mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган жумуштар…

✅ №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол белгилерин оңдоп-түздөп, жаңылап жатышат.

✅ №2 Жол тейлөө мекемеси Ош-Баткен-Раззаков, Баткен-Кара-Бак-Чоң-Талаа, Бужум-Баткен-Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек.

Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен чыккан жол белгилер 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компанияларга салыштырмалуу арзан болот.

✅ №21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ош-Баткен-Разаков унаа жолунда жол четин ирээтке келтирүү, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы