mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылып жаткан иштердин түрмөгү

Үстүбүздөгү жылдын 4-5-июлунда ЖТИ- 8 ,  ЖТИ-41 , ЖТИ-957,  ЖТИ-32,  ЖТИ -955,   ЖТИ -7 аткарган иштери тууралуу маалымат .

Нарын шаарынын  Молдоев көчөсүнүн кесилишиндеги  көчөгө (215 м ) кум-шагыл аралашмасы  төгүлүп, аны жаюу иштери жүрүүдө.  Ал эми Табалдиев  көчөсүнө (1127 м. ) кум-шагыл аралашмасын төгүү иштери аяктап жана  Төрөбаев көчөсүнө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулууда.

Кемин р Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун (95-100 чакырымга  чейин жол) ортосуна белгилерди  чийүү  жана Кемин-Ильич-Ак-Туз жолунун аң-чөнгөктөрүн жамоо иштери жүрүүдө.

Бишкек-Нарын -Торугарт  автожолунун  (515-544 чакырым  аралыгындагы)  жээгиндеги таштандылар тазаланып жатат.

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол (16-203 чакырым аралыгында)  жана Бишкек-Наарын –Торугарт   автоунаа  жолунда  кыян алып кеткен түтүктөрдү  орнотуу иштери жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолундагы  (222-225  км  аралыгындагы)  кооптуу бактарды жана куурап калган бактар кыйылып,   ушул эле жолдун 271-306-чакырымына чейин парапеттердин түбүндөгү чөптөрдү тазалоо жана текшерүү иштери жүрүүдө.

   

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы.