mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду ишке ашыруу тобу бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду ишке ашыруу тобу

бош эки кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

долбоорду ишке ашыруу тобунун көлөм боюнча инженери

 

Талаптар:

  1. Жол куруу тармагында жогорку билими;
  2. Жол куруу тармагында жалпы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес;
  3. FIDIC келишимдеринин негизинде жол инженери катары эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлорду даярдоодо жана/же ишке ашырууда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (тастыктоочу документ болгондо артыкчылык болот) жана жол куруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
  4. Иш кагаздарын сапаттуу түзүү жөндөмдүүлүгү, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө, жазуу жана оозэки англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  5. Компьютерде жакшы иштетөө жана бардык Microsoft Windows офис тиркемелерин билүү.

 

Эскертүү: тапшырманын мөөнөтү болжол менен 6 ай. Келишимдин мөөнөтү тараптар тарабынан өз ара макулдалышы мүмкүн. Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.

Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыкдар катты, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2023-жылдын  3-февралынында саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com