mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын кадрлар резервине кирүү үчүн мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын кадрлар резервине кирүү үчүн мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна ачык сынак жарыялайт.

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар:

1) Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

— Кесиптик билим деңгээли: техникалык илимдер (транспорт жана автомобиль жолдор тармагында), маалыматтык технологиялар жана журналистика жаатында жогорку билим.

— иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажы талап кылынбайт.

 

2) Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

— Кесиптик билим деңгээли: техникалык илимдер (транспорт жана автомобиль жолдор тармагында), маалыматтык технологиялар жана журналистика жаатында жогорку билим.

— иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.

 

Кесиптик компетенциялар:

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

1) Жалпы мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

2) Багыт боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:

– Автомобиль жолдор багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 538 “Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 “Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому;

 

Транспорт багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын «Автомобиль траспорту жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

— Маалыматтык технологиялар багыты боюнча:

  • «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

— Журналистика багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

Жөндөмдүүлүгү:

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

— издөө системаларын колдонуу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— презентацияларды уюштуруу;

— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.

 

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1)жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

2) Багыт боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:

– Автомобиль жолдор багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августу № 512 “Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому;

 

Транспорт багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын «Автомобиль траспорту жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

— Маалыматтык технологиялар багыты боюнча:

  • «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

— Журналистика багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому.

 

Жөндөмдүүлүгү:

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

— издөө системаларын колдонуу.

— презентацияларды уюштуруу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

– форма боюнча өзүнүн арызы; арыз

– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

– автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– резюме сүрөтү менен (телефон номерлери жана электрондук почта көрсөтүлгөн);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

 

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

 

Арыз берүүнүн  мөөнөтү 2023-жылдын 17-январынан баштап 31-январына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү 42, 305- кабинет, сурап билүү тел: 314108

 

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.