mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт: долбоорду ишке ашыруу тобунун көлөм боюнча инженери

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги
Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу
бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт:
долбоорду ишке ашыруу тобунун көлөм боюнча инженери

Талаптар:
1. Жол куруу тармагында жогорку билими;
2. Жол куруу тармагында жалпы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес, анын ичинде эл аралык долбоорлордо жол куруу инженери катары 3 жылдан кем эмес;
3. FIDICтин шарттарын жана жол куруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
4. Иш кагаздарын сапаттуу түзүү жөндөмдүүлүгү;
5. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө жана жогорку деңгээлде билүү;
6. Компьютерде жакшы иштетөөжана бардык Microsoft Windows офис тиркемелерин билүү.

Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.
Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыккан катты, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2021-жылдын 28 сентябрында саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек:piumotckr@gmail.com