mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү учун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

–транспорт жаатындагы жогорку билими;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

 

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.

Кесиптик компетенциялар:

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
  4. » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө.
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө».
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси.

— транспорт багыты боюнча:

  1. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси;
  2. «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасындагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 “Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүк ташууларды уюштуруу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүүнүн тартибин, транспорт каражаттарынын жалпы массасын, огуна жүктөрдү, габариттерди жана башка сызыктуу параметрлерин таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдарды алуунун тартибин жана Тартипти бекитүү тууралуу» токтому Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 454 Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда атайын жана бөлүнгүс жүктөрдөн транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүү үчүн жыйымдарды алуу үчүн;

 

Квалификациялык талаптар:

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– юриспруденция, мамлекеттик  башкаруу боюнча жогорку кесип жаатындагы жогорку билими;

— иш стажы талап кылынбайт;

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.

Кесиптик компетенциялар:

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

— кадр багыты боюнча:

  1. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.

 

Билүү:

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

— издөө системаларын колдонуу.

— презентацияларды уюштуруу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

– кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

— жеке арыз;

– сүрөтү менен резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

– Өмур баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

 

Сынактык катышууну каалаган жарандар 2022-жылдын 08- сентябрынан 17-сентябрына

чейин папкага салынган документтерин Жалал-Абад ш. Абдрахманова көчөсү 10, №2 кабинетине, тел.: 2-21-20, иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар ачык конкурска катышууга жол берилбейт.