mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол оңдоо жумуштары…

Өзгөн районунун Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 22,5-23,5-чакырым аралыгына асфальттын астыңкы катмары төшөлдү. Алдыда №956 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан үстүңкү катмар да басылат.

Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылынын ички көчөлөрү оңдолууда.

Жалпы 9 чакырымды түзгөн Коммунизм-Акташ-Щверник унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, учурда бир чакырымдай жери жасалды.

Калинин-Погранич-Кызыл-Туу жолуна асфальт басуу үчүн жер иштери жүрүүдө. Быйылкы планда 3 чакырым аралыкты асфальттоо каралган.
Нарын шаарынын Табалдиева атындагы көчөсүнө асфальт төшөлүүдө.

Ош-Бишкек унаа жолунун 616-666,5-чакырым аралыгында жер-жерлерде жол сызыктары чийилүүдө.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолундагы таштандылар тазаланды (30-31, 57-57-чм).


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы