mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жергиликтүү маанидеги Бирдик-Арал-Карл-Маркс унаа жолунда орто оңдоо иштери жүрүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын №18 Жол тейлөө ишканасы жергиликтүү маанидеги Бирдик-Арал-Карл-Маркс унаа жолунда орто оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул унаа жолдун жалпы узундугу  14 чакырым болсо, анын 12,5 чакырымы шагыл катмарлуу, ал эми 1,5 чакырымы кара шагыл катмарлуу.

2023-жылдын титулдук тизмесине ылайык, анын 3 чакырымындан 6 чакырымына чейинки  жолго шагыл төшөө иштери каралып, учурда анын 1 чакырымына шагыл төгүлдү.

Бул жолду оңдоо иштерине жалпысынан 15 жолчу тартылып, план боюнча 2023-жылдын  5-декабрында  аяктайт.