mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Посттогу транспорттук көзөмөл кызматындагы инспектор (2 бирдик) жана ага инспектор (1 бирдик) бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли;

  • Автомобиль жана транспорт жаатындагы техникалык  жогорку билим, жогорку экономикалык жана юридикалык билим,  технология боюнча IT жогорку билим;

Стаж жана иш тажырыйбасы;

  • Иш стажы талап кылынбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

            Билгичтиги:

 

  • Кырыгыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кырыгыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Кырыгыз Республикасынын эмгек кодекси;
  • Кырыгыз Республикасынын автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамы;
  • Кырыгыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө
    ЖОБО 17-сентябрь 2018-жыл № 430;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу 21-май 2015-жыл № 31;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө 8-август 2011 жыл № 454;
  • Кыргыз Республикасы Министлер Кабинети Токтом  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө  14-апрель 2022-жыл № 223;

 

Жөндөмдөрү:

  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • Компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
  • Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол инфраструктура жаатындагы ченемдик укутук актыларынын аткарылышын жөнгө салуу;
  • Жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн  жана тапшырмаларын  так  аткаруу;
  • Суроо талаптарга маалымат жүзүндөгү жооптордун документтерин сапаттуу даярдоо;

 

   Конкурска катышуу үчүн кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып,10 календардык күндөн кечиктирбестен төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл.

 

  • Жеке арыз  (так көрсөтүлгөн бош орун кызматы);
  • Кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • Сүрөтү   3×4     4 даана;
  • Резюме  (телефон номер жана электрондук почтаны  көрсөтүү менен);
  • Жеке барача;
  • Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • Соттолбогондугу жөнүндө күбөлүк;
  • Паспорт  көчүрмөсү   (оргинал документтер конкурска катышканда суралат);

 

Жалал-Абад шаары  Ю.Абдрахманов көчөсү 10 кабинет № 3  2023-жылдын             25-апрелинен  5-майына чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш телефондор

(03722)   5-01-74, 5-22-21