mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол оңдоо жумуштары..

Ош-Баткен-Раззаков (эски багыты) унаа жолунун 208-220-чакырым аралыгында асфальт төшөө жана жол четин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-3-чакырым аралыгына шагыл төшөлүп жатат.

Токмок-Шамшы-Туюк жолуна асфальт басуу иштери аяктап калды. План боюнча 3 чакырымды оңдоо каралган. Азыркы тапта 2 чакырым 470 метр жерге асфальт төшөлдү.

№12 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кербен-Үч-Коргон-ГЭС, Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр, Кербен-Ала-Бука-Чаткал, Кербен-Кашка-Суу, Топ-Жаңгак-Кара-Суу жана Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолдорундагы мектеп, бала бакчалардын астына жөө адамдар өтө турчу жол сызыктары (зебра) чийилди.

Ошондой эле, Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 0-41-чакырым аралыгында жол белгилерин орнотуу, эскилерин алмаштыруу жумуштары аяктады.

Чүй облусунун Кемин-Ильич-Ак-Туз унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө пландалган 4 чакырымдын 1 чакырым 400 метр жери оңдолду.

Ак-Тайлак-Ата-Кызыл-Ай жолуна асфальт төшөлүүдө.