mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бош кызмат орундары үчүн борбордук аппараттын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА

КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ

 

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бош кызмат орундары үчүн борбордук аппараттын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:

 

  1. Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн улук инспектору, инспектору (иштеген жери Ош, Жалал-Абад обл.);
  2. Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башчысы;
  3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча);
  4. Маалыматтык саясат секторунун башкы адиси;
  5. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл::

— форма боюнча жеке арыз;

— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.

 

Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., н.Исанов көч., 42-кабинет, 305-кабинет.

Документтер 2023-жылдын 3-майынан 19-майына чейин иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Квалификациялык талаптар:

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:

Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн улук инспекторунун, инспекторунун кызмат орундары үчүн (иштеген жери Ош, Жалал-Абад обл.)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— автомобиль транспорту, автомобиль жолдору, юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Билгичтик:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

«Автомобиль транспорту жөнүндө»;

«Темир жол транспорту жөнүндө»;

«Автомобиль жолдору жөнүндө»;

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө»;

«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/ Министрлер Кабинетинин токтомдору:

2013-жылдын 3-майындагы № 239 «Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

1999-жылдын 11-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери»; 

2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө»; 

2018-жылдын 29-январындагы № 56 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».

 

Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башчысы;

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— автомобиль транспорту, автомобиль жолдору, юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Билгичтик:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

«Автомобиль транспорту жөнүндө»;

«Темир жол транспорту жөнүндө»;

«Автомобиль жолдору жөнүндө»;

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө»;

«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/ Министрлер Кабинетинин токтомдору:

2013-жылдын 3-майындагы № 239 «Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

1999-жылдын 11-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери»; 

2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө»; 

2018-жылдын 29-январындагы № 56 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».

 

Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча):

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— филология жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Билгичтик:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;

«Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

   — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 526 токтому менен бекитилген «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо.

 

Маалыматтык саясат секторунун башкы адиси:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— журналистика жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Билгичтик:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— 2004-жылдын 15-январындагы № 20 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын басма сөз кызматы жөнүндө типтүү жобо;

— 2022-жылдын 31-майындагы № 171 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.

 

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— «Экономика жана башкаруу» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика; «Экономика» тармагында: экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишкананы башкаруу (тармактар боюнча).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбаса.

  1. Билгичтик:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

—  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын:

«Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:

2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө»;

2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»;

2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу.

 

 

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:

Жөндөмдүүлүгү:

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

— издөө системаларын колдонуу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— презентацияларды уюштуруу;

— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.