mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту Департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын башчысы, башкы инспектор,улук инспектор жана инспектор кызмат ордун  кадрлар резервине кабыл алуу үчүн  сынак  жарыялайт

  1. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

 

  1. Инспектор кызмат орду үчүн:

 

  • квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;

 

  • иш стажына талап коюлбайт.

 

  1. Улук инспектор кызмат орду үчүн:

 

  • квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;

 

  • иш стажына талап коюлбайт.

 

  1. Башкы инспектор кызмат орду үчүн:

 

  • квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;

 

  • жалпысынан 1 жылдын кем эмес квалификациялык талаптарда каралган чөйрөдөгү иш стажы.

 

  1. Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын башчысы кызмат орду үчүн:

 

  • квалификациялык талаптарда каралган тиешелүү тармактагы жогорку билим;

 

  • жалпысынан 3 жылдын кем эмес квалификациялык талаптарда каралган чөйрөдөгү иш стажы.
  1.   Кесиптик билим деңгээли:

               — автомобиль жана транспорт жаатындагы  техникалык жогорку билим;

              — экономикалык жогорку билим;

              — юридикалык  жогорку билим;

              — технология боюнча IT тармагында жогорку билим.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

          Төмөнкүлөрдү билүү

      —  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

      —  Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодекси;

      —  Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

      —  Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамы;

      — Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө;

      — Кыргыз Республикасынын Автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО 17-сентябрь 2018-жыл № 430;

     — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  Кыргыз Республикасында автотранспорт  каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу 21-май 2015-жыл  № 31 токтом;

    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын

 

өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө 8-август 2011 жыл № 454 токтом;

   — Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин Токтому  “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту Департаменти жөнүндө”  14-апрель 2022-жыл №223 токтом

 

  1. Жөндөмү:

      — Кыргыз Республикасынын  башка ченемдик укуктук актылар автомобиль транспорту жана жол инфраструктурасы жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;

      — Жогорку жетекчиликтин  көрсөтмөлөрүн  жана тапшырмаларын  так  аткаруу;

      — Суроо талаптарга маалымат жүзүндөгү жооптордун документтерин сапаттуу даярдоо;

      — Тиешелүү тармактагы Ата Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада жүзүндө колдонуу;

      — кызматтык милдеттерди  натыйжалуу жана активдүү аткаруу.

        —  Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий  тилдерди билүү;

       — Маалыматты системалаштыруу жана жалпылоо боюнча талдоо жүргүзүү;

       — Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

       — Чыр чатак чыккан кырдааларды  чечүү;

       — Компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды   билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, 10 календардык күндөн кечиктирбестен төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл.

 

  • жеке арыз (так көрсөтүлгөн кызмат орду);
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • сүрөтү 3×4     4 даана;
  • резюме (телефон номер жана электрондук  почтаны  көрсөтүү менен);
  • жеке барача;
  • өмүр баян;
  • нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген  жери боюнча эмгек китепчесинин жана дипломдун  көчүрмөлөрү  (иш стажы бар болсо);
  • соттолбогондугу жөнүндө күбөлүк;
  • аскердик билеттин көчүрмөсү;
  • Паспорт көчүрмөсү   (оргинал документтер конкурска катышканда суралат).

 

Транспорт  Департаментинин  Жалал-Абад аймактык башкармалыгы.  Жалал-Абад шаары  Ш.Абдраманов көчөсү 10   кабинет №5  2024-жылдын   29-майынан   10-июнга чейин документтерди кабыл алабыз.  Кошумча маалыматтар үчүн байланыш телефондору  (03722)   5-01-74,  5-22-21.