mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан соода объектилери текшерилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан соода объектилерин текшерүү иштери уланууда. Кызматкерлер буга чейин келип түшкөн арыздын негизинде Кара-Балта шаарынын чок ортосунда жайгашкан “Строймаг” соода объектисин текшерүүгө алып, аныкталган мыйзам бузуулар үчүн соода жайдын ээсине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 179-беренесинин (Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) негизинде 13 000 сом айып пул салды.

Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында жайгашкан айрым объектилер текшерилип, мыйзам талаптарын сактабаган жайларга эскертүүлөр берилди. Эгер аны да аткарбаса КРдин Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде чара көрүлөрү айтылды.

Текшерүү иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023- жылдын 14- мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрдү.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы