Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын кадрлар резервине кабыл алуу үчүн инспектор кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт
- 49 просм.
- Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
Инспектор кызмат орду үчүн:
— квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;
— иш стажына талап коюлбайт;
Улук инспектор кызмат орду үчүн:
— квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;
— иш стажына талап коюлбайт;
Башкы инспектор кызмат орду үчүн:
— квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес квалификациялык талаптарда каралган чөйрөдөгү иш стажы;
Транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын башчысы кызмат орду үчүн:
— квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес квалификациялык талаптарда каралган чөйрөдөгү иш стажы;
- Кесиптик билим денгээли:
— автомобиль транспорту жана жол тармагы жаатындагы техникалык жогорку билим;
— экономикалык жогорку билим;
— юридикалык жогорку билим;
— технология боюнча IT тармагында жогорку билим;
- Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин;
— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— “Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө” 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 сандуу токтомун;
-“Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 сандуу токтомун;
— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы №311 сандуу токтомун;
-“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №223 сандуу токтомун;
- Инспектордун функционалдык жөндөмү:
— Жүргүнчү жана эл аралык жүк ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү;
— Жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын так аткаруу;
— Суроо талаптарга маалымат жүзүндөгү жооптордун документтерин сапаттуу даярдоо;
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Маалыматты тутумдаштыруу жана жалпылоо боюнча талдоо жүргүзүү;
— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— Чыр чатак кырдаалдарды жөнгө салуу;
— Компьютердик сабаттуулукту жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;
— Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясына ылайык иш жүргүзүү;
— Жоопкерчиликтүү, командада иштей билүү;
- Конкурска катышуу үчүн кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, 10 календардык күндөн кечиктирбестен төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган жеке арыз (так көрсөтүлгөн кызмат орду);
— кадрлар эсебке алуу жеке баракчасы;
— өздүк көктөмө (личное дело);
— резюме (байланыш номер жана электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү (4) төрт даана;
— өмүр баяны;
— паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү;
— соттуулугу жок же бар экендиги жөнүндө аныктама (справка);
— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, дипломдун, аскердик билеттин жана акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (иш стажы бар болсо);
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди 2025-жылдын 20-мартынан 31-мартына саат 900дөн 1800гө чейин кабыл алабыз. Түшкүтыныгуу саат 12 30дан 1330 га чейин, (ишемби жана жекшембиден тышкары).
Өздүгүн тастыктаган паспорт жана башка документтердин (түп нускасы) сынака катышканда суралат.
Дареги: Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы. Баткен шаары М.Нургазиев көчөсү №92/3, кошумча маалыматтар үчүн төмөнкү сурап билүү байланыш номерлери (03622) 5-12-10, 0776505657.