mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Буйрук «Айдоочулар, механиктер, усталар, контролдоочу органдардын кызматкерлери үчүн транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо, пайдаланууну контролдоо жана техникалык тейлөө боюнча типтүү окутуу программаларын бекитүү жөнүндө»

«Айдоочулар, механиктер, усталар, контролдоочу

органдардын кызматкерлери  үчүн транспорт

 каражаттарында орнотулуучу контролдук

түзүлүштү эксплуатациялоо, пайдаланууну

контролдоо жана техникалык тейлөө боюнча

 типтүү окутуу программаларын бекитүү жөнүндө»

 

 

«1970-жылдын 1-июлундагы Женева ш. түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүүчү транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине тиешелүү Европа макулдашуусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы №516 «Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контродук түзүлүш (тахограф) менен жабдуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жыдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып,  буйрук кылам:

 

  1. Бекитилсин:

— «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу айдоочуларды даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;

— «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү пайдаланууну контролдоочу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;

— «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;

— «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаменти ушул буйруктун 1-пункттунда көрсөтүлгөн окутуу программаларын кызыкдар тараптарга жеткирсин.
  2. Транспорт башкармалыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
  3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту чөйрөсүн тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.

 

 Буйрук