөтүлгөнгө чейин түшүрүлүп, андан кийин толук тарнспорттук абалга келтирилиши керек. Бекеттин начальниги жөнөтүү үчүн билдирме, жиберүү жана жүк документтери болгон учурда гана хоппер-дозераторлорду жөнөтөт.

  1. Башка министрликтердин жана мекемелердин ишканаларына жана уюмдарына таандык болгон думпкарлардын улуттук ташуучусун темир жол менен жүргүзүү улуттук ташуучунун уруксаты боюнча көрсөтмөлөрүнүн жана бекитилген шарттардын негизинде жүргүзүлөт: темир жол бөлүгүнүн чегинде — бөлүктүн начальниги, темир жолдун чегинде — темир жолдун жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.

Улуттук ташуучуга темир жол аркылуу жүргүзүүгө уруксат берүүнүн алдында думпкарлар курамына вагон деполорунун, бекеттеринын жана бөлүктөрдүн текшерүүчүлөрү кирген, думпкарларды жүргүзүү билдирмесинде каралган шарттарда колдонуунун жарамдуулугун текшерген комиссия тарабынан каралат. Кароолордун жыйынтыктары боюнча вагондордун техникалык абалы жана алардын улуттук ташуучунун жолдорунда жүгүртүүгө болгон жарамдуулугу жөнүндө тыянак жазылган акт түзүлөт.

Кыргыз темир жолунда жүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: жүк ташуучу поезддер, толук курамдуу маршруттар жана түзүү планына ылайык бош жана жүгү бар абалдагы бардык кыймылдуу курамды кошуу менен ирилештирилген топтор үчүн аныкталган ылдамдыктагы 6ВС-60, 7ВС-60 жана ВС-66 думпкарлар; думпкарлардын тийиштүү типтери үчүн аныкталган ылдамдыктагы бардык башка типтеги думпкарлар, салмагы 2600 т дан ашпаган айрым маршруттар, аныкталган узундукка чейин бош абалдагы, ал эми жүк жүктөлгөн учурларда — көрсөтүлгөн салмакка чейин бир кыймылдуу курамды толуктоо менен.

Думпкар маршруттарын толуктоого орто аралык бекеттерде чиркелгенди чыгарууну талап кылбаган жана думпкар маршруттарынын ылдамдыгын чектебеген кыймылдуу курам тарабынан гана уруксат берилет.

Думпкарлардан турган маршруттарды жана бардык типтеги думпкарлардын ирилештирилген топторду ээлик кылуучу ишкана жана уюм тарабынан дайындалган түзүлүштү жана думпкарларды колдонууну билген машинисттен жана машинисттин жардамчысынан турган бригада коштоп жүрөт.

Поездде оңдоп-түзөөгө багытталган же оңдоп-түзөөдөн чыккан думпкарларды иш ордуна жөнөтүү жүк поезддери үчүн аныкталган ылдамдыкта бош абалда гана жүргүзүлөт, ошону менен бирге 6ВС-60, 78С-60 жана ВС-66 думпкарлары поезддин каалаган бир бөлүгүнө, ал эми калгандары жүк поездинин артына акыркы болуп коюлат.

Кыргыз темир жолунда болгон учурда вагон-думпкар вагондорду техникалык тейлөө улуттук ташуучунун паркынын вагондору менен бирдей жүргүзүлөт.

Жүгү бар думпкарларды техникалык жана коммерциялык жараксыздык боюнча маршруттан чыгаруу маршрут жана вагон топтору менен массалык жүктөрдү ташуунун эрежелерине ылайык өзүнчө бир коштомо баракта жол-жоболоштурулат. Кошумча жибериле турган документтерде негизги жүк документтерине ээ негизги белгилер көрсөтүлөт, ошону менен бирге милдеттүү түрдө ВУ-23 формасында билдирүү жазылат.

  1. Оор типтеги жол унаалары (жол төшөөчү, шагыл тазалоочу, кар жыйноочу ж.б.), темир жолдо жүрүүчү крандар жана атайын кыймылдуу курамдын башка бирдиктери (көчмө электр орнотмолору, чуңкурларды казуучу, байланыш тарамдарынын таянычы алдындагы түркүк фундаменттерин жүктөөчү машиналар ж.б.) агрегатка ээлик кылуучу чарба бирдиктеринин билдирмеси менен гана иштебеген абалды (жүк поезддеринде же айрым локомотивдери бар поезддерде) текшерүү үчүн бекеттерден жөнөтүлөт.

Аларды иштебеген абалга жиберүүгө даярдоо жүк жөнөтүүчү тарабынан тийиштүү агрегаттар үчүн иштелип чыккан техникалык шарттарда (нускама) каралган талаптарга же агрегаттын паспорттук дайындарына ылайык жүргүзүлөт. Жөнөтүүчү тарабынан жүк документтерине агрегатты транспорттук абалга келтирүү жөнүндө белги коюлушу керек.

Агрегатты иштебеген абалга жиберүүгө болгон даярдык темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан дайындалган комиссия, ал эми темир жолдун курамында темир жол бөлүмү жок болгон учурда темир жолдун башкы инженери тарабынан текшерилет.

Агрегатты жүк поездинин курамына коюу техникалык шарттарда (нускама) каралган жоболорго же тийиштүү агрегатты колдонуунун тартибин аныктаган паспорттук дайындарга ылайык жүргүзүлөт.

Эгерде агрегат техникалык шарттарга (нускама) же паспорттук дайындарга жооп берсе, анда жүк поезддеринин кыймыл графигинде аныкталган ылдамдыктан аз ылдамдык менен кое берилиши керек, анда агрегатты транспортко киргизүү жөнүндө белгиде жөнөтүүчү бул ылдамдыкты көрсөтүшү зарыл.

  1. Иштебеген абалдагы локомотивдер техникалык тейлөөдөн жана локомотивдин техникалык абалын комиссиялык текшерүүдөн кийин депонун начальнигинин же заводдун администрациясынын билдирмеси боюнча жөнөтүлөт, бул аныкталган форма менен түзүлгөн акт менен жол-жоболоштурулат. Жөнөткөн бекеттин начальнигине билдирме менен бирге берилген актта локомотивди коштоонун уруксат берилген ылдамдыгы көрсөтүлөт. Акттын экинчи нускасы локомотивдин жол көрсөтүүчүсүнө тапшырылат, үчүнчү нускасы жөнөтүүчүдө калат.

Иштебеген абалда жөнөтүлгөн электровоздор жана тепловоздор жүк поездинде экиден көп эмес бир секциялуу, бир үч секциялуу же эки секциялуу алдыңкы локомотивдин артына, ал эми бир темир жолдун чегинде улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан аныкталган санда илинет.

Улуттук ташуучунун көрсөтмөсү боюнча локомотивдердин олуттуу санын жөнөтүүдө 3төн 10го чейинки эки секциялуу, 7 үч секциялуу же 20 бир секциялуу локомотив (алдыңкы локомотивден сырткары) санындагы бирикмелердин сызыктуу метрине 8,1 т дан көп оордуктагы локомотивдерди жөнөтүүгө уруксат берилет, ошону менен бирге биригүү локомотивдеринин бири алдыңкы локомотив боло алат.

Жүк поездин жөнөтүүдө дизель поезддери жүк поездинин аягына акыркы болуп кошулат.

  1. Атайын түзүүлөрдүн ордун которуу алардын начальнигинин — улуттук ташуучунун жетекчисинин билдирмеси менен жүргүзүлөт.

Атайын түзүлүштөрдүн мүнөзүнө жана кыймылдуу курамдын тибине жараша кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу орун которуштуруунун шарттары буйрук менен көрсөтүлөт.

 

 

 

 

 

 

Поезддердин кыймылы жана

Кыргыз Республикасынын темир жол

транспортундагы орун которуштуруу

иши боюнча нускаманын 4-тиркемеси

 

 

А. Чечилме дрезиналардын кыймылынын тартиби жөнүндө негизги жоболор

 

  1. Чечилме дрезиналардын кыймылы поезд диспетчеринин буйругунун негизинде бекеттердин ортосундагы аралыкты жабуу менен ишке ашырылат.

Тоннель же ири көпүрөлөр, ошондой эле пландын татаал шарттары жана профили бар бекеттердин ортосундагы аралыктагы дрезиналардын кыймылынын тартиби улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан аныкталат.

Дрезиналардын кыймылы поезддердин ырааттама боюнча жүрүшүн бузбоосу керек.

Өткөрмөлөр боюнча нөөмөтчүнүн дрезиналарды бекеттердин ортосундагы аралыкка жөнөтүүдөгү кыймылы жөнүндө билдирүүлөрүнүн тартиби темир жолдун начальниги тарабынан аныкталат.

  1. Бекеттердин ортосундагы аралыкты ээлеген дрезиналарды текшерүү жол кызматынын жооптуу жумушчусунун (кызмат орду жол бригадиринен төмөн болбошу керек) же дрезинаны ишке киргизе турган башка кызматтардын жумушчусунун (райондун байланыш тарамынын электр механиги) билдирмеси менен поезд диспетчери тарабынан уруксат берилет. Дрезинанын айдоочусуна бекеттердин ортосундагы аралыкты ээлөөгө диагоналында кызыл тилкеси бар ак түстүү уруксатнаама берилет.
  2. Түнкү суткаларда, ошондой эле туманда, нөшөрдө, кар жааганда, бурганакта, -5 градус Цельсийден төмөнкү суукта дрезиналарды бекеттердин ортосундагы аралыкка чыгарууга тыюу салынат.
  3. Дрезиналар кыймыл учурунда ИСИге ылайык сигналдарга ээ болушу керек.

Дрезиналарды жолдорго сигналсыз коюуга тыюу салынат.

  1. Дрезиналардын кыймылын участоктор боюнча тартиби улуттук ташуучунун жетекчиси тарабынан диспетчердик борборлоштуруу менен аныкталат.
  2. Дрезинаны коштоп жүрүүчү адамдардын саны төмөнкүдөй болушу керек: ТД-5 дрезинасы үчүн — 4 адам, ИД жана СМ-4 дрезиналары учүн — 2 адам.

Дрезинаны коштоп жүрүүчүлөрдүн башчысы кызмат орду боюнча жол бригадиринен, райондун байланыш тарамынын электр механигинен төмөн эмес кызматтагы адам болушу керек, ал эми булар жок болгон кезде дрезинанын айдоочусу башчы болуп эсептелинет.

Жолдон чыгарылган дрезина түзүлүштүн жакындоо габарити бузулбай тургандай болуп жайгашышы керек.

  1. Эгерде бекетдан жөнөтүлгөн дрезина бекеттердин ортосундагы аралыкта кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн токтошу керек болсо, бекеттер боюнча нөөмөтчү бекеттердин ортосундагы аралыкты ээлөө укугун бергенден сырткары ушул Нускаманын 8.19-пунктуна ылайык эскертүү да берет. Бекеттердин ортосундагы аралыкты эскертүүдө аныкталган убакыттан ашыкча ээлөөгө тыюу салынат.
  2. Дрезинанын айдоочусу ТИЭ, Темир жолдордогу сигнализациялоо боюнча нускаманы, Поезддердин кыймылы жана Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы орун которуштуруу иши боюнча нускаманы, жол иштерин аткарууда поезд кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускаманы, эмгекти коргоо эрежелерин билиши керек жана дрезинаны башкарууга болгон күбөлүгү ар дайым жанында болушу шарт.

Айдоочунун дрезинаны башкарууну башкаруу укугу жок адамдарга берүүсүнө тыюу салынат.

  1. Дрезинаны коштоп бара жаткан ага жумушчу дрезина кыймылынын жана андагы адмдардын коопсуздугу үчүн жооптуу болуп саналат. Анын жанында поезддердин кыймылынын ырааттамасы болушу керек жана бекетдан жөнөгөн кезде өз саатын бекеттер боюнча нөөмөтчүнүн сааты менен салыштырып, чыгуудан мурун дрезинанын бузук эместигине көз салып, сигналдардын жана күйүүчү майлардын бар экендигин текшерип алышы зарыл.

Дрезинаны коштоп бара жаткан ага жумушчу дрезина менен бекеттин алкагында бекеттер боюнча нөөмөтчүнүн билдирүүсүз баса албайт, ошондой эле поезд диспетчеринин буйругусуз же тийиштүү уруксатсыз бекеттердин ортосундагы аралыкка чыга албайт.

Бекетке кирерде ага жумушчу өзгөчө көңүл бөлүшү шарт.

  1. Дрезинанын айдоочусу кесип өтмө жолдордо өтүүдө, өзгөчө жол иштерин жүргүзгөн тейлебеген нөөмөт жумушчулар жана участоктордон өтүүдө өзгөчө сактыкты сакташы керек.
  2. Ташуудан бекетке келген учурда дрезинаны коштоп баруучу ага жумушчу бул тууралуу жеке же телефон аркылуу бекеттер боюнча нөөмөтчүгө тезинен билдирүүсү керек, андан соң анын көрсөтмөлөрүн аткарышы шарт.

Бекеттер боюнча нөөмөтчү поезддердин кыймылы журналына дрезинанын келген убактысын белгилөөгө милдеттүү жана бекеттер боюнча нөөмөтчү негизги байланыш каражаттары аркылуу ташууну кийинки ачуу жана поезддердин кыймылын калыбына келтирүү үчүн бул тууралуу поезд диспетчерине билдириши керек.

Эгерде дрезинанын кыймылынын акыркы пункту өтмөктө жайгашса, анда аны жолдон чыгаргандан жана габариттүү аралыкка орноткондон кийин жооптуу адам, жетекчи поезд диспетчерине же өткөрүүнү чектөөчү бекеттердин биринин нөөмөтчүсүнө иштердин жасалып бүткөндүгү тууралуу билдирүү берет, билдирүүнүн негизинде поезддердин кыймылы калыбына келет.

  1. Дрезинанын алдыңкы эшиги (фара жак менен алдыга көздөй) негизги эшик болуп саналат, арткы эшиги бекеттердеги орун которууларда чыгуу катары колдонулат.
  2. ТД-5 дрезинасынын кыймылынын ылдамдыгы бекеттердин ортосундагы аралыкта 50 км/сааттан, бекетлык жолдордо – 25 км/сааттан, ал эми багыттар боюнча – 15 км/сааттан ашпашы керек. Көрүү начар болгон учурларда дрезинанын кыймылынын ылдамдыгы 25 км/сааттан ашпашы керек, жарык (фара жана арткы кызыл сигнал чырагы) жандырылышы шарт.
  3. Дрезиналарды өз ара чиркегич же чиркегичтер менен чиркөөгө типтүү шаймандар менен гана уруксат берилет жана дрезиналарды түзүү, кароо жана тейлөө боюнча нускамага ылайык жүргүзүлөт, дрезиналарды жылдырууда өз алдынча ажыратууга болбойт.

Дрезинаны платформалар жана вагондор менен чиркөөгө тыюу салынат.

  1. Жылдыруу учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат: дрезинада же чиркегичте турууга, борттордо отурууга, чиркегичтен чиркегичке өтүүгө, дрезинадан же чиркегичтен басууга жана аларда толук токтогонго чейин отурууга, кыймыл убагында, ошондой эле дрезинага күйүүчү май куюуда токтотмолордо тамеки чегүүгө.
  2. Бир убакта жүргөн адамдардын саны төмөнкүдөн ашпашы керек: ТД-5 дрезинасында — 6 адам, жүксүз чиркегичте — 10 адам, жүктүү чиркегичте – чиркегичти токтотуучу 1 гана адам. Жүктөрдү түздөн-түз дрезинада ташууга жол берилбейт.
  3. Жумушчу күчүн же жүктөрдү ташуу үчүн дрезинаны чиркегич менен чыгарууда аны иштетүү боюнча жалпы колдонмону кызмат орду боюнча жол бригадиринен, сигнализация, байланыш жана энергия менен жабдуу дибекетсынын электр механигинен төмөн эмес кызматтагы жумушчу ишке ашырышы керек.

Жумушчулар тобун чиркегичте ташууда ар бир чиркегичке тартипти жана ташылып бара жаткан адамдардын коопсуздугун байкай турган жооптуу адам – топтун башчысы сыяктуу тажрыйбалуу жумушчу бөлүнүп берилет.

Чиркегичтерде токтотуучу жумушчу жок болгон кезде дрезинаны чиркегич менен жүргүзүүгө тыюу салынат. Жүктү жүктөгөндөн кийин токтоткуч рычагын эркин түрдө күбөлөндүрүү керек. Ташылуучу жүк менен токтоткуч рычагын күрөөгө коюуга тыюу салынат.

 

Б. Чечилбей турган дрезиналар

 

  1. Кыргыз Республикасынын темир жолдорунда конструкциясы бекитилген же макулдашылган долбоорлорго жана техникалык шарттарга жооп берген дрезиналарды, мотовоздорду жана автомотристерди (мындан ары – машиналар) колдонууга уруксат берилет. Алардын конструкциясына уруксатсыз өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынбайт.
  2. Башка министрликтерге жана мекемелерге таандык машиналардын темир жол аркылуу болгон кыймылына өзгөчө учурларда гана жол берилет.
  3. Өткөрүүгө жиберилген дрезиналар, мотовоздор, автомотристер поезд катары каралат жана поезд диспетчеринин уруксаты менен бекеттер боюнча нөөмөтчү тарабынан жөнөтүлөт.

Бекеттер боюнча нөөмөтчү аларды баштапкы бекеттерден жөнөтүүдө айдоочудан (машинист) төмөнкүлөрдү текшерет: башкаруу укугуна ээ күбөлүгүн; көзөмөл-техникалык кароонун жылдык актын, анын ичинде чиркеле турган оордук менен чыккан учурда универсалдык чиркегичти (же атайын чиркегичти); машина катталган ишкана тарабынан берилген маршруттук баракты тариздөө; башка министрликтерге жана мекемелерге таандык мотордук-рельстик транспортту улуттук ташуучунун жолдору аркылуу жүргүзүүгө укук берүү.

Аларды катталган бекетдан чыгарууда ишканаларга таандык машиналардын жана чиркегичтүү бирдиктердин бузук эмес техникалык абалы аларды колдонууга жана кароого жооптуу же анын ордун алмаштыруучу адамдын колу коюлган маршруттук баракта тастыкталат.

Башка баштапкы бекеттерден чыгарууда ишканаларга таандык машиналардын жана чиркегичтүү бирдиктердин бузук эмес техникалык абалы айдоочунун (машинист) колу коюлган маршруттук баракта тастыкталат.

  1. Коңшу өзүнчө пункттун аягына келгенге чейин жүргүнчү ташуучу поездди мотордук-рельстик транспорттун артынан өткөрүү үчүн жөнөтүүгө тыюу салынат.

Эгерде жүк поездинин алдында мотордук-рельстик транспорт бара жатса, локомотивдин машинисти бекеттер боюнча нөөмөтчүгө же поезд диспетчерине бул тууралуу билдириши керек.

  1. Мотордук-рельстик транспорт кабыл алуу-жөнөтүү жолунда турганда бекеттер боюнча нөөмөтчү белгини бул жолго кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн жок кылуучу абалга коюп, багыттоочу кармагычка (баскычтар) кызыл капкакчаларды илет жана бул жолдордун бош эместигин кылдат текшерет.
  2. Мотордук-рельстик транспортко чиркелген кыймылдуу курамдын бирдиктердин же чиркегичтердин саны паспорттук дайындарга, оор жана чиркегич бирдиктердеги токтотуучу каражаттардын болушуна жана түшүрүүдө колдонулуучу кыймылдын уруксат берилген ылдамдыгына жараша жол начальниги тарабынан аныкталат.

Чиркөөдөгү автотоктоткучтар менен жабдылбаган машиналарды өзгөчө учурларда, бирок эки бирдиктен көп эмес учурларда жүргүзүүгө жол берилет. Ошону менен бирге алардын ар биринин айдоочусу (машинист) болушу керек.

Автотоктоткучу жок машиналар чиркегич оордук  менен жүргөндө өзү чиркелүүчү түзүлүш менен жабдылышы керек.

  1. Машиналарды вагондор менен алдыга жүргүзүү Техникалык колдонуунун эрежелеринин, Сигнализация боюнча нускаманын жана ушул Нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылат.

Машиналарды платформалар же чиркегичтер менен алдыга жүргүзүүдө поезддин кыймылынын ылдамдыгы темир жолдун начальниги тарабынан бекитилген машиналарды өткөрүүнүн кыймылынын уруксат берилген ылдамдыгына ылайык аныкталат. Машиналарды вагондор менен жүргүзүүнүн ылдамдыгы 25 км/сааттан, ал эми машинада радиобайланыш бар болгон учурда 40 км/сааттан ашпашы керек.

  1. ДГК, ДГКу, ДГКу5 дрезиналарын, АГВ, АДМ, АГВм автомотристерин, МПТ-4, МПТ-5 мотовоздорун жана МЭС мотовоз-электробекеттерин өз жолу менен жүрүү менен катар ушул Нускаманын, Жол машиналарын транспорттук абалга жана аларды коштоп жүрүүнү тартипке келтирүү боюнча техникалык көрсөтмөнүн, АГВ монтаждык автомотрисин жүк поезддеринин курамында ташуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөнүн жана Дрезиналарды, мотовоздорду жана автомотристерди (чечилбей турган типтеги мотордук-рельстик транспорт) темир жолдо колдонуу жана кароо боюнча нускаманын талаптарын сактоо менен жүк поезддеринин курамында өз огундагы жүк катары жөнөтүүгө болот.

АГД-1А (АГД-1) автомотристерин, ДГК, ДГКу, ДГКу-5, АГМС, АГМу, АЛГ, АС-1, АС-1А, АС-1М, ДМ, ДМм, ДМС, ДМСу дрезиналарын жана МПТ-4, МПТ-5, МК-2/15 мотовоздорун өз жолу менен жүрүү менен бирге Жол машиналарын транспорттук абалга жана аларды коштоп жүрүүнү тартипке келтирүү боюнча техникалык көрсөтмөнү жана Жүктөрдү жүктөөнүн жана бекемдөөнүн техникалык шарттарын сактоо менен төрт октуу платформаларда ташууга болот.

АГД-1А (АГД-1), АС-ЗМ, АС-4 автомотристерин, АГМС, АГМу, АЛГ, АС-1, АС-1А, АС-1М дрезиналарын жана МК-2/15 мотовозун Жол машиналарын транспорттук абалга жана аларды коштоп жүрүүнү тартипке келтирүү боюнча техникалык көрсөтмөнүн талаптарын сактоо менен айрым локомотив менен ташууга жол берилет.

  1. ДГК, ДГКу, ДГКу-5 дрезиналары, АГВ, АДМ автомотристери жана анын модификациялары; АГВм, МПТ-4, МПТ-5 мотовоздору жана МЭС мотовоз-электробекеттери акыркы төрт октуу вагондун алдында түртүлбөөчү жүк поездинин курамына чиркелет. Бул учурларда алты же сегиз октуу жүгү бар вагонду поездге коюуга болбойт. Эгерде мотордук-рельстик транспорттун жөнөтүү маршруту боюнча түртүүдөгү участогу бар болсо, жогоруда көрсөтүлгөн машиналарды поездге коюуга тыюу салынат. Бул машиналар платформаларга жүктөлүп жөнөтүлүшү керек.
  2. Курамында МЭС мотовоз-электробекетсы бар жүк поездинин жүрүү ылдамдыгы 70 км/саатка чейин болушу керек, ал эми каптал жолдордо жүрүү ылдамдыгы 20 км/сааттан ашпашы керек.
  3. Поездге чиркелген автодрезиндердин, мотовоздордун жана автомотристердин ылгоочу түйүндөн таралышына жол берилбейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Поезддердин кыймылы жана

Кыргыз Республикасынын темир жол

транспортундагы орун которуштуруу

иши боюнча нускаманын 5-тиркемеси

 

I класстагы коркунучтуу жүктөр (жарылуучу материалдар)                  жүктөлгөн вагондор үчүн поезддердеги жана                                                      маневрлердеги коргоочтун

МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ

 

 

┌─────────────────────────────────────────────┬───────────────────────┐

│  Коргооч талап кылуучу шарттар              │Коргооч вагондорунун саны │

│                                             ├───────────┬───────────┤

│                                             │ А схемасы │В схемасы  │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│                      1                      │     2     │     3     │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Алдыңкы локомотивден:                        │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│ВМсы бар бардык адистештирилген жабык вагондор│     3     │     3    │

│(оордугуна жана күйүүчү майына карабастан)   │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│ВМсы бар платформалар жана жарым вагондор:   │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│катуу отун менен жүргөн паровоз              │     5     │     5     │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│локомотивдердин башка түрлөрү                │     3     │     3     │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Акыркы вагонду эске алганда поезддин аягынан │     3     │     3     │

│анын ичинде түртүүдө                         │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Эшелондун жеке курамы ээлеген вагон          │     3     │     3     │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Кыймылдуу курам (иштебеген абалдагы          │     3     │     1     │

│вагон, локомотив, кран жана башка темир      │           │           │

│жолдо жүрүүчү механизмдерден)                │           │           │

│жол көрсөткүчтөр, жүктөрдү коштоп баруу      │           │           │

│үчүн атайын бөлүнгөн жумушчулар,күзөтчүлөр   │           │           │

│сакчылар тобу                                │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Кооптуу жүктөрү бар вагондордон(2, 3, 4, 5-  │     3     │     3     │

│класстагы жана 6.1-кичи класстагы кооптуу    │           │           │

│жүктөрү бар вагондордон башка)               │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│2, 3, 4, 5-класстагы жана 6.1-кичи класстагы │Тыюу салынат│     3     │

│ кооптуу жүктөрү бар вагондордон             │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Кооптуу жүктөрдү ташуучу                     │     1     │     1     │

│бош цистерналардан                           │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Шарттуу номерлүү ВМсы бар вагондордон: 115,  │     3     │     3     │

│119, 121, 126, 128, 130, 134, 137, 141, 143, │           │           │

│148, 154, 155, 156, 167, 168, 176, 179, 182, │           │           │

│199                                          │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Башка ВМсы бар вагондордон                   │     3     │     0     │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Жыгач материалдары, болот жана темир бетон   │     1     │     1     │

│устундар, рельс, түтүгү бар платформалардан  │           │           │

│жарым вагондордон жана акыркы устундун жана  │           │           │

│транпортерлердин чегине чыгарылып жүктөлгөн  │           │           │

│ушул сыяктуу жүктөр                          │           │           │

├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤

│Маневрлерде жана кирме жолдордогу            │     1     │     1     │

│ ВМсы бар вагондорду берүүдө (жыйноодо)       │           │           │

тепловоздордон

└─────────────────────────────────────────────┴───────────┴───────────┘

 

 

Поезддердин кыймылы жана

Кыргыз Республикасынын темир жол

транспортундагы орун которуштуруу

иши боюнча нускаманын 6-тиркемеси

 

Маршруттарды даярдоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн регламентинин

БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕГИ

Поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү машруттарын даярдоо жөнүндө буйруктар, ошондой эле бул буйруктардын аткарылышы жөнүндө баяндамалар так жана ачык-айкын болушу керек. Бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр жана багыттоочу посттордун нөөмөтчүлөрү болжолдуу тизмекке ылайык сүйлөшүүлөрдүн регламентин сактоосу керек.

Бул тизмек менен каралбаган учурларда бекеттер боюнча нөөмөтчүлөр жана багыттоочу посттордун нөөмөтчүлөрү поездди кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн маршруттарды даярдоо жөнүндө так жана ачык-айкын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Поездди кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн маршруттарды даярдоо менен байланышкан буйруктар берилгенге, ошондой эле мындай буйрукту аткаруу жөнүндө баяндаманы алганга чейин бекеттер боюнча нөөмөтчү аны угууга укуктуу болгон адамдардын аны угуп жаткандарын жана билдирүү берип жаткандарын билиши керек. Жогоркуларга укугу жок адамдарга көрсөтүлгөн буйруктарды берүүгө жана алардын аткарылышы тууралуу билдирүү алууга тыюу салынат.

┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐

│Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну│                Сүйлөшүүлөрдүн формасы        │

│                      ├──────────────────────┬───────────────────────┤

│                      │бекеттер боюнча       │  багыттоочу нөөмөт    │

│                      │     нөөмөтчү         │     посттору          │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│Бекеттер боюнча     │»Ивановкадан N ____     │»1-пост. Ивановкадан   │

│нөөмөтчүнүн маршрутту │ поездди 3-жолго кабыл│ N ____ поездди 3-жолго│

│даярдоо жөнүндө       │ алуу маршрутун       │ кабыл алуу маршрутун  │

│буйругу:              │даярдагыла»           │даярдалсын»            │

│(Кант бекетсы)        │                      │                       │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│а) поездди кабыл алуу │Буйрук маршрутту      │Багыттоочу нөөмөт пост-│

│      үчүн            │өткөрүүгө даярдоого   │торунун бириси бекет-│

│                      │катышуучу бардык      │лар боюнча нөөмөтчүнүн │

│                      │багыттоочу постторго  │көрсөтмөсүн кайталайт  │

│                      │ бир убакта  берилет  │Калгандары             │

│                      │                      ││»N ___ пост — туура»  │

│                      │                      │ сөзү менен тастыкташат

├──────────────────────┼──────────────────────┴───────────────────────┤

│                      │Эгерде поездди түртүүчү локомотив коштоп келе │

│                      │жатса, анда бекеттер боюнча нөөмөтчү жана     │

│                      │буйрукту кайталоочу багыттоочу посттун нөөмөт-│

│                      │чүсү «түрткүч менен» сөзүн кошуп айтат        │

├──────────────────────┼──────────────────────┬───────────────────────┤

│б) поездди жөнөтүү    │ N ___ поездди 1-жол- │»2-пост. N ___ поездди │

│       үчүн           │дон Аламединге        │1-жолдон Аламединге    │

│                      │ жөнөтүү маршрутун    │жөнөтүү маршруту       │

│                      │ даярдагыла».         │даярдалсын».           │

│                      │Буйрук маршрутту      │Багыттоочу нөөмөт пост-│

│                      │өткөрүүгө даярдоого   │торунун бириси бекет-  │

│                      │катышуучу бардык      │лар боюнча нөөмөтчүнүн │

│                      │багыттоочу постторго  │көрсөтмөсүн кайталайт  │

│                      │ бир убакта  берилет  │Калгандары             │

│                      │                      │ «N ___ пост — туура»  │

│                      │                      │ сөзү менен тастыкташат│

├──────────────────────┼──────────────────────┴───────────────────────┤

│                      │ Эгерде поездди түртүүчү локомотив коштоп келе│

│                      │жатса, анда бекеттер боюнча нөөмөтчү жана   │

│                      │буйрукту кайталоочу багыттоочу посттун нөөмөт-│

│                      │чүсү «түрткүч менен» сөзүн кошуп айтат        │

├──────────────────────┼──────────────────────┬───────────────────────┤

│в)поездди өткөрүү үчүн│»N ___ поездди Иванов-│»1-пост. N ___ поездди │

│                      │кадан Аламединге 2-жол│ Ивановкадан Аламедин- │

│                      │аркылуу кабыл алуу    │ге 2-жол аркылуу кабыл │

│                      │жана жөнөтүү маршру-  │алуу жана жөнөтүү      │

│                      │тун даярдагыла».      │маршруту даярдалсын»   │

│                      │Буйрук маршрутту      │»2-пост. N ___ поездди │

│                      │өткөрүүгө даярдоого   │ Ивановкадан Аламедин- │

│                      │катышуучу бардык      │ ге 2-жол аркылуу кабыл│

│                      │багыттоочу постторго  │алуу жана жөнөтүү      │

│                      │бир убакта            │ маршруту даярдалсын». │

│                      │берилет               │Багыттоочу нөөмөт пост-│

│                      │                      │торунун бириси (кирүүчү│

│                      │                      │жана чыгуучу) бекет-   │

│                      │                      │лар боюнча нөөмөтчүнүн │

│                      │                      │көрсөтмөсүн кайталайт. │

│                      │                      │ Калгандары            │

│                      │                      │»Туура» сөзү менен     │

│                      │                      │тастыкташат            │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│Багыттоочу пост нөөмөт│Бекеттер боюнча     │»1-пост. N ____ поезд-   │

│чүсүнүн бекеттер б-ча│нөөмөтчү бир убакта   │ди Ивановкадан 3-жолго  │

│нөөмөтчүсүнө доклады  │телефондо маршрутту   │кабыл алуу маршруту    │

│а) кабыл алуу маршру- │даярдоого катышуучу   │даяр, жол бош».        │

│тунун даярдыгы жөнүндө│бардык багыттоочу     │Маршрутту даярдоого    │

│                      │посттордун нөөмөтчүлө-│катышуучу бардык багыт-│

│                      │рүнүн баяндамасын угат│тоочу посттордун       │

│                      │                      │нөөмөтчүлөрү билдиришет│

│                      │                      │                       │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│б) жөнөтүү маршрутун  │Бекеттер боюнча       │»2-пост. N ____ поездди│

│даярдоо жөнүндө       │нөөмөтчү бир убакта   │1-жолдон Аламединге    │

│                      │телефондо маршрутту   │жөнөтүү маршруту       │

│                      │даярдоого катышуучу   │даяр».                 │

│                      │бардык багыттоочу     │Маршрутту даярдоого    │

│                      │посттордун нөөмөтчүлө-│катышуучу бардык       │

│                      │рүнүн баяндамасын угат│багыттоочу посттордун  │

│                      │                      │нөөмөтчүлөрү билдиришет│

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│в) поездди өткөрүүчү  │Бекеттер боюнча       │»1-пост. N ____ поездди│

│маршруттун даярдыгы   │нөөмөтчү бир убакта   │Ивановкадан 2-жолго    │

│жөнүндө               │телефондо маршрутту   │кабыл алуу маршруту    │

│                      │даярдоого катышуучу   │даяр, жол              │

│                      │бардык багыттоочу пост│бош».                  │

│                      │тордун нөөмөтчүлөрүнүн│»2-пост. N ____ поездди│

│                      │ баяндамасын угат     │2-жолдон Аламединге    │

│                      │                      │жөнөтүү маршруту       │

│                      │                      │даяр,                  │

│                      │                      │жол бош».              │

│                      │                      │Түз өткөрүү маршрутун  │

│                      │                      │даярдоого катышуучу    │

│                      │                      │бардык багыттоочу пост-│

│                      │                      │тордун нөөмөтчүлөрү    │

│                      │                      │билдиришет             │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│г)поезддин келгендиги │                      │5-пост. N ___ поезд    │

│      жөнүндө         │                      │Ивановкадан 3-жолго то-│

│                      │                      │лугу менен келип жетти.│

│                      │                      │Өтмөктөр бар.          │

│                      │                      │Эгерде поезд түртүүчү  │

│                      │                      │локомотив менен        │

│                      │                      │келсе, анда “түрткүч   │

│                      │                      │менен” сөзүн кошуп     │

│                      │                      │айтышат                │

├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤

│д) поездди жөнөтүү    │                      │»2-пост. N ___ поезд   │

│тууралуу              │                      │1-жолдон Аламединге    │

│                      │                      │толугу менен жөнөп     │

│                      │                      │кетти.                 │

│                      │                      │Эгерде поезд түрткүч   │

│                      │                      │менен жөнөтүлсө,       │

│                      │                      │анда “түрткүч менен”   │

│                      │                      │сөзү кошулуп айтылат   │

└──────────────────────┴──────────────────────┴───────────────────────┘