mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Тельман-Кара-Кой жолу асфальтталды. Министр Сыргабаев Ош облусундагы жол иштеринен кабар алды

Бүгүн, 31-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна иш сапар менен барды.

Анын алкагында, ведомство жетекчиси Тельман–Кара-Кой жолундагы асфальттоо иштерин жеринде көрүп чыкты.

Айыл тургундары жаңы жолдун курулушуна ыраазычылыгын билдиришип, бул алардын күнүмдүк турмушун жеңилдетерин белгилешти.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзүп, туристтик мааниге ээ.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы