Мониторинг борборуна жабдууларды жана камсыз кылууга баа сунуштарын (котировканы) суроо
- 9 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (Заказчы) төмөнкү товарлар менен жабдууга жана орнотуу баа сунуштарын жөнөтүүнү суранат:
1. Орнотулган видео дубал
2. Видео дубалдар үчүн дубалга орнотулган дисплей кронштейн
3. Видео дубал контроллеру
4. Жеке компьютер
5. Сервер платформасы
6. Дрон
7. Мобилограф үчүн телефон, IOS менен шайкеш келген
8. Телефон штативи кесипкөй
9. Зымсыз телефон микрофону IOS менен шайкеш келген
Жогоруда көрсөтүлгөн товарларды жеткирип берүүнү каалаган укуктуу кызыкдар жеткирип берүүнүчүлөр (поставщики), товарлардын баасын сунуштого байланыштуу даярдалуучу документтерди, тактап айтканда “Баа сунуштарын суроо” жана компьютерлердин техникалык мүнөздөмөлөрүн жана кошумча маалыматты алуу үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 – 17:00 чейинки жумуш убактысында Ислам өнүктүрү банкнын долбоорду ишке ашыруу тобуна түздөн-түз байланышып жана кошумча маалыматтарды ала алышат (жазуу жүзүндөгү арыз, жеке же факс менен, же болбосо электрондук почта менен).
Кызыкдар жеткирип берүүчүлөр товарлардын баа сунушун (котировкасын) жана кошумча тиешелүү документтерди 2024-жылдын 18-ноябрына 14-00 саатка чейин (Бишкек убактысы) кечиктирбестен көрсөтүлгөн дарекке тапшырат: тиешелүү даректер көрсөтүп жана кол коюлуп, конверке салынып чаптаплышы керек:
Заказчынын дареги: Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобу (ИӨБ ДИАТ)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Исанова көч. 42, 6-этаж, №61 каб, 720017, Бишкек шаары, КР
Тел: +996 312 31-43-88,31-47-22,Факс: +996 312 31-43-88
Эл.почта: piumotckr@gmail.com