МИНИСТРДИН БУЙРУГУ
- 167 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21 — пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө
жобону ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары — Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеси) ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык 26 баракта бекитилсин.
2. Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери:
— коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү, сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча зарыл жана толук чараларды көрсүн;
— коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин аткаруу боюнча отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 2-нен кечиктирбестен укуктук камсыздоо бөлүмүнө берсин.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмү:
— ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускадан көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы тууралуу маалыматын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
-ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн көчүрмөсүн жөнөтсүн;
— коррупциялык тобокелдиктердин тизмеси боюнча берилген отчетторду жалпыласын;
— ушул коррупциялык тобокелдиктердин тизмесинин аткарылышы жөнүндө маалыматты, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5не чейин, квартал сайын, коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте жөнөтсүн.
4. Канцелярия ушул буйрукту түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө жеткирсин.
5. Маалымат саясаты сектору ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтына жана “Эркин – Тоо” газетасына жайгаштырууну камсыз кылсын.
6. Министрликтин 2023-жылдын 20-июлундагы № 236 жана 2025-жылдын 8-октябрындагы № 285 буйруктары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр Т.О. Солтобаев
https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2026/09/ilovepdf_merged-15-1.pdf