mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн инспектор кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

Квалификациялык талаптар: Транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын инспектору;

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

— Автотранспорт жана жол тармагы жаатындагы жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юридикалык боюнча жогорку билими жана IT – технология боюнча жогорку билими;

  • Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Иш стажына талаптар коюлбайт;

  • Билүүсү керек:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө” 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги   № 223 токтомун;

Инспектордун функционалдык  жөндөмү, милдеттери:

— Жүргүнчү жана эл аралык жүк ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү;

— Жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу  жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясына ылайык иш жүргүзүү;

— Жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүү;

— Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;                                                      

— Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;                                     

— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;       

— Чыр чатак кырдаалдарды жөнгө салуу;                                                                         

— Компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;

  • Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— жеке арыз;

— сүрөтү (3*4 2 даана)

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдуулугун иштетүүгө жана колдонууга макулдуулугу.

 — Соттуулугу жок же бар экендиги жөнүндө аныктама (справка);

   Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер 2024-жылдын 18-апрелинен 30-апрелине саат 0900дөн 1800гө (иш күндөрү) чейин кабыл алынат.

Дареги: Талас шаары Бердике баатыр көчөсү 273а, тел: 03422 54816