Кыргыз Республикасындагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобо
- 867 просм.
- Жалпы жоболор
- Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын жана 2014-жылдын 29-майында гы Евразия экономикалык союзунун Келишимине ылайык, 2016-жылдын февралында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген Бажы бирлигинин Бажы бирлигинин “Автоунаа жолдорунун коопсуздугу” Техникалык регламенти (мындан ары — техникалык регламент) жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө чыгымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды пландаштыруу жана пайдалануу тартибин белгилейт (капиталдык оңдоо, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө; жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жол курулмаларын, ошондой эле өндүрүштүк базаларды модернизациялоо; жол-эксплуатациялык техникасын жана жол комплексинин иштеши үчүн керектүү болгон башка мүлктү сатып алуу).
- Жобо жалпы колдонуудагы жолдорду жана жол курулмаларды (мындан ары-Титулдук тизме) оңдоо жана тейлөө Планын түзүү, макулдашуу жана бекитүүнү тартипке келтирүү үчүн иштелип чыккан.
- Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды пландаштыруу жана жүргүзүү, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жол органдары тарабынан аткарылат.
- Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
автомобиль жолдорун диагностикалоо (техникалык абалын баалоо) –автомобиль жолунун жана жол курулмаларынын конструкциялык элементтеринин параметрлери жана абалы, транспорттук агымдардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды, ал эми зарыл болгондо жана оңдоо иш-чараларына муктаждыкты аныктоо үчүн же башка маалыматтарды изилдөө, чогултуу жана талдоо, ошондой эле автомобиль жолун, аны андан ары эксплуатациялоо процессиндеги абалын баалоо жана болжолдоо;
жол иштеринин артыкчылыгы –жолдорду мониторингдөөнүн жыйынтыктары менен, артыкчылыктары боюнча түзүлгөн жол иштеринин тизмеси;
жол курулмалары — жолдун конструкциялык элементи болуп саналган курулмалар, жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өткөргүчтөр, асма жолдор, түтүктөр, тоннелдер), коргогуч курулмалар (кардан коргоочу токой көчөттөрү, кардан коргогуч туруктуу тосмолор, ызы-чуудан коргоочу түзүлүштөр, жолдорду көчкүлөрдөн жана кулоолордон коргоо үчүн түзүлүштөр), жолдорду жайланыштыруу элементтери (жүргүнчүлөр үчүн токтоочу жана отургузуучу аянтчалар жана павильондор), эс алуу аянтчалар, токтоо үчүн атайын анянтчалар же автомобиль токтоочу жайлар.
жол жабуусу – бул автомобилдердин дөңгөлөктөрүнүн күчүн кабыл алуучу жана атмосфералык факторлордун түздөн түз таасирине кабылуучу жол кийиминин үстүнкү бөлүгү;
жол кийими— бул автотранспорттук каражаттан жүктү кабыл алуучу жана аны топуракка берүүчү автомобиль жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн чегиндеги көп катмардуу конструкция;
жер полотносу— бул жол кийиминин конструкциялык катмарын жана жолдун башка элементтерин жайгаштырууга арналган курулма. Жер полотносунун туруктуулугун камсыз кылуу менен жергиликтүү же алынып келинген материалдардан жана топурактан курулат. Жер полотносуна ошондой эле алар менен байланышкан суу бургуч курулмалар: кюветтер, арыктар, резервдер, дренаждык жана башка түзүлүштөр кирет;
кыймылдын ыргаалдуулугу— бул убакыт бирдигинде (сутка же бир саат ичинде) жолдун белгилүү кесилиши аркылуу өтүүчү автомобилдердин саны;
автомобиль жолдорун оңдоо— автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, аларды аткарууда учурдагы, орто жана капиталдык оңдоолорду өзүнө камтыган, автомобиль жолунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрүн козгобойт;
автомобиль жолун капиталдык оңдоо- эскирген конструкцияларды жана тетиктерди алмаштыруу же аларды кыйла бекем жана үнөмдүүлөргө алмаштыруу, анын натыйжасында оңдолуучу объекттердин транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жакшырат, жолдордун техникалык нормативдери жогорулайт, ошол жол үчүн белгиленген тиешелүү категориялардын нормаларынын чегинде жол кийимдеринин жана курулмаларынын бекемдиги көбөйөт;
автомобиль жолдорунун жайкы жана кышкы күтүү деңгээли- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча автомобиль жолдорунун конструктивдик элементтеринин жол берилген абалы, аларды классификациялоо, кыймылдын ургаалдуулугу жана табигый-климаттык факторлорун эске алуу менен белгиленет;
автомобиль жолун жашылдандыруу – бул кар күрткүлөрүнөн, шамал жана суу эрозияларынан коргоо үчүн керектүү, автомобиль жолун эстетикалык жасалгалоо үчүн, тилкелерде токой өстүрүү жана чөптөрдү себүү аянттарын түзүү боюнча иштер, ошондой эле жашылдандыруунун элементтерин багуу иштери;
кирүүдөгү контроль (верификациялоо)-бул өндүрүмдүн сапатынын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү жана ылайык келбеген өндүрүмдү өндүрүшкө же эксплуатациялоого коё берүүнүн алдын алуу.
- Жол иштерин жыл сайын пландаштыруу
жана жүргүзүү тартиби
- Жол иштерин жыл сайын пландаштыруу транспорт жана жол
чөрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жол органдары тарабынан, белгиленген тартипте бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолунун негизинде, максатка бөлүнгөн каражаттардын өлчөмүн эсепке алуу менен аткарылат.
Пландаштырууну уюштуруу жана автомобиль жолдорун оңдоо боюнча жана жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун тейлөө боюнча жумуштар:
1) диагностикалоонун жана автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалынын (АЖТЭА);
2) оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштардын иштелип чыккан долбоорлорунун жана (же) автомобиль жолдорун оңдоо, тейлөө боюнча жумуштардын баасынын сметалык эсептөөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
- Автомобиль жолдорун диагностикалоо менен, алардын транспорттук-эксплуатациялык абалы, эксплуатациялоо шарттары жана керектөөчүлүк касиеттердин учурдагы ургаалдуулуктун талаптарына ылайык келүү даражасы жана транспорт агымынын кыймылынын курамы жөнүндө толук маалымат алуу каралат.
Диагностикалоонун милдеттери болуп:
- автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө баштапкы маалыматты
чогултуу жана системалаштыруу;
- автомобиль жолдорунун абалын системалуу түрдө текшерүү жана
баалоо;
- оңдоо иш-чараларын негиздөө жана дайындоо;
- автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалы
жөнүндө маалыматтар банкын түзүү;
- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык-
аналитикалык камсыздоо саналат.
- Диагностикалоо жана АЖТЭА аткарыла турган иштердин көлөмү менен айырмаланат жана жолдун абалынын белгиленген параметрлеринин бардык комплекси менен бирге, ошондой эле айрым ченемдик талаптарга шайкеш келүү мүнөздөмөлөрүн контролдоону камтыйт.
Капиталдык оңдоодон кийин жолду эксплуатацияга берүүдө, оңдоо иштеринин процессинде өзгөрүлгөн парамертлер контролдонулат (кабыл алуучу диагностика).
Айрым тез өзгөрүүчү параметрлерди жана мүнөздөмөлөрдү контролдоо жыл сайын (карадан диагностикалоо) аткарылат.
Автомобиль жолдорун диагностикалоо боюнча жумуштар, көчмө жол стационардык лабораториялар, Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарына ылайык аттестацияланган приборлор жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, адистештирилген уюмдар тарабынан, атап айтканда:
— автомобиль жолдоруна диагностика жүргүзүү жана паспорттоштуруу талаптары менен;
— автомобиль жолдорундагы жасалма курулмаларына диагностика жана паспорттоштуруу жүргүзүү талаптары менен аткарылат.
- Автомобиль жолдорун оңдоо же тейлөө боюнча долбоорлор жана (же) сметалык эсептөөлөр, капиталдык оңдоо, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды оңдоо жана күтүү боюнча иштерди Классификациялоону эске алуу менен иштелип чыгат.
Автомобиль жолдорун оңдоо жана тейлөө боюнча сметалык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда төмөнкүдөй артыкчылыктар эске алынууга тийиш:
- жолдун коопсуздугуна таасир этүүчү, анын ичинен кармап туруучу
тосмолордун элементтерин, жолчырак объектилерин, жол белгилерин калыбына келтирүү жана алмаштыруу, жүрүүчү бөлүктөн бөтөн предметтерди жыйноо, карларды тазалоо жана кышкы тайгак менен күрөшүү, жабууларды жамоо иштерин жүргүзүү;
2) автомобиль жолдорунун жана анын курамына кирүүчү жол курулмалардын элементтеринин кызмат мөөнөтүнө таасир этүүчү, анын ичинен жер полотносунун четтерин, жантаймаларын, суу бургучтардын элементтерин калыбына келтирүү, автомобиль жолунун чектеп берүү тилкесин ченемдик абалга келтирүү иштерди жүргүзүү.
Автомобиль жолдорун тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруучу уюмдар менен бекитилген, автомобиль жолдорун оңдоо же тейлөө боюнча долбоорлор жана (же) сметалык эсептөөлөр ыйгарым укуктуу жол органына жөнөтүлөт.
- Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын
жасалма курулмаларын капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды классификациялоо (мындан ары-Классификациялоо), жалпы колдонуудагы автомобиль жолдоруна (мындан ары-автомобиль жолдору) жайылтылат.
Классификациялоо жол жумуштарынын курамын жана түрлөрүн белгилейт (капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө), аны ушул иштердин көлөмүн пландаштырууда жетекчиликке алышат.
Классификациялоо менен аныкталган жол иштеринин курамы, автомомбиль жолунун, андагы жасалма курулмалардын жана анын жайгашкан ордунун конструктивдик өзгөчүлүгүн эске алуу менен аныкталган жумуштардын зарыл болгон түрлөрү менен толукталып турулушу мүмкүн.
Капиталдык оңдоого жана оңдоого тийиш болгон автомобиль жолдору, жол курулмаларынын тилкелеринин тизмеси, текшерүүнүн, диагностикалоонун жана ченемдик маанилери менен инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен аныкталган алардын абалынын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн салыштыруу жолу менен аныкталат.
Автомомбиль жолунун, ар бир тилкеси боюнча, ошондой эле ар бир жол курулмасы боюнча жол иштеринин түрү, мөөнөтү жана курамы кемчиликтер ведомостунун, диагностикалоонун, долбоордук документтер менен инженердик изилдөөлөрдүн жана автомомбиль жолдорунун, жол курулмаларынын иш жүзундөгү абалын баалоону камтыган башка документтердин негизинде белгиленет.
- Капиталдык оңдоо же оңдоо автомобиль жолунун оңдолуучу тилкесинин бардык аралыгында комплекстүү жүргүзүлөт. Тиешелүү негиздөөдө капиталдык оңдоо же айрым жол курулмаларын же алардын элементтерин оңдоо жүргүзүлөт.
Автомобиль жолунун тилкесине капиталдык оңдоо жүргүзүүдө автомобиль жолунун жана (же) жол курулмаларынын элементтерин оңдоо жана тейлөө боюнча айрым жумуштар аткарылат, алардын абалы, оңдолуучу тилкени талаптагыдай техникалык абалга алып келүү үчүн капиталдык оңдоону талап кылбайт.
Автомобиль жолдорун оңдоо техникалык регламенттердин талаптарына ылайык, автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттардын үзгүлтүксүз кыймылын жана ушундай кыймылдын коопсуз шарттарын кармап туруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында аткарылат.
Автомомбиль жолдорун оңдоо боюнча иштердин курамы жана түрлөрү жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жасалма курулмаларын капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштар Классификациялоого ылайык аныкталат.
Автомобиль жолун оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү долбоорго жана (же) иштерди жүргүзүүнүн сметалык эсептөөсүнө ылайык аткарылат.
Автомобиль жолдорун оңдоо боюнча жумуштар техникалык регламенттердин, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аткарылат.
- Автомобиль жолдорун тейлөө техникалык регламенттердин
талаптарына ылайык, автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттардын үзгүлтүксүз кыймылын жана ушундай кыймылдын коопсуз шарттарын кармап туруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында аткарылат.
Жолдорду күтүүнүн негизги милдети болуп, жолдорду, жол курулмаларды кароо боюнча алдын алуу иштердин комплексин бүтүндөй жыл ичинде (мезгилди эсепке алуу менен) аткаруу, ошондой эле жолдордун, жол курулмаларынын конструктивдик элементтеринин майда кемчиликтерин жана бузулууларын жоюу саналат, алардын натыйжасында жолдордун жана жол курулмалардын, техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүчү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу транспорттук-эксплуатациялык абалы кармалып турат.
Автомобиль жолдорун тейлөө боюнча иш-чаралар, техникалык регламенттин жайкы жана (же) кышкы күтүүлөрдүн деңгээлине карата талаптарга ылайык, эки убактылуу: жазгы-жайкы-күзгү жана кышкы мезгилдерди эске алуу менен уюштурулат жана аткарылат.
- Техникалык регламентинин талаптарына ылайык, тийиштүү кышкы жана жайкы тейлөө деңгээлине кирүүчү жолдордун тилкелери жана кемчиликтерди жоюу мөөнөттөрү, өтүүчү бөлүктөрдү кар-муз бирикмелеринен, анын ичинде кар тосмолордон тазалоо, транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча белгиленет.
- Кирүүдөгү контроль (верификация) оңдоо жана тейлөө процессинде
жол-курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын жана жабдууларын колдонуу учуруна чейин аткарылат, сапаты жана жумушчу документтердин жана техникалык регламенттин талаптарына дал келүүсү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган коштоочу документтердин (дал келүүнүн тастыктамасы, дал келүү жөнүндө декларация жана башка документтер) бар болгондугун жана мазмунун текшерүүнү камтыйт.
Кирүүдөгү контролдоону аткарууда, тийиштүү жол-курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын, жабдууларын белгиленген тартипте ченөөлөр жана сыноолор, аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт же аларды аккредитацияланган уюмдарга өткөрүүгө тапшырылат.
Кирүүдөгү контролдоодо техникалык регламенттердин жана стандарттардын белгиленген талаптарына дал келбеген жол-курулуш материалдары, буюмдар, конструкциялар жана жабдуулар аныкталганда, аларды курулушка, оңдоого колдонууга жол берилбейт жана кабыл алууга, колдонууга болбойт.
- Титулдук тизмени түзүү, макулдашуу жана
бекитүү тартиби
- Титулдук тизмени түзүү тартиби техникалык регламентинин нормаларына, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык аткарылат.
Титулдук тизмеге транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оперативдик башкаруусундагы автомобиль жолдорду жана жол курулмаларды оңдоону жана тейлөөнү пландаштыруулар киргизилет.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалоонун артыкчылыктарынын, критерийлеринин негизинде, республикалык бюджеттик каражаттардын көлөмүн жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын оңдоого жана тейлөөгө бөлүштүрүүнү аткарат.
- Титулдук тизмени түзүү төмөнкү критерийлер боюнча:
— жолдордун эскиргендигинин даражасы боюнча;
— автомобиль жолдорунун мааниси боюнча;
— автотранспорт каражаттарынын ургаалдуулгу боюнча;
— жергиликтүү элдин жыштыгы боюнча;
— экономикалык таасир боюнча жүргүзүлөт.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын түзүмдүк бөлүмдөрү мамлекеттик бюджеттик каражаттардын алдын ала көлөмдөрүнүн негизинде Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоонун, капиталдык оңдоонун көлөмүн жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен (экономикалык максаттуулугун негиздөө менен), алар белгилеген мөөнөттө жана тартипте Титулдук тизмеге киргизүү жөнүндө мамлекеттик максаттуу Программаларды ишке ашырууга жана бул программаларга киргизилбей калган айрым маанилүү социалдык-экономикалык маселелердин чечүүгө багытталган сунуштарды беришет.
Оңдоо, күтүү объектилерин Титулдук тизмеге киргизүү карата
долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, көрсөтүлгөн документти иштеп чыгуусуз бекитүүгө жол берилбейт.
Ошону менен бирге Титулдук тизмеге киргизүү жөнүндө сунуштарды
киргизүү менен өтмө объектилер боюнча маалыматтар берилет.
- Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө
бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо түрлөрү боюнча төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
— жол органдарынын башкаруу аппаратын тейлөө;
— жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар
— өткөн жылдагы кредиторлор менен эсептешүүлөр (Учурдагы жылга Титулдук тизмеге өткөн жылдардын кредитордук карыздарын тындырууга кеткен каражаттар төмөнкүдөй формула менен аныкталуучу көлөмдө киргизилет:
∑К-тТС = ∑К-т – ∑К-тГСО — (∑Д-т — ∑АП), мында:
∑К-тТС – учурдагы жылга Титулдук тизмеде каралган кредитордук карыз;
∑К-т – жыл башына карата кредитордук карыздардын жалпы суммасы;
∑К-тГСО – кепилдик мөөнөтүнүн ичинде тейлөө объектисинин подрядчылары таратынан иштери жана кызмат көрөтүүлөрү же жеткирилген товарлары үчүн кармалуучу кредитордук карыздар;
∑Д-т – жыл башына карата дебитордук карыз;
∑АП –келерки жылга карата иштөө үчүн аванстык төлөмдөрдүн суммасы);
— автомобиль жолдорун кышында тейлөө;
— автомобиль жолдолрун жайында тейлөө;
— эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндөлүк оңдоо;
— мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндѳлүк оңдоо;
— автомобиль жолдорун орто оңдоо;
— автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо;
— консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
— МСДны кармоо (Эл аралык жолчулардын кеңеши);
— автомобиль жолдорунун долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу;
— жол чарбасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу.
- Титулдук тизмеге, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бөлүнгөн каражаттардан 3%ке чейинки өлчөмдөгү күтүлбөгөн чыгымдар киргизилет. Чыгымдардын айтылган берене боюнча чыгымдалбай калган каражаттар жол жумуштарынын күнүмдүк отчеттук жылга карата автомобиль жолдорун оңдоого жана кармоо артыкчылы боюнча жөнөтүлөт.
Күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча каражаттарды өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар: жер көчкү, кар көчкү, таш түшүү, сел ташкындоолордогу кыйроолор) чыгымдоо автомобиль жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу брюнча иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.
- Титулдук тизменин долбооруна түшүндүрмө катка төмөнкүдөй
маалымат киргизилет:
— келерки отчеттук жылдын Титулдук тизмесинин аткарылышы;
— жол жумуштарынын өндүрүшү боюнча натуралдык көрсөткүчтөр;
— көйгөйлөр жана кемчиликтер;
— учурдагы отчеттук жылга жол жумуштарынын түрлөрүнүн орточо наркы;
— кийинки отчеттук жылга негизги милдеттер;
— жумуштардын түрлөрү боюнча пландалынуучу натуралдык көрсөткүчтөр.
- Келерки отчеттук жылга Титулдук тизменин долбоору Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кароосуна учурдагы отчеттук жылдын 20-декабрынан, ал эми Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине учурдагы отчеттук жылдын 1-декабрынан кечиктирилбей киргизилет.
Титулдук тизме келерки отчеттук жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан учурдагы отчеттук жылдын 30-декабрынан кечиктирилбей бекитилет.
- Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү транспорт жана жол
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин макулдашуусу менен төмөнкү учурларда киргизилет:
— жол жумуштарынын наркынын өзгөрүүсүндө;
— күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын ашып кетишинде;
— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмдөрүнүн өзгөрүшүндө.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык чыгымдардын түрлөрү боюнча мамлекеттик бюджеттик каражаттардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүүнү жүргүзөт (отчеттук жылдын 9 ай ичинде аткарылган жумуштардын көлөмүн тактоого байланыштуу учурдагы жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен).