mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар жолдорду калыбына келтирип, сырткы көрүнүшүн жакшыртууда

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №959 жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолунда (2 чакырымында) асфальт төшөө үчүн жерди даярдоого киришти. Ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда парапеттерди актоо жана сырдоо иштери жүрүүдө. Алсак, 47 даана (108 чакырымында) жана 102 даана парапеттерди (107 чакырымында) сырдап аны менен бирге, көпүрөгө коюлган 8 даана бордюраларды дагы актап жатышат. Мындан тышкара ПАД-Будалык унаа жолунда 3 күн мурун болгон селден кийинки калдыктарды тазалоо менен бирге, диаметри 1.2 м эки көздүү трубаны ачып, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда.
 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.