mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы бош кызмат ордуна ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

Посттордо транспорттук кѳзѳмѳлдѳѳ кызматынын инспектору (мындан ары ПТКК).

 

Квалификациялык талаптар:  ПТКК инспекторуна

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

— Жогорку техникалык билиминин автоунаа транспорту жана автоунаа жолдору багытында, экономикалык, юридикалык жана IT-Технология тармагындагы жогорку билим.

 2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

— 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны

  3) Билүүсү керек:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун

— “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомун.

4) Көндүмдөр:

— мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Инспектордун функционалдык милдеттери:

— башкармалыктын жана бөлүмдүн жоболоруна ылайык функционалдык милдеттерди аткаруу;

— Ысык-Көл облусунун аймагында транспорттук иштер жана транспорттук процессти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын ишин текшерүү;

— юридикалык жана жеке жактардын ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымкаттардын актыларын түзүү жана табылган бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктарды тариздөө;

— кызматтын кызматкерлеринин ички тартипти жана эмгек тартибин сактоосун камсыз кылуу;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

— өздүк арыз жана кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү;

— паспорттун көчүрмөсү;

— зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, эсептик даражасын жана эсептик наамын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);

Талапкерлердин документтери сайттарга жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Балыкчы ш., Абдрахманов көч., -15 дареги боюнча кабыл алынат, маалымкат үчүн Телефон (03944) 70912. 01.04.2023-жылдан  10.04.2023-жылга чейин.