mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Жалпы пайдалануудагы  автожолдордо кыймылды убактылуу чектөө жөнүндө”

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 20 жана 21-беренелерин  жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун айрым участокторунда жол кыймылынын коопсуздугуна коркунучту жана аба ырайынын шарттарынын өзгөрүшү  учурунда жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Жол кыймылы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:

  1. «Балыкчы-Жалал-Абад» автожолунун 195-чакырымынан 291-чакырымына чейинки “Арал-Казарман” тилкесинде аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 2022-жылдын 11-майынан 18-майга чейинки мөөнөткө автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилсин;
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин,  «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын,   АӨБ  ИДӨТ жана Жер  бетиндеги жана суу транспорту департаментинин жетекчилери:

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясынын аймактык башкармалыктары менен бирдикте «Арал — Казарман» 195-чакырымдан 291-чакырымга чейинки тилкеде убактылуу чектөө учурунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү жана контролдоо боюнча иштерди уюштурушсун;

— транзиттик транспорттун Бишкек-Казарман багыты боюнча жана кайра артка кыймылы Бишкек-Нарын-Казарман автомобиль жолунун колдонуудагы участогу боюнча жүзөгө ашырылат;

— 241-чакырымда Казарман багытында жана 285-чакырымда Арал багытында убактылуу тосмо орнотуп, күнү-түнү нөөмөттү уюштурушсун;

— бороон-чапкын жөнүндө эскертүүлөр жана аба ырайынын кескин начарлашы жөнүндө маалымат келип түшкөндө, бул маалыматты берүү убактысы жөнүндө журналга белги коюу менен жол участокторунун кезметчилерине токтоосуз билдиришсин;

— жергиликтүү гидрометеорологиялык станциядан, ошондой эле,  автоматтык жол метеостанцияларынан метеорологиялык маалыматтарды системалуу түрдө алып турушсун;

— анализдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен, анын ичинде,  бир нече күнгө кыска мөөнөттүү болжолдоо менен аба ырайы жана жол шарттары жөнүндө маалыматтарды талдоого алышсын;

— жол кырсыгы жөнүндө маалымат алуу үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы жакынкы аймактык бөлүм менен дайыма байланышта болушсун;

— жол участокторунда, өзгөчө ашуу тилкелеринде транспорт каражаттары чогулуп калганда  жана тыгындар пайда болгон учурда, жол кыймылын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү жана көмөк көрсөтүү максатында жол уюмдарынын жетекчилигине жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө токтоосуз билдирип турушсун;

— нөшөрлөгөн жаан-чачын учурунда аварияларды жана таш кулоо коркунучун болтурбоо максатында, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул участокто жол иштерин уюштурушсун;

— транспорт каражаттарынын айдоочуларына убактылуу чектөөнүн таасири жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;

— жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жол тилкесинин абалы жана транспорт каражатынын өтүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө калкка маалымдап турушсун;

— бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сайтына жарыялансын.

  1. Бул буйруктун көчүрмөсү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен иштерди уюштурууга көмөк көрсөтүү жана маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖККУМБга  (ГУОБДД) жөнөтүлсүн.
  2. Аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин жетектөөчү орун басарларына жүктөлсүн.