mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол жумушчуларынын эмгек акысы жогорулады

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 токтомуна ылайык, учурда жол тармагын башкаруу системасын кайра түзүү аяктады. Кайра түзүүнүн алкагында кызыкчылыктардын кагылышы жоюлуп, коррупциялык тобокелдиктер минимумга түшүрүлүп, берилген тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга шарттар түзүлдү.
Тармакты башкаруу системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — квалификациялуу кадрлардын, анын ичинде конструкторлордун, механизаторлордун, атайын техниканын операторлорунун жана жумушчулардын агылып кетишин кыскартуу болду. Мына ушуга байланыштуу, «Кыргызжолтрансдолбоор» МИнын жумушчулары үстүбүздөгү жылдын башынан бери 50 пайызга жогорулатылган эмгек акы алышты.
2022-жылдын май айынан баштап «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы төмөнкүдөй айлык акынын өлчөмүн белгилеген: Инженерлерге 23 000-25 000 сом (айлык акыны 100%га жогорулатуу), жумушчуларга квалификациясына жараша 20 000-28 000 сом (айлыкты 150 %га жогорулатуу) ), механизаторлор жана атайын техниканын операторлору үчүн 25 000-30 000 сом (эмгек акысы 100% га өскөн).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана маданият министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин кызматкерлеринин эмгек акысы да бир топ жогорулатылды.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы