Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда таш көчкү катталып, каттам убактылуу ткотолду
- 67 просм.
Бүгүн, 24-июлда болжол менен саат 12:00дө, Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды.
Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Таш көчкүнүн көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.
Жол убактылуу жабык болгондуктан айдоочуларга башка альтернативалуу жол багыттарын пайдалануу сунушталат.
Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

