mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунда кыян жүрүп, жол жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 104-105-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды.

Жол иштерин текшерип, Төө-Ашуу тарапка бара жаткан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү.

Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы