mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол тармагында 44 жылдык тажрыйбасы бар Жумаш Содомбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июнундагы Тескемесине ылайык, Содомбаев Жумаш Асанович “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
Содомбаев буга чейин аталган “Кыргызавтожол” ишканасында директордун биринчи орун басары болуп эмгектенген. Ага чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин директору, ошондой эле директордун орун басары болгон. Жумаш Содомбаев жалпысынан жол тармагында 44 жыл тажрыйбасы бар эксперт, иш билги кадр катары белгилүү.
Жумаш Содомбаев КРдин эмгек сиңирген курулушчусу, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы сыңдуу сыйлыктардын ээси.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы