mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу тарнспорту департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы “Посттордогу транспорттук көзөмөл кызматынын” 1 (бир) инспектор бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Кесиптик билимдин денгээли:

— Автомобиль,  Унаа жолдору жана транспорттогу башкарууну уюштуруу  тармагындагы жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT – технология боюнча жогорку билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

— 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны

Билүүсү керек:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун

— “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги         № 223 токтомун.

 

Милдеттери;

-Жүргүнчү жана эл аралык жук ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзөт.

-Жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу  жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясына ылайык иш жүргүзүү.

— жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүү керек

— компьютерде, ар кандай  программада иштөө  тажрыйбасы бар

 

Конкурска катышуу учун томондогу документтер талап кылынат;

— конкурсттук сынак комиссиянын төрагасына жазылган  өтүнүч кат

— кадрлар эсебин каттоо баракчасы,сүрөтү

— паспорттунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү

— Эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага

ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан

жериндеги Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин

көчүрмөсүн

— мурдагы иштеген жеринен жолдомо кат (иштеген болсо)

 

 

        Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын сайтка жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн аралыгында  Саат 17-00 го  чейин кабыл алынат. 

– Нарын шаары Нарын №30 Сурап билүү телефону  5-19-23