mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 241-243-чакырым аралыгында катуу шамалдан улам кулаган бак-дарактар тазаланып, кооптуулук жана тоскоолдук жараткан бутактар кыйылды.

№34 Жол тейлөө ишканасы тейлеген Токмок-Кошой унаа жолунун 0-2-чакырым аралыгындагы жол белгилерин алмаштыруу, жол чийиндерин жаңылоо жана трассанын четин ирээтке келтирүү иштери жүрдү.

Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолу тегизделүүдө.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 42,2-43,3-чакырым аралыгында шагыл аралашмасы төгүлүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда (293-345-чакырым аралыгы) жааган жаандын кесепетинен пайда болгон таштарды жана таштандыларды тазалоо иштери жүрдү.

Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолунда (3-5-7-12-15-чакырымдарында) катуу жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, жолду жаап калган бөлүктөрүндө тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Нарын шаарынын С.Орозбаков көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жер жумуштары жүрүүдө.

       

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы