Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович
- 139 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович 1976-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Тоолос айылында туулган.
1997-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун “Консервалоонун технологиясы” адистигине ээ болгон.
2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.
Класстык чин: Мамлекеттик жарандык кызматтын (МЖК) 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Ишмердиги:
1997 – 2004 — ПКФ «Мээрим-Ай» сатуу бөлүмүнүн экспедитору;
2004 – 2005 — «Арион-STAR» ЖЧКсынын директору;
2005 – 2006 — Финансы полициясынын Жалал-Абад облусундагы тергөө жетекчиси;
2006 – 2010 — Финансы полициясынын Тогуз-Торо, Сузак райондорунун башкармалыгынын башчысы;
2011 — 2012 — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
2017 – 2020 — Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы;
2020 – 2024 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2024-жылдын 11-июлунан 5-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдеттин аткаруучу;
2024-жылдын 5-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри.