Буйрук № 417 28.12.2018 «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө» КР ТжЖМнин 2017- жылдын 6-июлундагы № 226 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
- 771 просм.
Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун жана андагы жол курулуштарын куруу, калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө жана тутууга туруктуу техникалык контроль жүргүзүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтомун аткаруу үчүн жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
- «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө» КР ТжЖМнин 2017- жылдын 6-июлундагы № 226 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:
— көрсөтүлгөн буйруктун 1-тиркемесине ушул буйрукка ылайыктоо;
— 2-пунктагы “369,3” цифрасын “115,49” цифрасына өзгөртүү.
- Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго бул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтында катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жарыялануусун камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгы расмий жарыяланган күнүнөн баштап, бул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти жетекчиликке алсын.
- Бул буйрук расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.
Министр Ж. Калилов