Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду ишке ашыруу тобу бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт
- 811 просм.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду ишке ашыруу тобу
бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт:
долбоорду ишке ашыруу тобунун көлөм боюнча инженери
Талаптар:
- Жол куруу тармагында жогорку билими;
- Жол куруу тармагында жалпы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес;
- FIDIC келишимдеринин негизинде жол инженери катары эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлорду даярдоодо жана/же ишке ашырууда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (тастыктоочу документ болгондо артыкчылык болот) жана жол куруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- Иш кагаздарын сапаттуу түзүү жөндөмдүүлүгү, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө, жазуу жана оозэки англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Компьютерде жакшы иштетөө жана бардык Microsoft Windows офис тиркемелерин билүү.
Эскертүү: тапшырманын мөөнөтү болжол менен 6 ай. Келишимдин мөөнөтү тараптар тарабынан өз ара макулдалышы мүмкүн. Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.
Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыкдар катты, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2023-жылдын 3-февралынында саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com